Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Аткара турган иши... абдан чоң»

«Аткара турган иши... абдан чоң»

ИЕРУСАЛИМДЕ аябай маанилүү жолугушуу болгону жатат. Ысрайылдын улгайып калган падышасы Дөөтү бүт төрөлөрүн, ак сарай кызматчыларын, күчтүү кишилерин чогултту. Баары өзгөчө кулактандырууну күтүп, жүрөктөрү толкуп турат. Жахаба Дөөтүнүн уулу Сулайманга чыныгы сыйынуунун борбору боло турган заңгыраган имарат курууну тапшырган эле. Дөөтү аян аркылуу Кудайдан ал имараттын чиймесин алып, Сулайманга берген. Падыша чогулган элге: «[Сулаймандын] аткара турган иши... абдан чоң. Анткени ал кура турган заңгыраган имарат адамга эмес, Жахаба Кудайга арналат»,— дейт (1 Жылн. 28:1, 2, 6, 11, 12; 29:1).

Анан: «Дагы кимиңер бүгүн Жахаба үчүн өз ыктыярыңар менен тартуу берүүнү каалайсыңар?» — деп сурайт (1 Жылн. 29:5). Эгер силер да ошол жерде болсоңор, эмне кылат элеңер? Мааниси зор ошол ишти колдойт белеңер? Ысрайылдыктар дароо иш-аракет кыла башташкан. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Ыктыярдуу тартуу бергендер абдан кубанып жатышты, анткени алар Жахабага бүт жүрөгү менен тартуу кылып жатышты»,— деп жазылган (1 Жылн. 29:9).

Кылымдар өткөндөн кийин, Жахаба ал ибадатканадан алда канча чоң мааниге ээ рухий ибадаткананы негиздеген. Улуу рухий ибадаткана адамдарга Машаяктын курмандыгынын негизинде Жахабага жакындап, ага сыйынууга жол ачкан чараны билдирет (Евр. 9:11, 12). Бүгүнкү күндө Кудай адамдарга өзү менен элдешүүгө кантип жардам берүүдө? Биз катышып жаткан шакирт даярдоо иши аркылуу (Мт. 28:19, 20). Ал иштин аркасында жыл сайын миллиондогондор Ыйык Китепти изилдеп, миңдеген шакирттер чөмүлүп, жүздөгөн жаңы жыйналыштар уюшулууда.

Мындай өсүш Ыйык Китепке негизделген адабияттарды көп санда басып чыгарууну, Падышалык залдарын куруп, жакшы абалда күтүүнү, жыйындар өткөрүлө турган жай табууну талап кылууда. Биз аткарып жаткан кабар айтуу ишинин абдан чоң жана мол батага ээ кыла турган иш экенине кошуласыңарбы? (Мт. 24:14).

Кудайдын кызматчылары аны жана жакынын жакшы көрүшөт, ошондой эле Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишинин шашылыш экенин түшүнүшөт. Бул аларга Жахаба үчүн өз ыктыяры менен тартуу кылууга түрткү берүүдө. «Жахабага баалуу нерселерибиз» менен урмат көрсөтүү жана тартууларыбыздын адамзат тарыхындагы эң зор ишти алдыга жылдырууда акылмандык менен колдонулуп жатканын көрүү зор кубаныч тартуулайт (Накыл 3:9).