Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Онесиме менен Жералдине

Өз жерине кайткандардын оозунан

Өз жерине кайткандардын оозунан

КЕНДИРДИ кескен жокчулуктун айынан өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн Батыш өлкөлөрүнө көчүп кеткен көптөгөн ишенимдештерибиз өз жергесине кайрадан кайтышкан. Жахаба Кудайды жана адамдарды жакшы көргөндүктөн алар Падышалыктын жарчылары аба менен суудай керек жерлерде кызмат кылып жатышат (Мт. 22:37—39). Алар эмнеден кечишти? Эмне табышты? Келгиле анда, Африканын батышындагы Камерун өлкөсүнө кайтып баргандарга сөз берели.

«БАЛЫК БЫКПЫРДАЙ КАЙНАГАН ЖЕР»

1998-жылы Онесиме Камерундан чет өлкөгө көчүп кеткен. Ал жакта жашаганына 14 жыл болуп калганда бир күнү жыйналышка барып, кабар айтуу жөнүндө бир мисал угуп калат. Баяндамачы: «Эки дос эки жакта отуруп алып, балык кармап жатат дейли. Эгер бирине кайра-кайра балык түшүп жатса, экинчисине анда-санда эле түшсө, аны көрүп экинчиси тигинин жанына барып кайырмак салат да, туурабы?» — деген.

Ошондон кийин Онесиме Камерунга кайтып барсамбы деп ойлонуп калган. Себеби өз мекенинде жайнаган «балыкты» кармаганга кол жетишпей жатканын билчү. Бирок ушунча жыл чет жакада жүрүп, өз жеринде жашап кете аламбы деп сарсанаа болгон. Ошон үчүн Камерунга алты айга барып келген. Анан 2012-жылы биротоло көчүп барган.

Онесиме мындай дейт: «Адеп барганда мээ кайнаткан ысыгына, тиричилигине кайрадан көнүш керек болду. Башында Падышалык залына барганда как жыгачка отура албай кыйналып жүрдүм. Бирок айтылып жаткандарга көңүл топтогон сайын чет өлкөдөгү былпылдаган жумшак отургучтарды көп эстебей калчумун».

2013-жылы Онесиме Жералдинеге үйлөнгөн. Ал да Францияда 9 жыл жашап Камерунга кайтып келген экен. Кудайдын ишин биринчи орунга койгон ал жубайларга Кудай батасын бергенби? Онесиме мындай дейт: «Келинчегим экөөбүз Падышалыктын жарчыларынын мектебинде окудук. Бейтелде да кызмат кылдык. Бир жылдын ичинде эле жыйналышыбызда Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын 20сы чөмүлдү. Азыр мен балык быкпырдай кайнаган жерде жүрөм» (Мр. 1:17, 18). Жералдине болсо: «Мынчалык жакшы болот деп элестеткен да эмесмин»,— дейт.

ШАКИРТ ТАПКАНДАГЫ КУБАНЫЧ

Жудит менен Сэм-Кастел

Жудит Кошмо Штаттарга көчүп кеткен. Бирок ал Жахабага көбүрөөк кызмат кылгысы келчү. Ал: «Камерунга тууган-туушкандарымды көргөнү барган сайын кетерде жаман болчумун. Ыйык Китепти изилдей баштагандарды кыя албай ыйлачумун»,— дейт. Бирок кайрадан Камерунга көчүп баргандан да коркчу. Себеби АКШда жакшы жерде иштеп, жакшы тапчу. Тапкан акчасын Камерундагы ооруп жаткан атасынын дары-дармегине жумшачу. Бирок Жахабага таянып, акыры Камерунга көчүп барган. Башында чет өлкөдөгү ыңгайлуу жашоо шартын сагынып жүргөн. Ошондуктан Жахабага кайрылып, көнүп кеткенге жардам беришин суранган. Ага райондук көзөмөлчү менен анын жубайы да бир топ жардам беришкен.

Ошол күндөрдү эскерип, Жудит мындай деп эскерет: «Үч жылдын ичинде төрт киши менен изилдеп, чөмүлгөнгө жардам бергем». Ал атайын пионер болуп кызмат кылган. Азыр болсо жолдошу Сэм-Кастел экөө райондук кызматты аркалап жүрүшөт. Ал эми Жудиттин оорукчан атасы эмне болгон? Жудит жана анын үйүндөгүлөрү чет өлкөдөн атасынын операциясын бекер жасап бере турган оорукана табышкан. Бактыга жараша, атасынын операциясы жакшы болгон.

ЖАХАБАНЫН КОЛДООСУ

Каролина менен Виктор

Виктор Канадага көчүп кеткен болчу. Ал университетте окучу. Бирок бир жолу «Күзөт мунарасынан» жогорку окуу жайы жөнүндө окуп, өзү жөнүндө ойлонуп калган. Ошондон кийин университетин таштап, техникалык-кесиптик окуу жайына тапшырган. «Жумуш оңой эле табылды. Ошентип көптөн бери көксөп келген максатыма жетип, пионер болдум»,— дейт ал. Кийинчерээк Каролина деген кызга үйлөнүп, экөө Камерунга барып келишкен. Ал жакта жүргөндө Бейтелге барышкан. Ошондо бейтелдиктердин бири бул жакка келип кызмат кылбайсыңарбы деп калган. Виктор: «Ойлонуп көрсөк, тоскоолдук кылган деле эч нерсе жок экен. Анын үстүнө, ага чейин эле жөнөкөй жашап келгендиктен макул болдук»,— дейт. Каролинанын анча-мынча оорусу бар болсо да, алар көчө берели дешкен.

Ыйык Китепке кызыккандар ушунчалык көп болгондуктан, экөө үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла башташкан. Бир канча убакыт бою алар топтоп койгон акчасына жашашкан. Акчасы түгөнгөндө кайрадан Канадага бир нече айга барып иштеп келишкен. Анан кайра Камерунга келип, кызматын улантышкан. Алар ошондой чечим чыгарганынын үзүрүн көрүшкөнбү? Ооба. Алар Падышалыктын жарчыларынын мектебинде окушкан, атайын пионер болуп кызмат кылышкан, азыр болсо курулуш кызматчылары. «Эгер уядай жылуу-жумшак ордубузду таштабасак, Жахабанын ушундай камкордугун сезмек эмеспиз»,— дейт Виктор.

ЖАХАБАНЫН ЖОЛУНА ТҮШКӨНГӨ ЖАРДАМ БЕРГЕНДЕРДИН КУБАНЫЧЫ

Стефани менен Алан

2002-жылы Германияда жогорку окуу жайында окуп жаткан Алан бир жолу «Жаштар, өмүрүңөрдү эмнеге арнайсыңар?» деген баракчаны окуп калган. Бул анын жаңы максаттарды коюшуна түрткү болгон. Ал 2006-жылы Кызматка окутуу мектебине барып, бүткөндөн кийин киндик каны тамган Камерунга кызмат кылганга дайындалган.

Ал жактан толук күн иштебей турган жумуш тапкан. Кийинчерээк акчасы жакшыраак жумуш табылган. Бирок Алан убактымдын көбү кызматка эмес, жумушка кетип калабы деп тынчсыздана баштаган. Так ошондо ага атайын пионер болуп кызмат кылууну сунуштап калышкан. Ал шак эле макул болгон. Жумуштагы жетекчиси да маянасын көбөйтөм деген. Бирок Алан чечимине бек турган. Кийинчерээк мурун Францияда жашап келген Стефани деген кызды жолуктуруп, экөө баш кошкон. Стефанинин да Камерунга көчүп келгенде кыйналган учурлары болгон.

Ал: «Ден соолугум бир аз начарлап, аллергия боло баштагам. Азыр болсо жакшы, дайыма дарыланып турам»,— дейт. Бул жубайлар кыйынчылыктарга моюн бербей, кызмат кылганын уланта беришкендиктен жемишин көрүшкөн. Алан мындай дейт: «Бир жолу ыраак жакта жайгашкан Кате деген айылга кабар айтканы барып, Ыйык Китепти изилдегиси келген бир нече киши таптык. Алар менен Ыйык Китепти телефон аркылуу изилдеп жүрдүк. Экөөсү чөмүлүп, ал айылда топ уюштурулду». Стефани болсо: «Кимдир бирөөгө өмүрүн Жахабага арнаганга жардам бергенден өтөр кубаныч жок экен. Бул жакта кызмат кылсаң, ушундай кубанычтын даамын көп татат экенсиң»,— деп кошумчалайт. Азыркы тапта Алан келинчеги менен райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылып жатат.

«ТАК УШУЛ НЕРСЕНИ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК БОЛЧУ»

Леос менен Жизел.

Жизел Италияда медициналык окуу жайында окуп жүргөндө чөмүлгөн. Ал ага Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген жубайлардын жөнөкөй жашаганын көрүп таасирленгендиктен көбүрөөк кызмат кылгысы келе баштаган. Ошон үчүн окуу жайын бүтөрү менен үзгүлтүксүз пионер болгон.

Жизелдин өзү төрөлүп өскөн Камерунда кызмат кылам деген ою бар болчу. Бирок бир нерсеге түпөйүлдөнчү. «Камерунга көчүп барыш үчүн Италиянын жарандыгынан баш тартышым керек болчу. Анын үстүнө, досторум да, үй-бүлөм да Италияда жашачу»,— дейт ал. Бирок ошого карабай Жизел 2016-жылдын май айында Камерунга көчүп барган. Кийин Леос деген жигитке турмушка чыккан. Алар филиалдын сунушу менен Падышалыктын жарчылары аябай керек болгон Айос деген шаарга көчүп барышкан.

Ал жакта кандай күндү көрүшкөн? Жизел мындай дейт: «Жумалап электр жарыгы жок отурчубуз. Телефондорубуз өчүк. Тамакты от жагып сыртка жасачубуз. Сууга болсо кол чырак күйгүзүп алып, кечинде эл суюлганда барып, араба менен ташып келчүбүз». Аларга эмне дем-күч берген? «Жахабанын ыйык руху бир топ дем берчү. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди жөлөп-таяп турчубуз. Алыстагы досторум, үй-бүлөм жылуу сөздөрүн айтып, тыйын-тыпыр салып жиберишчү»,— дейт Жизел.

Жизел мекенине кайтып келгенине өкүнгөнбү? «Жок! Түк да өкүнгөн жокмун. Кайра аябай сүйүнүп жатам,— дейт ал.— Башында кыйналып көңүлүбүз чөккөн учурларыбыз болду. Бирок баарына чыдаганыбызга аябай сүйүнөбүз. Анткени так ушул нерсени кылышыбыз керек болчу. Биз Жахабага толук таянабыз. Ага мурункудан да жакын болуп калдык». Леос менен Жизел Падышалыктын жарчыларынын мектебинде окуп, азыр убактылуу атайын пионер болуп кызмат кылып жатышат.

Көп балык кармаш үчүн баарына чыдаган балыкчылардай болуп, кабарга кулак каккан ак пейил адамдарга жардам бериш үчүн өз мекенине кайтып баргандар көп нерседен кечип жатышат. Бирок Жахаба ал талыкпаган жарчылардын эмгегин, сүйүүсүн эч качан унутпайт жана батадан өксүтпөйт (Нек. 5:19; Евр. 6:10). Эгер азыр чет өлкөдө жашап жатсаңар, ал эми төрөлүп-өскөн жериңерде жарчылардын жардамы керек болуп жатса, мекениңерге кайтып бара аласыңарбы? Ошентсеңер, Жахаба силерди батасыз калтырбайт! (Накыл 10:22)