Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Электрондук маалымат алышып-беришкенге шарт түзгөн тиркемелерди колдонгондо Исанын жолдоочулары эмне үчүн сак болушу керек?

Айрым Исанын жолдоочулары үйүндөгүлөрү же башка ишенимдештери менен байланышта болуп турушу үчүн заманбап технологияны колдонушат. Албетте, Исанын жетилген жолдоочусу Ыйык Китептеги: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат»,— деген сөздөрдү эсинен чыгарбайт (Накыл 27:12).

Жахаба дайыма бизди коргогусу келет. Бул үчүн ага аябай ыраазыбыз. Ошондуктан ортобузга жик салгандар, жыйналыштан чыгарылгандар жана бурмаланган окууларды үгүттөгөндөр менен мамилелешпейбиз (Рим. 16:17; 1 Кор. 5:11; 2 Жкн. 10, 11). Жыйналыш менен байланышта болгон айрым адамдардын жүрүм-туруму Кудайга жакпашы мүмкүн (2 Тим. 2:20, 21). Кимдир бирөө менен достошордо ушул нерсени эске алабыз. Электрондук тиркемелер аркылуу жакшы дос тандаш кыйынга туруп калат.

Көп кишиден турган чоң топ түзүлгөндө болсо ким менен мамилелешсе болор-болбосун ажырата билиш андан беш бетер кыйын болот. Айрым Жахабанын Күбөлөрү үчүн ушундай чоң топторго кошулганынын натыйжасы жакшы болгон эмес. Эгер Исанын жолдоочусу жүздөгөн же миңдеген кишилер байланышкан топко кошулган болсо, канткенде сак боло алат? Ал топтогулардын баарынын чынында кандай адам экенин, Кудай менен болгон мамилеси чынында кандай экенин билиш мүмкүн эмес болот. Забур 26:4тө: «Жалганчылар менен бирге отурган эмесмин, өздөрүнүн ким экенин жашыргандарга кошулган эмесмин»,— деп жазылган. Бул өзүбүз жакшы тааныгандар менен гана байланышышыбыз керектигин көрсөтүп турган жокпу?!

Атүгүл чакан топ болгон күндө да, Исанын жолдоочусу топтогулар менен жазышканга канча убактысы кетип жатканын, алар менен эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканын таразалай билип, сак болушу керек. Биз, топто эмне жөнүндө сөз болуп жатпасын, башкалар жазышканга канча убакыт кетиришпесин, сөзсүз жооп жазышым керек деп ойлобойбуз. Элчи Пабыл Тиметейди «ушакташкан», «башкалардын ишине кийлигишкен» адамдардан оолак болушу керектигин эскерткен (1 Тим. 5:13). Бүгүнкү күндө электрондук түрдө деле ушакташса, башкалардын ишине кийлигишсе болот.

Исанын жетилген жолдоочусу ишенимдештери жөнүндө сын пикир же купуя маалымат айтпайт дагы, укпайт дагы (Заб. 15:3; Накыл 20:19). Ошондой эле көбүртүлүп-жабыртылган же тастыкталбаган маалыматтан алыс болот, башкаларга да жөнөтпөйт (Эф. 4:25). Биз jw.org сайты жана JW телеберүүсү® аркылуу рухий тамакты жана башка ишеничтүү, так маалыматтарды мол алып турабыз.

Айрым Жахабанын Күбөлөрү тиркемелерди бир нерсе сатыш үчүн же сатып алыш үчүн, жарнамалаш үчүн же жумуш сунушташ үчүн колдонушат. Мунун баары — Жахабага сыйынууга байланышы жок соода-сатык иштери. Андыктан «акчаны сүйүүдөн алыс болгусу» келген Исанын жолдоочусу ишенимдештерин колдонуп пайда көргөнгө азгырылбашы керек (Евр. 13:5).

Ал эми муктаж болгон же кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерибизге жардам бериш үчүн тиркемелер аркылуу акча чогултуу жөнүндө эмне дешке болот? Албетте, биз бири-бирибизди жакшы көргөндүктөн жардам бергенге, жөлөк-таяк болуп, дем-күч бергенге ынтызарбыз (Жкп. 2:15, 16). Бирок чоң топтор аркылуу жардам уюштуруу филиал же жыйналыш уюштурган жакшыраак иш-чараларга тоскоолдук кылышы мүмкүн (1 Тим. 5:3, 4, 9, 10, 16). Ошондой эле эч кимибиз Кудайдын оторуна кам көргөнгө атайын дайындалгандай түр көрсөткүбүз келбейт.

Ооба, биз Кудайыбыз даңктала тургандай гана иштерди кылгыбыз келет (1 Кор. 10:31). Андыктан башкалар менен байланышууга шарт түзгөн тиркемелерди колдоносуңарбы же башка технологияныбы, кооптуу жактарын эске алып, этият болгула!