ӨМҮР БАЯН
Жахаба мени унутта калтырган жок
МЕН Гайана мамлекетиндеги (Түштүк Америка) 2 000дей киши жашаган Ореалла деген айылда жашайм. Айылыбыз обочо жайгашкан. Ага чакан учак же кайык менен гана жетсе болот.
Мен 1983-жылы туулгам. Бала кезимде кадимкидей эле өрчүп, деним сак экен. Бирок он жаштарымда сай-сөөгүм сыздап, бүткөн боюм ооруй баштады. Ошондон эки жылдай өткөндөн кийин бир күнү эртең менен ойгонуп, кыймылдайын десем эле, кыймылдай албай койдум. Бутумду кыймылдатканга канча аракет кылсам да, такыр ордунан жылдыра албай койдум. Ошентип, белимен ылдый шал болуп, баспай калдым. Ошол оорумдун айынан боюм да өспөй, токтоп калды. Азыр боюм кичинекей баланыкындай.
Ошентип ооруп калгандан кийин бир нече ай бою үйдөн чыккан эмесмин. Бир күнү эки Жахабанын Күбөсү келип калды. Адатта, үйгө киши кара келгенде жашынып калчумун. Бирок бул жолкусунда келген эжелер менен сүйлөштүм. Алар Бейиш жөнүндө айта башташканда, беш жашымда уккан нерселер эсиме түштү. Ал кезде Суринамда жашаган Жетро деген миссионер биздин айылга бир айда бир келип, атам менен Ыйык Китепти изилдеп турчу. Жетро мени жакшы көрчү. Ал келгенде кадимкидей кудуңдап сүйүнчүмүн. Чоң атам менен чоң апам Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына барып турчу экен. Кез-кезде мени да кошо ала барышчу. Ошондуктан мага келген эжелердин бири Флоренса Кудай жөнүндө көбүрөөк билгиң келеби деп сураганда, жан деп эле макул болдум.
Кийинки жолкусунда Флоренса жолдошу Жестус менен келди. Анан экөө чогуу мени менен Ыйык Китепти изилдей башташты. Менин сабатсыз экенимди билгенде окуганды да үйрөтө башташты. Бир нече убакыттан кийин өзүм окуп калдым. Күндөрдүн биринде алар кызмат кылыш үчүн Суринамга дайындалганын айтып калышты. Өкүнүчтүүсү, айылда мени менен Ыйык Китепти изилдей турган эч ким жок калды. Бирок Жахаба мени унутта калтырган жок.
Көп өтпөй айылыбызга Флойд деген пионер келди. Анан алачыктан алачыкка кабар айтып жүргөндө, экөөбүз жолугуп калдык. Мага Ыйык Китепти изилдөөнүн сунуштаганда жылмайдым. Ал менден: «Эмнеге жылмайып жатасың?» — деп сураганда, буга чейин «Кудай бизден эмне талап кылат?» китепчесин изилдеп бүтүп, «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» * деген китепти изилдей баштаганымды айттым. Анан эмне болуп изилдебей калганымды түшүндүрүп бердим. Флойд экөөбүз «Билим» китебин изилдеп бүтүрдүк. Бирок ал да башка жакка дайындалып кетти. Ошентип, кайра Ыйык Китепти изилдегенге жардам берер эч кимим жок калды.
Бирок 2004-жылы Ореаллага Грэнвил менен Жошуа деген атайын пионерлер келишти. Алар да алачыктан алачыкка кабар айтып жүрүшүп, мага кезигишти. Анан Ыйык Китепти изилдегим келер-келбесин сураганда, аларга да жылмайдым. «Билим» китебин кайрадан башынан баштап изилдегим келерин айттым. Анткени буга чейинкилердей окутабы же жокпу, ошону текшергим келди. Грэнвил айылыбызда жыйналыш өткөрүлүп жатканын айтып калды. Ошол тапта үйдөн чыга элегиме он жылдай болуп калса да, жыйналышка баргым келди. Ошентип, Грэнвил мени жыйналышка алып бара баштады. Ал үйүмө келип, мени майыптар коляскасына отургузуп алып, Падышалык залына сүйрөп барчу.
Ошондон бир нече убакыт өткөндөн кийин Грэнвил мени Теократиялык кызмат мектебине жазылганга үндөй баштады. Ал: «Бутуң баспаса да, сүйлөй аласың да! Жалпыга арналган баяндама айта турган да күнүң келет. Көрөсүң го, сөзсүз келет!» — деген. Анын сөздөрү кадимкидей канат байлатты.
Бара-бара Грэнвил экөөбүз кабар айта баштадык. Айылдын көп жолдору аңгыл-дөңгүл болгондуктан, коляска менен жүрүш кыйын эле болчу. Ошондуктан Грэнвилге мени арабага салып эле, сүйрөп алчы деп айттым. Ошентип кабар айтканыбыз аябай ыңгайлуу болду. 2005-жылдын апрель айында чөмүлдүм. Ошондон көп өтпөй эле мени жыйналыштын адабиятына жооптуу кылып, Падышалык залындагы аппаратураны да тейлегенди үйрөтө башташты.
2007-жылы атам кайык менен баратып кырсыктап каза болуп калды. Үй-бүлөбүз менен кан жутуп эле отуруп калдык. Ошондой кыйын кезеңде Грэнвил биз менен чогуу Кудайдан тиленип, Ыйык Китептен жубатарлык сөздөрдү окуп берип жатты. Ошондон эки жыл өтүп-өтпөй дагы бир каргашага кабылдык. Грэнвил да кайык менен баратып кырсык болуп каза болуп калды.
Ошондо чакан жыйналышыбыз аябай катуу күйүт тартты. Ошентип, аксакалы жок калдык, бир эле кызмат жардамчысы бар болчу. Грэнвил кайтыш болгондо кабыргам кайышып катуу кыйналдым, анткени жан досум болчу. Мага Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам берген, күнүмдүк турмушта да жардамын аячу эмес. Ал өлгөндөн кийинки эле жыйналышта «Күзөт мунарасын» окуп бермекмин. Алгачкы эки абзацты окугандан кийин эле көзүмөн жаш токтобой ыйлай баштадым. Анан көз жашымды тыя албай койгондуктан сахнадан түшүп кеттим.
Ореаллага башка жыйналыштан ага-инилерибиз келип көмөктөшө баштаганда көңүлүм көтөрүлүп, жакшы болуп калдым. Филиал жыйналышыбызга Кожо деген атайын пионерди да дайындады. Апам менен иним Ыйык Китепти изилдеп, чөмүлүштү. Ошондо да териме батпай сүйүндүм. 2015-жылдын март айында кызмат жардамчысы болдум. Бир нече убакыттан кийин алгачкы жалпыга арналган баяндамамды айтып чыктым. Ошондо Грэнвилдин «жалпыга арналган баяндама айта турган да күнүң келет. Көрөсүң го, сөзсүз келет!» деген сөздөрү эсиме келип, бир жагынан кубансам, бир жагынан аны эстеп ыйладым.
JW телеберүүсүнөн меникиндей эле кыйынчылыктарды тартып жаткан ишенимдештерим жөнүндө биле алдым. Алар майып болгонуна карабай Жахабанын кызматында көп иштерди бүтүрүп, бактылуу жашап жатышат. Мен да колдон келгенди кылып жатам. Бар күчүмдү Жахабага бергим келгендиктен үзгүлтүксүз пионер болдум. Ал эми 2019-жылдын сентябрь айында күтүлбөгөн жерден кубанычтуу бир жаңылык болду. Кырктай жарчыдан турган жыйналышыбызга аксакал болуп дайындалдым!
Мага Ыйык Китепти изилдегенге жана Жахабага кызмат кылганга жардам берген ишенимдештеримдин баарына аябай ыраазымын. Баарынан да, мени унутта калтырбаган Жахаба Кудайыма миң мертебе ыраазымын!
^ 8-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, учурда басылбайт.