Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кудайдын сүйүүсү коркунучту жеңгенге жардам берет

Кудайдын сүйүүсү коркунучту жеңгенге жардам берет

«Жахаба мен тарапта, ошондуктан коркпойм» (ЗАБ. 118:6).

105-ЫР: «Кудай — сүйүү»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Айрымдар эмнелерди ойлоп коркушат?

 ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ кабылган төмөнкү жагдайларды карап чыгалы. Нестор менен Мария жарчылар керек болгон жерде кызмат кылгысы келчү *. Бирок ошол максатына жетиш үчүн алар аз акчага жашаганды үйрөнүшү керек болчу. Анткен менен аз акча таап калсак, бактылуу болбой калабыз го деп коркушкан. Биниам Жахабанын Күбөсү болгон кезде ал жашаган өлкөдө ишибизге тыюу салынган болчу. Кудайдын элине кошулгандыктан ал да куугунтукталышы мүмкүн экенин жакшы түшүнгөн. Ошону ойлонгондо коркпой койгон эмес. Бирок баарынан да үйүндөгүлөр анын Жахабанын Күбөсү болгонун билсе эмне болот деп көбүрөөк корккон. Валерия рактын оор түрүнө чалдыгып калган. Анысы аз келгенсип, анын канга байланыштуу көз карашын эске алып операция жасай турган доктурду таба албай кыйналган. Ошондо Валериянын өлүп калам деп канчалык корккону айтпаса да түшүнүктүү.

2. Эмне үчүн коркуу сезимин жеңишибиз керек?

2 Ушундай нерселерди ойлоп корккон учурларыңар болду беле? Көбүбүздө эле болгон болуш керек. Коркуу сезимин башкарганды үйрөнбөсөк, туура эмес чечим чыгарып, Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетиши мүмкүн. Шайтан так ушуну көздөйт. Ал коркунучка алдырып, Жахабанын мыйзамдарын бузушубузду, кабар айтпай калышыбызды көксөйт (Аян 12:17). Шайтан — аябай митаам, ырайымсыз, кубаттуу душман. Бирок андан коргоно алабыз. Кантип?

3. Бизге коркунучту жеңгенге эмне жардам берет?

3 Жахабанын бизди жакшы көрөрүнөн, биз тарапта экенинен шектенбесек, Шайтандын колунан эч нерсе келбейт (Заб. 118:6). Мисалы, 118-забурду жазган киши башынан далай кыйынчылыкты кечирген. Тишин кайраган толтура душмандары бар болчу. Кээ бирлери колунда бийлиги бар күчтүү кишилер эле (9, 10-аяттар). Катуу санаага баткан күндөрү да болгон (13-аят). Бир жолу болсо Жахаба аны катуу жазалаган (18-аят). Ошентсе да забурчу: «Мен... коркпойм»,— деп жазган. Ага өзүн коопсуз сезип, эч нерседен коркпогонго эмне жардам берген? Ал асмандагы Атасы Жахаба аны жазаласа да, аябай жакшы көрөрүнө күмөн санаган эмес. Кандай кыйынчылыкка кабылбасын, мээримдүү Кудайы дайыма жардамга келерине бекем ишенген (Заб. 118:29).

4. Кудайдын бизди жакшы көрөрүнө ишенсек, эмнелерден коркпойбуз?

4 Жахаба жеке мени жакшы көрөт деп бекем ишенишибиз керек. Бул биз корккон үч нерсени жеңгенге жардам берет: 1) үй-бөлүмдү бага албай каламбы деп коркуу; 2) адамдардан коркуу; 3) өлүмдөн коркуу. Жогорудагы ишенимдештерибиз Кудайдын аларды жакшы көрөрүнө көзү жеткендиктен коркунучту жеңе алышкан.

ҮЙ-БӨЛҮМДҮ БАГА АЛБАЙ КАЛАМБЫ ДЕП КОРКУУ

Бир ишенимдешибиз уулу менен балык кармап жан багып жатат (5-абзацты карагыла)

5. Үй-бүлө башчысын эмнелер санаага салышы мүмкүн? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

5 Кудай үй-бүлө башчыларына үй-бүлөсүн багуу милдетин тапшырган. Алар буга олуттуу карашат (1 Тим. 5:8). Силер да үй-бүлө башчысы болсоңор, пандемия учурунда «жумушуман айрылып калбаймбы» деп корккон болушуңар керек. «Нан таап келе албай калсам же батирдин акчасын төлөй албай калсам, эмне болот» деп да санааркасаңар керек. Андан тышкары, «жумушуман чыгып калсам, башка жумуш таппай калбаймбы» деген ой жүрөгүңөрдү өйүгөн чыгар. Же болбосо жогоруда айтылган Нестор менен Мариядай болуп «азыраак иштеп, аз акчага жашасак, кыйналып калбайбызбы» деп да түпөйүлдөнгөн болушуңар керек. Шайтан көптөрдү ушундай ойлордун туткунуна түшүрүп, Жахабага кызмат кылышына бөгөт коюп койгон.

6. Шайтан эмне деп ойлоп калышыбызды каалайт?

6 Шайтан Жахабанын биз менен такыр иши жок, үй-бүлөбүздү бакканга жардам бербейт дегенге ишендиргиси келет. Ошонун айынан «эмнеси болсо да, Кудайдын мыйзамын бузсам да, жумушумду сактап калышым керек» деген ойго алдырышыбыз мүмкүн.

7. Иса эмне деп айткан?

7 Ааламда эч ким асмандагы Атабызды Исадай жакшы билбейт. Иса: «[Кудай] эмнеге муктаж экениңерди сурай элегиңерде эле билет»,— деген (Мт. 6:8). Ал анын бизди эч нерседен өксүтпөй турганын жакшы билет. Биз Кудайдын кызматчылары болгондуктан анын үй-бүлөсүнүн мүчөсүбүз. Жахаба ошол үй-бүлөнүн башчысы болгондуктан 1 Тиметей 5:8де өзү айткан принципке өзү карманат.

Жахаба бизди керектүү нерселерден өксүтпөйт. Ан үчүн ал ишенимдештерибизди колдонуп коё алат (8-абзацты карагыла) *

8. a) Үй-бүлөмдү бага албай калбаймбы деп коркпогонго эмне жардам берет? (Матай 6:31—33) б) Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, тамак-ашын бөлүшүп жаткан жубайлардан эмнени үйрөнсөк болот?

8 Жахабанын бизди да, үй-бүлөбүздү да жакшы көрөрүнөн шектенбесек, зарыл нерселерден куру калабыз деп коркпойбуз. (Окугула: Матай 6:31—33.) Жахаба бизге кам көргүсү келет. Ал аябай камкор, берешен! Жерди жаратканда бизди эптеп эле күн көрсүн дебей, жыргап-куунап жашасын деп баарын ашыгы менен берген (Башт. 2:9). Кээде атүгүл тапкан-ташыганыбыз эң зарыл нерселерден ашпаса да, ошолор да Жахабадан экенин эч качан унутпайлы. Жахаба кам көрөм деген сөзүнө дайыма турат (Мт. 6:11). Бизге айрым нерселерден баш тартканга туура келсе да, алар мээримдүү Кудайыбыздын азыр берип жаткан жана келечекте бере турган нерселерине салыштырганда эч нерсеге арзыбай калат. Нестор менен Мария так ушуну түшүнүшкөн (Ыш. 65:21, 22).

9. Нестор менен Мариядан эмнени үйрөндүңөр?

9 Нестор менен Мария Колумбияда майкөл-сүткөл жашашчу. «Жупунураак жашап, көбүрөөк кызмат кылсакпы деп ойлонуп жүрчүбүз. Бирок чөнтөгүбүз жукарып калса, бактысыз болуп калбайбызбы деп корко берчүбүз»,— дейт ал жубайлар. Коркунучту жеңгенге аларга эмне жардам берген? Жахаба аларды жакшы көрөрүн далай жолу көрсөтүп келгени жөнүндө ойлонушкан. Ошентип, Жахабанын андан ары да кам көрө берерине көзү жетип, айлыгы жакшы жумушунан чыгып кетишкен. Анан үйүн сатып, өлкөсүндөгү жарчылар аябай керек болгон жерге көчүп кетишкен. Ошенткенине өздөрү кандай ойдо? Нестор мындай дейт: «Матай 6:33төгү сөздөрдүн калетсиз экенин өз жон терибиз менен сезип көрдүк. Биз эч нерседен кем болгон жокпуз. Азыр мурдагыдан да бактылуу жашап жатабыз».

АДАМДАРДАН КОРКУУ

10. Адамдар бири-биринен эмне үчүн коркушат?

10 Адам баласы тээ эзелтен бери эле бири-бирин эзип, кыйнап келет (Нас. 8:9). Мисалы, бийликтегилер башкаларды каалагандай калчап келишет, кылмышкерлер мыкаачылыкка жаткан иштерге барышат, мектептеги бейбаш балдар классташтарын коркутуп-үркүтүшөт, кордошот, кызыл камчы үй-бүлө башчылары болсо үйүндөгүлөрүнө күн көрсөтүшпөйт. Ошондуктан адамдардын бири-биринен корккону таң калыштуу эмес. Шайтан муну кантип пайдаланышы мүмкүн?

11, 12. Адамдардан коркуу сезимин Шайтан өзүбүзгө каршы кантип колдонот?

11 Шайтан Жахабанын мыйзамын буздуртуш үчүн, кабар айтканыбызды токтоттуруш үчүн адамдар аркылуу коркутуп-үркүтөт. Маселен, Шайтандын шыкагы менен өкмөттөр кабар айтуу ишине тыюу салып, бизди куугунтукташат (Лк. 21:12; Аян 2:10). Шайтандын дүйнөсүндөгү адамдар биз тууралуу жалган маалымат таратып, атүгүл көө жабышат. Буга ишенип алгандар бизди шылдыңдашы, атүгүл ур-токмокко алышы мүмкүн (Мт. 10:36). Шайтандын ушундай айла-амалдарды колдонуп жатканына таң калышыбыз керекпи? Жок. Анткени 1-кылымда деле ушундай болгон (Элч. 5:27, 28, 40).

Үйүбүздөгүлөр каршы болсо да, Жахабанын бизди жакшы көрөрүнөн шектенбесек болот (12—14-абзацтарды карагыла) *

12 Бирок Шайтан өкмөттөрдөн тышкары, башка адамдарды да колдонот. Кээ бирлер үйүндөгүлөрдүн оюнан ур-токмоктон корккондон да көбүрөөк коркушат. Алар туугандарын жакшы көрүшөт, Жахабаны таанып-билип, аны сүйүшүн каалашат. Туугандарынын Жахабага, анын элине тил тийгизгени аларга катуу тиет. Албетте, каршы болуп жүргөн туугандарыбыздын чындык жолуна түшкөн учурлары деле аз эмес. Бирок үйүңөрдөгүлөр чындык жолуна түшкөнүңөргө каршы болуп топурагыңарды түйүп берем десе, эмне кыласыңар?

13. Үй-бүлөбүздөгүлөрдүн каршылыгына туш болгондо Кудайдын бизди сүйөрүн билгенибиз кандайча жардам берет? (Забур 27:10)

13 Андайда Забур 27:10догу сөздөр бизге дем-күч берет. (Аятты окугула.) Жахабанын бизди канчалык сүйөрүн эсибизге бек түйүп алсак, үйүбүздөгүлөр каршы чыкса да, коркунучка алдырбайбыз. Чындык жолунда бек турганыбыз үчүн батасын береринен да эч шектенбейбиз. Жахаба бизди эч нерседен кем кылбайт. Ал жан дүйнөбүзгө тынчтык берип, бактылуу кылат. Аны менен ынак болгонго да көмөк кылат. Бизге андан өтөр эч ким жакшы кам көрө албайт! Биниам да буга өз тажрыйбасынан ынанган.

14. Биниамдан эмнени үйрөндүңөр?

14 Биниам Кудайдын эли катуу куугунтукталып жатканын билсе да, чындык жолуна түшкөн. Жахабанын аны жакшы көрөрүн билгени ага адамдардан коркпогонго кантип жардам берген? Ал мындай дейт: «Куугунтук мен ойлогондон да катуу болуп жатыптыр. Бирок мен өкмөттүн куугунтуктаганынан да үйдөгүлөрдүн каршылыгынан көбүрөөк коркуп жаттым. Жахабанын Күбөсү болсом, атамдын көңүлүн калтырып койбоймбу, үйдөгүлөр мени киши катарынан чыгарып салбайбы деп коркком». Бирок Биниам Жахабанын аны сүйгөндөрдү эч убакта калтырбай турганына көзү жеткен. Ал мындай деп кошумчалайт: «Мен Жахабанын акча жагынан кыйналгандарга, жек көрүндү болгондорго, жаалданган топтон запкы жегендерге кантип жардам бергени жөнүндө ойлондум. Жахабага чап кенедей жармашсам, батасыз калтырбай турганын билчүмүн. Мени көп жолу камакка алышып, далай жолу сабашкан. Ошондой учурларда эгер ак жолдон тайбасам, Жахабанын так керек учурда кол сунарын сезчүмүн». Ооба, Жахаба Биниамга өз атасындай, ишенимдештери болсо өз үй-бүлөсүндөй болуп беришкен.

ӨЛҮМДӨН КОРКУУ

15. Өлүмдөн коркконубуз эмне үчүн туура?

15 Ыйык Китепте өлүм душман делет (1 Кор. 15:25, 26). Өлүмдөн коркпогон жан жок. Өзүбүз же жакындарыбыз катуу ооруга чалдыкканда өлүмдөн айрыкча коркобуз. Эмне үчүн? Анткени Жахаба бизди түбөлүк өмүр сүргүдөй кылып жараткан. Ошондой күчтүү каалоону ал өзү салган (Нас. 3:11). Өлүмдөн кандайдыр бир деңгээлде коркконубуз жакшы. Себеби бул жаныбызды коргоп-сактаганга жардам берет. Мисалы, туура тамактанабыз, көнүгүү жасап турабыз. Ден соолугубуз начарлап кеткенде доктурга көрүнөбүз, дары-дармектерди ичебиз, ошондой эле жөнү жок өмүрүбүздү тобокелге салбайбыз.

16. Шайтан өлүмдөн коркуу сезимибизди кантип колдонот?

16 Шайтан өмүрүбүздү жогору баалай турганыбызды жакшы билет. Ал жаныбызды сактап калыш үчүн баарын, ал тургай Жахаба менен болгон мамилебизди да, садага чапканга даяр экенибизди айтып жалаа жабат (Аюп 2:4, 5). Кандай гана жеткен калпычы! Ошентсе да ал «өлүмгө дуушар кыла ала тургандыктан» Жахабадан баш тарттырыш үчүн өлүмдөн коркуу сезимибизди колдонушу мүмкүн (Евр. 2:14, 15). Шайтандын кол алдындагылар Жахабанын Күбөлөрүн эгер ишенимден баш тартпаса өлтүрөбүз деп коркуткан учурлар болгон. Кээде болсо Шайтан ишенимден тайдырыш үчүн өмүрүбүзгө коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалдардан пайдаланып кетиши мүмкүн. Андайда доктурлар же Жахабанын Күбөсү эмес туугандарыбыз кан куйдуруп Кудайдын мыйзамын бузганга кысым көрсөтүшү мүмкүн. Же кимдир бирөө Ыйык Китепке карама-каршы келген дарылоо ыкмасын таңуулашы ыктымал.

17. Римдиктер 8:37—39-аяттарга ылайык, эмне үчүн өлүмдөн коркпошубуз керек?

17 Албетте, эч кимибиз өлгүбүз келбейт. Бирок көзүбүз өтүп кеткен күндө да Жахабанын бизди жакшы көрө берерин билебиз. (Окугула: Римдиктер 8:37—39.) Жахабанын достору көз жумса да, анын эс тутумунда кала берет. Алар анын көз алдында тирүүдөй эле (Лк. 20:37, 38). Аларды тирилтүүнү аябай самайт (Аюп 14:15). «Түбөлүк өмүргө ээ болсун» деп Жахаба биз үчүн кымбат баа төлөгөн (Жкн. 3:16). Мындан анын бизди канчалык жакшы көрөрүн, камыбызды ойлоорун билсек болот. Ошондуктан ооруп калганда же өлүм менен беттешкенде андан алыстабай, жубатышын, акылмандык, күч беришин сураганыбыз туура болот. Валерия менен жолдошу так ушундай кылышкан (Заб. 41:3).

18. Валериядан эмнени үйрөндүңөр?

18 Валерия 35 жашында рактын сейрек кездешкен оор түрүнө чалдыгып калган. Жахабанын сүйүүсү ага өлүмдөн коркпогонго кантип жардам берген? Ал мындай дейт: «Бул суук кабарды укканда бир түндө эле жашообуз астын-үстүн боло түштү. Өмүрүмдү сактап калыш үчүн чоң операция жасатышым керек болду. Кайрылбаган доктурум калган жок. Бири да кан куйбай дарылаганга макул болбой койду. Ошондо аябай корктум, бирок Кудайдын мыйзамын бузуп эч качан кан куйдурмак эмесмин. Жахаба жашоомдо мени далай жолу сүйүүсүнө бөлөп келген, эми мен аны канчалык жакшы көрөрүмдү көрсөтүшүм керек болчу. Доктурлардан жаман кабар уккан сайын Шайтанга жеңдирбей, Жахабаны сүйүнткөнгө ого бетер бел байлап калчумун. Акыры, кан куйдурбай эле операция жасаттым. Азыр деле оорум менен алышып келем, бирок Жахаба зарыл нерселерди дайыма берип келет. Мисалы, бир жолу жыйналыштан „Кыйынчылыктарды кайраттуулук менен көтөрөлү“ * деген макаланы изилдегенбиз. Ооруп калганымды ошондон бир жума өткөндөн кийин билгем. Ал макала бүк түшүп калбаганга жардам берди. Жолдошум экөөбүз аны кайра-кайра окуп жаттык. Ушул сыяктуу макалалар, дайыма рухий иштер менен алек болгонубуз жаныбызды тынчтандырып, дүрбөлөңгө түшпөгөнгө, туура чечим чыгарганга жардам берип жатты».

КОРКУНУЧТУ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ

19. Жакында эмне болот?

19 Жахабанын жардамы менен дүйнөнүн чар тарабындагы ишенимдештерибиз түрдүү кыйынчылыктарды жеңип, Шайтанга каршы туруп келатышат (1 Пет. 5:8, 9). Бул силердин да колуңардан келет. Жахаба Исаны жана аны менен чогуу башкара тургандарды «Ибилистин иштерин кыйратыш үчүн» жибере турган учур босогодо турат (1 Жкн. 3:8). Ошондон кийин Кудайдын кызматчылары «эч нерседен коркпой», «эч нерседен үрөй[ү] учпай» калат (Ыш. 54:14; Мик. 4:4). Ал убак келгенге чейин коркунучту жеңгенге бүт күчүбүздү жумшай берели.

20. Коркунучту жеңгенге эмне жардам берет?

20 Коркунучту жеңиш үчүн Жахаба өз кызматчыларын жакшы көрөт, аларды коргойт деген ишенимибизди чыңдай беришибиз керек. Ан үчүн Жахабанын өзүнүн кызматчыларын мурдатан бери кантип коргоп келгени жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз жакшы. Ишенимдештерибиз менен ошол тууралуу сүйлөшүп турганыбыз да дурус. Ошондой эле оор учурларда жекече бизге кантип жардамга келгенин да эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ооба, Жахаба турганда коркунуч бизди жеңе албайт! (Заб. 34:4).

129-ЫР: Туруктуу бололу

^ Коркуу — бул табигый сезим. Ал бизге кооптуу нерселерден коргонгонго жардам берет. Бирок коркунучка алдырсак, өзүбүзгө эле зыян алып келебиз. Кандайча? Шайтан коркконубуздан пайдаланып бизди туура эмес ишке түртүп коюшу мүмкүн. Ошол себептен коркунучка алдырып койбошубуз үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Ошенткенге эмне жардам берет? Бул макаладан биле турганыбыздай, Жахабанын биз тарапта экенине, бизди аябай жакшы көрөрүнө бекем ишенсек, кандай коркунуч болбосун, баарын жеңе алабыз.

^ Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жыйналыштагы бир жубайлар үй-бүлөсүнө кам көрүш үчүн жаны тынбай эмгектенген ишенимдешине тамак-аш алып келип жатышат.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жаш ишенимдешибиздин ата-энеси анын Кудайга кызмат кылышына каршы, бирок ал Кудайдын колдой турганына бекем ишенет.