Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Караңгылыктан чыгуу

Караңгылыктан чыгуу

«[Жахаба] силерди караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына чакырган» (1 ПЕТ. 2:9).

ЫРЛАР: 116, 102

1. Иерусалим шаарынын кантип талкаланганын сүрөттөп бергиле.

БИЗДИН ЗАМАНГА ЧЕЙИНКИ 607-жылы Бабыл падышасы Небухаданасар II жер жайнаган аскери менен келип, Иерусалим шаарын басып алган. Ошондогу кызыл кыргын жөнүндө Ыйык Китепте мындай деп баяндалат: «[Небухаданасар] алардын ыйык жайында уландарын кылычтап өлтүрдү, алардын уландарын да, кыздарын да, карыларын да, алдан-күчтөн тайгандарын да аяган жок... Ошондой эле чыныгы Кудайдын үйүн өрттөп, Иерусалимдин дубалын талкалады. Ал жердеги мунаралуу чептер менен баалуу нерселердин баары өрттөлдү, бардыгы талкаланды» (2 Жылн. 36:17, 19).

2. Жахаба Иерусалимдин кыйратылышына байланыштуу кандай эскертүү берген жана жүйүттөр эмне болушмак?

2 Иерусалимдин талкаланышы анын тургундары үчүн күтүлбөгөн окуя болгон эмес. Себеби көптөгөн жылдар бою Кудайдын пайгамбарлары аларга, эгер Кудайдын Мыйзамын буза бере турган болсо, бабылдыктардын колуна салынып берилерин эскертип келишкен. Далай жүйүт кылычтын мизине алынып, аман калгандары өмүрү өткөнчө Бабылда туткунда жүрмөк (Жер. 15:2). Туткундалып кеткендердин жашоосу кандай болгон? Иса Машаяктын жолдоочулары да Бабыл туткунуна окшогон туткунга түшкөнбү? Эгер ошондой болсо, качан түшкөн?

ТУТКУНДАГЫ ЖАШОО

3. Бабыл туткуну Мисир кулчулугунан эмнеси менен айырмаланган?

3 Пайгамбарлардын айткандарынын баары аткарылган. Жеремия пайгамбар аркылуу Жахаба жүйүттөрдү туткунга барганда жаңы жагдай-шартка моюн сунуп, кадимкидей эле жашай берүүгө үндөгөн. Ал мындай деген: «[Бабылда] үйлөрдү куруп, жашай бергиле. Бак-шак тигип, мөмө-жемишин жегиле. Мен силерди туткунга жиберген шаарга тынчтык сурагыла, ал үчүн Жахабадан тиленгиле. Себеби ал шаарда тынчтык болсо, силер да тынчтыкта жашайсыңар» (Жер. 29:5, 7). Кудайдын эркине баш ийгендер Бабылда салыштырмалуу жакшы эле жашашкан. Ал жактан аларга кандайдыр бир деңгээлде өз алдынча иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Атүгүл алар өлкөнүн ичинде ээн-эркин жүрө алышкан. Бабыл шаары байыркы дүйнөнүн соода-сатык борбору болгон жана кийинчерээк табылган документтерден көрүнүп тургандай, көптөгөн жүйүттөр соода-сатык жүргүзгөндү, башкалары болсо кол өнөрчүлүктү мыкты өздөштүрүп алышкан. Ал эле эмес, кээ бир жүйүттөр бай турушкан. Ырас, Бабыл туткуну андан жүздөгөн жылдар мурун ысрайыл эли азап чеккен Мисир кулчулугунан кыйла айырмаланган. (Оку: Чыгуу 2:23—25.)

4. Кудайга баш ийбеген ысрайылдыктардан тышкары, Бабылга кимдер туткундалып кеткен жана эмне үчүн алар Мыйзамда талап кылгандардын баарын аткара алышкан эмес?

4 Жогоруда айтылып өткөндөй, туткунда жүргөн жүйүттөрдүн материалдык муктаждыгы канааттандырылган. Ал эми рухий муктаждыгы жөнүндө эмне айтууга болот? Жахабанын ибадатканасы жана курмандык жайы талкаланып, мурункудай уюшкандыкта иш алпарган дин кызматчылардын тобу болбой калган. Туткунга кеткендердин арасында Кудайдын ишенимдүү кызматчылары да болгон. Алар сүргүнгө айдалгыдай күнөө кылышпаса да, эл менен чогуу азап тартышкан. Ошого карабай Кудайдын Мыйзамына карманып жашоого бүт күчүн жумшашкан. Алсак, Бабылда жүргөндө Даниел жана анын Шадрах, Мешах, Абетнего деген үч досу жүйүттөргө жегенге тыюу салынган тамак-аштан баш тартышкан. Ошондой эле, биз билгендей, Даниел пайгамбар Кудайдан үзгүлтүксүз тиленип турган (Дан. 1:8; 6:10). Бирок жалган кудайларга сыйынгандардын бийлиги алдында жашагандыктан Жахабадан корккон жүйүттөргө Мыйзамда талап кылынгандардын баарын аткаруу мүмкүн эмес болгон.

5. Жахаба элине эмнени убада кылган жана ошондой убада бергени эмне үчүн көңүлгө аларлык болгон?

5 Ысрайылдыктар кайрадан Жахабага толук кандуу сыйына алат беле? Ошол кезде бул такыр мүмкүн эместей сезилген. Себеби бабылдыктар туткундарды эч качан бошотчу эмес. Бирок Жахаба Кудай элин эркиндикке алып чыгууну өзү убада кылган болчу. Анан так ошондой болгон. Анын убадасы эч качан аткарылбай калбайт! (Ыш. 55:11).

МАШАЯКТЫН ЖОЛДООЧУЛАРЫ ДА ТУТКУНГА ТҮШКӨНБҮ?

6, 7. Эмне үчүн биздин күндөрдөгү Бабыл кулчулугу жөнүндөгү түшүнүгүбүздү кайра карап чыгуу зарыл болду?

6 Машаяктын жолдоочулары да Бабыл туткунуна окшогон туткунга түшкөнбү? Көптөгөн жылдар бою «Күзөт мунарасы» журналында Кудайдын азыркы учурдагы кызматчылары каймана маанидеги Бабыл туткунуна 1918-жылы түшүп, 1919-жылы бошотулган деп түшүндүрүлүп келген. Бирок ушул жана кийинки макалада талкуулана турган себептерден улам буга байланыштуу түшүнүгүбүздү кайрадан карап чыгуу зарыл болду.

7 Ойлонуп көрсөңөр, Улуу Бабыл жалган диндин дүйнөлүк империясы болуп эсептелет. Кудайдын эли Бабыл туткунуна 1918-жылы түшкөн деп айтыш үчүн, алар ошол жылы жалган динге кул болушу керек болчу. Бирок далилдер көрсөтүп тургандай, Кудайдын майланган кызматчылары Биринчи дүйнөлүк согушка чейин ондогон жылдар мурун, тескерисинче, Улуу Бабылдын кулчулугунан чыга баштаган. Албетте, Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда алар катуу куугунтукка дуушар болушкан, бирок аларды Улуу Бабыл эмес, бийлик башындагылар куугунтуктаган. Ошондуктан Жахабанын эли Улуу Бабылдын кулчулугуна 1918-жылы түшкөн эмес деп айтуу акылга сыярлыктай көрүнөт.

БАБЫЛ ТУТКУНУНА КАЧАН ТҮШҮШКӨН?

8. Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын жыйналышына жалган окуулар кантип кире баштаган? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

8 Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында миңдеген жүйүттөр жана алардын динин кабыл алгандар ыйык рух менен майланышкан. Ал жаңы шакирттер тандалган тукум, падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар, ыйык эл, Кудайдын өзгөчө эли болушкан. (Оку: 1 Петир 2:9, 10.) Элчилер Кудайдын элинин жыйналыштарына кылдат көз салып турушкан. Бирок кийинчерээк, өзгөчө, элчилердин көзү өткөндөн кийин, «шакирттерди ээрчитип кетиш үчүн» «чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыккан» (Элч. 20:30; 2 Тес. 2:6—8). Алардын көбү мурун жыйналыштарда көзөмөлчүлүк милдетти аткарышкан. Ал эми кийин епископ болуп кетишкен. Ошентип, диний жетекчилердин тобу пайда болгон. Бул Иса Машаяктын өзүнүн жолдоочуларына айткан: «Силер... бир туугансыңар»,— деген сөздөрүнө карама-каршы келген (Мт. 23:8). Аристотель, Платон деген философторду туу туткан ошол көрүнүктүү кишилер жалган диний окууларды жайылтып, Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты сүрүп чыгара башташкан.

9. Чындыктан четтеген христианчылык кантип Рим өкмөтү менен чогуу иш алпара баштаган жана натыйжасы кандай болгон?

9 Жалган кудайга сыйынган Рим императору Константин б.з. 313-жылы чындыктан четтегендер түзгөн динди расмий түрдө каттаткан. Ошол убактан тартып чиркөө менен Рим өкмөтү эриш-аркак иш алпара баштаган. Маселен, император Константин Никеяда дин кызматчылардын чогулушун өткөргөндөн кийин Арий деген дин кызматчыны, Исаны Кудай деп айтуудан баш тартканы үчүн, сүргүнгө айдаган. Кийинчерээк император Феодосий Iнин (б.з. 379—395-ж.) тушунда христиан дининин бир агымы болуп калган католик чиркөөсү Рим империясынын расмий дини катары кабыл алынган. Тарыхчылар бутпарастык деп эсептелген Рим империясы ошол 4-кылымда христианчылыкка өткөн деп айтышат. Бирок чындыктан четтеген христианчылык ага чейин эле Рим империясынын диний уюмдары менен биригип, Улуу Бабылдын мүчөсү болуп калган болчу. Ошентсе да Машаяктын буудайга салыштырылган аз сандагы майланган жолдоочулары Кудайга жаккандай сыйынууга колунан келишинче аракет кыла беришкен. Анткен менен алардын үнү «басылып» калган, башкача айтканда, алардын айткандарын эч ким уккусу келген эмес. (Оку: Матай 13:24, 25, 37—39.) Чынында эле, алар Бабыл туткунунда болчу.

10. Биздин замандын алгачкы бир нече кылымында жүрөгү таза көп адамдар эмне үчүн чиркөөнүн окууларынын тууралыгына шек санашкан?

10 Ошондой болсо да биздин замандын алгачкы бир нече кылымында көптөрдүн Ыйык Китепти грек же латын тилинде окууга мүмкүнчүлүгү болгон. Анын аркасында Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды чиркөөнүн окуулары менен салыштыра алышкан. Ыйык Китептен окугандарынын негизинде алардын айрымдары чиркөөнүн туура эмес ырастоолорун четке кагышкан. Бирок чиркөөгө каршы оюн ачык айтуу кооптуу болгон, атүгүл өмүргө коркунуч туудурган.

11. Ыйык Китеп кандайча чиркөөнүн көзөмөлү алдында калган?

11 Убакыттын өтүшү менен Ыйык Китеп жазылган тилдерди көпчүлүк колдонбой калган. Чиркөө болсо Ыйык Китептин жалпы эл сүйлөгөн тилдерге которулушуна катуу каршылык көрсөткөн. Натыйжада диний жетекчилер менен айрым билимдүү кишилер гана Ыйык Китепти окуй алышкан. Анткен менен диний жетекчилердин баары эле окуганды, жазганды биле беришкен эмес. Чиркөөнүн окууларына каршы чыккан киши аёосуз жазалана турган. Ошондуктан Машаяктын ишенимдүү майланган жолдоочуларынын айрымдары жашыруун чогулса, башкалары такыр эле чогула алышчу эмес. Байыркы убакта Бабылга туткунга кеткендерге окшоп, «падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар», майлангандар, уюшкандыкта иш жүргүзө албай калышкан. Ошентип, Улуу Бабыл адамдарды каймана мааниде чынжырлап келген.

ЖАРЫК ЖАРКЫРАЙ БАШТАГАН

12, 13. Кайсы эки нерседен улам Улуу Бабылдын чынжырлары үзүлө баштаган? Түшүндүргүлө.

12 Машаяктын чыныгы жолдоочулары кайрадан Кудайга эч кимден жашынбай, ага жаккандай сыйына алышат беле? Ооба. Эки нерседен улам рухий жарык жаркырай баштаган. Биринчиден, 15-кылымдын ортосунда басма станок пайда болгон. Батыш өлкөлөрүндө андай станок пайда болгонго чейин, Ыйык Китепти колго көчүрүп жазышчу. Бул аябай машакаттуу иш болгондуктан, Ыйык Китептин көчүрмөлөрү абдан аз жана кымбат болгон. Айрым маалыматтарга ылайык, чебер көчүрмөчүгө Ыйык Китептин бир көчүрмөсүн жасоого 10 ай талап кылынчу! Андан тышкары, көчүрмөлөр жазылган материалдар (пергамент же булгаары) асмандын башы эле. Ал эми басма станок менен кагазды колдонуу алда канча натыйжалуу болгон, анткени ал станокту жакшы колдоно билген киши бир күндө 1 300 бет баса алган!

Басма станок, эр жүрөк котормочулар Бабыл кулчулугунан чыгууга шарт түзгөн (12, 13-абзацтарды карагыла)

13 Экинчиден, жарыктын жаркырашына 16-кылымдын башында бир нече эр жүрөк кишинин Кудайдын Сөзүн көпчүлүк сүйлөгөн тилдерге которгону таасир эткен. Алардын айрымдары бул ишти аткаруу үчүн атүгүл өмүрүн тобокелге салышкан. Ыйык Китептин башка тилдерге которулушу чиркөө төбөлдөрүнүн тынчын алган. Мунун жөнү бар болчу, себеби Кудайдан корккон эркек-аялдардын колундагы Ыйык Китеп аларга каршы багытталган коркунучтуу куралга айланмак! Анан, чынында эле, Ыйык Китеп колго тийип, көптөр аны окуганда мындай суроолор туулган: «Күнөөдөн тазалануучу жай жөнүндө Ыйык Китептин кайсы жеринде айтылган? Дин кызматчыга өлгөн киши үчүн тиленгенине акы төлөш керектиги каеринде жазылган? Поп, кардинал сыяктуу диний наамдар тууралуу кайсы жеринде айтылган?» Алардын ушу сыяктуу толгон-токой суроолорду бергени чиркөө жетекчилеринин көз карашы боюнча кылмышка тете болгон. Ошондуктан алардын каары кайнап, андай кишилерге каршы сокку урушкан. Чиркөөнүн окууларына, анын ичинде Иса Машаяк төрөлгөнгө чейин жашаган Аристотель жана Платон деген философтордун ой толгоолоруна негизделген окууларына каршы чыккандар өлүм жазасына тартылган. Чиркөө өлүм өкүмүн чыгарган, ал эми өкмөт аны жүзөгө ашырган. Алар элдин Ыйык Китепти окуудан жана чиркөөнүн окууларына шек саноодон коркуп калышын көздөшкөн. Көп учурда алардын ою ишке ашкан. Анткен менен айрым эр жүрөк кишилер Улуу Бабылга моюн сунгусу келген эмес. Анткени алар Кудайдын Сөзүнүн даамын татып калгандыктан аны дагы көбүрөөк окугусу келген. Ошентип, жалган диндин чынжырлары четинен үзүлө баштаган.

14. а) 1800-жылдардын аягында Ыйык Китептеги чындыкка суусагандар эмне кылышкан? б) Расселл бир туугандын чындыкты кантип издегенин айтып бергиле.

14 Чындыкка суусагандар Ыйык Китепти өз түшүнүгүн таңуулаган кишилердин таасирисиз окуп-изилдөөнү жана бири-бири менен талкуулоону каалашкан. Ошондуктан алардын көбү чиркөөнүн таасири азыраак өлкөлөргө качып кетишкен. Ошондой өлкөлөрдүн бири болгон Кошмо Штаттарда 1800-жылдардын аягында Чарлз Тейз Расселл жана анын шериктери Ыйык Китепти ырааттуу түрдө кылдат изилдей башташкан. Расселл бир тууган алгач негизги диндердин кайсынысы чындыкка окутарын аныктоону көздөгөн. Ал ар кайсы диндердин, атүгүл христианчылыкка кирбеген диндердин окууларын Ыйык Китепте айтылгандар менен кылдат салыштырып чыккан. Көп өтпөй ал диндердин бири да Кудайдын Сөзүнө толук карманбасына көзү жеткен. Бир жолу ал жергиликтүү диний жетекчилердин бир нечеси менен жолуккан. Себеби шериктери менен Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында тапкан чындыктарды алар да кабыл алып, өздөрүнүн жыйналыштарына келгендерге үйрөтөт деп үмүттөнгөн. Тилекке каршы, диний жетекчилер анын айткандарына кызыккан да эмес. Убакыттын өтүшү менен Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр жалган динден чыккысы келбегендер менен кызматташпашы керектигин түшүнүшкөн. (Оку: 2 Корунттуктар 6:14.)

15. а) Машаяктын жолдоочулары Бабыл кулчулугуна качан түшкөн? б) Кийинки макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

15 Ошентип, бул макаладан Машаяктын чыныгы жолдоочулары Бабыл кулчулугуна элчилердин акыркысы көз жумгандан көп өтпөй түшкөнүн билдик. Бирок буга байланыштуу төмөнкүдөй суроолор туулат: Майлангандардын Улуу Бабылдын кулчулугунан 1914-жылга чейин ондогон жылдар мурун эле чыга баштаганына дагы кандай далилдер бар? Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда кабар айтуу иши жайлап калганы үчүн, Жахаба кызматчыларына нааразы болду беле? Ошол убакта айрым бир туугандар бейтараптуулугун сактабай, Жахабанын ырайымынан айрылышканбы? Эгер Машаяктын жолдоочулары жалган диндин кулчулугуна б.з. 2-кылымында түшкөн болсо, кайра качан бошотулган? Бүйүрдү кызыткан бул суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.