Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Китебинде жазылгандарга ылайык уюшулганбыз

Кудайдын Китебинде жазылгандарга ылайык уюшулганбыз

«Жахаба жерди акылмандыгы менен түптөгөн, асманды кыраакылыгы менен орноткон» (НАКЫЛ 3:19).

ЫРЛАР: 105, 107

1, 2. а) Айрымдар Кудайдын уюму бар дегенге кандай карашат? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

КУДАЙДЫН уюму барбы? Айрымдар: «Жетекчилик берип турган уюмдун зарылдыгы деле жок. Эң негизгиси Кудай менен өз ара ынак мамиледе болсоң эле болду»,— деп ойлошу мүмкүн. Бул туурабы? Далилдер эмнени көрсөтүп турат?

2 Бул макалада тартиптин Кудайы Жахабанын теңдешсиз уюштуруучу экенин ырастаган далилдерди карап чыгабыз. Ошондой эле анын уюму берип жаткан жетекчиликке кандай карашыбыз керектигин талкуулайбыз (1 Кор. 14:33, 40). Б.з. 1-кылымындагыдай эле, бүгүнкү күндө да Ыйык Китеп Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүндө кызмат кылгандарга жакшы кабарды жердин булуң-бурчуна жеткирүүгө жардам берип келет. Андагы мыйзам-принциптерге жана уюм берип жаткан көрсөтмөлөргө бекем кармангандыктан баарыбыз жыйналыштарда тазалык, тынчтык, биримдик болушуна салым кошуп жатабыз.

ЖАХАБА — ТЕҢДЕШСИЗ УЮШТУРУУЧУ

3. Жахабанын теңдешсиз уюштуруучу экенине сени эмне ынандырат?

3 Жаратылгандын баары Кудайдын теңдешсиз уюштуруучу экенинен кабар берип турат. Ыйык Китепте: «Жахаба жерди акылмандыгы менен түптөгөн, асманды кыраакылыгы менен орноткон»,— делет (Накыл 3:19). Биз «Анын жолдорунун четин» гана билебиз жана «бизге Анын шыбыры эле жетет!» (Аюп 26:14). Бирок планеталар, жылдыздар, галактикалар жөнүндө азыноолак эле билсек да, алардын ушунчалык жогорку деңгээлде уюшкандыгына таңыркабай койбойбуз (Заб. 8:3, 4). Галактикалар миллиондогон жылдыздардан турат. Алардын баары космос мейкиндигинде өз тартиби менен жылып жүрөт. Биздин Күн системасындагы планеталар, жол эрежелерине баш ийген айдоочулардай болуп, Күндүн тегерегинде өз орбитасы боюнча айланып жүрөт. Ырас, ай-ааламдагы тартип жер менен «асманды акылмандык менен жараткан» Жахабанын даңкташыбызга, берилгендик менен кызмат кылышыбызга, сыйынуубузга татыктуу экенин ырастап турат (Заб. 136:1, 5—9).

4. Эмне үчүн илим көптөгөн маанилүү суроолорго жооп бере албайт?

4 Окумуштуулар аалам жана Жер планетасы жөнүндө улам жаңы ачылыштарды жасап, билгендерин жашоону жакшыртуу үчүн колдонуп жатышат. Бирок алар көптөгөн суроолорго жооп таба албай келишет. Мисалы, астрономдор ааламдын кантип пайда болгонун же адам баласынын жашоонун түркүн түрүнө толгон Жер планетасында эмне үчүн жашап калганын так айта алышпайт. Ошондой эле көптөр адамдар эмне себептен түбөлүк жашагысы келерин түшүндүрүп бере албайт (Нас. 3:11). Эмне үчүн ушунчалык көп маанилүү суроолор дагы эле жоопсуз калууда? Мунун бир себеби көп окумуштуулар менен башка адамдар Кудайдын айткандарын эмес, эволюция теориясын жакташат. Ал эми Жахаба дүйнө жүзүндөгү адамдардын жүрөгүн өйүгөн суроолордун жообун өзүнүн Китебине жаздырып койгон.

5. Кандайча баарыбыз табият мыйзамдарына көз карандыбыз?

5 Ар бирибиз Жахаба бекиткен жана эч качан өзгөрбөгөн табият мыйзамдарына көз карандыбыз. Электриктер, суу түтүктөрүн өткөргөндөр, инженерлер, учкучтар, хирургдар — баары өз ишин мыкты аткарыш үчүн ошол мыйзамдарды жакшы билиши керек. Алсак, хирургдар бардык адамдардын анатомиясы окшош келерин билишет. Ошондуктан аларга кайсы бир бейтаптын жүрөгү каякта жайгашканын издөөнүн зарылдыгы жок. Баарыбыз табият мыйзамдарына баш иебиз. Маселен, тартылуу мыйзамын буза турган болсок, өмүрүбүздөн айрылып калышыбыз мүмкүн.

КУДАЙ УЮШТУРГАН ЭЛ

6. Жахабанын кызматчылары уюшкандыкта иш жүргүзүшү керек деп күткөнүбүз эмне үчүн орундуу?

6 Ааламдагынын баары, чынында эле, мыкты уюшулган. Андыктан Жахаба кызматчыларынын уюшкандыкта иш жүргүзүшүн каалайт деп күткөнүбүз орундуу. Ал бизди жетектеп туруш үчүн Ыйык Китепти берген. Кудайдын нормалары болбосо жана анын уюму жардам бербесе, биз бактысыз болуп, азап-кайгыдан башыбыз чыкмак эмес.

7. Ыйык Китептин шайкештиги менен айырмаланган китеп экенин эмне көрсөтүп турат?

7 Ыйык Китеп жөн эле жүйүттөр менен Исанын жолдоочуларына тиешелүү болгон, бири-бирине эч кандай байланышы жок китептердин жыйындысы эмес. Ал — Жахаба ыйык руху менен жаздырган, шайкештиги менен айырмаланган өзгөчө китеп. Аны түзгөн китептер бири-бири менен тыгыз байланышта. Башталыш китебинен Аянга чейин бир эле негизги тема камтылат. Башкача айтканда, убада кылынган «тукум», Иса Машаяк, башкарган Падышалык аркылуу Жахабанын эгедерлигинин акталышы жана анын жерге карата болгон ой-ниетинин ишке ашышы жөнүндө сөз жүрөт. (Оку: Башталыш 3:15; Матай 6:10; Аян 11:15.)

8. Ысрайылдыктар уюшулган эл болгон деп эмне үчүн айта алабыз?

8 Байыркы ысрайыл эли уюшкандыктын эң сонун үлгүсү болгон. Айталы, Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга ылайык, «жыйын чатырынын кире беришинде кызмат кылган аялдар» уюшкандыкта иш кылышкан (Чыг. 38:8). Ошондой эле ысрайылдыктар жер которгондо жана ыйык чатырды бир жерден экинчи жерге көчүргөндө белгилүү бир көрсөтмөлөргө карманышкан. Кийинчерээк Дөөтү падыша лебилер менен дин кызматчыларды, ибадатканадагы ар кандай кызматтарды аткарышы үчүн, топторго бөлгөн (1 Жылн. 23:1—6; 24:1—3). Ысрайылдыктар тил алганда, Жахаба батасын берген. Ошондуктан алардын арасында тартип, тынчтык, биримдик болгон (Мыйз. 11:26, 27; 28:1—14).

9. 1-кылымдагы жыйналыштардын уюшкандыкта иш кылганы эмнеден көрүнүп турат?

9 Жахабанын 1-кылымдагы кызматчылары да уюшкандыкта иш кылышкан. Алар элчилерден турган жетектөөчү кеңештин көрсөтмөлөрүнө баш ийишкен (Элч. 6:1—6). Кийинчерээк жетектөөчү кеңешке башка аксакалдар да кошулган (Элч. 15:6). Жыйналыштарга жетектөөчү кеңештин мүчөсү болгон же аны менен тыгыз кызматташкан эркек бир туугандардын ыйык рухтун жетеги менен жазган каттары аркылуу да кеп-кеңештер жана көрсөтмөлөр берилип турган (1 Тим. 3:1—13; Тит 1:5—9). Жыйналыштагылар жетектөөчү кеңештин айткандарына ылайык иш кылышканда, натыйжасы кандай болгон?

10. Жыйналыштагылар жетектөөчү кеңештин чечимдерине баш ийгенде, натыйжасы кандай болгон? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

10 Оку: Элчилер 16:4, 5. Жетектөөчү кеңештин атынан жыйналыштарды кыдырган бир туугандар «Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар чыгарган чечимдерди» башка ишенимдештерине жеткиришкен. Ал чечимдерге баш ийүүнүн аркасында «бир туугандардын ишеними бекемделип, жыйналыштар сан жагынан күндөн күнгө өскөн». Ыйык Китептеги бул билдирүүдөн азыркы убакта Кудайдын уюмунда кызмат кылып жаткандар эмнеге үйрөнө алышат?

ЖЕТЕКЧИЛИККЕ БАШ ИЙИП ЖАТАСЫҢБЫ?

11. Жооптуу бир туугандар Кудайдын уюму берген көрсөтмөлөргө кандай карашы керек?

11 Кудайдын уюмунан көрсөтмө берилгенде, филиалдын же өлкөнүн комитетинин мүчөлөрү, райондук көзөмөлчүлөр, аксакалдар эмне кылышы керек? Жахабанын Сөзү баарыбызды ал көрсөтмөлөргө баш ийип, аларды аткарууга үндөйт (Мыйз. 30:16; Евр. 13:7, 17). Кудайдын уюмунда сын көз карашка, баш ийбестикке такыр орун берилбеши керек, анткени андай маанай жыйналыштарда сүйүү, тынчтык, биримдик өкүм сүрүшүнө тоскоолдук кылат. Эч кимибиз жетекчиликти колго алгандарды урматтабаган, аларга баш ийбеген Диотрефтей болгубуз келбейт. (Оку: 3 Жакан 9, 10.) Андыктан ар бирибиз: «Мен башкалардын рухий жактан бекем болушуна салым кошуп жатамбы? Жооптуу бир туугандардын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, аларды дароо аткарамбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.

12. Аксакалдар менен кызмат жардамчыларын дайындоого байланыштуу кандай өзгөртүү киргизилген?

12 Жетектөөчү Кеңештин жакында эле чыгарган чечимин мисалга алалы. «Күзөт мунарасынын» 2014-жылдын 15-ноябрындагы санына чыккан «Окурмандардын суроолорунда» аксакалдар менен кызмат жардамчыларын дайындоого байланыштуу кандай өзгөртүү киргизилгени талкууланган. Ал макалада айтылгандай, 1-кылымдагы жетектөөчү кеңеш эркек бир туугандарды андай кызматка дайындоону кыдыруучу көзөмөлчүлөргө тапшырган. Ошол үлгүгө ылайык, 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып аксакалдар менен кызмат жардамчыларын райондук көзөмөлчүлөр дайындай баштаган. Райондук көзөмөлчү кепилдеме берилген бир тууганды жакшыраак билгенге, мүмкүн болсо, аны менен кабар айтуу ишинде кызматташканга аракет кылат. Ошондой эле анын үй-бүлөсү менен да жакыныраак таанышат (1 Тим. 3:4, 5). Анан аксакалдар кеңеши менен райондук көзөмөлчү кызмат жардамчыларына жана аксакалдарга коюлган ыйык китептик талаптарды кылдат карап чыгышат (1 Тим. 3:1—10, 12, 13; 1 Пет. 5:1—3).

13. Аксакалдар берген жетекчиликке баш иерибизди кантип көрсөтөбүз?

13 Биз аксакалдардын Ыйык Китептин негизинде берген кеңештерин кабыл алышыбыз керек. Уюмдагы андай ишенимдүү койчулар Кудайдын Китебиндеги «туура сөздөргө» жетектелишет (1 Тим. 6:3). Элчи Пабылдын жыйналыштагы тартипти бузгандар жөнүндө эмне дегенин эстесең. Айрымдар «такыр иштебей, башкалардын ишине кийлигише» беришкен. Аксакалдар кеңеш берсе да, алар кулак кагышкан эмес. Жыйналыштагылар андай ишенимдешине кандай мамиле кылышы керек эле? Пабыл: «Аны байкоого алгыла жана ...аны менен мамилелешпегиле»,— деген. Бирок ошол эле учурда аны душман катары көрбөөгө үндөгөн (2 Тес. 3:11—15). Бүгүнкү күндө да аксакалдар кимдир бирөөнүн жыйналышка терс таасир эткен жүрүм-туруму, мисалы, кеңеш берилгенине карабай, ишенимдеш эмес бирөө менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнү жөнүндө эскертүү катары сөз сүйлөөнү зарыл деп табышы мүмкүн (1 Кор. 7:39). Эгер жыйналышыңда ошондой сөз сүйлөнсө, эмне кыласың? Аксакал ким жөнүндө айтып жатканын билсең, аны менен жакын мамиледе болбоого аракет кыласыңбы? Анын жыргалчылыгын ойлоп, көз карашыңа бекем кармансаң, ага туура эмес жолунан кайтууга түрткү беришиң мүмкүн. [1]

ТАЗАЛЫКТЫ, ТЫНЧТЫКТЫ, БИРИМДИКТИ САКТОО

14. Жыйналыштын таза болушуна кантип салым кошо алабыз?

14 Кудайдын Сөзүндө камтылган жетекчиликке ылайык иш кылуу менен жыйналыштын адеп-ахлак жактан таза болушуна шарт түзөбүз. Байыркы убактагы Корунт шаарында болгон бир жагдайга токтололу. Элчи Пабыл Корунтта ынталуу кабар айткан жана ал жактагы ишенимдештерин абдан жакшы көргөн (1 Кор. 1:1, 2). Ошол шаардагы жыйналышта жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жол берилип жатканын билгенде анын канчалык тынчсызданганын элестетсең. Пабыл аксакалдарга андай ишке барган кишини Шайтанга тапшырууну, башкача айтканда, жыйналыштан чыгарууну буйруган. Жыйналыш таза сакталышы үчүн, алар «ачыткыдан» арылышы керек эле (1 Кор. 5:1, 5—7, 12). Азыркы учурда да аксакалдар өкүнбөгөн күнөөкөрдү жыйналыштан чыгарышат. Эгер алардын чечимин колдосок, жыйналыштын таза болушуна салым кошобуз, ошондой эле күнөөкөргө өкүнүп, Жахабадан кечирим суроого түрткү беришибиз мүмкүн.

15. Канткенде жыйналыштагы тынчтыкты сактай алабыз?

15 Корунт шаарында дагы бир көйгөй бар болчу. Айрым бир туугандар ишенимдештери менен соттошкон. Пабыл аларга: «Соттошкондон көрө, адилетсиздикке чыдаганыңар жакшы эмеспи?» — деген ойлондурарлык суроо берген (1 Кор. 6:1—8). Өкүнүчтүүсү, мындай жагдайлар бүгүн да кездешет. Иши ийгиликтүү болбой калып, акчасынан кол жууп калганда кээ бирлер чогуу иш жүргүзгөн ишенимдешин алдамчылыкка барды деп айыптап, ортодогу мамиле бузулушу мүмкүн. Атүгүл аны сотко бериши ыктымал. Бирок Кудайдын Китеби бизге анын ысмына тил тийгизгендин же жыйналыштын тынчтыгын бузгандын ордуна жоготууга учураганыбыз алда канча жакшы экенин түшүнүүгө жардам берет. [2] Андай учурларда көйгөйдү жана талаш-тартышты чечүү үчүн Иса пайгамбардын кеңешин колдонушубуз керек. (Оку: Матай 5:23, 24; 18:15—17.) Ошентсек, жыйналыштын биримдигин сактайбыз.

16. Кудайдын эли биримдүү болушу керек деп күткөнүбүз эмне үчүн туура?

16 Жахабанын Китебинен анын эли уюшкандыкта иш жүргүзүшү керек деп күткөнүбүз эмне үчүн туура экенин биле алабыз. Алсак, забурчу: «Бир туугандардын биримдикте жашаганы кандай сонун, кандай жагымдуу!» — деп ырдаган (Заб. 133:1). Жахабага баш ийип жүргөндө ысрайылдыктар жакшы уюшулган биримдүү эл болгон. Кудай өзүнүн эли жөнүндө: «Мен аларды бириктирем, короодогу койдой... кылып чогултам»,— деп алдын ала айткан (Мик. 2:12). Ошондой эле Сепания пайгамбар аркылуу: «Ошол убакта бардык элдер Жахабанын ысмын чакырып, ага ийиндеш туруп кызмат кылышы үчүн, мен аларга таза тил [Ыйык Китепте камтылган чындыкты] берем»,— деген (Сеп. 3:9). Баарыбыз Жахабага биримдикте сыйынып жатканыбыз үчүн кандай гана ыраазыбыз!

Аксакалдар туура эмес иш кылгандарга жардам берүүгө аракет кылышат (17-абзацты кара)

17. Кимдир бирөө олуттуу күнөө кылганда, жыйналыштын биримдигине жана тазалыгына доо кетпеши үчүн, аксакалдар эмне кылышы керек?

17 Жыйналыш биримдүү, таза болушу үчүн, аксакалдар укуктук маселелерди создуктурбай, ошол эле учурда сүйүү менен чечиши керек. Элчи Пабыл Кудайдын сүйүүсү сезимдерге эле негизделбей турганын жана анын туура эмес иштерге көз жумбай турганын жакшы билген (Накыл 15:3). Ошондуктан ал Корунттагы ишенимдештерине биринчи катын жазганда алардын катасын ачык айтып, жумшактык менен кеңеш берген. Бир нече айдан кийин экинчи катын жазган. Ал каттан көрүнүп тургандай, Корунттагы аксакалдар Пабылдын кеңешин дароо колдонгондуктан, натыйжасы жакшы болгон. Демек, кайсы бир ишенимдеши билбестиктен туура эмес иш кылып алса, рухий жактан жетилген бир туугандар аны жумшактык менен туура жолго салганга аракет кылышы зарыл (Гал. 6:1).

18. а) Кудайдын Сөзүндөгү кеңештер 1-кылымдагы ишенимдештерибизге эмне кылууга жардам берген? б) Кийинки макалада эмнелерди карап чыгабыз?

18 Жогоруда талкуулангандай, Кудайдын Китебиндеги кеңештер 1-кылымда Корунттагы жана башка жерлердеги ишенимдештерибизге жыйналышта тазалыкты, тынчтыкты, биримдикти сактоого жардам берген (1 Кор. 1:10; Эф. 4:11—13; 1 Пет. 3:8). Анын аркасында алар жакшы кабарды таратууда албан-албан ийгиликтерге жетишкен. Ошондуктан Пабыл: «Бул кабар асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланды»,— деп айта алган (Кол. 1:23). Бүгүнкү күндө да Жахабанын кызматчылары биримдикте, уюшкандыкта иш кылып, анын кереметтүү ой-ниети жөнүндөгү жакшы кабарды жердин учу-кыйырына чейин жеткирүүдө. Кийинки макалада алардын Ыйык Китепти жогору баалаарын жана Эгедер Теңир Жахабаны даңктоого чечкиндүү экенин көрсөткөн дагы башка далилдерди карап чыгабыз (Заб. 71:15, 16).

^ [1] (13-абзац) «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» китебинин 134—136-беттерин кара.

^ [2] (15-абзац) Кудайдын кызматчысы ишенимдеши менен соттошууну туура көргөн жагдайлар жөнүндө билүү үчүн «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» китебин кара (223-бет, шилт.).