13-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
Жахаба бизди кантип коргойт?
«Жахаба ишенимдүүлөрдү коргойт» (ЗАБ. 31:23).
124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз
БУЛ МАКАЛАДА *
1. Иса Жахабадан шакирттерин коргошун эмне үчүн өтүнгөн?
ЖЕРДЕ жашап жүргөн кезинде Иса өлөр алдындагы түнү шакирттери туш боло турган кыйынчылыктар жөнүндө ойлонгон. Аларды аябай жакшы көргөндүктөн Атасынан «кара өзгөйдөн коргошун» өтүнгөн (Жкн. 17:14, 15). Ал асманга кеткенден кийин Шайтан Жахабага сыйынгысы келгендерге каршы согуш жүргүзө берерин билген. Демек, Жахабанын эли анын коргошуна муктаж болмок.
2. Жахабанын тилегибизди угарына эмне үчүн күмөн санабасак болот?
2 Жахаба Уулун сүйгөндүктөн тилегин аткарган. Эгер Жахабага жаккандай иш кылганга аракет кылсак, ал бизди да жакшы көрөт. Биздин да сактап-коргошун суранып кайрылганыбызды угат. Камкор Ата катары өзүнүн балдарын калкалап, кам көрө берет. Себеби мындан анын жакшы аты, аброю көз каранды!
3. Бүгүнкү күндө Жахабанын коргошуна эмне үчүн муктажбыз?
3 Азыр Жахабанын бизди коргошуна болуп көрбөгөндөй муктажбыз. Анткени Шайтан асмандан куулуп, жерге «катуу каары менен түшкөн» (Аян 12:12). Айрымдар анын таасири менен «Кудайга ыйык кызмат кылып жатам» деп ойлоп, бизди куугунтукташат (Жкн. 16:2). Ал эми Кудайга ишенбегендер азыркы дүйнөнүн калыбына түшпөгөнүбүз үчүн куугунтукташат. Бирок, кандай болбосун, коркпошубуз керек. Себеби Ыйык Китепте Жахаба бизди Мырзабыз аркылуу «бекемдеп, кара өзгөйдөн коргоору» айтылган (2 Тес. 3:3). Ал бизди кантип коргойт? Келгиле, мунун эки жолун карап чыгалы.
ЖАХАБА БЕРГЕН «КУРАЛ-ЖАРАКТАР»
4. Эфестиктер 6:13—17ге ылайык, бизди коргош үчүн Жахаба эмнелерди берген?
4 Шайтандын соккуларынан коргонуш үчүн Жахаба бизге «курал-жарактарды» берген. (Окугула: Эфестиктер 6:13—17.) Ал рухий куралдар аябай бышык жана жакшы коргойт. Бирок ан үчүн баары түгөл болушу керек жана аларды дайыма алып жүрүшүбүз зарыл. Алардын ар бири эмнени билдирет? Келгиле, ушуга токтололу.
5. Чындыктын куру деген эмне жана аны эмне үчүн курчанышыбыз керек?
5 Чындыктын куру Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китептеги чындыктарды билдирет. Аны эмне үчүн курчанып жүрүшүбүз керек? «Жалгандын атасы» Шайтанга алданып калбаш үчүн курчанышыбыз керек (Жкн. 8:44). Ал — миңдеген жылдардан бери «бүт жер жүзүн адаштырып» келаткан жеткен жалганчы (Аян 12:9). Ошондой болсо да Ыйык Китептеги чындыктар бизди анын калпынан калкалайт. Анда каймана маанидеги бул курду кантип курчана алабыз? Ан үчүн Жахаба жөнүндөгү чындыкты билишибиз керек. Ага «ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынышыбыз» зарыл жана бардык жагынан чынчыл болушубуз кажет (Жкн. 4:24; Эф. 4:25; Евр. 13:18).
6. Адилдик сооту деген эмне жана аны эмне үчүн кийишибиз керек?
6 Адилдик сооту Жахабанын адил талаптарын билдирет. Аны эмне үчүн кийишибиз керек? Кадимки соот жоокердин жүрөгүн сактагандай эле, адилдик сооту каймана маанидеги жүрөгүбүздү, башкача айтканда, ички дүйнөбүздү бул дүйнөнүн бузуку таасиринен сактайт (Накыл 4:23). Жахаба аны бүт жүрөгүбүз менен сүйүп, бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылышыбызды күтөт (Мт. 22:36, 37). Шайтан болсо бул дүйнө сунуш кылган нерселерди — Жахаба жек көргөн нерселерди — сүйдүрүп, жүрөгүбүздү бөлүп-жарганга аракет кылат (Жкп. 4:4; 1 Жкн. 2:15, 16). Ал амалы ишке ашпаса, Жахабанын талаптарын бузушубуз үчүн, коркутканга киришет.
7. Канткенде адилдик соотун кийген болобуз?
7 Эгер Жахабанын эмне туура, эмне туура эмес дегенге карата көз карашын кабыл алып, анын талаптарына ылайык жашасак, адилдик соотун кийген болобуз (Заб. 97:10). Кээ бирөөлөргө Жахабанын талаптары кишини тушап, чектегендей сезилиши мүмкүн. Бирок Ыйык Китептеги талаптарга ылайык жашабай калсак, айыгышкан кармаш учурунда соотун оор көрүп, чечип салган жоокерге окшоп калабыз. Бул акылсыздык болмок. Чынында, Жахабаны сүйгөндөр үчүн анын осуяттары оор жүк болбойт, кайра өмүрүн сактайт (1 Жкн. 5:3).
8. Жоокердин бут кийими эмнени билдирет?
8 Андан ары Пабыл тынчтык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого болгон даярдуулукту бут кийим катары кийгенге үндөгөн. Башкача айтканда, биз Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айтканга дайым дилгир болушубуз керек. Ал жөнүндө башкаларга айткан сайын, өзүбүздүн ишенимибиз бекемделет. Жахабанын элинин ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай жакшы кабарды бүт дүйнө жүзү боюнча жарыялап жатканы баарыбызга кадимкидей дем-шык берет. Алар бул кабарды жумуштан, мектептен, ишкер аймактан, үймө-үй кыдырганда, дүкөнгө барганда, тууган-туушкандарга жолукканда, кимдир бирөө менен капыстан сүйлөшүп калганда, атүгүл үйүнөн чыга албай калганда да айтышат. Эгер коркунучка алдырып кабар айтпай калсак, согуш майданында жүрүп бут кийимин чечип
салган жоокердей болуп калабыз. Андай жоокердин буту тез эле жабыркаары турган иш. Ал өзүн коргой албай калат, кол башчысынын буйруктарын да аткара албай калат.9. Чоң ишеним калканын эмне үчүн алып жүрүшүбүз керек?
9 Чоң ишеним калканы Жахабага болгон ишенимди билдирет. Биз анын бардык убадаларын сөзсүз аткарарына толук ишенебиз. Ошого ишенгенибиз «кара өзгөйдүн оттуу жебелерин өчүргөнгө» жардам берет. Ушундай чоң калканды эмне үчүн алып жүрүшүбүз керек? Ал бизди чындыктан четтегендердин таасирине алдырып, олку-солку болгондон сактайт. Ошондой калканыбыз болсо, бизди сындагандардын заар сөзүнөн да коркпойбуз. Ишенимибиз болбосо, башкалар бизди Жахабанын талаптарын бузганга түртүп кысым көрсөткөндө, туруштук бере албай калабыз. Ал эми жумуштан болобу же мектептен болобу, ишенимибизди жактаган сайын, калканыбызды тоскон болобуз (1 Пет. 3:15). Акчасы жакшы, бирок сыйынууга байланышкан иштерге тоскоолдук кылган жумуштан баш тарткан сайын, калканыбызды тоскон болобуз (Евр. 13:5, 6). Каршылыкка карабай Жахабага кызмат кылганыбызда да калканыбызды тосуп коргонгон болобуз (1 Тес. 2:2).
10. Куткарылуу туулгасы эмнени билдирет жана аны эмне үчүн кийишибиз керек?
1 Тес. 5:8; 1 Тим. 4:10; Тит 1:1, 2). Кадимки туулга башты сактагандай эле, бул үмүт акыл-оюбузду сактайт. Кандайча? Үмүтүбүз болгондуктан, бүт көңүлүбүздү Кудайдын убадаларына топтойбуз, келечек менен жашап, азыркы көйгөйлөрүбүзгө туура көз карашта болобуз. Туулганы канткенде кийген болобуз? Аны, бардык нерсеге Кудайдыкындай көз карашта болсок, кийген болобуз. Мисалы, үмүтүбүз дүнүйө-мүлктө эмес, Кудайда болот (Заб. 26:2; 104:34; 1 Тим. 6:17).
10 Куткарылуу туулгасы Жахаба берген үмүттү билдирет. Анын эркин аткаргандардын баары сыйлык аларына, көзү өтүп кеткен күндө да, тирилерине үмүттөнүшөт (11. Рухтун кылычы деген эмне жана эмне үчүн аны колдонушубуз керек?
11 Рухтун кылычы Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепти билдирет. Ал кылыч, кандай гана калп болбосун, тамырын кыя чаап, адамды жалган окуулардын, жаман адаттардын кулчулугунан азаттыкка чыгарат (2 Кор. 10:4, 5; 2 Тим. 3:16, 17; Евр. 4:12). Кудайдын Сөзүн өз алдыбызча окуп-изилдегенде, уюмдун окутуп-үйрөтүү чараларынан пайдаланганда ал кылычты туура колдонгонду үйрөнгөн болобуз (2 Тим. 2:15). «Курал-жарак» бергенден тышкары, Жахаба бизди башка жол менен да коргойт. Эмесе, ошону карап чыгалы.
КАРМАШТА ЖАЛГЫЗ ЭМЕСПИЗ
12. Дагы эмнеге муктажбыз жана эмне үчүн?
12 Дасыккан жоокер бүтүндөй аскерди жалгыз өзү жеңе албасын жакшы билет. Жеңишке жетиш үчүн катарлаш туруп кармашкан башка жоокерлердин жардамы керек. Ошол өңдүү эле, биз да Шайтан менен ал тараптагыларга жалгыз каршы тура албайбыз. Биз ийиндеш турган ишенимдештерибиздин жардамына зарбыз. Бизде жардам бергенге дайым даяр турган дүйнө жүзүндөгү Жахаба берген бир туугандарыбыз бар (1 Пет. 2:17).
13. Еврейлер 10:24, 25ке ылайык, жыйналышка баргандын кандай пайдасы бар?
13 Жардам алуунун бир жолу — жыйналышка баруу. (Окугула: Еврейлер 10:24, 25.) Баарыбыздын эле кээде ындыныбыз өчкөн учурларыбыз болот. Андайда жыйналышка баргандан кийин көңүлүбүз көтөрүлүп, канат байлап калабыз. Алсак, боордошторубуздун чын жүрөктөн берген жооптору кадимкидей кубаттайт. Айткан баяндамаларын угуп, демонстрацияларын көргөндө Жахабага андан ары да кызмат кылганга бел байлап калабыз. Жыйналышка чейин же андан кийин пикирлешкенде сергип калабыз (1 Тес. 5:14). Мындан тышкары, башкаларды кубаттап, өзүбүз да кубанып калабыз (Элч. 20:35; Рим. 1:11, 12). Жыйналыштын башка да пайдасы бар. Ал жактан кызматтан башкаларды окутуп-үйрөткөнгө машыгабыз. Мисалы, «Негизги окутуу куралдарын» чебер колдонгонду үйрөнөбүз. Андыктан жыйналышка жакшылап даярданып баргыла. Барганда кунт коюп уккула. Андан соң үйрөнгөнүңөрдү колдонгула. Ошентсеңер, «Машаяк Исанын мыкты жоокери» болосуңар (2 Тим. 2:3).
14. Бизге дагы кимдер жардам берет?
14 Ошондой эле бизди түмөндөгөн кубаттуу периштелер колдоп турат. Бир эле периштенин кубаты жөнүндө ойлонуп көрсөңөр (Ыш. 37:36). Анда сансыз периштелерден турган аскер эмне деген кубатка ээ! Бир да адам, бир да жин-пери Жахабанын аскерин жеңе албайт. Жалгыз киши болсо да, Жахаба анын тарабында болсо, ал тарап дайыма көптүк кылат (Бий. 6:16). Чын эле ушундай! Чогуу иштешкендер, классташтар же Жахабага сыйынбаган туугандарыбыз коркута тургандай бир нерсе айтканда же кылганда, ушуну эсиңерден чыгарбагыла. Силер бул кармашта жалгыз эмессиңер. Жахабанын жетеги менен жүргөндүктөн, ал силерди колдойт.
ЖАХАБА БИЗДИ ДАЙЫМА КОРГОЙТ
15. Ышая 54:15, 17ге ылайык, Кудайдын элин эмне үчүн эч ким токтото албайт?
15 Шайтан бийлеген дүйнө бизди көп себептерден улам жек көрөт. Мисалы, биз саясий иштерде бейтараптуубуз, колубузга курал албайбыз. Кудайдын ысмын жарыялайбыз, анын Падышалыгы гана жер жүзүнө тынчтык орнотот деген көз карашты жактайбыз жана Кудайдын адил талаптарына карманабыз (Жкн. 8:44). Бул дүйнөнүн башкаруучусу калптын атасы жана киши өлтүрүүчү экенин айтып айыбын ачабыз. Шайтандын азыркы дүйнөсү жакында жок болорун да жарыялайбыз. Биздин оозубузду Шайтан да, анын тарабындагылар да баса албайт. Биз ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп Жахабаны даңктай беребиз! Шайтан канчалык күчтүү болбосун, Падышалык жөнүндөгү кабардын дүйнөнүн чар тарабына тарашына бөгөт коё албайт. Бул Жахаба бизди коргогондуктан гана жүзөгө ашып жатат. (Окугула: Ышая 54:15, 17.)
16. Улуу алааматта Жахаба өз элин кайсы эки учурда сактап калат?
16 Келечекте бизди эмне күтүп турат? Улуу алаамат учурунда Жахаба бизди эки жолу куткарат. Биринчиден, ал өз элин бул дүйнөнүн падышаларына жалган диндин империясы Улуу Бабылды талкалап жок кылганга түрткү бергенде куткарат (Аян 17:16—18; 18:2, 4). Экинчиден, Шайтандын дүйнөсүнүн калган бөлүгүн Армагедондо жок кылганда сактап калат (Аян 7:9, 10; 16:14, 16).
17. Эмне үчүн Жахабага жакын болушубуз керек?
17 Жахаба менен ынак болсок, Шайтан бизге орду толгус зыян келтире албайт. Жакында ал өзү биротоло жок болот (Рим. 16:20). Андыктан «курал-жарактардын» бирин да калтырбай кийип, эч качан чечпегиле! Шайтан менен анын дүйнөсүнө жалгыз туруштук бере алам деп ойлобогула. Ишенимдештериңерге жөлөк-таяк болгула. Жахабанын жетеги менен жүргүлө. Ошондо асмандагы Атаңар силерге күч берип, коргоорунан шектенбесеңер болот (Ыш. 41:10).
149-ЫР: Жеңиш ыры
^ 5-абз. Ыйык Китепте Жахабанын бизге күч-кубат берери жана коргой турганы жазылган. Макаладан бул суроолорго жооп алабыз: Жахабанын бизди коргошуна эмне үчүн муктажбыз? Ал кантип коргойт? Ал жардам берип жатканда биз эмне кылышыбыз керек?