«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Октябрь, 2016

Бул санда 2016-жылдын 28-ноябрынан 25-декабрына чейинки изилдөө макалалары камтылат.

ӨМҮР БАЯН

Башкалардын мыкты үлгүсүн күзгүдөй чагылдырууга умтулуп келем

Рухий жактан жетилгендердин үлгүсү башкаларга арзырлык максаттарга жетүүгө шарт түзөт. Томас Маклейн башкалар ага кандай үлгү көрсөткөнүн, өзү да башкаларга кантип көмөк кылганын айтып берет.

Чоочундарга боорукердик көрсөтүүнү унутпайлы

Кудай чоочундарга кандай карайт? Чет өлкөлүктөргө жыйналышта өздөрүн үйүндө жүргөндөй сезүүгө кантип жардам берсең болот?

Чет тилиндеги жыйналышта кызмат кылуу менен бирге рухийлигиңди чыңда

Кудайдын бардык кызматчылары биринчи кезекте өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн рухийлигине кам көрүшү керек. Бөтөн тилдеги жыйналышта кызмат кылсаң, кыйынчылыкка кабылбай койбойсуң.

«Акылмандыкты... сактап» жатасыңбы?

Акылмандык билим менен түшүнүктөн эмнеси менен айырмаланат? Муну билүү абдан пайдалуу.

Үмүттөнгөн нерселериңе болгон ишенимиңди бекемде

Кудайдын байыркы жана азыркы убактагы ишеними күчтүү кызматчыларынын үлгүсү бизге дем-шык берет. Сен канткенде ишенимиңди бекем сактай аласың?

Жахабанын убадаларына ишенериңди көрсөт

Ишеним деген эмне? Аны иш жүзүндө кантип көрсөтө аласың?

Билесиңби?

1-кылымда Рим өкмөтү жүйүт башкаруучуларына канчалык эркиндик берген? Байыркы убакта бирөөнүн талаасына отоо чөптүн уругун сээп кеткен учурлар чындап эле болгонбу?