Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

48-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Көзүңөрдү алдыга багыттагыла

Көзүңөрдү алдыга багыттагыла

«Көзүң түз карасын, көз карашың алдыңа багытталсын» (НАКЫЛ 4:25)

77-ЫР: Караңгы дүйнөгө нур чачкан жарык

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Канткенде Накыл сөздөр 4:25теги кеңешке ылайык иш кылган болобуз? Мисал келтиргиле.

ҮЧ ишенимдешибиздин төмөнкүдөй жагдайын элестетсеңер. Алардын бири тээ алыста калган жаштык кезиндеги жакшы күндөрүн эстейт. Учурда алпурушуп жаткан кыйынчылыгы көп болсо да, колунан келгенин кылып, Жахабага кызмат кылып келет (1 Кор. 15:58). Үй-бүлөсү жана достору менен жаңы заманда кубанычка бөлөнүп жашап жатканын күн сайын элестетет. Экинчисин жыйналыштагы кимдир бирөө катуу таарынтып койгон. Бирок ал өткөн-кеткенди сууга салып, кек сактабайт (Кол. 3:13). Үчүнчүсү болсо мурун олуттуу катачылык кетирип алган. Бирок ошондон бери жаңылып-жазбаганга бүт күчүн жумшап келет (Заб. 51:10).

2 Бул үчөөнүн кандай жалпылыгы бар? Үчөө тең артта калганды унутуп калган эмес, бирок ошол эле учурда мурунку нерселер тууралуу ойлоно беришкен эмес. Анын ордуна, көздөрү «түз караган», башкача айтканда, бүт көңүлүн алдыда боло турган нерселерге топтошкон. (Окугула: Накыл сөздөр 4:25.)

3. Эмне үчүн келечегибизге көңүл топтошубуз керек?

3 Келечекте боло турган нерселерге көңүл топтогонубуз эмне үчүн маанилүү? Улам-улам артын карай берген киши түз баса албайт. Анын сыңарындай, биз да арттагыны кылчактап карай берсек, Жахабанын жолунда алдыга жыла албайбыз.

4. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

4 Бул макалада көңүлүбүздү өткөн нерсеге байлап, алдыга жылдырбай кармап турган кандай үч кылтакка түшүп калышыбыз мүмкүн экенин талкуулайбыз: 1) өткөндү самоо, 2) таарыныч, 3) өзүбүздү ашкере айыптуу сезгендик. Эмесе, ушул үч жагдайда тең Ыйык Китептеги принциптер бизге «арттагыны унутуп, алдыдагыны көздөгөнгө» кандайча жардам берерин карап чыгалы (Флп. 3:13).

ӨТКӨНДҮ САМАЙ БЕРҮҮ

Бизди алдыга жылдырбай эмне кармап турушу мүмкүн? (5, 9, 13-абзацтарды карагыла) *

5. Насаатчы 7:10до кандай кылтак жөнүндө айтылган?

5 Окугула: Насаатчы 7:10. Байкасаңар, бул аятта өткөн жакшы күндөрдү ойлоо туура эмес деп айтылган эмес. Себеби жүрөккө жылуу сезим аралаткан жакшы күндөрдү эстей алганыбыз — Жахабаны белеги. Аятта: «„Эмне үчүн азыркы күндөргө караганда өткөн күндөр жакшы эле?“ — дебе»,— деп жазылган. Башкача айтканда, кептин баары — мурунку жагдайыбызды азыркыбыз менен салыштырып, азыркыны кыйла жаман деп тыянак чыгарганыбызда. Мына, ушул нерсе кылтак болушу мүмкүн.

Мисирден чыккандан кийин ысрайылдыктар эмнеден жаңылышкан? (6-абзацты карагыла)

6. Артта калган күндөрүбүз жакшыраак болчу деп ойлой бергенибиз эмне үчүн акылдуулукка жатпайт? Мисал келтиргиле.

6 Артта калган күндөрүбүз жакшыраак болчу деп ойлой бергенибиз эмне үчүн акылдуулукка жатпайт? Анте турган болсок, ал күндөрдүн жалаң жакшысын эстеп, жаманын эсибизден чыгарып коюшубуз мүмкүн. Байыркы убактагы ысрайыл элин мисалга алалы. Алар Мисирден чыккандан кийин ал жактан көргөн азабын унутуп, тамшанып тамагын эле эстеп туруп алышкан. Алар: «Мисирдеги бекер жеген балык, бадыраң, дарбыз, пияз, сарымсак алигиче эсибизден кетпейт»,— деп наалышкан (Сан. 11:5). Бирок ушунун баары чынында эле бекер, оңой табылган тамак беле? Жок. Алар ошол тамакты Мисирде кул болуп, миң азапка малынып табышкан (Чыг. 1:13, 14; 3:6—9). Ошондой болсо да көргөн кордугун унутта калтырып, ошол кезди эңсей беришкен. Учурдагы Жахабанын кылган жакшылыктарын баалагандын ордуна, эски күндөрдү эстеп, көңүлүн ошого топтоп алышкан. Бул Жахабага жаккан эмес (Сан. 11:10).

7. Бир ишенимдешибизге жолдошу эмне деген?

7 Канткенде өткөндү самай бербейбиз? 1945-жылы Бруклиндеги Бейтелде кызмат кыла баштаган бир ишенимдешибизди мисал кылалы. Бир нече жылдан кийин ал бир бейтелдик жигитке турмушка чыгып, экөө чогуу бир топ жыл кызмат кылышкан. Өкүнүчтүүсү, 1976-жылы жолдошу катуу ооруп калган. Өлөрүнө аз калганын билгенде ага керез кебин айткан. Жолдошу ага: «Экөөбүз жакшы жашадык. Бизчелик бактылуу жашагандар көп болбосо керек»,— деген. Анан: «Өткөндү унута албасаң да, өткөн күн менен жашаба. Бара-бара күйүтүң басаңдайт. Күйүткө алдырып ачуулуу болуп кетпе, өзүңдү өтө эле аяп, өзүң менен өзүң да болуп кетпе. Жахабага чогуу кызмат кылып бактылуу күндөрдү өткөрдүк. Ушуларды эстеп сүйүнсөң болот. Эс тутум — бул Кудайдын белеги»,— деп да айткан. Ушул сөздөрү жесир калган жубайына бир топ дем-күч берген. Ал чындап эле жакшы акыл айтканына кошулат болушуңар керек.

8. Ишенимдешибизге жолдошунун «өткөн менен жашаба» деген сөздөрү кандайча жардам берген?

8 Жолдошунун сөздөрүн жубайы жүрөгүнө түйүп алган. Ал 92ге чыгып көз жумганча Жахабага берилгендигинен жазбай кызмат кылган. Ошондон бир нече жыл мурун ал: «Өмүрүмдүн Жахабага толук убакыт кызмат кылганга арнаган 63 жылдан ашуун убактысын эскерип, мен чындап бактылуу жашадым деп айта алам»,— деген. Ал мунун себебин: «Биздин жашоону маңыздуу кылган нерселер бул: бүткүл дүйнөлүк боордоштугубуз жана жападан жалгыз улуу Жаратканыбыз Жахабага бейиште бир туугандарыбыз менен чогуу түбөлүк кызмат кылабыз деген үмүтүбүз»,— деп түшүндүргөн *. Көңүлүн арттагы эмес, алдыдагы нерселерге топтогон бул ишенимдешибиз биз үчүн кандай сонун үлгү!

ТААРЫНЫЧ

9. Лебилер 19:18ге ылайык, өзгөчө кандай жагдайда таарынычка оңой алдырып коюшубуз мүмкүн?

9 Окугула: Лебилер 19:18. Ишенимдешибиз, жакын досубуз же тууганыбыз көңүлүбүздү оорутуп койгондо өзгөчө катуу тиерин баарыбыз эле байкаган чыгарбыз. Бир мисалга токтололу. Бир ишенимдешибиз башкасын акчамды уурдап алды деп айыптаган. Бирок кийинчерээк кайра кечирим сураган. Тиги бир тууганыбыз болсо ак жерден айыпталганын ойлоп, такыр кечире албай койгон. Силерде да ушу сыяктуу сезимдер болду беле? Так эле ушундай жагдайга кабылбасак да, көпчүлүгүбүздө катуу таарынып, эч качан кечире албайм деп ойлогон учурларыбыз болсо керек.

10. Таарынычыбыз жазылбай жатканда эмне жардам берет?

10 Таарынычыбыз жазылбай жатканда эмне жардам берет? Биринчиден, Жахаба баарын көрүп турарын эсиңерден чыгарбагыла. Ал башыбыздан эмнелерди кечирип жатканыбызды, анын ичинде кандай адилетсиздикке туш болуп жатканыбызды да, көрүп турат (Евр. 4:13). Кыйналганыбызда кошо кыйналат (Ыш. 63:9). Андан сырткары, адилетсиздиктин кандай гана кесепети болбосун, баарынан арылтам деп убада берген (Аян 21:3, 4).

11. Таарынычтан арылганыбыз эмне үчүн жакшы?

11 Экинчиден, таарынычтан арылсак, өзүбүзгө эле жакшы болот. Ак жерден айыпталган ишенимдешибиз акыры мына ушуну түшүнгөн. Ал убакыттын өтүшү менен таарынычынан арылган. Ошондой эле башкаларды кечирсек, Жахаба да бизди кечирерин аңдаган (Мт. 6:14). Аны айыптаган ишенимдешибиздин кылган ишин унутуп койбосо да, кечирген. Ошондон кийин кадимкидей жеңилдеп, көңүлүн Жахабага кылган кызматына топтой алган.

ӨЗҮБҮЗДҮ АШКЕРЕ АЙЫПТУУ СЕЗГЕНДИК

12. 1 Жакан 3:19, 20дан эмнени билсек болот?

12 Окугула: 1 Жакан 3:19, 20. Баарыбыздын эле өзүбүздү күнөөлүү сезген учурларыбыз болот. Айрымдар Жахабанын жолуна түшкөнгө чейин кылган иштери үчүн өздөрүн айыптуу сезет. Дагы бирөөлөр чөмүлгөндөн кийин кылган туура эмес ишин эстеп кыйналышат (Рим. 3:23). Албетте, ар бирибиз эле туура иш кылгыбыз келет. Анткен менен «баарыбыз тең көп жаңылабыз» (Жкп. 3:2; Рим. 7:21—23). Өзүбүздү күнөөлүү сезүү жагымдуу болбосо да, анын жакшы да жагы бар. Себеби ошонун аркасында оңолуп, кетирген катабызды экинчи кайталабаганга аракет кылып калабыз (Евр. 12:12, 13).

13. Өзүбүздү ашкере айыптай бергенден эмне үчүн сак болушубуз керек?

13 Бирок кээде адам өзүн ашкере эле айыптуу сезиши мүмкүн. Башкача айтканда, кылган ишине өкүнсө да, Жахабанын аны кечиргени айкын көрүнүп турса да, өзүн күнөөлөй берет. Бул зыяндуу болушу мүмкүн (Заб. 31:10; 38:3, 4). Мурунку кылган күнөөлөрүн ойлоп, кыйнала берген ишенимдешибиздин айткандарына көңүл бурсаңар. Ал: «Жахабага канчалык кызмат кылсам да, куру бекер эле убара болуп жаткандай сезилчү»,— дейт. Мындай сезим көбүбүзгө өөн эмес. Андыктан мына ушундай кылтакка түшүп калгандан сак болушубуз керек. Анын үстүнө, Жахаба бизди кечирсе деле өзүбүздү жемелеп, ындыныбызды өчүрө берсек, Шайтандын чырагына май тамбайбы! (Салыштыргыла: 2 Корунттуктар 2:5—7, 11).

14. Жахаба бизге кол шилтеп койбой турганына эмне үчүн ишенсек болот?

14 Ошентсе да: «Жахаба мени кечиргенин кайдан билем?» — деп бушайман болушуңар мүмкүн. Ушинтип сурап жатканыңардын өзү эле Жахабанын силерди кечирерин көрсөтүп турат. Бир топ жыл мурун «Күзөт мунарасында» мындай деп жазылган: «Жаман адатыбыз өзүбүз ойлогондон да терең тамыр алгандыктан мурун бир жаза баскан жерибизден кайра эле жаза басып жаңыла беришибиз мүмкүн... Бирок шаабайыңарды суутпагыла. Кечирилгис күнөө кылдым деп ойлобогула. Шайтандын көздөгөнү — мына так ушул. Ушинтип кайгырып, кыжалат болуп жатканыңардын өзү эле оңолгус адам эмес экениңерди далилдеп турат. Ошондуктан момун болуп, Кудайдан кечиришин, көңүлүңөрдү тынчытышын жана жардам беришин сурап кайра-кайра тилене бергиле. Ыйлап жаткан бала кайра-кайра эле атасына чуркай берет. Анын сыңарындай, силер да баягы эле көйгөйүңөр менен Жахабага канча жолу кайрылбагыла, ал силерге ырайым кылып, жардам бергенге даяр» *.

15, 16. Жахаба аларга кол шилтеп койбой турганын түшүнгөнү ишенимдештерибизге кандай таасир эткен?

15 Жахабанын кызматчыларына кол шилтеп койбой турганын билгенде көптөр жубанып калышкан. Алсак, бир ишенимдешибиз мындан бир нече жыл мурун «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрикага чыккан бир макаланы окуп, аябай таасирленген. Ал макалада мурунку кылган иштеринен улам Виктория деген ишенимдешибизге Жахаба аны сүйөт дегенге ишениш абдан кыйын болгону жазылган. Ошондон улам чөмүлгөнүнөн көп жыл өтсө да Виктория ошол ой менен күрөшүп, кыйнала берген. Бирок бир жолу кун жөнүндө терең ой жүгүрткөн. Ошондон кийин ою өзгөрө баштаган *.

16 Викториянын окуясы ишенимдешибизге кандайча жардам берген? Ал мындай дейт: «Жаш кезде бир жаман адатым бар болчу. Порнография көрчүмүн. Аны араңдан зорго таштагам. Жакында эле ошол адатыма кайра алдырып койдум. Анан аксакалдарга кайрылдым. Алар ошол көйгөйүмдү чечкенге бир топ жардам беришти. Ошондой эле Жахабанын аябай ырайымдуу экенине жана мени сүйөрүнө ынандырышты. Ошентсе да кээде Жахаба мендей адамды кантип жакшы көрсүн деп, өзүмдү бир болумсуз киши сезем. Викториянын айтып бергендери мага аябай жардам берди. Кудай менин күнөөмдү кечирбейт деп ойлогон сайын, анын Уулунун курмандыгы күнөөмдү жууй албайт дегендей эле болорумду түшүндүм. Терс сезимдер баскан учурларда окуп, ой жүгүртүш үчүн бул макаланы өзүнчө кесип алдым».

17. Пабыл эмне үчүн өзүн ашкере айыптуу сезген эмес?

17 Ушул сыяктуу окуялар элчи Пабылды эске салат. Себеби Пабыл Исанын жолун жолдой баштаганга чейин олуттуу күнөөгө жаткан көп жаман иштерди кылган. Ал кылгандарын унутуп калбаса да, өткөн күн менен жашаган эмес (1 Тим. 1:12—15). Пабыл Иса Машаяк аркылуу төлөнгөн кунду Кудайдын жеке ага тартуулаган белеги катары көргөн (Гал. 2:20). Ошондуктан өзүн ашкере айыптуу сезип, кылтакка түшүп калган эмес. Ал бүт көңүлүн Жахабага кылган кызматына топтогон.

КЕЛЕЧЕГИБИЗГЕ КӨҢҮЛ ТОПТОЙЛУ

Алдыдагыны көздөп жашайлы (18, 19-абзацтарды карагыла) *

18. Бул макаладан эмнени билдик?

18 Ошентип, бул макалада үч кылтакты талдадык. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? 1) Өткөргөн жакшы күндөрүбүздү эстей алганыбыз — Жахабанын белеги. Бирок алар канчалык жакшы болбосун, келечектеги — жаңы дүйнөдөгү — жашообузга тең келе албайт. 2) Башкалар көңүлүбүзгө катуу тийип койгондо аларды кечире билсек, тушалып калбай, алдыга жыла алабыз. 3) Өзүбүздү ашкере айыптуу сезе берсек, Жахабага кубанып кызмат кыла албай калабыз. Ошондуктан Пабылга окшоп, Жахабанын бизди кечиргенине ишенишибиз керек.

19. Жаңы заманда өткөн күндөрдү ойлоп кайгырбай турганыбызды кайдан билебиз?

19 Бизде түбөлүк жашайбыз деген үмүт бар. Кудай орноткон жаңы заманда өткөн күндөрүбүздү ойлоп, кайгы тартпайбыз. Ал учур тууралуу Ыйык Китепте: «Мурункулар мындан ары эскерилбейт»,— деп жазылган (Ыш. 65:17). Ойлоп көрсөңөр, айрымдарыбыз Жахабага кызмат кылып жүрүп жашыбыз өр тартып калды, бирок жаңы дүйнөдө Жахаба кырчындай жаштыгыбызды кайрып берет (Аюп 33:25). Андыктан келгиле, көңүлүбүздү өткөн-кеткенге байлабай, алдыдагыны көздөп жашайлы!

142-ЫР: Үмүтүбүздү бекем сактайлы

^ 5-абз. Өткөн күндөрдү эстегендин жаман деле жери жок. Бирок өткөн күн менен эле жашай берсек, учурдагы жана келечекте боло турган нерселерди көз жаздымда калтырып коюшубуз мүмкүн. Бул макалада алдыга умтулганга жолтоо болуп, бизди артка тарткан үч нерсе жөнүндө сөз жүрөт. Алардан арылганга Ыйык Китептеги принциптер жана ишенимдештерибиздин үлгүсү жардам берет.

^ 14-абз. «Күзөт мунарасы», 1995-ж., 1-декабрь, 11-б., ор.

^ 58-абз. СҮРӨТ. Өткөндү самоо, таарыныч, өзүбүздү ашкере айыптуу сезгендик өзүбүзгө өзүбүз артып алган жана өмүр жолунда алдыга жылдырбай кармап турган оор жүккө окшош.

^ 65-абз. СҮРӨТ. Ошол жүктөн арылганда бир топ жеңилдеп калабыз. Ошондон кийин гана күчүбүзгө күч кошулуп, алдыга арыштай алабыз.