Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

25-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Мен өзүм койлорумду издеп табам»

«Мен өзүм койлорумду издеп табам»

«Мен өзүм койлорумду издеп таап, аларга кам көрөм» (ЖЕЗ. 34:11).

105-ЫР: «Кудай — сүйүү»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба эмне үчүн өзүн бала эмизген энеге салыштырган?

«АЯЛ эмчектеги баласын унутабы?» Ышая пайгамбардын күндөрүндө Жахаба элине ушул суроону берип, кайра эле өзү: «Ал унутушу мүмкүн, бирок мен сени унутпайм»,— деп айткан (Ыш. 49:15). Негизи, Жахаба өзүн энеге көп деле салыштырбайт. Бирок ошол жагдайда салыштырган. Ал эне менен баланын ортосундагы жакындыкты кызматчыларына болгон сүйүүсү канчалык күчтүү экендигин жеткириш үчүн мисал катары колдонгон. Жасмин аттуу бир эненин: «Чүрпөңдү эмизгенде ортоңордо өмүр бою муздабаган өзгөчө бир ынактык жаралат»,— деген сөздөрүнө бардык эле энелер кошулат чыгар.

2. Балдарынын бири андан алыстап кеткенде Жахаба кандай сезимде болот?

2 Жахаба жыйналышка барбай, кабар айтуу ишине катышпай калган бир да баласын — кызматчысын — байкабай калбайт. Ал эми жыл сайын миңдеген кызматчыларынын жигердүү эмес * болуп калып жатканын көргөндө анын жүрөгү канчалык ооруй турганын ойлоп көрсөңөр!

3. Жахаба эмнени каалайт?

3 Андай бир туугандарыбыздын көбү жыйналышка кайра кайрылып келишет. Аларды көргөндө абдан кубанып, кучак жайып тосуп алабыз. Жахаба алардын кайрылып келишин каалайт, биз да каалайбыз (1 Пет. 2:25). Анда аларга кантип жардам бере алабыз? Алгач айрымдардын эмне себептен жыйналышка келбей, кабар айтуу ишине катышпай каларын түшүнүп алганыбыз жакшы.

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАХАБАГА КЫЗМАТ КЫЛБАЙ КАЛЫШАТ?

4. Жумушу айрымдарга кандай таасир этет?

4 Кээ бирлер жумуш менен жумуш болуп кетишет. Маселен, Түштүк-Чыгыш Азиядагы Хаң * деген ишенимдешибиз мындай деп айткан: «Жумушка баш-отум менен кирип кеткем. Бутума туруп алсам, Жахабага көбүрөөк кызмат кылам деп өзүмдү өзүм алдагам. Ошондуктан дагы көбүрөөк иштей баштагам. Барган сайын жыйналышты көп калтыра турган болдум. Акыры жүрүп такыр эле барбай калдым. Мага азыркы дүйнө адамды Кудайдан тымызын алыстаткыдай кылып түзүлгөндөй сыяктанат».

5. Куйрук улаш келген кыйынчылыктар Аннага кандай таасир эткен?

5 Башкалары кабылган кыйынчылыктарынан улам баш көтөрө албай, шаабайы сууп калат. Мисалга Британияда жашаган беш баланын энеси Аннаны алалы. Ал мындай дейт: «Кичүү уулум оорукчан болуп төрөлдү. Кийинчерээк бир кызым Жахабанын Күбөсү болбой калды. Улуу балам болсо психикалык жактан ооруп калды. Ушулардын айынан көңүлүм чөгүп жыйналышка барганды да, кабар айтканды да токтотуп койгом. Ошентип, жигердүү эмес болуп калдым». Аннаны жана ушу сыяктуу кыйынчылыктар менен алпурушуп жаткан башка бир туугандарыбызды ойлоп биздин да жүрөгүбүз мыкчылат.

6. Колосалыктар 3:13төгү кеңешке кулак какпагандыктан кээ бирлер Жахабанын элинен кантип алыстап кетишет?

6 Окугула: Колосалыктар 3:13. Жыйналыштагы кимдир бирөөнүн кылган кайсы бир ишине капа болуп, ошондон улам жыйналышка келбей калгандар бар. Элчи Пабыл да кээде ишенимдештерибизге «нааразы болууга себеп болуп» каларын айткан. Атүгүл жыйналыштан да адилетсиздикке туш болушубуз ыктымал. Андайда сак болбосок, катуу таарынып калышыбыз мүмкүн. Таарыныч менен ызанын кесепетинен адам акырындык менен Жахабанын элинен четтеп калышы этимал. Келгиле, Түштүк Америкадагы Паблонун башынан өткөргөндөрүнө токтололу. Ал ак жерден күнөө кылды деп айыпталып, жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчиликтеринен айрылып калган. Ошондо Пабло эмне кылган? «Аябай ачуулангам. Ошентип жүрүп жыйналыштан оолактап кеттим»,— дейт ал.

7. Күнөө кылып алган киши кантип кыйналышы мүмкүн?

7 Мурун Кудайдын мыйзамын бузуп, олуттуу күнөө кылып алгандыктан азыркыга дейре кыйналып, өздөрүн Кудайдын сүйүүсүнө татыксыз сезгендер да бар. Чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн, аларга ырайым кылынса да, Кудайдын элинин арасында өздөрүн башкалардан кем сезип басынышы ыктымал. Франсиско: «Мен адеп-ахлаксыз иш кылып, ашкереленгем. Башында жыйналышка келип жүрдүм. Бирок Жахаба Кудайдын элинин арасында болгонго өзүмдү татыксыз сезип, көңүлүм чөгө баштады. Кылган ишим үчүн жан дүйнөм кыйнала бергендиктен Жахаба мени кечирген эмес окшойт деп ойлой баштадым, анан жыйналышка келбей калдым»,— деп эскерет. Ушул ишенимдештерибиздикиндей кыйынчылыктарга туш болуп жаткандарга кандай карайсыңар? Алардын кайгы-муңун сезесиңерби? Баарынан да маанилүүсү, Жахаба сезеби? Ал аларга кандай карайт?

ЖАХАБА КЫЗМАТЧЫЛАРЫН ЖАКШЫ КӨРӨТ

Жоголгон козусун издеп жаткан ысрайылдык койчу (8, 9-абзацтарды карагыла) *

8. Жахаба ага кызмат кылбай калгандарды унутуп коёбу? Түшүндүргүлө.

8 Жахаба учурунда ага кызмат кылып, бирок кийинчерээк кайсы бир убакытка кызмат кылбай калгандарды унутта калтырбайт. Эмгегин да эсинен чыгарып койбойт (Евр. 6:10). Жахабанын өз элине кантип кам көрөрүн түшүндүрүш үчүн Ышая пайгамбар жакшы мисал келтирген. Ал Жахаба жөнүндө: «Өз оторун койчудай кайтарат. Козуларды өз колу менен чогултуп, бооруна кысып көтөрүп жүрөт»,— деп жазган (Ыш. 40:11). Коюнун оторунан адашып калганын көргөндө Улуу койчубуз кандай сезимде болот? Аны Исанын шакирттерине айткандарынан билебиз. Иса аларга: «Кандай деп ойлойсуңар, жүз кою бар кишинин бир кою жоголуп кетсе, ал токсон тогузун тоого калтырып, жоголуп кеткенин издебей коёбу? Эгер аны таап алса, ишенип койгула, жоголбогон токсон тогуз коюна караганда табылган кою үчүн көбүрөөк сүйүнөт»,— деген (Мт. 18:12, 13).

9. Койчулар байыркы убакта оторун кандай карашчу? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

9 Жахабаны койчуга салыштырганыбыз эмне үчүн орундуу? Байыркы убакта жакшы койчулар оторун жакшы карашчу. Мисалга Дөөтүнү алалы. Ага оторун коргош үчүн атүгүл арстан, аюу менен алышканга туура келген (1 Шем. 17:34, 35). Жакшы койчу бир кой болсо да жоголуп кеткенин байкап коёт (Жкн. 10:3, 14). Андай койчу, керек болсо, ошол коюн токсон тогузун кашарга калтырып же бирөөгө табыштап коюп издеп жөнөйт. Иса кой жөнүндөгү мисалын айтып, Кудайга кызмат кылгандар тууралуу орчундуу бир нерсени түшүндүргүсү келген. Ал: «Асмандагы Атам да ушул кичинелердин биринин да жок болушун каалабайт»,— деген (Мт. 18:14).

Жоголгон коюн таап, ага кам көрүп жаткан байыркы Ысрайылдагы койчу (9-абзацты карагыла)

ЖАХАБА КОЙЛОРУН ИЗДЕЙТ

10. Жезекиел 34:11—16-аяттарда жазылгандарга ылайык, Жахаба жоголгон койлорун эмне кыларын убада кылган?

10 Жахаба ар бирибизди, анын ичинде отордон адашып калган «кичинелерди» да жакшы көрөт. Ал жоголгон койлорун издеп таап, аны менен мамилесин кайрадан оңдогонго жардам берерин Жезекиел пайгамбар аркылуу убада кылган. Аларды кайрып келиш үчүн Ысрайылдагы кадимки койчулар эмне кылышса, так ошондой иш-аракет кыларын айткан. (Окугула: Жезекиел 34:11—16.) Биринчиден, койчу убактысын, күчүн жумшап коюн издеген. Тапкандан кийин алып келип, оторуна кошкон. Андан соң эгер жарааты болсо, таңып, дарылаган. Ачка калса, жем-чөбүн берген. «Кудайдын... оторун» кайтарган койчулар, тактап айтканда, аксакалдар жыйналышка келбей адашып калгандарга жардам бериш үчүн так эле ушундай иш кылышы керек (1 Пет. 5:2, 3). Аларды издеп-таап, кайрадан оторго кошулганга жана Жахаба менен болгон мамилесин калыбына келтиргенге жардам бериши зарыл *.

11. Жакшы койчу эмнени билет?

11 Жакшы койчу кою кокту-колотто калып жоголуп кетиши мүмкүн экенин билет. Жоголуп кеткени үчүн аны эч качан уруп-сабабайт. Эми байыркы убактагы кызматчыларынын айрымдарына Жахаба кантип жардам бергенине токтололу.

12. Жахаба Жунус пайгамбарга кандай мамиле кылган?

12 Алсак, Жунус пайгамбар Жахаба бар деген жакка барбай, тескери жакка качып кеткен. Ошентсе да Жахаба аны шак эле четке кагып койгон эмес. Жакшы койчу сыңары, ал анын өмүрүн сактап калган жана тапшырган ишти аткарганга керектүү күч берип кайраттандырган (Жун. 2:7; 3:1, 2). Кийинчерээк болсо идиш ашкабакты мисал катары колдонуп, анын көз алдында ар бир пендесинин өмүрү баалуу экенин түшүнгөнгө жардам берген (Жун. 4:10, 11). Мындан эмнени түшүнсөк болот? Аксакалдар жыйналыштагы жигердүү болбой калгандарга дароо эле кол шилтеп койбой, алардын отордон адашып калышына эмне себеп болгонун түшүнгөнгө аракет кылышы керек. Ошондой эле Жахабага кайтып келишкенден кийин, аларга андан ары да кам көрүшү абзел.

13. Жахабанын 73-забурду жазган кишиге кылган мамилесинен эмнени түшүнсө болот?

13 Дагы бир мисал. 73-забурду жазган киши ыймансыз адамдардын күнү тууп жатканын көргөндө көңүлү чөккөн. Кудайдын эркин аткаруунун эч кандай деле пайдасы жок деп ойлой баштаган (Заб. 73:12, 13, 16). Буга Жахаба кандай караган? Ал аны айыптаган эмес. Кайра, забурчунун айткандарын Ыйык Китепке жаздырып койгон. Убакыттын өтүшү менен забурчу жашоодо Кудай менен болгон жакын мамиледен өтөр эч нерсе жок экенин түшүнгөн (Заб. 73:23, 24, 26, 28). Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Ушинтип Жахабага кызмат кылып жүргөнүмдүн пайдасы барбы деп күмөн санай баштагандарды аксакалдар соттоп кирбеши керек. Андан көрө, айткан сөзүнө же кылган ишине эмне себеп болуп жатканын баамдаганга дилгир болушу керек. Ошондо гана аларга Ыйык Китептен ылайыктуу аяттарды окуп берип, дем-күч бере алышат.

14. Илияс пайгамбар кандай абалда болгон жана Жахаба ага кантип жардам берген?

14 Эми Илияс пайгамбар менен болгон окуяга токтололу. Ал Изабел деген канышадан качып кеткен (1 Пад. 19:1—3). Ага Жахабанын пайгамбарларынан жалгыз өзү эле калгандай жана аткарган кызматынан эч кандай майнап чыкпачудай сезилген. Көңүлү ушунчалык катуу чөккөндүктөн атүгүл өзүнө өлүм тилеп калган (1 Пад. 19:4, 10). Ошондо Жахаба аны күнөөлөбөй, жалгыз эмес экенине, анын күчүнө таяна аларына жана дагы көп ишине жарай турганына ынандырган. Бушайман кылган нерселерин угуп, андан соң жаңы иш тапшырган (1 Пад. 19:11—16, 18). Демек, баарыбыз, өзгөчө аксакалдар, Жахабанын койлоруна жумшак мамиле кылышы керек. Көкүрөгү ызага толгон же өзүн Жахабанын ырайымына татыксыз сезген киши ичиндегисин айтканда аксакалдар аны кунт коюп угушат. Анан отордон адашкан ал кишини Жахабанын абдан жакшы көрөрүнө ынандырганга аракет кылышат.

КУДАЙДЫН ЖОГОЛГОН КОЙЛОРУНА КАНДАЙ КАРАШЫБЫЗ КЕРЕК?

15. Жакан 6:39га ылайык, Иса Атасынын койлоруна кандай караган?

15 Жахаба жоголгон койлоруна кандай мамиле кылышыбызды каалайт? Иса Машаяк бул жагынан эң сонун өрнөк болгон. Ал Жахаба үчүн ар бир кою кымбат экенин билгендиктен «Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлорун» Жахабага кайрып келиш үчүн бүт күчүн жумшаган (Мт. 15:24; Лк. 19:9, 10). Жакшы койчу катары алдын ала да чара көрүп, Жахабанын койлорун жоготпогонго аракеттенген (Окугула: Жакан 6:39.)

16, 17. Аксакалдар жыйналыштан алыстап кеткендерге кантип жардам бериши керек? (« Жахабадан алыстап кеткендер өздөрүн кандай сезет?» деген кутучаны карагыла.)

16 Элчи Пабыл Эфес шаарындагы жыйналыштын аксакалдарын Исанын үлгүсүнө карманганга үндөгөн. Ал аларга «алсыздарга жардам бериш керектигин» жана Мырзабыз Исанын: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген сөздөрүн унутпашы керектигин айткан (Элч. 20:17, 35). Ырас, бүгүнкү күндө да аксакалдардын өзгөчө милдети бар: алар Кудайдын элине кам көрүшү керек. Испанияда жашаган Салвадор деген аксакал мындай деп ой бөлүшөт: «Жахабанын жоголгон койлоруна кандай караарын ойлогондо аларга жардам бериш үчүн колуман эмне келсе, ошонун баарын кылганга түрткү алам. Жахаба менден так ошону күтөрүн билем».

17 Бул макалада айтылган жана убагында жыйналыштан оолактап кеткендердин баары, аларга жардам берилгендиктен, Жахабага кайтып келишкен. Кайтып келгиси келгендер азыр да көп. Аларга кантип жардам бере аларыбыз кийинки макалада кененирээк талкууланат.

139-ЫР: Жаңы дүйнөдө сен да бол

^ 5-абз. Жахаба Кудайга көп жылдан бери кызмат кылып келаткандардын айрымдары эмне үчүн андан алыстап кетишет? Кудай аларга карата кандай сезимдерди туят? Бул суроолорго ушул макаладан жооп алабыз. Андан тышкары, Жахабанын байыркы убактагы айрым кызматчыларына кантип жардам бергенин жана андан кандай жыйынтык чыгарсак болорун талкуулайбыз.

^ 2-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Жигердүү эмес жарчы — бул кабар айтуу кызматына жана шакирт даярдоо ишине алты ай же андан көп убакыт катышпай, отчёт тапшырбай калган жарчы. Ошондой болсо да алар биздин бир туугандарыбыз. Биз аларды жакшы көрөбүз.

^ 4-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 10-абз. Кийинки макалада аксакалдар ушу үч нерсени кантип кылса болору талкууланат.

^ 60-абз. СҮРӨТ. Жоголгон козусун издеп тапкандан кийин аны оторго кошуп жаткан ысрайылдык койчу. Бүгүнкү күндө да рухий койчулар так эле ушундай иш-аракет кылышат.

^ 64-абз. СҮРӨТ. Жөнөгөнү жаткан автобустан эки жарчынын эл көп жерде кабар айтып жатканын карап отурган жигердүү эмес болуп калган ишенимдешибиз.