Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

«Рухтун жемишине» Галатиялыктар 5:22, 23тө саналып өткөн сапаттар эле киреби?

Бул аяттарда төмөнкүдөй тогуз сапат айтылган: «Рухтун жемиши — сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык, ишеним, жумшактык, өзүн өзү кармай билүү». Бирок Кудайдын рухунун таасири менен биз өрчүтө ала турган жакшы сапаттар ушулар эле эмес.

Ага чейинки аяттарда элчи Пабыл эмне дегенине көңүл бурсаңар: «Күнөөгө баткан дененин иштери...— бузуктук, ыпыластык, уятсыз жүрүм-турум, бурканга табынуучулук, спиритизмге аралашуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачууга алдыруу, араздашуу, бөлүнүүчүлүк, сектачылык, ичи тарлык, аракечтик, жосунсуз той-тамашалар жана башка ушу сыяктуу нерселер» (Гал. 5:19—21). Анын ушинтип жазганынан улам «дененин иштерине» Колосалыктар 3:5те айтылып өткөн сыяктуу башка да нерселер кирерин билсек болот. Ошол өңдүү эле, жакшы тогуз сапатты санап өткөн соң: «Буларга каршы эч кандай мыйзам жок»,— деп жазган. Ыйык Китептин түп нускасында бул аяттагы «буларга» деген сөздү «ушу сыяктууларга» деп да которсо болот. Демек, Пабыл бул аяттарда ыйык рухтун жардамы менен өрчүй турган жакшы сапаттардын баарын тизмелеп чыккан эмес.

Муну ошол тизме менен Эфестеги жыйналышка жолдогон катында жазылгандарды салыштырганда даана байкай алабыз. Ал: «Жарыктын жемишине жакшылыктын бардык түрү, адилдик, чындык кирет»,— деп жазган (Эф. 5:8, 9). Ооба, «жакшылык» сапаты «адилдик жана чындык» менен бирге «жарыктын жемишине» кирет, бирок ал «рухтун жемиши» деп саналган сапаттардын арасында да аталып өткөн.

Ошондой эле элчи Пабыл Тиметейди алты жакшы сапатты өрчүткөнгө — «адилдикке, Кудайга берилгендикке, ишенимге, сүйүүгө, туруктуулукка жана жумшак болууга умтулганга» — үндөгөн (1 Тим. 6:11). «Рухтун жемиши» делген сапаттардын арасында ушулардын үчөө эле кездешет. Бирок, албетте, Тиметейдин ыйык рухтун жардамы менен андан башка да сапаттарды — адилдикти, Кудайга берилгендикти жана туруктуулукту — өрчүткүсү келгени шексиз. (Салыштыргыла: Колосалыктар 3:12; 2 Петир 1:5—7.)

Демек, Галатиялыктар 5:22, 23тө саналгандар Исанын жолдоочулары өрчүтүшү керек болгон сапаттардын толук тизмеси эмес. Кудайдын ыйык руху «рухтун жемиши» делген тогуз сапатты өрчүткөнгө жардам берет. Бирок Исанын рухий жактан жетилген жолдоочусу болуш үчүн андан башка да сапаттарыбыз болуш керек. Андан сырткары, «Кудайдын эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийишибиз» керек (Эф. 4:24).