Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бири-бириңерди күн сайын кубаттандыргыла»

«Бири-бириңерди күн сайын кубаттандыргыла»

«Элге айтчу бекемдээрлик сөзүңөр болсо, айткыла» (ЭЛЧ. 13:15).

ЫРЛАР: 121, 45

1, 2. Жылуу, бекемдээрлик сөздөрдү айтуу эмне үчүн маанилүү?

«АТА-ЭНЕМ мага деле бир жакшы сөз айтышпайт, сындай эле беришет. Жүрөгүмдү ушунча жаралашат. „Былчыйган, эси жок кызсың. Такыр оңолбой койдуң го“,— деп айта беришет. Ушундан улам көп ыйлайм. Алар менен сүйлөшкүм келбей калат. Өзүмдү эч нерсеге жарабаган бир байкуштай сезем»,— дейт 18 жаштагы Кристина. [1] Ооба, жылуу сөз укпаган адамдын жашоосу кандай гана караңгы болот!

2 Ал эми жылуу, бекемдээрлик сөздөр туура, жакшы иш кылууга түрткү берет. «Мен көп жылдан бери өзүмдү эч нерсеге татыксыз сезип келгем,— дейт Рубен.— Бир жолу аксакал менен кабарга чыкканда, ал кабагымдын салыңкы экенин байкап калды. Ошондо ага ичимдегини айтып бердим. Ал мени түшүнүү менен кунт коюп укту. Анан кандай ийгилик кылып жатканымды эсиме салды. Ошондой эле Иса пайгамбардын сөздөрүн эстетип, ар бирибиздин топ таранчыдан да баалуу экенибизди айтты. Ошол аятты эч качан унутпайм. Ал дагы деле жүрөгүмдү козгоп келет. Аксакалдын ошондогу сөздөрү жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү» (Мт. 10:31).

3. а) Элчи Пабыл бекемдөөгө байланыштуу эмне деген? б) Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Ыйык Китепте бири-бирибизди дайыма бекемдеп туруунун маанилүүлүгү баса белгиленет. Элчи Пабыл еврей ишенимдештерине: «Сак болгула, бир туугандар, араңардан кимдир бирөө тирүү Кудайдан алыстап, жүрөгүндө ишенбестик, арамдык пайда болбосун. Күнөөгө азгырылып, жүрөгүңөр катаалданып кетпеши үчүн, „бүгүн“ деп айтууга мүмкүн болуп турганда бири-бириңерди күн сайын кубаттандыргыла»,— деген (Евр. 3:12, 13). Жылуу сөздөрдү угуп, канат байлап калган учурларыбызды эстегенибизде бири-бирибизди бекемдөөнүн канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз. Анда эмесе, төмөнкү үч суроого жооп алалы: Эмне үчүн башкаларды бекемдөө маанилүү? Жахабадан, Иса Машаяктан, элчи Пабылдан бул жагынан эмнеге үйрөнө алабыз? Кантип башкаларга дем-күч берсек болот?

БААРЫ БЕКЕМДӨӨГӨ МУКТАЖ

4. Кимдер бекемдөөгө муктаж жана эмне үчүн көптөр башкаларды бекемдебейт?

4 Баарыбыз бекемдөөгө муктажбыз. Өзгөчө, чоңоюп-өсүп келаткан балдарга дем-шык берип туруу абдан маанилүү. «Өсүмдүккө суу канчалык керек болсо, жылуу сөз да балдарга... ошончолук керек. Жагымдуу сөздөрдү угуп чоңойгон балдар өздөрүн баалуу, керектүү сезишет»,— дейт Тимоти Эванс деген мугалим. Тилекке каршы, биз өзгөчө оор мезгилде жашап жатабыз. Көптөр өзүмчүл, жылуу сөзгө сараң келишет, жакындарын сүйүшпөйт (2 Тим. 3:1—5). Айрым ата-энелер өздөрүнүн ата-энесинен жүрөк жылытарлык сөз угушкан эмес, ошондуктан балдарын макташпайт. Көптөгөн жумушчулар да мактоо укпагандыктан жылуу сөзгө зар экенин айтып, нааразы болушат.

5. Бекемдөө өз ичине эмнени камтыйт?

5 Бекемдөө өз ичине кимдир бирөөнү кайсы бир нерсени жакшы кылганы үчүн мактоону да камтыйт. Биз башкаларды жакшы сапаттары үчүн мактап же «көңүлү чөккөндөрдү сооротуп» кубаттандырсак да болот (1 Тес. 5:14). Ыйык Китепте көп учурда «бекемдөө» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «жанында болууну өтүнүү» деген маанини туюнтат. Ишенимдештерибиз менен ийиндеш кызмат кылгандыктан аларга жылуу сөз айтканга сонун мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. (Оку: Насаатчы 4:9, 10.) Ылайыктуу учурдан пайдаланып, бир тууганыбызга аны эмне үчүн жакшы көрөрүбүздү жана баалаарыбызды айтабызбы? Ушул суроого жооп берерден мурун: «Өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!» — деген накыл сөз тууралуу ой жүгүртүп көргөнүбүз дурус (Накыл 15:23).

6. Эмне үчүн Ибилис көңүлүбүздү чөктүргүсү келет? Мисал келтир.

6 Шайтан Ибилис көңүлүбүздү чөктүргүсү келет, себеби ал көңүл чөгөттүктүн рухий жактан алсыратарын жана башка жактардан зыян алып келерин жакшы билет. Накыл сөздөр 24:10до: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың»,— деп айтылат. Шайтан Аюп пайгамбардын ындынын суутуш үчүн каргашанын түрүн жиберип, аны болушунча каралаган. Бирок анын амалы суу кечпей калган (Аюп 2:3; 22:3; 27:5). Эгер үй-бүлөбүздү жана ишенимдештерибизди дайыма бекемдеп турсак, Шайтандын айла-амалдарына каршы сокку урган болобуз. Бул болсо үйүбүздүн жана жыйналыштын кубаныч, коопсуздук өкүм сүргөн жай болушуна шарт түзөт.

БАШКАЛАРДЫ БЕКЕМДӨӨ ЖАГЫНАН МЫКТЫ ҮЛГҮ КӨРСӨТКӨНДӨР

7, 8. а) Ыйык Китептеги кайсы билдирүүлөр Жахабанын бекемдөөнү маанилүү деп эсептээрин көрсөтүп турат? б) Канткенде ата-энелер Жахабадан үлгү алган болушат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

7 Жахаба. Забурчу: «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, кыйналгандарды куткарат»,— деп айткан (Заб. 34:18). Алсак, Жеремия пайгамбардын кайраты качып, ындыны өчкөндө, Жахаба аны абдан кубаттандырган (Жер. 1:6—10). Ал эми жашы өр тартып калган Даниел пайгамбарга периштесин жиберген. Периште аны «абдан сүйүктүү киши» деп атаганда, Даниелдин канчалык кубаттанып калганын элестетсең (Дан. 10:8, 11, 18, 19). Сен да алдан-күчтөн тайып бараткан жарчыларга, пионерлерге жана кары бир туугандарга дем-күч бере аласыңбы?

8 Кудай өзүнүн Уулу менен кылымдар бою чогуу эмгектенген. Ошентсе да Уулу жерде жүргөндө, аны мактап, бекемдөөнүн зарылдыгы жок деп ойлогон эмес. Иса эки жолу асмандан Атасынын: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм»,— деп айтканын уккан (Мт. 3:17; 17:5). Ушул сөздөр менен Жахаба аны мактап, баарын эң сонун кылып жатканына ынандырган. Кызматынын башталышында жана жердеги жашоосунун акыркы жылында Атасынын асмандан сүйлөгөнүн укканы Исаны абдан кайраттандырганы шексиз. Өлөр алдындагы түнү жаны кыйналып турганда, ага күч-кайрат бериш үчүн Жахаба периштесин да жөнөткөн (Лк. 22:43). Эгер ата-эне болсок, Жахабадан үлгү алып, балдарыбызга дем-күч берип, ийгиликтери үчүн мактап турганыбыз маанилүү. Мектептен кынтыксыздыгы күн сайын сыналып жатса, аларды бекемдеп, кайраттандырыш үчүн өзгөчө күч жумшашыбыз зарыл.

9. Иса Машаяктын элчилерине кылган мамилесинен эмнеге үйрөнсөк болот?

9 Иса Машаяк. Эскерүү кечесин негиздеген түнү Иса элчилеринин текебердик сапатын чагылдырып жатканына күбө болгон. Ошондо ал момундук көрсөтүп, алардын бутун жууган. Бирок элчилер кимиси чоң экени тууралуу талаша беришкен, Петир болсо мактана сүйлөгөн (Лк. 22:24, 33, 34). Ошого карабай Иса ишенимдүү элчилерин сыноо учурунда анын жанында болушканы үчүн мактаган. Ал алардын аныкынан да чоң иштерди жасай турганын жана Кудайдын аларды абдан жакшы көрөрүн айткан (Лк. 22:28; Жкн. 14:12; 16:27). Андыктан биз: «Мен да балдарымдын жана башкалардын кемчиликтерине көңүл топтобостон, аларды жакшы иштери үчүн мактап, Иса Машаяктан үлгү аламбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

10, 11. Элчи Пабылдын бекемдөөнү абдан маанилүү деп эсептегени эмнеден көрүнгөн?

10 Элчи Пабыл. Өзүнүн каттарында элчи Пабыл дайыма ишенимдештери жөнүндө жылуу сөздөрдү айта турган. Ал бир нече ишенимдеши менен бир топ жыл бою жер-жерлерди кыдыргандыктан алардын кемчилик-каталарын жакшы билгени күмөнсүз. Ошентсе да алар жөнүндө дайыма жакшы сөздөрдү айткан. Мисалы, ал Тиметей жөнүндө ишенимдештерине «чын жүрөктөн кам көргөн», «Мырзабыздын жолундагы сүйүктүү, ишенимдүү балам» деген (1 Кор. 4:17; Флп. 2:19, 20). Ал эми Титти Корунттагы жыйналыштагыларга мактап: «Ал — силердин жыргалчылыгыңар үчүн кызмат кылган шеригим, кызматташым»,— деп айткан (2 Кор. 8:23). Тиметей менен Тит элчи Пабылдын алар жөнүндө ушундай жакшы ойдо экенин билгенде абдан сүйүнүшсө керек.

11 Пабыл менен Барнаба өмүрүн тобокелге салып, жаалданган сүрмө топтон токмок жеген жерлерге кайра барышкан. Маселен, Листрада алар катуу каршылыкка кабылышса да, ал жакка кайра барып, жаңы шакирттерди ишениминен жазбоого үндөшкөн (Элч. 14:19—22). Пабыл Эфесте да жаалданган кишилерге туш болгон. Элчилер 20:1, 2де: «Козголоң басылгандан кийин, Пабыл шакирттерди чакыртып, аларды бекемдеди. Анан коштошуп, Македонияга барыш үчүн жолго чыкты. Ал жактагы аймактарды кыдырып, ишенимдештерин көп нерселерди айтып берип бекемдегенден кийин Грецияга барды»,— деп айтылат. Ооба, элчи Пабыл башкаларды бекемдөөнү абдан маанилүү деп эсептеген.

БИРИ-БИРИБИЗДИ БЕКЕМДЕЙЛИ

12. Жыйналышта бири-бирибизди бекемдөөгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

12 Асмандагы Атабыздын жыйналыштарга үзгүлтүксүз барууга үндөгөнүнүн бир себеби ал биздин башкаларды бекемдешибизди жана өзүбүздүн да бекемделишибизди каалайт. (Оку: Еврейлер 10:24, 25.) Иса Машаяктын алгачкы жолдоочуларындай эле, биз Жахаба жөнүндө билим алуу үчүн жана бекемделүү үчүн чогулуп турабыз (1 Кор. 14:31). Макаланын башында айтылган Кристина мындай дейт: «Жыйналышка баргандын эң жаккан жери ал жактан бир туугандардын мени жакшы көрөрүн сезем, бекемделем. Кээде Падышалык залына тим эле көңүлүм чөгүп барам. Бирок рухий эже-сиңдилерим мени кыса кучактап, жакшынакай болуп калганымды айтышат. Мени аябай жакшы көрөрүнө ынандырып, рухий жактан ийгилик кылып жатканыма абдан сүйүнөрүн билдиришет. Ошондо кайгым бат эле тарап, өзүмдү жакшы сезип калам». Ырас, «бири-бирибизди бекемдөөгө» баарыбыздын аракет кылганыбыз кандай гана жан сергитет! (Рим. 1:11, 12).

13. Эмне үчүн тажрыйбалуу бир туугандар да бекемдөөгө муктаж?

13 Атүгүл тажрыйбалуу бир туугандар да бекемдөөгө муктаж. Жашыянын мисалын алалы. Ал бир топ жыл бою ишенимдүү кызмат кылып келген. Ошентсе да Жахаба Муса пайгамбарга аны кайраттандырышы керектигин айтып, мындай деген: «Жашыяны жол башчы кылып дайындап, кубаттап-бекемде, анткени бул элди дарыянын аркы өйүзүнө ошол алып барат, сен көрө турган жерди ээлеш үчүн элди ошол баштап барат» (Мыйз. 3:27, 28). Жашыя абдан чоң жоопкерчилик алганы турган: ал Кудай убада кылган жерди басып алыш үчүн ысрайылдыктарды баштап бармак. Ошондой эле ар кандай тоскоолдуктарга кабылмак, мисалы, бери дегенде, бир жолу душмандан жеңилмек (Жаш. 7:1—9). Ушулардын баарын эске алганда, анын бекемдөөгө, дем-күчкө муктаж болмоктугу айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан, келгиле, Кудайдын оторун кайтарыш үчүн күжүрмөн эмгектенип жаткан аксакалдарды, анын ичинде райондук көзөмөлчүлөрдү дайыма кубаттап туралы. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:12, 13.) «Кээде бир туугандар биздин келип кеткенибиз аларга аябай дем-шык бергенин айтып, ыраазычылык каттарын жазып жиберишет,— дейт бир райондук көзөмөлчү.— Биз ал каттарды сактап коюп, көңүлүбүз чөккөн учурларда окуп турабыз. Алардагы сөздөр жан дүйнөбүзгө ушунчалык кубат берет».

Жылуу сөз айтып, бекемдеп турсак, балдарыбыз гүлдөп-өсүшөт (14-абзацты кара)

14. Кеңеш бергенде мактоо жана бекемдөө абдан натыйжалуу экенин эмне көрсөтүп турат?

14 Жыйналыштын аксакалдары, ата-энелер мактоо жана бекемдөө башкаларга андан ары да Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык иш кылууга түрткү берерин жакшы билишет. Элчи Пабыл корунттуктарды анын кеңешин укканы үчүн мактаганда, алардын туура иштерди талыкпай кыла берүүгө түрткү алышканы күмөнсүз (2 Кор. 7:8—11). Эки баласы бар Андреас мындай деп ой бөлүшөт: «Бекемдеп турсак, балдар Кудайга жакындап, барган сайын жетиле беришет. Кубаттандыруу кеңешке ылайык иш кылууга түрткү берет. Балдарыбыз эмне туура экенин жакшы билген күндө да, аларды бекемдеп турганыбыз маанилүү. Мунун аркасында алар дайыма туура иш кылууга үйрөнүшөт».

КАНТИП БАШКАЛАРГА ДЕМ-КҮЧ БЕРСЕК БОЛОТ?

15. Башкаларга дем-күч берүүнүн бир жолу кайсы?

15 Ишенимдештериңдин аракетин, жакшы сапаттарын баалаарыңды билдир (2 Жылн. 16:9; Аюп 1:8). Жагдай-шартыбыздан улам мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү болсо да, Жахаба менен Иса Машаяк Падышалыктын иштерин алдыга жылдыруу үчүн кылган эмгегибизди жогору баалашат. (Оку: Лука 21:1—4; 2 Корунттуктар 8:12.) Кары ишенимдештерибиздин айрымдары жыйналышка жана кызматка үзбөй катышыш үчүн көп күч-аракет жумшашат. Андыктан аларды мактап, бекемдеп турганыбыз дурус.

16. Башкаларды качан бекемдесек болот?

16 Бекемдеш үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү пайдалан. Эгер кимдир бирөөнүн жакшы бир нерсесин байкасаң, унчукпай койбо. Пабыл менен Барнаба Писидиядагы Антиохияда жүргөндө эмне болгонуна токтололу. Синагога башчысы аларды: «Агайын-туугандар, элге айтчу бекемдээрлик сөзүңөр болсо, айткыла»,— деп чакырган. Ошондо Пабыл сонун сөз сүйлөгөн (Элч. 13:13—16, 42—44). Кимдир бирөөгө жылуу сөз айтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, аны колдон чыгарбайлы. Башкаларды бекемдөөнү адатка айлантып алсак, алар да өз кезегинде бизди бекемдөөгө түрткү алары күмөнсүз (Лк. 6:38).

17. Канткенде мактоо сөздөрүбүз башкаларга күчтүү таасир этет?

17 Чын ыкластан, белгилүү бир нерсеси үчүн макта. Албетте, жалпы жонунан мактоо деле жакшы. Бирок Иса Машаяктын Тиатирадагы жолдоочуларына айткан сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, кимдир бирөөнү белгилүү бир нерсеси үчүн мактоо алда канча жакшы. (Оку: Аян 2:18, 19.) Эгер балдарыбыз бар болсо, аларга рухий жактан ийгилик кылып жатканына абдан сүйүнөрүбүздү айтып турганыбыз дурус. Же жалгыз бой энелерге, оор болгонуна карабай, балдарын жакшы тарбиялап жатканын баалаарыбызды айтсак болот. Ооба, башкаларды белгилүү бир нерселери үчүн мактаганыбыз күчтүү таасир этет.

18, 19. Жылуу сөзгө муктаж болгондорду кантип бекемдесек болот?

18 Жахаба Муса пайгамбарга Жашыяны кайраттандыр деп айткандай, бизге кимдир бирөөнү бекемде деп түзмө-түз сүйлөбөйт. Анткен менен ишенимдештерибизге жана башкаларга жылуу сөздөрдү айтканыбызды көрүп, ал абдан кубанат (Накыл 19:17; Евр. 12:12). Маселен, баяндамачыга анын баяндамасындагы кайсы бир кеңеш бизге пайдалуу болгонун же кайсы бир аятты жакшыраак түшүнүүгө жардам бергенин айтсак болот. Бир ишенимдешибиз баяндамачыга: «Сени менен бир нече эле мүнөт сүйлөшсөм да, жүрөгүмдөгү кайгыны байкап, көңүлүмдү көтөрүп, жубатып койдуң. Сахнадан да, өзүнчө сүйлөшкөндө да жылуу сөздөрдү айттың. Бул мен үчүн Жахабанын белеги болду»,— деп жазган.

19 Эгер элчи Пабылдын: «Азыркыдай эле, мындан ары да бири-бириңерди кубаттандырып, бекемдей бергиле»,— деген кеңешине ылайык иш кылууга чечкиндүү болсок, башкаларды рухий жактан бекемдөөнүн көп жолун табабыз (1 Тес. 5:11). Эмесе келгиле, мындан ары да бири-бирибизди «күн сайын кубаттандыра» берели. Ошентсек, Жахабанын жүрөгүн кубантабыз.

^ [1] (1-абзац) Ысымдар өзгөртүлдү.