Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын убадаларына ишенериңди көрсөт

Жахабанын убадаларына ишенериңди көрсөт

«Ишеним — бул... көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү» (ЕВР. 11:1).

ЫРЛАР: 54, 125

1. Ишенимге кандай карашыбыз керек?

КУДАЙДЫН кызматчылары ээ болгон ишеним — баа жеткис сапат. Ишеним бардык эле адамдарда боло бербейт (2 Тес. 3:2). Бирок Жахаба ар бир кызматчысына аны өрчүтүүгө жардам берип келет (Рим. 12:3; Гал. 5:22). Бул үчүн ага чексиз ыраазы болушубуз керек!

2, 3. а) Ишеним өрчүткөндөр кандай бата алышат? б) Бул макалада кайсы суроолор талкууланат?

2 Асмандагы Атабыз адамдарды өзүнө Уулу аркылуу жакындатат. Эгер Иса Машаякка ишенсек, күнөөлөрүбүз кечирилет. Бул болсо Жахаба менен түбөлүккө ынак мамиледе болууга шарт түзөт (Жкн. 6:44, 65; Рим. 6:23). Ушундай кереметтүү батага эмненин аркасында ээ болдук? Күнөөкөр болгондуктан баарыбыз өлүүгө тийиш болчубуз (Заб. 103:10). Ошентсе да Жахаба биздин жакшы иштерди кыла аларыбызга ишенген. Ошондуктан улуу ырайымынан улам жүрөгүбүздү ачып, жакшы кабарды кабыл алууга жардам берген. Ошентип, Иса Машаякка ишеним өрчүтө баштаганбыз жана мунун аркасында бизде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүт пайда болгон. (Оку: 1 Жакан 4:9, 10.)

3 Анда ишеним деген эмне? Ал келечекте Кудайдан кандай баталарды аларыбызды билип коюуну эле билдиреби? Андан да маанилүүсү, ишенимибизди кандай жолдор менен көрсөтүшүбүз керек?

ЖҮРӨГҮҢ МЕНЕН ИШЕН

4. Эмне үчүн ишеним бир нерсени акыл менен түшүнүп коюуну эле билдирбейт?

4 Ишеним Кудайдын ой-ниетин акылыбыз менен түшүнүп коюуну эле билдирбейт. Ал Кудайдын эркине ылайык иш кылууга түрткү бере турган күчкө ээ. Кудайдын адамзатты куткаруу үчүн көргөн чарасына болгон ишеним бизге жакшы кабарды башкаларга айтууга түрткү берет. Элчи Пабыл муну мындай деп түшүндүргөн: «Эгерде... Исанын Мырзабыз экенин эл алдында жарыялап жатсаң, Кудайдын аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың. Себеби адам жүрөгү менен ишенүү аркылуу адилдикке жетет, ал эми ишенимин эл алдында оозу менен жарыялоо аркылуу куткарылат» (Рим. 10:9, 10; 2 Кор. 4:13).

5. Ишеним өрчүтүү эмне үчүн абдан маанилүү жана аны канткенде бекем сактай алабыз? Мисал менен түшүндүр.

5 Ооба, Кудай убада кылган жаңы дүйнөдө түбөлүк өмүр сүрүш үчүн ишеним өрчүтүп, аны бекем сакташыбыз керек. Ишеним гүлгө окшош. Жасалма гүлдөн айырмаланып, өсүп жаткан гүл убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турат. Мисалы, ага убагында суу куюп турсак, күндөн күнгө кулпуруп өсө берет. Ал эми суу куйбай койсок, соолуп, атүгүл өлүп калат. Анын сыңарындай, ишенимибизди багып турбасак, ал соолуп отуруп, өлүп калат (Лк. 22:32; Евр. 3:12). Ал эми дайыма тийиштүү түрдө көңүл буруп турсак, күндөн күнгө «бекемделип», «күчтүү» боло берет (2 Тес. 1:3; Тит 2:2).

ИШЕНИМГЕ ЫЙЫК КИТЕПТЕ КАНДАЙ АНЫКТАМА БЕРИЛЕТ?

6. Еврейлер 11:1де ишеним кайсы эки нерсе менен байланыштырылат?

6 Ишенимге карата Ыйык Китепте берилген аныктаманы Еврейлер 11:1ден окуй алабыз. (Аятты оку.) Ишеним эки нерсе менен тыгыз байланышта: 1) «үмүттөнгөн нерселер». Аларга бүт жамандыктын жок кылынышы, жаңы замандын орношу сыяктуу Кудай убада кылган, бирок азырынча аткарыла элек окуялар кирет. 2) «Көрүнбөгөн нерселер». Аларга Жахаба Кудай, Иса Машаяк, периштелер, асмандагы Падышалыктын иштери сыяктуу көзгө көрүнбөгөн нерселер кирет. Аяттагы «айкын далилдер» деп берилген грек сөзү көзгө көрүнбөгөн ошондой нерселердин бар экенин тастыктаган далилдерге карата колдонулат (Евр. 11:3). Үмүтүбүздүн тирүү экенин жана Кудайдын Сөзүндө жазылган көзгө көрүнбөгөн нерселерге ишенерибизди кантип көрсөтө алабыз? Бул сөзүбүздөн да, ишибизден да көрүнүп турушу керек. Болбосо ишенимибиз толук болбой калат.

7. Нухтун үлгүсү ишеним көрсөтүү деген эмне экенин түшүнүүгө кандайча жардам берет? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

7 Еврейлер 11:7де Нух пайгамбардын ишеними жөнүндө айтылат. «Кудай ага көрүнө элек нерселер жөнүндө эскерткенде, Кудайдан коркорун көрсөтүп, үйүндөгүлөрү куткарылышы үчүн, кеме куруу» менен Нух пайгамбар ишенимин иш жүзүндө көрсөткөн. Айланасындагылардын андан эмне үчүн ошондой чоң кеме куруп жатканын сурашканы күмөнсүз. Нух пайгамбар ошондо унчукпай койгонбу же өз ишиңерди билгиле дегендей кылып койгонбу? Жок. Ишеними ага тайманбай кабар айтып, замандаштарына Кудайдын сот күнү келатканы тууралуу эскертүүгө түрткү берген. Нух Жахабанын: «Мен бүт адамзатты жок кылууну чечтим, анткени алардын айынан жер зордук-зомбулукка толуп кетти... Асман астындагы адамдар менен жан-жаныбарлардын баарын жок кылыш үчүн жер бетине топон суу каптатам. Жер бетиндегинин бардыгы өмүрүнөн ажырайт»,— деген сөздөрүн элге кайра-кайра айткан көрүнөт. Ошондой эле ал Кудайдын: «Кемеге... кир»,— деген буйругун кайталап, элге аман калуунун жалгыз жолу жөнүндө түшүндүрүп бергени шексиз. Ооба, Нух «адилдиктин кабарчысы» болуу менен да ишенимин иш жүзүндө көрсөткөн (Башт. 6:13, 17, 18; 2 Пет. 2:5).

8. Шакирт Жакып ыйык рухтун жетеги менен чыныгы ишеним жөнүндө эмне деп жазган?

8 Шакирт Жакып өзүнүн катын элчи Пабыл ишеним жөнүндө жазгандан көп өтпөй жазса керек. Пабылдай эле, Жакып чыныгы ишеним тек гана бир нерсеге ишенип коюуну эле эмес, аны иш жүзүндө көрсөтүүнү билдирерин түшүндүргөн. «Мага ишсиз ишенимиңди көрсөт, мен болсо сага ишенимимди иштерим менен көрсөтөм»,— деп жазган ал (Жкп. 2:18). Жакып андан ары тек гана ишенип коюунун жана ишенимди иш жүзүндө көрсөтүүнүн ортосундагы айырма жөнүндө кеп кылган. Мисалы, жиндер Кудайдын бар экенине ишенишет. Бирок алар чыныгы ишенимге ээ эмес, тескерисинче, Кудайдын ой-ниетинин аткарылышына катуу каршылык көрсөтүшөт (Жкп. 2:19, 20). Ал эми байыркы учурда жашаган ишеними күчтүү Ыбрайым пайгамбар жөнүндө Жакып: «Атабыз Ыбрайым уулу Ыскакты курмандык жайына жаткырып, иштеринин негизинде адил деп жарыяланган эмес беле? Көрдүңбү, анын ишеними иштери менен коштолгон жана иштери аркылуу ишеними жеткилеңдикке жеткен»,— деп жазган. Анан ишеним иштер менен коштолушу керектигин баса белгилеш үчүн: «Дене демсиз өлүк болгондой эле, ишсиз ишеним да өлүк»,— деген (Жкп. 2:21—23, 26).

9, 10. Элчи Жакандын жазгандары ишенимди иш жүзүндө көрсөтүү маанилүү экенин түшүнүүгө кандайча жардам берет?

9 Ошондон 30 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, элчи Жакан өзүнүн Инжилин жана үч катын жазган. Ал Кудайдын Ыйык Китепти жазууга катышкан башка кызматчыларынын чыныгы ишеним жөнүндө жазгандарын терең түшүнгөнбү? Ооба. Ал айрым аяттарда «ишенүү» же «ишеним көрсөтүү» деп которулган грек тилиндеги этишти ал кишилерге караганда көбүрөөк колдонгон.

10 Маселен, ал: «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот. Ал эми ким ага баш ийбесе, өмүргө ээ болбойт; ал Кудайдын каарына калат»,— деп жазган (Жкн. 3:36). Адамдын чыныгы ишенимге ээ экени Иса Машаяктын осуяттарын аткарганынан да көрүнөт. Жакан Иса Машаяктын ишеним жөнүндө айткан сөздөрүн көп келтирген (Жкн. 3:16; 6:29, 40; 11:25, 26; 14:1, 12).

11. Чындыкты билгенибизге ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

11 Ыйык руху аркылуу бизге чындыкты ачып берип, жакшы кабарга ишенүүгө жардам бергени үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! (Оку: Лука 10:21.) «Ишенимибиздин башчысы жана аны жеткилең кылуучу» болгон Уулу аркылуу бизди өзүнө жакындатканы үчүн ага дайыма ыраазычылык билдирип турушубуз керек (Евр. 12:2). Анын ырайымына ыраазы экенибизди көрсөтүүнүн бир жолу — дайыма тиленип, Ыйык Китепти изилдөө менен ишенимибизди бекемдеп туруу (Эф. 6:18; 1 Пет. 2:2).

Мүмкүнчүлүк болгон сайын кабар айтып, ишенимиңди иш жүзүндө көрсөт (12-абзацты кара)

12. Ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтүүнүн кандай жолдору бар?

12 Биз Жахабанын убадаларына ишенерибизди иштерибиз менен көрсөтүшүбүз керек. Мунун ар кандай жолдору бар. Алсак, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышабыз. Ошондой эле «баарына, өзгөчө, ишенимдештерибизге жакшылык кылабыз» (Гал. 6:10). «Эски табиятты иштери менен кошо чечип», Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетире турган нерселердин баарынан алыс болуш үчүн бүт күчүбүздү жумшайбыз (Кол. 3:5, 8—10).

КУДАЙГА БОЛГОН ИШЕНИМ — ПАЙДУБАЛДЫН БИР БӨЛҮГҮ

13. а) «Кудайга ишенүү» канчалык маанилүү? б) Ал эмнеге салыштырылат жана эмне үчүн?

13 Ыйык Китепте: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес, анткени Кудайга жакындагандар анын бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишениши керек»,— деп айтылат (Евр. 11:6). Ошондой эле анда «Кудайга ишенүү» анын чыныгы кызматчысы болуп, аягына чейин ошол жолдо калгысы келген ар бир киши үчүн зарыл болгон «пайдубалдын» бир бөлүгү катары сүрөттөлөт (Евр. 6:1). «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаш» үчүн ишенимибизди башка маанилүү сапаттар менен толукташыбыз керек. (Оку: 2 Петир 1:5—7; Жүй. 20, 21.)

14, 15. Эмне үчүн ишенимди эле эмес, сүйүүнү да өрчүтүшүбүз керек?

14 Грек Жазмаларын жазууга катышкандар ишеним жөнүндө жүздөгөн жолу сөз кылып, анын маанилүү сапат экенин баса белгилешкен. Ыйык Китепте башка сапаттар жөнүндө мынчалык көп айтылбайт. Бирок бул ишенимдин ал сапаттардан маанилүү экенин билдиреби?

15 Элчи Пабыл ишеним менен сүйүүнү салыштырып: «Эгер... тоолорду ордунан жылдыра алгыдай ишенимге ээ болсом, бирок менде сүйүү болбосо, анда мен эч ким эмесмин»,— деген (1 Кор. 13:2). «Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы?» — деген суроого жооп бергенде Иса пайгамбар Кудайга болгон сүйүү баарынан маанилүү экенин баса белгилеген (Мт. 22:35—40). Сүйүү өз ичине Кудайдын кызматчыларына керек болгон көптөгөн сапаттарды, анын ичинде ишенимди да камтыйт. Ыйык Китепте: «Сүйүү... баарына ишенет»,— деп айтылат. Ырас, сүйүү Кудайдын Сөзүндө жазылгандардын баарына ишенет (1 Кор. 13:4, 7).

16, 17. а) Ыйык Жазмада ишеним менен сүйүү кандайча чогуу колдонулган? б) Кайсынысы маанилүүрөөк жана эмне үчүн?

16 Ишеним да, сүйүү да маанилүү сапат болгондуктан, Грек Жазмаларын жазууга катышкандар ал экөөнү чогуу жазган аяттар көп кездешет. Алсак, Пабыл ишенимдештерин: «Ишеним менен сүйүүнү соот кылып... киели»,— деп үндөгөн (1 Тес. 5:8). Петир болсо: «Машаякты эч качан көрбөсөңөр да, силер аны жакшы көрөсүңөр. Азыр да көрбөгөнүңөргө карабай, ага ишенип... жатасыңар»,— деп айткан (1 Пет. 1:8). Ал эми Жакып майланган бир туугандарына: «Ишеним аркылуу бай болушсун жана Өзүн сүйгөндөргө убада кылган Падышалыктын мураскорлору болушсун деп, Кудай дүйнөдө жарды эсептелгендерди тандап алган эмес беле?» — деген (Жкп. 2:5). Жакан: «Анын [Кудайдын] осуяты бул: Уулу Иса Машаяктын ысмына ишенип, ал осуят кылгандай, бири-бирибизди сүйүшүбүз керек»,— деп жазган (1 Жкн. 3:23).

17 Ишеним маанилүү сапат болсо да, келечекте Кудайдын убадаларынын аткарылганын жана үмүтүбүздүн ишке ашканын көргөнүбүздө, ал сапаттын зарылдыгы болбой калат. Ал эми Кудайга жана жакындарыбызга болгон сүйүүнү түбөлүккө өрчүтө беришибиз керек болот. Ошондуктан Пабыл: «Азыр биз ишенимге, үмүткө, сүйүүгө ээбиз, мына ушул үчөө калат. Бирок алардын эң маанилүүсү — сүйүү»,— деп айткан (1 Кор. 13:13).

ИШЕНИМДИН АЙКЫН ДАЛИЛИ

18, 19. Кудайдын кызматчыларынын ишеними эмнеден айкын көрүнүүдө жана бул үчүн ким даңкталышы керек?

18 Бүгүнкү күндө Жахабанын эли анын Падышалыгына ишенерин көрсөтүүдө. Мунун натыйжасында рухий бейиш улам көркүнө чыгып, андан сегиз миллиондон ашык киши ырахат алып жатат. Ал бейиш ыйык рухтун жемишине бай (Гал. 5:22, 23). Мындан Кудайдын кызматчыларынын чыныгы ишеним менен сүйүүгө ээ экени айкын көрүнүп турат!

19 Ушундай жетишкендикке Кудайдын жардамы менен гана жетүүдөбүз. Ыйык Китепте айтылгандай, «бул Жахабанын атагын чыгарат, түбөлүккө өчпөс белги болот» (Ыш. 55:13). Ооба, ишенимибиз аркылуу куткарылганыбыз — Кудайдын белеги (Эф. 2:8). Бүт жер бети жеткилең, адил, бактылуу, Жахабанын ысмын түбөлүктөн түбөлүккө даңктай турган адамдарга толгуча, рухий бейишибиз гүлдөп-өсө берет. Андыктан, келгиле, Жахабанын убадаларына ишенерибизди мындан ары да көрсөтө берели!