Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сурнай үнүн угуп жатасыңарбы?

Сурнай үнүн угуп жатасыңарбы?

ЖАХАБАНЫН ушул «акыркы күндөрү» өз элине багыт көрсөтүп жатканына жана өзү менен жакын мамилени сактаганга жардам берип жатканына эч кимибиз шектенбейбиз (2 Тим. 3:1). Бирок анын жетеги боюнча жүрөбүзбү же жокпу, ал өзүбүздөн. Азыркы жагдайыбызды байыркы убактагы ысрайыл эли чөл кезип жүргөн убакка салыштырсак болот. Сурнай тартылып белги берилгенде алар белгилүү бир иш-аракеттерди кылышы керек эле.

Жахаба Муса пайгамбарга «жамаатты чогултуш үчүн жана чатырларды чечкенге белги бериш үчүн» күмүштөн балка менен согуп эки сурнай жасашы керектигин айткан (Сан. 10:2). Элден эмне талап кылынганына жараша дин кызматчылар ал сурнайларды ар башкача кылып тартышчу (Сан. 10:3—8). Бүгүнкү күндө да Кудайдын элине көрсөтмөлөр ар башка жол менен берилип турат. Алар байыркы учурдагы сурнайдын тартылганын эске салат. Эмесе, алардын үчөөнө токтололу. Жахабага сыйынган жалпы эл чоң жыйындарга чакырылып турат, көзөмөл жүргүзгөндөр болсо өзүнчө да окутулуп-үйрөтүлүп турат. Андан сырткары, жыйналыштарга берилген көрсөтмөлөр өзгөрүп, улам жаңырып турат.

ЧОҢ ЖЫЙЫНДАР

Жахаба ысрайылдыктардын «бүт жамаатын» ыйык чатырдын кире беришине, чыгыш тарабына, чогулткусу келгенде дин кызматчылар эки сурнайды тең тартышы керек болгон (Сан. 10:3). Сурнайлардын үнүн ыйык чатырды тегерете төрт топко бөлүнүп жайгашкан бардык уруулар даана угушкан. Жакыныраак жашагандар, кыязы, бир нече мүнөттүн ичинде эле чогулуп калса керек. Ал эми чатырлары окчунураак тигилгендер чогулган жерге барыш үчүн көбүрөөк убакыт, күч жумшашкан чыгар. Кандай болбосун, Жахаба баарынын чогулуп, анын көрсөтмөлөрүн угушун каалаган.

Ыйык чатырга болбосо да, азыркы учурда биз да Кудайдын эли катары чогулуп турабыз. Маселен, региондук жыйындарга жана башка өзгөчө аземдерге чогулуп, көптөгөн маанилүү маалымат-көрсөтмөлөрдү алып турабыз. Жахабанын төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган эли үчүн бирдей программа даярдалат. Андай чоң чогулуштарга баргандар боордоштуктун мүчөсү экенин сезип, кубанычка бөлөнүшөт. Айрымдарга узагыраак жол жүргөнгө туура келери чын. Ошондой болсо да алар мунун арзый турган иш экенин билишет.

Ал эми чоң жыйындар өткөрүлгөн жерлерден алыс жашагандар кантет? Заманбап технологиянын аркасында андай ишенимдештерибиздин көбү программаны көрө алгандыктан өздөрүн ошол жерде отургандай эле сезет. Мисалы, башкы башкармалыктын өкүлү барганда Бениндеги филиал программаны Сахара чөлүндөгү тоо кени казылган Арлит (Нигер) деген чакан шаарга түз алып көрсөткөн. Программаны ал жактагы ишенимдештерибизди жана башка кызыккандарды кошкондо 21 киши көргөн. Алар ыраак жакта жашашса да Бенинде чогулган 44 131 кишинин арасында отургандай эле болушкан. Бир ишенимдешибиз: «Аземди бизге да көрсөткөнүңөргө терең ыраазыбыз. Бизди абдан жакшы көрөрүңөргө дагы бир ирет ынандык»,— деген.

АКСАКАЛДАРДЫН ОКУТУЛУП-ҮЙРӨТҮЛҮШҮ

Дин кызматчы бир эле сурнай тартканда жыйын чатырына «миң сандаган кишилердин башчылары» гана чогулган (Сан. 10:4). Муса пайгамбар ар кандай көрсөтмөлөрдү берип, аларды окутуп-үйрөткөн. Ошонун аркасында алар өз милдеттерин жакшы аткара алышкан. Эгер ошол башчылардын бири болсоңор, ал жерге барып, айтылгандарды угуш үчүн колдон келгендин баарын кылмактыгыңар шексиз.

Азыркы тапта жыйналыштагы аксакалдар «башчылар» эмес. Алар өздөрүнө тапшырылган Кудайдын оторуна «үстөмдүк кылышпайт» (1 Пет. 5:1—3). Оторду жакшы кайтарганга бүт күчүн жумшайт. Ошондуктан кайсы бир окууга, мисалы, Падышалык кызмат мектебине чакырылганда жан-дилден окушат. Ушул сыяктуу окуулардан жыйналыштагы иштерди мыкты аткарганды үйрөнүшөт. Натыйжасында баарынын — өздөрүнүн да, жарчылардын да — Жахаба Кудай менен болгон мамилеси бекемделет. Андай окууга барып көрбөсөңөр да, баргандардын аркасында пайдасын көрүп жаткандырсыңар.

КАЙСЫ БИР НЕРСЕЛЕРДИН ӨЗГӨРҮШҮ

Ал эми кээде дин кызматчылар сурнайды үзүк-үзүк тартышкан. Андай добуш Жахаба бүт кошуундун жолго чыгышын каалап жатканынын белгиси болгон (Сан. 10:5, 6). Кошуундун көчкөндөгү тартиби мыкты уюштурулса да, көч ар бир кишинин күчүн алган иш болгон. Андыктан элдин арасында көчкөнгө анча көңүлдөнбөгөндөр да болсо керек.

Балким, аларга улам-улам же өтө эле чукул көчүп жаткандай сезилгендир. Себеби Ыйык Китепте булут ыйык чатырдын үстүндө турган күндөрү «Ысрайыл уулдарынын кошууну жолго чыкчу эмес» деп жазылган. Бирок «айрым учурларда булут чатырдын үстүндө кеч киргенден таң атканга чейин» эле турчу. Ал эми башка учурларда эки күн, бир ай же андан да көп убакыт турчу (Сан. 9:21, 22). Ысрайыл элине канча жолу көчкөнгө туура келген деп ойлойсуңар? Сандар китебинин 33-бөлүмүнөн алардын 40тай жерге көчүп-конгонун билебиз.

Кээде көлөкөлүү жерге конуш жайган учурлары болгон. «Эбегейсиз чоң, коркунучтуу чөл» кезип жүргөндөр андай жерден кеткиси келбегени айтпаса да түшүнүктүү (Мыйз. 1:19). Балким, «дагы кандай жерге көчөр экенбиз» деп санааркагандыр.

Ошондой эле баары ордунан жылып, көчө баштаганда айрымдардын сабырдуулугу да сыналган. Себеби сурнайдын үзүк-үзүк тартылганын бардык жамаат укканы менен, баары түп көтөрө бир учурда көчө алышмак эмес. Сурнай биринчи ирет үзүк-үзүк тартылганда чыгыш тараптан орун алган уруулар — Жүйүт, Исахар жана Забулун уруусу — көчүш керек болчу (Сан. 2:3—7; 10:5, 6). Алар жылган соң, дин кызматчылар сурнайды экинчи ирет үзүк-үзүк тартып, чатырлары түштүк тарапта тигилген үч урууга белги беришкен. Так ошондой белги калган урууларга да берилген.

Мүмкүн силерге да уюмубуздагы кайсы бир нерселер өзгөргөндө аны кабыл алыш кыйын болгондур. Капилеттен көп нерсе өзгөрүп жаткандай сезилип, бушайман болгондурсуңар. Же болбосо кайсы бир нерселер силерге бөтөнчө жаккандыктан, баары эле мурункудай кала беришин каалагандырсыңар. Кандай болбосун, жаңы нерсеге көнүү оңой болгон эместир. Бирок ошого карабай андай өзгөрүүнү колдой берсек, пайдасын көрүп сүйүнөбүз, Жахаба Кудай да бизге ыраазы болот.

Муса пайгамбардын күндөрүндө Жахаба чөл аркылуу бараткан миллиондоп саналган ысрайылдык эркек-аялдарды, балдарды жетектеген. Анын камкордугу жана жетеги болбосо, эч кимиси аман калмак эмес. Учурда акыркы күндөрдө жашап жаткан бизди да Жахаба өзү жетектеп, ишенимибизди бекемдеп жардам берип жатат. Андыктан, Кудайга берилген ысрайылдыктарга окшоп, биз да сурнай үнүн ажырата билип, ошого жараша иш кыла берели!