Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба — теңдеши жок кечиримдүү Кудай

Жахаба — теңдеши жок кечиримдүү Кудай

«Оо, Жахаба, сен жакшылык кыласың, кечирүүгө даярсың, өзүңдү чакыргандардын баарынан мээримдүүлүгүңдү аябайсың» (ЗАБ. 86:5).

42-ЫР: Кудайдын кызматчысынын тиленүүсү

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Сулайман падыша Насаатчы 7:20да эмне деп таамай айткан?

 СУЛАЙМАН ПАДЫША: «Жер үстүндө ар дайым жакшылык кылып, эч качан күнөөгө батпаган бир да адил киши жок»,— деп жазган (Нас. 7:20). Кандай гана таамай айтылган сөздөр! Ооба, баарыбыз тең күнөөкөр пендебиз (1 Жкн. 1:8). Ошон үчүн Кудайдын да, башкалардын да кечиришине муктажбыз.

2. Жакын досубуз кечиргенде, өзүбүздү кандай сезебиз?

2 Жакын досуңдун көңүлүн оорутуп алган учуруң болгону шексиз. Андайда ортодогу мамилеңерди сактап калгың келгендиктен аны менен элдешиш үчүн чын жүрөктөн кечирим сурагандырсың. Досуң сени кечиргенде, өзүңдү кандай сездиң эле? Кадимкидей жеңилдей түшкөнүң айтпаса да түшүнүктүү. Андайда кудуңдап сүйүнгөн да болушуң керек!

3. Бул макалада эмнелерге токтолобуз?

3 Биз Жахаба менен ынак достордон болгубуз келет. Бирок эртеби-кечпи туура эмес сүйлөп же туура эмес иш кылып анын жүрөгүн оорутуп алабыз. Ошондой учурларда Жахабанын бизди кечиргенге даяр экенинен эмне үчүн күмөн санабасак болот? Анын кечиримдүүлүгү адамдардыкынан эмнеси менен айырмаланат? Ал кимдерди кечирет?

ЖАХАБА КЕЧИРГЕНГЕ ДАЯР

4. Эмне үчүн Жахаба кечиргенге даяр деп айта алабыз?

4 Ыйык Китепте Жахаба Кудай бизди кечиргенге даяр экенине ынандырат. Ал Синай тоосунда Муса пайгамбарга өзүнүн касиет-сапаттары тууралуу периштеси аркылуу мындай деген: «Жахаба, Жахаба — кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудай. Ал — адамдын миңинчи тукумуна чейин мээримдүүлүк көрсөтө турган жана жаңылыштыкты, кылмышты, күнөөнү кечире турган... Кудай» (Чыг. 34:6, 7). Ооба, Жахаба кайрымдуу, ырайымдуу Кудай болгондуктан өкүнгөн күнөөкөрдү кечиргенге дайым даяр (Нек. 9:17; Заб. 86:15).

Жахаба кулк-мүнөзүбүздү калыптаган нерселердин баарын билет (5-абзацты карагыла)

5. Забур 103:13, 14кө ылайык, Жахабанын адамдарды жакшы билгени ага эмне кылганга түрткү берет?

5 Жаратканыбыз болгондуктан Жахаба Кудай бизди ичи-тышыбыздан бери билет. Элестетип көрсөңөр, ал жер жүзүндөгү ар бир кишинин жан дүйнөсүн ийне-жибине чейин билет (Заб. 139:15—17). Ага ата-энебизден бизге кандай жаман сапаттар, кылык-жоруктар тукум кууп өткөнүнөн бери белгилүү. Кулк-мүнөзүбүздү калыптап койгон башыбыздан өткөн окуяларды да беш колдой билет. Адамды майда-чүйдөсүнө чейин билгени Жахабага эмне кылганга түрткү берет? Бизге кайрымдуу болуп, ырайым кылганга түрткү берет. (Заб. 78:39; окугула: Забур 103:13, 14.)

6. Жахаба бизди кечиргиси келерин кантип көрсөткөн?

6 Жахаба кечиргенге даяр экенин көрсөткөн. Ал биздин Адам атанын айынан күнөө менен өлүмгө кул болуп калганыбызды жакшы билет (Рим. 5:12). Бизди мындан куткара турган бир да нерсе, бир да киши жок болчу (Заб. 49:7—9). Бактыга жараша, камкор Кудайыбыз бизге жаны ачыган үчүн өлүм менен күнөөнүн кулчулугунан куткарган. Ан үчүн эмне кылган? Жакан 3:16да айтылгандай, жападан жалгыз Уулун биз үчүн курмандыкка чалган (Мт. 20:28; Рим. 5:19). Анын Уулу Иса биздин ордубузга азап чегип, биздин ордубузга өлүмгө кыйылган. Ошонун аркасында ага ишенгендер күнөө менен өлүмдүн туткунунан бошоно алышат (Евр. 2:9). Жанындай жакшы көргөн Уулунун устунда жаны сыздап кыйналып турганын, маскара болуп өлтүрүлгөнүн көргөндө Жахабанын жүрөгү канчалык тилингенин элестетип көрсөңөр! Ооба, Жахаба бизди кечиргиси келбесе, Уулунун ушинтип өлүшүнө жол бермек эмес.

7. Ыйык Китепте Жахабанын адамдарды кечиргенин көрсөткөн кандай окуялар бар?

7 Ыйык Китепте Жахабанын адамдарды кечиргени жөнүндөгү окуялар арбын (Эф. 4:32). Оюңарга шак эле ким келди? Мүмкүн Менаше падышаны эстегендирсиңер. Ал ыймансыз киши Жахабага каршы төбө чачты тик тургузган иштерди кылган. Алсак, буркандарга сыйынууну жайылткан. Башка элдердин кудайларына арнап уулдарын да курмандыкка чалган. Анысы аз келгенсип, Жахабанын ыйык ибадатканасына буркан койдурган. Менаше тууралуу Ыйык Китепте: «Жахабанын көз алдында көп жаман иштерди кылып, аны каардантты»,— деп айтылат (2 Жылн. 33:2—7). Бирок ал чын дилинен өкүнгөндө, Жахаба аны кечирген. Ал турсун, мурунку падышалык тактысына отургузган (2 Жылн. 33:12, 13). Балким, Дөөтү падышаны да эске түшүрөттүрсүңөр. Ал да олуттуу күнөөлөрдү кылган. Мисалы, ойноштукка барган, киши өлтүргөн. Ошондой болсо да Дөөтү чын жүрөктөн өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алган. Ошон үчүн Жахаба аны кечирген (2 Шем. 12:9, 10, 13, 14). Ооба, Жахаба бизди кечиргенге шашат. Мындан түк да шектенбесек болот. Мындан тышкары, Жахабанын кечиримдүүлүгү адамдардыкынан кыйла айырмаланат. Анда ошого токтололу.

ЖАХАБАНЫН ТЕҢДЕШСИЗ КЕЧИРИМДҮҮЛҮГҮ

8. Жахабанын теңдешсиз Сот болгону адамдарды кечиришине кандай таасир этет?

8 Жахаба — «бүт жер жүзүнүн Соту» (Башт. 18:25). Жакшы сот мыйзамды терең түшүнүшү керек. Жахаба — так ошондой Сот. Себеби ал биздин Сотубуз эле эмес, Мыйзам чыгаруучубуз да болуп эсептелет (Ыш. 33:22). Эмне туура, эмне туура эмес экенин Жахабадан өтөр эч ким жакшы билбейт. Мыкты сот дагы кандай болот? Ал өкүм чыгарардан мурда ишке тиешелүү нерселердин баарын кылдат талдап чыгат. Бул жагынан бир да сот Жахабага тең келбейт.

9. Жахаба адамды кечирер-кечирбесин чечип жатканда эмнелерди эске алат?

9 Кадимки соттон айырмаланып, Жахаба ишке тиешелүү нерселердин баарын алаканга салгандай көрүп турат (Башт. 18:20, 21; Заб. 90:8). Ал адамдардай болуп уккан-көргөнү менен эле чектелбейт. Кимдир бирөөнүн жаман ишке барышына ата-энесинен тукум кууп өткөн нерселер, тарбиясы, чөйрөсү, эмоциялык жана психикалык акыбалы таасир этерин толук түшүнөт. Ошондой эле ички дүйнөсүн да көрө билет. Ага ар бир адамдын ой-сезимдери, ниети, каалоосу бештен белгилүү. Эч нерсе анын көз жаздымында калбайт (Евр. 4:13). Демек, Жахаба кечиргенде жагдайга тиешеси бар бүт нерсени эске алып туруп кечирет.

Жахаба — калыс, адилеттүү Кудай. Ал баарына тегиз карайт. Эч ким пара берип аны сатып ала албайт (10-абзацты карагыла)

10. Жахаба дайыма калыс, адилеттүү чечим чыгарат деп эмне үчүн айта алабыз? (Мыйзам 32:4)

10 Жахаба дайыма калыс, адилеттүү өкүм чыгарат. Баарына тегиз карайт, эч кимге тартпайт. Ал адамдын кебете-кешпирине, колунда бар-жогуна, ээлеген абалына же шык-жөндөмүнө карап кечирбейт (1 Шем. 16:7; Жкп. 2:1—4). Ага эч ким кысым көрсөтө албайт, пара берип да сатып ала албайт (2 Жылн. 19:7). Ал ачууга алдырып же сезимге жетеленип чечим чыгарбайт (Чыг. 34:7). Ооба, Жахаба түпкүрдө жаткан ой-сезимдерибизди да, жагдайыбызды да толук түшүнгөндүктөн дүйнөдө ага тең келген бир да сот жок деп айтсак жаңылышпайбыз. (Окугула: Мыйзам 32:4.)

11. Жахабанын кечиримдүүлүгү эмнеси менен өзгөчө?

11 Еврей Жазмаларын жазгандар Жахабанын кечиримдүүлүгү бөтөнчө экенин жакшы түшүнүшкөн. Бир эмгекке ылайык, айрым учурларда алар «Кудайдын күнөөкөрдү кечиргенине карата өзгөчө бир еврейче сөздү колдонушкан. Бирок ал сөздү бири-бирин толук кечире албаган адамдардын кечиримдүүлүгүнө карата бир да жолу колдонушкан эмес». Чынында эле, Жахаба гана өкүнгөн күнөөкөрдү толугу менен кечире алат. Анын кечиргени бизге кандай таасир этет?

12, 13. а) Жахаба кечиргенде, адам өзүн кандай сезет? б) Жахаба кантип кечирет?

12 Жахабанын бизди кечиргенин кабыл алсак, «жандандыра турган убактар» келет, тагыраак айтканда, жан дүйнөбүз тынчып, абийирибиз таза болот. Бизди адамдар эмес, Жахаба кечиргенде гана ушундай болот. Бул «Жахабадан... келет» (Элч. 3:19). Ал кечиргенде биз менен болгон мамилесин биз эч качан күнөө кетирбегендей кылып толугу менен оңдойт.

13 Күнөөбүздү кечирген соң Жахаба кайра эч убакта айыптабайт же ошол күнөөбүз үчүн кайра жазалабайт (Ыш. 43:25; Жер. 31:34). «Батыштан чыгыш канчалык алыс болсо», Жахаба күнөөлөрүбүздү ошончолук алыс ыргытат * (Заб. 103:12). Анын канчалык кечиримдүү экени тууралуу ой жүгүртсөк, жүрөгүбүздү ыраазычылык, кастарлоо сезими уялайт (Заб. 130:4). Бирок Жахаба кимдерди кечирет?

ЖАХАБА КИМДЕРДИ КЕЧИРЕТ?

14. Буга чейин карап чыкканыбыздай, Жахабанын кечирер-кечирбеси эмнелерден көз каранды?

14 Жогорудан билгенибиздей, Жахабанын кечирер-кечирбеси күнөөнүн чоң же кичинекей болгонунан көз каранды эмес. Ошондой эле Жахабанын Жаратканыбыз, Мыйзам чыгаруучубуз жана Сотубуз катары баарын билерин, адамды ошонун негизинде кечирерин карап чыктык. Эмесе, Жахабанын эмнелерге көңүл бурарына токтололу.

15. Лука 12:47, 48ге ылайык, Жахаба эмнени эске алат?

15 Жахаба күнөөкөрдүн кылган ишинин туура эмес экенин билген-билбегенин эске алат. Иса муну Лука 12:47, 48де айкын түшүндүргөн. (Аяттарды окугула.) Эгер кимдир бирөө кылып жаткан иши Жахабанын жүрөгүн оорутарын толук түшүнүп туруп атайын кылса, бул олуттуу күнөө болуп эсептелет. Анын күнөөсү кечирилбей калышы мүмкүн (Мр. 3:29; Жкн. 9:41). Анткен менен туура эмес кылып жатканыбызды билип туруп деле жаза басып алган учурларыбыз болот. Андайда «болду, ишибиз бүттү» дегенди билдиреби? Жок. Андай учурда Жахаба дагы бир нерсени эске алат.

Чын жүрөктөн өкүнсөк, Жахаба бизди сөзсүз кечирет (16, 17-абзацтарды карагыла)

16. Өкүнүү деген эмне жана Жахаба бизди кечиришин кааласак, эмне үчүн өкүнүшүбүз керек?

16 Жахаба күнөөкөрдүн чын дилден өкүнүп жаткан-жатпаганына да көңүл бурат. Өкүнүү деген эмнени билдирет? Бул «ойду, көз карашты, ниетти өзгөртүүнү» билдирет. Бул өз ичине жаман иш кылганына же кылынышы керек болгон туура ишти кылбай койгонуна өкүнүп, катуу кайгырууну да камтыйт. Өкүнгөн киши жаман ишке барганына эле эмес, ошондой ишке барышына Жахаба менен болгон мамилесинин салкындап калганы себеп болгонуна да кайгырат. Менаше падыша менен Дөөтү падышаны эстесеңер. Экөө тең чоң күнөөгө батышкан. Бирок чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн, Жахаба аларды кечирген (1 Пад. 14:8). Ооба, Жахаба өкүнүп жатканыбызды көргөндө гана кечирет. Анткен менен күнөө кетиргенибизге жаман болуп, кайгырып койгонубуз жетишсиз. Биз иш-аракет да кылышыбыз керек *. Жахабанын күнөөбүздү кечирер-кечирбеси мына так ушундан да көз каранды болот.

17. Кайрылуу деген эмне жана эмне үчүн адам кылган күнөөсүн кайталап албашы үчүн жаман жолун ташташы керек? (Ышая 55:7)

17 Жахаба маани берген дагы бир нерсе — кайрылуу. Башкача айтканда, адам жаман жолунан кайрылып же бурулуп, Жахабанын жолуна түшүшү керек. (Окугула: Ышая 55:7.) Анын ою Жахабаныкына төп келиши үчүн ой жүгүртүүсүн өзгөртүшү зарыл (Рим. 12:2; Эф. 4:23). Жаман ойлорунан, иштеринен арылганга бел байлаганы да маанилүү (Кол. 3:7—10). Анан албетте, Жахаба күнөөбүздү кечирип, күнөөдөн тазалашы үчүн, Исанын биз үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалганына ишеним артышыбыз керек. Оңолгонго бүт күчүбүздү жумшап жатканыбызды көргөндө Жахаба ошол курмандыктын негизинде күнөөбүздү кечирет (1 Жкн. 1:7).

ЖАХАБАНЫН КЕЧИРЕРИНЕН КҮМӨН САНАБАГЫЛА

18. Бул макалада Жахабанын кечиримдүүлүгү жөнүндө эмнелерди карап чыктык?

18 Эмесе, бул макалада талкууланган айрым негизги ойлорду кайталап өтөлү. Ааламда Жахабадай кечиримдүү эч ким жок. Эмне үчүн ошентип айта алабыз? Биринчиден, ал кечиргенге дайым даяр. Экинчиден, бизди Жахабадан өтөр эч ким жакшы билбейт. Кандай адам экенибизди жакшы билгендиктен чындап өкүнүп жаткан-жатпаганыбызды ал гана аныктай алат. Үчүнчүдөн, Жахаба кечиргенде анын көз алдында акактай таза болуп калабыз. Ошонун аркасында анын алдында жүзүбүз жарык болуп, ага жаккан адам боло алабыз.

19. Күнөөкөр пенде болгонубузга, кайра-кайра жаңылып-жазганыбызга карабай эмне үчүн кубансак болот?

19 Албетте, күнөөкөр пенде болгондуктан дагы деле жаңылып-жазарыбыз турган иш. Бирок «Жазманы түшүнүү» эмгегинин 2-томунун 771-бетинде жазылгандар бизге дем-күч берет. Ал жерде мындай делген: «Жахаба ырайымдуу Кудай болгондуктан кызматчыларынын канчалык алсыз пенделер экенин жакшы билет. Ошол себептен алар тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан кылып алган иштерин кайра-кайра ойлоп өзүн жей бербеши керек (Заб. 103:8—14; 130:3). Эгер алар Кудайдын ак жолунан тайбаш үчүн колунан келгендин баарын кылып жатышса, анда ошого сүйүнсө болот (Флп. 4:4—6; 1 Жкн. 3:19—22)». Кандай гана дем-шык берерлик ойлор!

20. Кийинки макалада эмнелерге токтолобуз?

20 Ооба, кылган күнөөбүзгө чын жүрөктөн өкүнсөк, Жахаба бизди кечиргенге даяр. Ошон үчүн ага кандай гана ыраазыбыз! Анда канткенде Жахабадай кечиримдүү боло алабыз? Бул жагынан Жахабага эмнебиз менен окшошпуз, эмнебиз менен айырмаланабыз? Бул айырманы түшүнгөнүбүз эмне үчүн маанилүү? Кийинки макаладан ушул суроолорго жооп алабыз.

45-ЫР: Жүрөгүмдөгү ойлорум

^ Ыйык Китепте Жахабанын күнөөсү үчүн өкүнгөндөрдү кечиргенге даяр экени айтылат. Бирок кээде анын кечиришине татыксызмын деп ойлошубуз мүмкүн. Бул макаладан Кудай, эгер чындап өкүнсөк, кетирген күнөөлөрүбүздү кечиргенге даяр экенинен эмне үчүн шектенбесек болорун карап чыгабыз.

^ Карагыла: «Жахабага жакында», 26-бөл., 9-абз.

^ ТҮШҮНДҮРМӨ. «Өкүнүү» деген ойдун, көз караштын өзгөрүшүн билдирет. Чындап өкүнгөн киши мурдагы жашоосу үчүн, кылып жүргөн иштери үчүн же кылбай калган иштери үчүн чын ниеттен кайгырат. Адамдын чын дилден өкүнүп жатканы жаман жолунан бурулганынан көрүнөт.