Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

46-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Белди бек буугула, жардамчыңар — Жахаба

Белди бек буугула, жардамчыңар — Жахаба

«Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм» (ЕВР. 13:5).

55-ЫР: Алардан коркпогула!

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Кыйынчылык менен жападан жалгыз күрөшүп жаткандай сезилгенде бизди эмне жубатат? (Забур 118:5—7)

КЫЙЫНЧЫЛЫК алка-жакадан алганда өзүңөрдү жардам берер эч кимиси жоктой сезген учурларыңар болду беле? Мындай нерсе көптөрдө, атүгүл Жахабага берилип кызмат кылган адамдарда да болгон (1 Пад. 19:14). Эгер силерди ушундай сезимдер чулгай турган болсо, Жахабанын: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деген убадасын эсиңерден чыгарбагыла. Ошондо ар бирибиз: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм»,— деп буйдалбай айта алабыз (Евр. 13:5, 6). Бул сөздөрдү элчи Пабыл, болжолу, б.з. 61-жылы Жүйүт жериндеги ишенимдештерине жазган. Анын сөздөрү Забур 118:5—7-аяттарда жазылган забурчунун сезимдерин эске салат. (Аяттарды окугула.)

2. Бул макалада эмнени карап чыгабыз жана эмне үчүн?

2 Забурчудай болуп Пабыл да турмушунда Жахабанын жардамын далай жолу сезип көргөн. Мисалы, еврейлерге кат жазганга чейин эки жылдан ашык убакыт мурун Пабыл албууттанган деңиз менен узак жолго чыккан (Элч. 27:4, 15, 20). Жол жүрүп баратканда да, ага чейин да Жахаба ага ар кандай жолдор менен жардам көрсөткөн. Алардын үчөөнө токтололу. Жахаба Пабылды колдош үчүн Иса менен периштелерди, бийликтегилерди жана ишенимдештерин колдонгон. Пабылдын башынан өткөргөн окуялары Жахабанын бизди да калтырбай турганына ишенимибизди арттырат.

ИСА МЕНЕН ПЕРИШТЕЛЕРДИН ЖАРДАМЫ

3. Пабыл эмне деп ойлонсо керек жана эмне үчүн?

3 Болжолу, б.з. 56-жылы жаалданган топ Пабылды Иерусалимдеги ибадатканадан сүйрөп чыгып, өлтүрүп коё жаздаган. Эртеси күнү болсо Синедрионго, жогорку соттун, алдына алып барышкан. Ал жерден да душмандары аны тытып жеп коёюн дешкен. Ошондо ал жардамга аябай зар болгон (Элч. 21:30—32; 22:30; 23:6—10). Ал ичинен: «Мындай кордукка дагы канчага чейин чыдаар экем?» — деп ойлонсо керек.

4. Жахаба Исаны колдонуп Пабылга кантип жардам берген?

4 Пабылга кандай жардам берилген? Пабыл камакка алынган түнү «Мырзабыз» Иса жанына келип: «Кайраттуу бол! Иерусалимде мен жөнүндө кандай кылдат күбөлөндүрсөң, Римде да ошондой күбөлөндүрүшүң керек»,— деген (Элч. 23:11). Пабыл так ошондой дем-күчкө зар болуп турган! Иса анын Иерусалимде кылган кызматына абдан ыраазы экенин билдирген. Анан Римге аман-эсен жетип, ал жактан андан ары да кабар айтарын айткан. Ошондой сөздөрдү уккандан кийин Пабыл атасы кучагына алган баладай эле тынчып калса керек.

Алай-дүлөй түшүп жаткан деңизде Пабылды кемедегилердин баары аман каларына ынандырып жаткан периште (5-абзацты карагыла)

5. Жахаба Пабылга периштеси аркылуу кантип жардам берген? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

5 Пабыл дагы эмнеге туш болгон? Иерусалимдеги окуядан эки жылдай убакыт өткөндөн кийин Пабыл кеме менен Италияга, Римге, бет алган. Жолдон катуу шамал согуп, деңиз албууттана баштаганда кемедегилер аман каларынан күдөр үзүп коюшкан. Бирок Пабыл корккон эмес. Ал кемедегилерге: «Түндө мен таандык болгон жана мен ыйык кызмат кылган Кудайдын периштеси жаныма келип: „Коркпо, Пабыл. Сен цезардын алдына барышың керек. Кудай сени менен бараткандардын баарынын өмүрүн сактап калат“,— деди»,— деген. Жахаба периштесин жиберип, буга чейин Иса аркылуу айттыргандай эле, Пабылдын барар жерине аман-эсен жетерине ынандырган. Анан чын эле ошондой болгон. Пабыл Римге аман-эсен жетип алган (Элч. 27:20—25; 28:16).

6. Исанын кайсы убадасы бизге дем-күч берет жана эмне үчүн?

6 Бизге кандай жардам берилип жатат? Пабылды колдогондой эле, Иса бизди да колдойт. Мисалы, Иса анын жолун жолдогондордун баарына: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деп айткан (Мт. 28:20). Исанын бул сөздөрү күчүбүзгө күч, кубатыбызга кубат кошот. Эмне үчүн? Себеби ар кандай мүшкүл күнгө туш болобуз. Айталы, жакын адамыбыздан айрылганда көкүрөгүбүздөгү күйүттүн табы көп жылга чейин кайтпашы мүмкүн. Же белибизден кубат кетип, карылыктын азабын тартып жаткандырбыз. Арабызда дагы бирөөлөр жарык күнү түнөрүп, депрессия менен алышып жатышы мүмкүн. Бирок Иса «ар дайым», анын ичинде жашоонун эң бир азаптуу күндөрүндө да, биз менен болорун убада кылгандыктан багынбай келебиз (Мт. 11:28—30).

Кабар айтканыбызда периштелер бизди колдоп, багыттап турат (7-абзацты карагыла)

7. Аян 14:6га ылайык, Жахаба бизге кантип жардам берип жатат?

7 Ыйык Китепте Жахабанын бизге периштелери аркылуу да жардам берери айтылат (Евр. 1:7, 14). Мисалы, «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге жарыялап» жүргөнүбүздө, периштелер бизди колдоп, кадамыбызды багыттап турат. (Мт. 24:13, 14; окугула: Аян 14:6.)

БИЙЛИКТЕГИЛЕРДИН ЖАРДАМЫ

8. Жахаба Пабылга миң башы аркылуу кантип жардам берген?

8 Пабылга кандай жардам берилген? Б.з. 56-жылы Иса Пабылдын Римге аман-эсен жетерин айткан. Бирок Иерусалимдеги жүйүттөр жолдон буктурма коюп, аны өлтүргүсү келишкен. Ошондо Рим аскеринин миң башы Клавдий Лусий бул тууралуу билип калып, Пабылды сактап калган. Ал аны Иерусалимден Кесарияга көптөгөн жоокерлердин коштоосунда жөнөтүп жиберген (жолдун узактыгы 105 чакырымдай аралыкты түзгөн). Ал жактан Феликс аттуу башкаруучу Пабылды «Ироддун ак сарайында кайтарууга буйрук берген». Ошентип, Пабыл бир өлүмдөн калган (Элч. 23:12—35).

9. Фест аттуу башкаруучу Пабылга кантип жардам берген?

9 Ошентип, арадан эки жыл өтөт. Пабыл дагы деле Кесарияда камакта отурган. Феликстин ордуна бийликке Фест келген. Жүйүттөр Фесттен элчи Пабылды соттош үчүн Иерусалимге жөнөтүшүн көптөн көп өтүнүшкөн. Бирок Фест алардын айтканына көнгөн эмес. Ал жүйүттөрдүн Пабылды жолдон кармап алып, өлтүргүсү келип жатканын билген көрүнөт (Элч. 24:27—25:5).

10. Пабыл цезардын сотун талап кылганда Фест кандай чечим чыгарган?

10 Кийинчерээк Пабылдын соту Кесарияда болгон. Фест жүйүттөргө жагынгысы келгендиктен сот учурунда Пабылдан: «Иерусалимге барып, ошол жерден менин алдымда ушул айыптар боюнча соттолууну каалайсыңбы?» — деп сураган. Пабыл Иерусалимге барса, жүйүттөр аны күм-жам кылып коёрун, ал эми Римге барса, аман калып, кызматын уланта аларын билген көрүнөт. Ошондуктан ал: «Цезардын сотун талап кылам!» — деген. Фест кеңешчилери менен сүйлөшкөндөн кийин Пабылга: «Цезардын сотун талап кылсаң, цезарга барасың»,— деген. Ошентип, Фесттин ушундай чечиминин аркасында Пабыл душмандарынан кутулуп кеткен. Көп өтпөй ал көзүн тазалагысы келгендердин колу жетпей турган жакка, Римге, кетмек (Элч. 25:6—12).

11. Пабылга Ышая пайгамбардын кайсы сөздөрү күч берген?

11 Пабыл Италияга жолго чыгар маалын күтүп жатканда Ышая пайгамбардын сөздөрүн эстесе керек. Ышая пайгамбар Жахабага каршы чыккандарга ыйык рухтун жетеги менен мындай деген: «Амал ойлонуштургула, бирок аныңар ишке ашпайт! Эмне айтпагыла, аныңар аткарылбайт, анткени Кудай биз менен!» (Ыш. 8:10). Пабыл Кудайдын жардам берерине кымындай да шектенген эмес. Бул ага алдыдагы кыйынчылыктарга моюн сунбаганга күч берген.

Жахаба бүгүнкү күндө деле кызматчыларын коргош үчүн бийликтегилерди колдонуп коё алат (12-абзацты карагыла)

12. Улий Пабылга кандай мамиле кылган жана Пабыл эмнени түшүнгөн?

12 Б.з. 58-жылы Пабыл Италияны көздөй жолго чыгат. Ал камакка алынган киши болгондуктан Рим аскеринин Улий деген жүз башынын колуна тапшырылган. Ошондон тартып Улий аны эмне кылам десе, өз эрки болчу. Ал Пабылга кандай мамиле кылган? Кийинки күнү кеме бир жээкке токтогондо Улий Пабылга боорукердик кылып, досторуна барып келгенге уруксат берген. Кийинчерээк атүгүл өмүрүн сактап калган. Жолдон кеме тайыз жердеги кумга тыгылып калганда, камакка алынгандар качып кетпеши үчүн жоокерлер аларды өлтүрүп салмакчы болушкан. Бирок Улий жоокерлерди токтотуп калган. Себеби ал «Пабылды аман алып калгысы келген». Ошондо Пабыл Жахаба аны боорукер жүз башынын колу менен куткарып калганын даана сезсе керек (Элч. 27:1—3, 42—44).

(13-абзацты карагыла)

13. Жахаба бийликтегилерди кантип колдонушу мүмкүн?

13 Бизге кандай жардам берилип жатат? Өз оюн ишке ашырыш үчүн Жахаба кубаттуу ыйык руху менен бийликтегилерге таасир этип, өзү туура көргөндөй иш кылдырып коё алат. Сулайман падыша мындай деген: «Падышанын жүрөгү, суу агымдарындай, Жахабанын колунда. Ал аны каалаган жагына бурат» (Накыл 21:1). Ал эмнени айткысы келген? Биз деле арык казып, сууну каалаган жакка бура алабыз. Анын сыңарындай, Жахаба да ыйык руху аркылуу башкаруучулардын оюн өзү каалаган нукка салып коё алат. Ошондой учурларда бийлик башындагылар Кудайдын элинин пайдасына чечим чыгарып коюшат. (Салыштыргыла: Эзра 7:21, 25, 26.)

14. Элчилер 12:5ке ылайык, кимдер жөнүндө тиленсек болот?

14 Биз эмне кыла алабыз? Падышалар менен жогорку абалды ээлегендер биздин кызматыбызга же жашообузга таасир эте турган чечимдерди чыгарарда алар үчүн тиленсек болот (1 Тим. 2:1, 2; Нек. 1:11). Андан сырткары, Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларындай болуп, түрмөдө отурган ишенимдештерибиз үчүн жалындуу тиленебиз. (Окугула: Элчилер 12:5; Евр. 13:3.) Жахабага аларды кайтарган түрмөчүлөрдүн жүрөгүн жибите көр деп да жалынып-жалбарсак болот. Ошондо алар бир туугандарыбызды кордобой, Улийге окшоп адамгерчиликтүү мамиле кылышы мүмкүн (Элч. 27:3).

ИШЕНИМДЕШТЕРДИН ЖАРДАМЫ

15, 16. Жахаба Пабылга Аристарх менен Луканы колдонуп кантип жардам берген?

15 Пабылга кандай жардам көрсөтүлгөн? Римге баратканда Жахаба Пабылды ишенимдештери аркылуу кайра-кайра жөлөп-таяп турган. Бир нече мисалга токтололу.

16 Пабылдын ишеничтүү жан күйөр достору Аристарх менен Лука аны менен Римге барууну чечишкен. * Иса алардын эч кимисине Римге аман-эсен жетесиңер деп айтпаса да, Пабылдын жанында болуш үчүн экөө тең өмүрүн тобокелге салышкан. Алар аман-эсен жетерин кийинчерээк гана жолдон билишкен. Аристарх менен Лука Пабыл менен кошо кемеге отурганда ушундай жан кыйышпас, эр жүрөк достору үчүн Пабыл Жахабага ыраазычылык билдирсе керек (Элч. 27:1, 2, 20—25).

17. Жахаба Пабылга ишенимдештери аркылуу кантип жардам берген?

17 Жолду карай Пабылга башка ишенимдештери да жардам берген. Маселен, Сидон шаарындагы кеме жайга токтошкондо Улий Пабылга «досторуна барып, жардам алышына уруксат берген». Кийинчерээк Путеол шаарынан Пабыл менен шериктери ишенимдештерин табышкан. Анан алардын өтүнүчү боюнча ал жакта жети күн калышкан. Алар Пабыл менен шериктеринин кем-карчын толуктап, жакшы эле жардам беришсе керек. Пабыл болсо аларга башынан өткөргөн окуяларды айтып берип, дем-шык берген чыгар. (Салыштыргыла: Элчилер 15:2, 3.) Жаны сергип, көңүлү көтөрүлүп калган Пабыл шериктери менен андан ары жолун уланткан (Элч. 27:3; 28:13, 14).

Пабылга окшоп, Жахаба бизге да ишенимдештерибиз аркылуу жардам берет (18-абзацты карагыла)

18. Пабылдын Кудайга ыраазычылык билдиришине жана кайраттанып калышына эмне себеп болгон?

18 Римге жакындап калганда Пабыл ошондон үч жыл мурун Римдеги ишенимдештерине: «Көп жылдан бери силерге барууну эңсеп жүрөм»,— деп жазганын эстесе керек  (Рим. 15:23). Бирок минтип кишенделип барарын ойлогон эмес чыгар. Ошондуктан аны тоскону Римден бери келген ишенимдештеринин караанын көргөндө жүрөгү жылып, бир топ күч-кубатка толсо керек. Ыйык Китепте: «Пабыл аларды көргөндө Кудайга ыраазычылык билдирди; ал кайраттанып калды»,— делет (Элч. 28:15). Байкасаңар, алардын келгени үчүн Пабыл Кудайга ыраазычылык билдирген. Себеби ошонун аркасында кайрадан эле Жахаба турганын билген.

(19-абзацты карагыла)

19. 1 Петир 4:10до айтылгандай, Жахаба башкаларга жардам бериш үчүн бизди кантип колдонушу мүмкүн?

19 Биз эмне кыла алабыз? Жыйналышыңарда оорунун же башка көйгөйдүн айынан кыйналып жаткандарды билесиңерби? Айрымдар жакын кишиси каза болгондуктан кабыргасы кайышып, күйүт тартып жүрүшү мүмкүн. Ошондуктан кимдир бирөөнүн арка-жөлөккө муктаж болуп жатканын угуп-билип калсаңар, Жахаба Кудайдан жүрөк жылыткан жакшы сөздөрдү айтканга же жакшылык кылганга жардам беришин сурансаңар болот. Сөз жүзүндө болобу, иш жүзүндө болобу, алар так ошондой жардамга муктаж болуп жатышы мүмкүн. (Окугула: 1 Петир 4:10.) * Ошондо алар Жахабанын «сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм» деген убадасынын калетсиз экендигине дагы бир жолу ынанышат. Өзүңөр да аябай кубанып каласыңар.

20. «Жахаба — менин жардамчым» деп эмне үчүн эч буйдалбай айта алабыз?

20 Элчи Пабыл менен анын шериктериндей болуп, биз да турмуштун албуут толкундарына кабылышыбыз мүмкүн. Ошондой болсо да Жахабанын бизди таштабай турганын билгендиктен кайратыбызды качырбайбыз. Ал бизге Иса жана периштелери аркылуу жардам берет. Ошондой эле эркине ылайык келсе, бизге жардам бериш үчүн бийликтегилерди колдонуп коё алат. Бизди жөлөп-таяш үчүн ишенимдештерибизге да ыйык руху менен түрткү берип коё алат. Буга биз далай жолу ынанганбыз. Ошондуктан элчи Пабылга окшоп: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?» — деп эч буйдалбай айта алабыз (Евр. 13:6).

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат

^ 5-абз. Бул макалада кыйын кырдаалдарда Жахабанын элчи Пабылга кандай үч жол менен жардам бергенин карап чыгабыз. Жахабанын өткөн заманда кызматчыларына кантип жардам бергенин билгенибиз маанилүү. Ошондо турмуштун алай-дүлөйүндө анын бизди да калтырбай турганына шектенбейбиз.

^ 16-абз. Аристарх менен Лука ага чейин эле Пабылды коштоп жүргөн болчу. Ишеничтүү ал достору Пабылды Римде түрмөдө отурганда да таштап кетишкен эмес (Элч. 16:10—12; 20:4; Кол. 4:10, 14).