Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Зор күчкө ээ сөз

Зор күчкө ээ сөз

«АЯЛ». Иса пайгамбар аялзатына кайрылганда кээде ушул сөздү колдонгон. Мисалы, 18 жылдан бери бүкүрөйүп, боюн түзөй албай жүргөн аялды айыктырганда ал: «Аял, ооруңдан арылдың»,— деген (Лк. 13:10—13). Иса бул сөздү атүгүл апасына карата да колдонгон. Бул байыркы убакта сылык-сыпаалыкка жатчу. Бирок сылык-сыпаалыктан да терең маанини камтыган дагы бир сөз колдонула турган.

Ыйык Китептен айрым аялдарга кайрылууда өзгөчө жумшак, назик сөз колдонулганын биле алабыз. Маселен, Иса Машаяк ал сөздү 12 жыл бою кан агуудан кыйналган аял менен сүйлөшкөндө колдонгон. Денесинен кан аккан адам таза эмес деп эсептелгендиктен, ал аялдын Исага жакын барганы Кудайдын Мыйзамына түзмө-түз каршы келген. Ал тил укпаш үчүн башкалардан обочо жүрүшү керек эле (Леб. 15:19—27). Бирок анын абалы ушунчалык кейиштүү болчу. Себеби «улам бир дарыгерге көрүнүп, алардын айынан көп азап тарткан. Колундагы каражатынын баарын жумшаса да, эч жылыш болбой, абалы начарлагандан начарлай берген» (Мр. 5:25, 26).

Бечара аял акырын эл аралап, Исанын арт жагынан келип, сырт кийиминин этегиндеги чачыларга колун тийгизген. Ошол замат анын кан агуусу токтогон. Анан эч кимге билгизбей кетип калайын дегенде, Иса пайгамбар: «Мага ким колун тийгизди?» — деп сураган (Лк. 8:45—47). Ошондо аял коркконунан калтырап-титиреп, анын «алдына келип жыгылган» да, «болгонун болгондой айтып берген» (Мр. 5:33).

Анын көңүлүн тынчтандырыш үчүн Иса: «Кайраттуу бол, кызым»,— деген (Мт. 9:22). Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын айтымында, «кызым» деп берилген еврей жана грек сөздөрү «боорукердикти, назиктикти» билдирүү үчүн да колдонулчу. Иса андан ары: «Сени ишенимиң айыктырды. Тынчтык менен бара бер. Азаптуу ооруңдан айыгып, дениң сак болсун» — деп, аны жубаткан (Мр. 5:34).

Бууз деген ысрайылдык бай киши да мааптык Рутка «кызым» деп кайрылган. Чоочун кишинин тааласында машак терип жүргөндүктөн байкуш Рут да элден корунуп, өзүн ыңгайсыз сезген. Бууз ага: «Сөзүмө кулак салчы, кызым»,— деп айткан. Анан аны башка талаага барбай, ошол жерде эле иштей берүүгө үндөгөн. Ошондо Рут жүзтөмөндөп жыгылып, таазим кылган да, эмне үчүн бөтөн жерлик болгонуна карабай ага жакшылык кылып жатканын сураган. Бууз: «Кайненеңе [жесир калган Наамиге] кылган жакшылыктарыңды... айтып беришти. Бул үчүн Жахаба сага батасын берсин»,— деп жооп берген (Рут 2:8—12).

Иса пайгамбар менен Бууз эже-карындаштарды жубатуу жагынан жыйналыштын аксакалдарына кандай сонун үлгү көрсөтүшкөн! Кээде эки аксакал жардамга муктаж ишенимдеши менен жолугуп, Ыйык Жазманын негизинде акыл-насаат айтышы, бекемдеши керек болот. Жахабадан жетекчилик сурап, ишенимдешин кунт коюп уккандан кийин алар аны Кудайдын Сөзүнүн негизинде жубата алышат (Рим. 15:4).