Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Китебин жогору баалайсыңбы?

Жахабанын Китебин жогору баалайсыңбы?

«Кудайдын сөзүн адамдын сөзүндөй эмес, Кудайдын сөзүндөй кабыл алдыңар» (1 ТЕС. 2:13).

ЫРЛАР: 114, 113

1—3. Эйдия менен Синтихенин ортосунда эмнеден улам келишпестик болушу мүмкүн эле жана андай көйгөйдөн канткенде кача алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ЖАХАБАНЫН кызматчылары анын ыйык Сөзүн — Ыйык Китепти — жогору баалашат. Жеткилеңсиз болгондуктан баарыбызга эле Ыйык Китептин негизинде кеңеш берилген учурлар болот. Андайда эмне кылабыз? 1-кылымда жашаган Эйдия жана Синтихе деген майланган эжелердин окуясына токтололу. Ал экөөнүн ортосунда олуттуу келишпестик пайда болгон. Эмнеден улам? Бул тууралуу Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Бирок мисал катары мындай жагдайды элестетип көрөлү.

2 Эйдия жыйналыштагы айрым ишенимдештерин үйүнө конокко чакырат. Бирок Синтихени чакырбайт. Синтихе бир туугандардын аныкына чогулуп, көңүлдүү отурушканын угуп калат. Ошондо ал: «Эйдия мени кантип чакырбай койду? Мен аны жакын досум деп жүрбөдүм беле!» — деп нааразы болот. Ага Эйдия аны сатып кеткендей сезилип, ал жөнүндө жаман ойлоп, ниетине шектене баштайт. Анан ал да Эйдия чакырган бир туугандарды конокко чакырып, анын өзүн чакырбай коёт. Экөөнүн мындай кылганы жыйналыштын тынчтыгын бузушу толук мүмкүн эле. Ыйык Китепте алардын ортосундагы кыйынчылыктын эмне менен бүткөнү айтылбайт. Бирок алар элчи Пабылдын мээримдүүлүк менен берген кеңешин кабыл алса керек (Флп. 4:2, 3).

3 Азыркы учурда да ушул сыяктуу жагдайлардан улам кээде Жахабанын элинин жыйналыштарында кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн. Анткен менен Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китептеги кеңештерди иш жүзүндө колдонсок, андай көйгөйлөрдү чече алабыз, ал тургай, алардан кача алабыз. Ошондой эле Жахабанын Китебин жогору бааласак, андагы көрсөтмөлөргө ылайык иш кылабыз (Заб. 27:11).

КУДАЙДЫН КИТЕБИ ЖАНА СЕЗИМДЕРИБИЗ

4, 5. Ыйык Китепте сезимдерибизди башкарууга байланыштуу кандай кеңештер берилет?

4 Кимдир бирөөнүн сөзү катуу тийгенде же адилетсиздикке кабылганда сезимдерибизди башкаруу оңойго турбайт. Алсак, башкалар улутубуздан, терибиздин түсүнөн же сырткы келбетибизден улам жаман мамиле кылганда, көңүлүбүз чөкпөй койбойт. Ал эми ишенимдешибиз туура эмес мамиле кылса, ого бетер жаман болуп, ызаланарыбыз айтпаса да түшүнүктүү. Жеткилеңсиздиктен улам пайда болгон ушундай кыйынчылыктарды жеңүүгө Кудайдын Сөзүндөгү кайсы кеңештер жардам берет?

5 Адам баласы жаратылгандан тартып эле, Жахаба алардын ортосундагы мамилеге байкоо салып келет. Ал биздин сезимдерибизге, иш-аракеттерибизге көңүл бурат. Бирөөгө таарынганда же ачууланганда ойлонбой сүйлөп же иш кылып, кийин бармагыбызды тиштеп калышыбыз мүмкүн. Андыктан сезимдерибизди ооздуктай билишибиз жана таарынганга шашпашыбыз керектиги жөнүндөгү ыйык китептик кеңештерди колдонгонубуз акылдуулукка жатат. (Оку: Накыл сөздөр 16:32; Насаатчы 7:9.) Анча-мынча нерселерге маани бере бербей, кечиримдүү болгонго ар бирибиз үйрөнүшүбүз зарыл. Анткени Жахаба менен Иса бизден кечиримдүү болушубузду күтөт (Мт. 6:14, 15). Балким, сен да кечиримдүү болууга же сезимдериңди башкарууга үйрөнүшүң керектигин байкагандырсың.

6. Көңүлгө кир сактап калгандан эмне үчүн сак болушубуз керек?

6 Сезимге алдырган киши көп учурда көңүлүнө кир сактап калат. Көптөр андай адамдан алыс болгусу келет. Анын маанайы жыйналышка да терс таасир тийгизет. Ал жүрөгүнө таарыныч, атүгүл жек көрүү сезими уялап алганын жашырганга аракет кылышы мүмкүн, бирок анын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ойлору «жыйналышта ашкереленет» (Накыл 26:24—26). Аксакалдар андай кишиге таарынуу, жек көрүү, кек сактоо Кудайдын кызматчылары арылышы керек болгон терс сезимдер экенин түшүнүүгө жардам бергенге аракет кылышат. Жахабанын баа жеткис Китебинде буга байланыштуу так-айкын кеңештер бар (Леб. 19:17, 18; Рим. 3:11—18). Сен аларды аткарасыңбы?

БИЗДИ ЖАХАБА ЖЕТЕКТЕП ЖАТКАНЫН УНУТПА

7, 8. а) Жахаба уюмунун жердеги бөлүгүн кантип жетектөөдө? б) Ыйык Китепте кандай көрсөтмөлөр бар жана эмне үчүн аларга карманышыбыз керек?

7 Жахаба уюмунун жердеги бөлүгүн «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу жетектеп, рухий жактан азыктандырып келет. Ал кул жыйналыштын башчысы болгон Иса Машаякка баш иет (Мт. 24:45—47; Эф. 5:23). 1-кылымдагы жетектөөчү кеңеш сыяктуу эле, «ишенимдүү жана акылдуу кул» Ыйык Китепти Кудайдын Сөзү катары кабыл алып, жогору баалайт. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 2:13.) Ыйык Китепте биздин пайдабыз үчүн жазылган кандай көрсөтмөлөр бар?

8 Маселен, Ыйык Китеп бизди жыйналышты калтырбоого чакырат (Евр. 10:24, 25). Андагы окууларга карата «бир пикирде» болууга, Кудайдын Падышалыгын жашообузда биринчи орунга коюуга үндөйт (1 Кор. 1:10; Мт. 6:33). Ошондой эле Ыйык Китепте бизге үйдөн үйгө жана эл көп жерде кабар айтуу, расмий эмес күбөлөндүрүү жоопкерчилиги артылганы баса белгиленет (Мт. 28:19, 20; Элч. 5:42; 17:17; 20:20). Аксакалдардын Кудайдын уюмун таза сактоого тийиш экени да айтылат (1 Кор. 5:1—5, 13; 1 Тим. 5:19—21). Андан тышкары, бардык жактан, анын ичинде рухий жактан да таза болушубуз керектиги буйрук кылынат (2 Кор. 7:1).

9. Иса бизге Кудайдын Сөзүн түшүнүүгө ким аркылуу жардам берүүдө?

9 Кээ бирлер Ыйык Китепти өзүбүз туура көргөндөй түшүнө берсек болот деп ойлошот. Бирок Иса Машаяк рухий тамакты берүүгө ишенимдүү кулду гана дайындаган. 1919-жылдан тартып ал жолдоочуларына Кудайдын Китебинде жазылгандарды түшүнүүгө жана аларды аткарууга ошол кул аркылуу жардам берип келет. Ыйык Китепте айтылгандарга баш ийсек, жыйналышта тазалык, тынчтык, биримдик болушуна өбөлгө түзөбүз. Андыктан ар бирибиз: «Иса Машаяк колдонуп жаткан ишенимдүү кулга берилгендик көрсөтүп жатамбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

ЖАХАБАНЫН АРАБАСЫ ЗЫМЫРАП БАРАТАТ

10. Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгү Жезекиел китебинде кандайча сүрөттөлгөн?

10 Жахабанын Сөзүнөн анын уюмунун асмандагы бөлүгү тууралуу биле алабыз. Алсак, Жезекиел пайгамбар ушунчалык тездик менен жүрүп бараткан асман арабасы жөнүндө аян көргөн (Жез. 1:4—28). Аянда арабаны Жахаба өзү айдап баратканы жана анын руху кайсы жакка багыттаса, араба ошол жакка бет алганы көрсөтүлгөн. Ал араба Кудайдын уюмунун асмандагы бөлүгүн билдирет. Уюмдун асмандагы бөлүгү жердеги бөлүгүнө жетекчилик берип турат. Мисалы, акыркы он жылдын ичинде уюмда болгон көптөгөн өзгөрүүлөр жөнүндө ойлонуп көрсөң. Андай өзгөрүүлөрдүн баары Жахабанын жетекчилиги менен болорун эсиңден чыгарба. Анын уюмунун асмандагы бөлүгүнө кирген Иса Машаяк менен ыйык периштелер жакында бул ыймансыз дүйнөнү жок кылат. Ошентип, Жахабанын эгедерлиги акталып, ысмы ыйыкталат!

Курулуш ишинде талыкпай эмгектенип жаткан ыктыярчыларга кандай гана ыраазыбыз! (11-абзацты кара)

11, 12. Жахабанын уюму ишке ашырып жаткан нерселердин айрымдары кайсылар?

11 Эми Кудайдын уюмунун жердеги бөлүгү бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө эмнелерди ишке ашырганына токтололу. Курулуш иши. Жүздөгөн бир туугандар Жахабанын Күбөлөрүнүн Уориктеги (Нью-Йорк) жаңы башкы башкармалыгын курууга жигердүү катышышты. Ал эми миңдеген ыктыярчылар бүткүл дүйнөлүк долбоор/курулуш бөлүмүнүн жетекчилиги алдында Падышалык залдарын куруу жана филиалдарды кеңейтүү ишине катышып, күжүрмөн эмгектенип жатышат. Ушундай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талыкпай күч жумшап келаткан ыктыярдуу жардамчыларга кандай гана ыраазыбыз! Курулуш долбоорлорун материалдык жактан колдош үчүн колунан келгендин баарын кылып жаткан момун, берилген кызматчыларына Жахабанын бата берип жатканы күмөнсүз (Лк. 21:1—4).

12 Билим берүү. Кудайдан билим алууга шарт түзгөн ар кандай мектептер жөнүндө да ой жүгүртүп көрсөң (Ыш. 2:2, 3). Аларга Пионердик кызмат мектеби, Падышалыктын жарчылары үчүн мектеп, Гилат мектеби, Бейтелде кызмат кыла баштагандар үчүн мектеп, Райондук көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары үчүн мектеп, Жыйналыш аксакалдары үчүн мектеп, Падышалык кызмат мектеби, Филиалдын комитетинин мүчөлөрү жана алардын жубайлары үчүн мектеп кирет. Ооба, Жахаба элин окутуп-үйрөтүүнү абдан жакшы көрөт. Ыйык Китепке негизделген билим jw.org веб-сайтыбыз аркылуу да берилүүдө. Сайтка жүздөгөн тилдерге которулган адабияттар чыгып турат. Ошондой эле анда балдарга, үй-бүлөлөргө арналган бөлүктөр жана жаңылыктар камтылган бөлүк бар. Сен jw.org веб-сайтын кызматта жана үй-бүлөлүк изилдөөдө колдонуп жатасыңбы?

ЖАХАБАГА БЕРИЛГЕНДИК КӨРСӨТҮП, УЮМУН КОЛДО

13. Жахабанын берилген кызматчылары катары бизге кандай милдет артылган?

13 Жахабанын уюмунун мүчөсү болуу кандай гана зор сыймык! Кудайдын талаптарын, мыйзам-принциптерин таанып-билгендиктен бизге анын алдында туура иштерди кылуу, эгедерлигин жактоо милдети артылган. Бул дүйнө ыймансыздыкка белчесинен батып баратат, бирок биз, Жахабадай болуп, «жамандыкты жек көрүшүбүз» керек (Заб. 97:10). Биз «жакшыны жаман, жаманды жакшы дегендерден» оолак болууга аракет кылабыз (Ыш. 5:20). Кудайга жагууну каалагандыктан денелик, адеп-ахлактык жана рухий жактан таза бойдон калууга умтулабыз (1 Кор. 6:9—11). Ошондой эле Жахабаны сүйүп, ага толук таянабыз; анын баа жеткис Китебиндеги айкын-так көрсөтмөлөргө баш ийүү менен ага болгон берилгендигибизди көрсөтөбүз. Ал көрсөтмөлөргө бардык жерде: үйдө да, жыйналышта да, жумушта да, мектепте да карманууга бүт күчүбүздү жумшайбыз (Накыл 15:3). Анда азыр Кудайга болгон берилгендигибизди дагы кантип далилдесек болорун карап көрөлү.

14. Ата-энелер Кудайга болгон берилгендигин кантип далилдешет?

14 Бала тарбиялоо. Жахабага кызмат кылган ата-энелер балдарын анын Сөзүндө жазылгандарга ылайык тарбиялап, ага болгон берилгендигин далилдешет. Алар бала тарбиялоодо жергиликтүү элдин көз карашына, дүйнөнүн рухуна жетектелишпейт (Эф. 2:2). Мисалы, аталар: «Биздин элде баланы энеси тарбиялайт»,— деп ойлобойт. Анткени Ыйык Китепте бул тууралуу: «Аталар, балдарыңарды... Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып,.. анын акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деп так-даана жазылган (Эф. 6:4). Кудайдан корккон ата-энелер балдарынын, Шемуелдей болуп, Жахаба менен ынак мамиледе болушун каалашат (1 Шем. 3:19).

15. Олуттуу чечим чыгарууда Жахабага болгон берилгендигибизди кантип далилдейбиз?

15 Чечим чыгаруу. Олуттуу чечим чыгарууда Жахабага болгон берилгендигибизди далилдөөнүн бир жолу — анын Сөзүнөн жана уюмунан жетекчилик издөө. Мунун канчалык маанилүү экенин түшүнүү үчүн бир мисал карап көрөлү. Башка өлкөдө иштеп жүрүп балалуу болуп калганда көп ата-энелер андан ары да акча табыш үчүн ымыркайын туугандарына берип жиберишет. Албетте, бул ар кимдин жеке чечими. Бирок чыгарган чечимдерибиз үчүн Кудайдын алдында жооп берерибизди эстен чыгарбашыбыз керек. (Оку: Римдиктер 14:12.) Үй-бүлөбүзгө, жумушка байланыштуу маанилүү чечимдерди Ыйык Китептен жетекчилик издебей туруп чыгарганыбыз туурабы? Жок. Өз кадамыбызды багыттай албагандыктан биз асмандагы Атабыздын жардамына муктажбыз (Жер. 10:23).

16. Бир келин балалуу болгондо эмнени чечиши керек болгон жана ага туура чечим чыгарууга эмне жардам берген?

16 Бир келин чет өлкөдө иштеп жүргөндө балалуу болуп, баласын чоң ата-чоң энесине берип жиберүүнү ойлонуп жаткан. Бирок көз жарганга чейин Жахабанын Күбөсү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган болчу. Ал бара-бара рухий жактан ийгилик кылып, баласына Жахабанын кызматчысы болууга жардам берүүгө милдеттүү экенин түшүнгөн (Заб. 127:3; Накыл 22:6). Ал келин, Ыйык Китепте айтылгандай, жүрөгүндөгүсүн Жахабага төккөн (Заб. 62:7, 8). Ошондой эле аны менен изилдөө өтүп жүргөн эжеге ичиндегисин айтып, жыйналыштагы башка бир туугандар менен да сүйлөшкөн. Туугандары менен достору кысым көрсөтүп, баласын чоң ата-чоң энесине берип жиберүүгө үндөшкөн. Бирок ал андай кылганы туура эмес экенин түшүнгөндүктөн баласын өзү тарбиялоону чечкен. Жыйналыштагылардын ага жана ымыркайына аябай жакшы кам көрүп, жардам көрсөтүшкөнүнө ушунчалык таасирленгендиктен жолдошу изилдөө баштап, жубайы, баласы менен чогуу жыйналышка бара баштаган. Ал келин чын жүрөктөн чыккан тиленүүсүнө Жахабанын жооп бергенин сезгенби? Албетте.

17. Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга байланыштуу кандай көрсөтмөлөр берилген?

17 Көрсөтмөлөргө баш ийүү. Кудайга болгон берилгендигибизди далилдөөнүн маанилүү жолу — анын уюму берип жаткан көрсөтмөлөргө баш ийүү. Мисалга ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө байланыштуу берилген кеңештерди алалы. Кимдир бирөө менен «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебин изилдей баштагандан көп өтпөй ар бир изилдөөдөн кийин бир нече мүнөт бөлүп, анын көңүлүн уюмга бурушубуз керектиги кеңеш кылынат. Ан үчүн «Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?» деген тасманы жана «Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?» деген китепчени колдонсок болот. Ошондой эле «Ыйык Китепте эмне делет?» китебин изилдеп бүткөн киши менен, ал ошол учурда чөмүлгөн бир тууган болсо да, «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» китебин да изилдөөгө чакырылабыз. Бул көрсөтмө жаңы шакирттер ишенимин бекем сакташы үчүн берилген (Кол. 2:7). Жахабанын уюму берген ушундай көрсөтмөлөргө баш ийип жатасыңбы?

18, 19. Жахабага ыраазы болууга бизде кандай себептер бар?

18 Жахабага ыраазы болууга бизде көптөгөн себептер бар. Өмүр бергени үчүн анын алдында милдеттүүбүз. Себеби биз «анын аркасы менен жашап, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз» (Элч. 17:27, 28). Ал бизге теңдешсиз белек — Ыйык Китепти — берген. Биз да, Иса Машаяктын Тесалоникадагы жолдоочуларындай болуп, аны адамдын сөзүндөй эмес, Кудайдын Сөзүндөй кабыл алабыз (1 Тес. 2:13).

19 Колубузда Ыйык Китеп бар болгондуктан, биз Кудайга жакындап, ал да бизге жакындоодо (Жкп. 4:8). Андан тышкары, асмандагы Атабыз бизге анын уюмунун мүчөсү болуу сыймыгын берген. Ушундай баталары үчүн ага миң мертебе ыраазыбыз! Биздин сезимдерибизди забурчунун: «Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы: анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»,— деген сөздөрү таамай чагылдырып турат (Заб. 136:1). 136-забурда «анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү» деген сөздөр 26 жолу кездешет. Жахабага жана анын уюмуна берилгендик көрсөтсөк, жүрөктү козгогон ошол сөздөрдүн калетсиз экенине ынанабыз. Анткени түбөлүк өмүр сүрүп, анын мээримдүүлүгүн түбөлүк сезебиз!