Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мээримүүлүктүн мыйзамына» кармангыла

«Мээримүүлүктүн мыйзамына» кармангыла

«ЖЫЙНАЛЫШТАГЫЛАРДЫН мээримдүүлүгүн көрүп жүрөгүм аябай козголгон»,— дейт Лиза *. Биринчи кезекте Лиза Жахабанын Күбөлөрүнүн мына ошол нерсесине тартылган. Энн дагы так эле ушундай ойдо. Ал: «Башында Кудайдын элинин окуткан нерселерине эмес, мээримдүүлүгүнө, боорукердигине таасирленгем»,— дейт. Албетте, бул эки ишенимдешибизге Ыйык Китепти окуган, анда жазылгандар жөнүндө ой жүгүрткөн жагат. Бирок жүрөгүн көзөп өткөн нерсе Кудайдын элинин мээримдүүлүгү болгон.

Анда тегерегибиздегилердин жүрөгүн козгой турган мээримдүүлүк сапатын кантип көрсөтө алабыз? Мунун эки жолу бар: сүйлөгөн сөзүбүз менен кылган иштерибиз. Адегенде ошону карап чыгалы. Андан соң кимдерге мээримдүү болушубуз керектигине токтолобуз.

ТИЛИҢДЕ «МЭЭРИМДҮҮЛҮКТҮН МЫЙЗАМЫ» БОЛСУН

Накыл сөздөр 31-бөлүмдө жакшы аялдын тилинде «мээримдүүлүктүн мыйзамы» бар экени айтылат (Накыл 31:26). Ошол «мыйзам» анын эмне деп айтарына жана кантип айтарына таасир этет. Аталардын да тилинде ошондой «мыйзам» болушу керек. Көптөгөн ата-энелер балдарын кагып-силке берсе, алардын шагы сынып, көңүлү чөгүп каларын жакшы билишет. Эгер ата-энелер зиркилдеп, тилдей беришсе, балдары оңолбой эле, теңирден тескери иш кылышат. Ошондуктан сөзү өтүмдүү болуп, жакшы тарбия бере алышы үчүн ата-энелер жылуу-жумшак сүйлөшү керек.

Балдарыңар барбы же жокпу, тилиңерде «мээримдүүлүктүн мыйзамы» болушу үчүн эмне кылсаңар болот? Мунун жообу Накыл сөздөр 31:26да камтылган. Ал жакта: «[Анын] оозунда акылмандык... бар»,— деп жазылган. Бул сөздөрдү туура тандап, аларды жылуу-жумшак айтышыбыз керектигин билдирет. Кимдир бирөөгө бир нерсе айтардан мурун мындай деп ойлонуп көргөнүбүз жакшы: «Ушинтип айтсам ого бетер жини келеби же көңүлү жай алып тынчтанып калабы?» (Накыл 15:1). Ооба, ойлонуп сүйлөгөнүбүз жакшы.

«Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт»,— деген да накыл сөз бар (Накыл 12:18). Сөздөрүбүз, үнүбүздүн тону башкаларга кандай таасир этерин канчалык көп ойлонсок, тилибизди тыя билүү ошончолук оңой болот. Ырас, тилибизди «мээримдүүлүктүн мыйзамы» башкарса, эч кимге ороңдобойбуз, заар, ачуулуу сөздөрдү сүйлөбөйбүз (Эф. 4:31, 32). Терс нерселерди эле ойлобой, оозубуздан жалаң гана жылуу, башкаларга канат байлата турган сөздөр чыгат. Бул жагынан Жахаба эң мыкты үлгү көрсөтөт. Ал жаны жай албай, санааркап турган кызматчысы Илиясты соороткон. Ошондо Жахаба жиберген периште «жай, акырын» сүйлөп, пайгамбарга дем-күч берген (1 Пад. 19:12). Бирок мээримдүү болуу жылуу сөздөрдү айткандан да көптү билдирет. Биз мээримдүүлүккө жаткан жакшы иштерди да кылышыбыз керек. Муну кантип кылсак болот?

ЖАКШЫ ИШТЕРДИН ТААСИРИ

Эгер Жахабадан үлгү алсак, жылуу сөздөрүбүздү мээримдүүлүккө жаткан иштер менен бышыктайбыз (Эф. 4:32; 5:1, 2). Жогоруда айтылган Лиза Жахабанын Күбөлөрүнүн ага кандай жакшылык кылганы тууралуу мындай дейт: «Бир жолу үй-бүлөбүз менен тез аранын ичинде көчүп кетишибиз керек болгон. Ошондо жыйналыштагы эки жубай жумушунан атайын суранып келип, аркы-беркини жыйнашканга кол кабыш кылышкан. Ал учурда мен Ыйык Китепти изилдей элек да болчумун». Ушунун аркасында Лиза Ыйык Китепте жазылгандарга көбүрөөк кызыга баштаган.

Жогоруда айтылган Эннди да Жахабанын Күбөлөрүнүн жакшылык кылганы кайдыгер калтырган эмес. Ал мындай дейт: «Азыр жакшылык кылган адамдарды чанда эле кездештиресиң. Ошон үчүн абайлап, адамдардан коомайланып турчумун. Аларга көп ишене берчү эмесмин. Жахабанын Күбөлөрү менен таанышканда алардын чын эле жакшы адамдар экенине көзүм жетпей жатты. „Булар эмне эле мага мынчалык көңүл буруп жатышат?“ — деген шек ойлор кете берчү. Бирок мени менен изилдеген эженин мага чын дилден көңүл бурганын көрүп аларга ишеним арта баштадым». Бул ага кандай таасир эткен? «Ошондон кийин гана бүт көңүлүмдү Ыйык Китепте жазылгандарга бура баштадым»,— дейт Энн.

Лиза менен Энндин жүрөгүн жыйналыштагылардын жакшы иштери жибиткенине көңүл бурсаңар. Ошонун аркасында алар Ыйык Китепте жазылгандарга көбүрөөк кызыга башташкан. Кудайдын элинин жакшылыгы Жахабага жана анын элине ишеним артканга түрткү берген.

КУДАЙГА ЖАККАН МЭЭРИМДҮҮЛҮКТҮ ӨРЧҮТКҮЛӨ

Айрымдар маданиятынан улам же дээринен сылык-сыпаа болушу, дайыма күлүп-жайнап жүрүшү мүмкүн. Албетте, бул деле жакшы дечи, бирок ушунун өзүн эле Кудайга жаккан мээримдүүлүк деп айтканга болбойт. (Салыштыргыла: Элчилер 28:2.)

Кудайга жаккан мээримдүүлүк же боорукердик Кудайдын ыйык рухунун жемишине кирген сапаттардын бири (Гал. 5:22, 23). Демек, эгер ыйык рухтун акылыбызга таасир этип, бизди жетектешине жол бербесек, ошондой мээримдүүлүктү өрчүтө албайбыз. Ыйык рух бизге таасир эткенде гана Жахаба менен Исаны туурай алабыз. Биз Кудайдын кызматчылары болгондуктан да башкаларга чын дилден көңүл бурабыз. Ооба, жакшылык кылганга Жахаба Кудайга жана адамдарга болгон сүйүүбүз түрткү берет. Ушундай сүйүүгө негизделген чын жүрөктөн чыккан мээримдүүлүк күчтүү сапат болуп эсептелет жана Кудайга жагат.

КИМДЕРГЕ МЭЭРИМДҮҮ БОЛУШУБУЗ КЕРЕК?

Бизге жакшылык кылгандарга же өзүбүз жакшы тааныгандарга мээримдүүлүк көрсөтүү оңой (2 Шем. 2:6). Анын бир жолу — ыраазычылык билдирүү (Кол. 3:15). Бирок кимдир бирөөнү мээримдүүлүк көрсөтүшүбүзгө татыксыз деп эсептесекчи?

Андайда Жахабанын үлгүсү жөнүндө ойлонуп көрсөк болот. Ааламда эч ким Жахабадай мээримдүү боло албайт. Анын Сөзүндө ушул сапатты чагылдырганыбыз маанилүү экени айтылат. Мээримдүүлүк жөнүндө Ыйык Китепте көп жолу сөз кылынат. Кудайдын мээримдүүлүгүн эмнелерден көрсөк болот?

Мисалы, Жахабанын миллиондогон адамдарга тирүү жүрүшү үчүн эң зарыл нерселерди берип келатканы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр (Мт. 5:45). Атүгүл аны таанып-биле элек кезибизде эле бизге мээримин төккөн (Эф. 2:4, 5, 8). Алсак, ал жанындай жакшы көргөн жалгыз Уулун бүт адамзат үчүн берген. Элчи Пабыл анын «мол ырайымынан улам» ошенткенин жазган (Эф. 1:7). Андан тышкары, күнөө кетирип канча жолу анын жүрөгүн оорутсак да, бизди жетектеп, үйрөтүп келет. Кудайдын акыл-насааты, сөздөрү «майдалап жааган жамгырдай» (Мыйз. 32:2). Анын бизди бөлөп жаткан мээримдүүлүгүн эч качан толугу менен актай албайбыз. Биздин келечегибиз анын мээримдүүлүгүнөн көз каранды. (Салыштыргыла: 1 Петир 1:13.)

Ооба, Жахабанын мээримдүүлүгү бизди өзүнө тартып, дем-шык берет. Ошондуктан Жахабаны туурап бардык адамдарга тегиз карашыбыз жана мээримдүүлүк көрсөтүшүбүз зарыл. Ошондой эле бул жашообуздун бир бөлүгү болуп калышы керек (1 Тес. 5:15). Дайыма мээримдүү болсок, сөөк какшаткан суукта адамды жылыткан оттой болобуз. Ошондо үйдөгүлөрүбүз, ишенимдештерибиз, чогуу иштешкендерибиз, классташтарыбыз жана кошуна-колоңдорубуз бизге тартылат.

Жылуу сөзүңөр же кылган жакшылыгыңар үй-бүлөңөрдөгү же жыйналыштагы кимдир бирөөгө жакшы таасир этип, ал учуп-күйүп калышы мүмкүн. Балким, жыйналышыңарда үй жумуштарына кол кабыш кылышыңарга, короо-жайын жыйнап беришиңерге же бир нерсе сатып алып келип беришиңерге зар болуп жаткан бирөө бардыр. Же болбосо кабар айтып жүргөндө кимдир бирөөнүн жардамга муктаж болуп жатканын көрүшүңөр мүмкүн. Ага жардам бере аласыңарбы?

Эмесе, мындан ары да Жахабадан үлгү алып, бир нерсе айтарда же кыларда «мээримдүүлүктүн мыйзамына» кармана бергиле!

^ Ысымдар өзгөртүлдү.