Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ар дайым чындыкты айталы

Ар дайым чындыкты айталы

«Бири-бириңерге чындыкты айткыла» (ЗАК. 8:16).

ЫРЛАР: 56, 124

1, 2. Бүтүндөй адамзатка эмне чоң залакасын тийгизген жана ага ким жооптуу болгон?

ТЕЛЕФОН, лампочка, автоунаа, муздаткыч сыяктуу нерселер пайда болгондон бери күнүмдүк жашообуз бир топ жеңилдеди. Анткен менен ок атуучу куралдар, жардыруучу заттар, тамеки, атом бомбасы сыяктуу нерселер чыгарылгандан тартып, адамдын өмүрүнө коркунуч туулууда. Бирок ушулардын баарынан мурун пайда болгон жана бүтүндөй адамзатка чоң залакасын тийгизген бир нерсе бар. Ал эмне? Калп. Бул — кимдир бирөөнү адаштырыш үчүн айтылган жалган маалымат. Эң биринчи ким калп айткан? Шайтан Ибилис. Иса Машаяк аны «жалгандын атасы» деген. (Оку: Жакан 8:44.) Шайтан биринчи жолу качан калп айткан?

2 Миңдеген жылдар мурун. Ал убакта алгачкы түгөйлөр Адам ата менен Обо эне Эйден багында, Жахаба жаратып берген бейиште, ырахаттанып жашачу. Кудайдын аларга: «Жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»,— деп буйрук бергенин Ибилис да билчү. Ал жыланды колдонуп, Обо энеге: «Жок, өлбөйсүңөр»,— деп биринчи калпты айткан. Анан: «Кудай силердин андан жеген күнү көзүңөр ачыларын, жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каларыңарды билет»,— деген (Башт. 2:15—17; 3:1—5).

3. Эмне себептен Шайтан кара ниеттик менен калп айткан десе болот жана анын кесепети кандай болгон?

3 Шайтандын калп айтканы кара ниеттикке жаткан. Анткени ал, эгер Обо эне ишенип, жемиштен жей турган болсо, өмүрүнөн айрыларын жакшы билген. Адам ата менен Обо эне анын тилине кирип, Жахабанын буйругун бузгандыктан акыры өлүшкөн (Башт. 3:6; 5:5). Ал эле эмес, Адам атанын күнөөсү «аркылуу өлүм... бардык адамдарга өткөн». Өлүм болсо «Адамдын кылмышындай күнөө кылбагандардын үстүнөн да падыша катары бийлик кылып келет» (Рим. 5:12, 14). Кудай башында ниет кылган жеткилеңдиктен, түбөлүк өмүрдөн айрылып калгандыктан биз «жетимиш жыл, адаттагыдан күүлүү-күчтүү болсок, сексен жыл» гана жашайбыз. Ал жылдарыбыз да «түйшүк менен кайгы-капага толгон» (Заб. 90:10). Шайтандын калпы кандай гана каргашалуу болгон!

4. а) Кайсы суроолорго жооп алганыбыз маанилүү? б) Забур 15:1, 2ге ылайык, кимдер гана Жахабанын досу боло алат?

4 Жакан 8:44тө Иса Машаяк Ибилис тууралуу: «Ал... чындыктан четтеп кеткен, анткени анда чындык жок»,— деп айткан. Шайтан дагы деле ошондой. Ал ар кандай калпты жайылтып, «бүт жер жүзүн адаштырып жүрөт» (Аян 12:9). Биз ага алданып калгыбыз келбейт. Ошондуктан бул үч суроону карап чыкканыбыз маанилүү: Шайтан адамдарды кантип адаштырат? Эмне үчүн көптөр калп айтышат? Адам ата менен Обо энеге окшоп Жахаба менен болгон достугубуздан айрылып калбаш үчүн, канткенде бардык учурда чынчыл боло алабыз? (Оку: Забур 15:1, 2.)

ШАЙТАН АДАМДАРДЫ КАНТИП АДАШТЫРАТ?

5. Шайтан адамдарды кантип адаштырууда?

5 Элчи Пабыл Шайтандын «айла-амалдары бизге белгилүү» болгондуктан, анын тузактарынан кача аларыбызды айткан (2 Кор. 2:11). Биз бүт дүйнөнүн, анын ичинде жалган диндин, ыпылас саясаттын жана ач көздүккө сугарылган коммерция түзүлүшүнүн Ибилистин бийлиги астында экенин билебиз (1 Жкн. 5:19). Шайтан менен анын жин-перилери таасир эткендиктен, көрүнүктүү абалды ээлегендер каратып туруп эле калп айта беришет (1 Тим. 4:1, 2). Алсак, соода-сатык жүргүзгөн чоң ишкерлер ден соолукка зыяндуу нерселерди чыгарып, аларды өткөрүш үчүн амалкөйлүк менен жарнамалашат.

6, 7. а) Эмне себептен жалган окууларды тараткан диний жетекчилердин күнөөсү өзгөчө чоң деп айтууга болот? б) Диний жетекчилер кандай окууларды таратышат?

6 Жалган окууларды тараткан диний жетекчилер жөнүндө айта турган болсок, алардын күнөөсү өзгөчө чоң. Анткени алардын калпына ишенип калгандардын келечегине коркунуч туулат. Мисалы, кимдир бирөө алардын жалган окуусун кабыл алып, ошонун кесепетинде Кудай айыптаган нерсени кылса, түбөлүк өмүрдөн айрылып калышы мүмкүн (Ош. 4:9). Иса пайгамбар да өзүнүн күндөрүндөгү диний кызматчылардын адамдарды адаштырарын ачык эле айткан. Ал мындай деген: «Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Диниңерди бир киши болсо да кабыл алышы үчүн, жер-суунун баарын кыдырып чыгасыңар. Ал эми ал максатыңарга жеткенде, аны өзүңөрдөн эки эсе жаман, гээнага [толук жок болууну билдирет] таштала турган кишиге айлантасыңар» (Мт. 23:15, шилт.). Иса Машаяк жалган диндин башчыларын ушинтип катуу айыптаган. Ооба, алар «башынан эле киши өлтүргүч болгон» Ибилистин балдары болушкан (Жкн. 8:44).

7 Бүгүнкү күндө пастор, дин кызматчы, раввин же дагы башка ушу сыяктуу наамдарды алып жүргөн диний жетекчилер аябагандай көп. 1-кылымдагы диний башчыларга окшоп, алар Кудайдын Сөзүндөгү «чындыкты... басып», аны «жалгандыкка алмаштырып» жатышат (Рим. 1:18, 25). Алар тозок оту, жандын өлбөстүгү, жандын башка түргө өтүшү сыяктуу жалган окууларды, ошондой эле Кудай гомосексуалдарды жана алардын никеге турушун айыптабайт деген акылга сыйбаган ойду жайылтышууда.

8. Саясий төбөлдөр жакында кандай калпты жарыялашат жана биз ага кандай карашыбыз керек?

8 Саясатчылар да ар кандай жалган маалыматтарды айтып, адамдарды адаштырууда. Жакында алар: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жарыялашат. Бирок бул алардын эң чоң калптарынын бири болот. Анткени ошондо «алардын кыйратылуусу... капысынан келет». Биз аларга ишенип, дүйнөнүн абалы канчалык опурталдуу экенин эсибизден чыгарып койбошубуз керек. Себеби биз «Жахабанын күнү түн жамынган уурудай болуп келерин жакшы билебиз» (1 Тес. 5:1—4).

ЭМНЕ ҮЧҮН КӨПТӨР КАЛП АЙТАТ?

9, 10. а) Адамдар эмне үчүн калп айтышат жана анын кесепети кандай болууда? б) Жахаба жөнүндө эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

9 Жаңы чыккан кайсы бир нерсе көпчүлүктүн көңүлүнө жагып калса, көп санда чыгарыла баштайт. Калп тууралуу да ушуну айтууга болот. Бүгүнкү күндө калп айтуу ушунчалык кеңири тарагандыктан, таасирдүү кишилер эле эмес, башкалар да жалган айтышат. Бир журналга чыккан «Эмне үчүн калп айтабыз?» деген макалада «калп айтуу адам баласынын кан-жанына сиңген нерсе» экени айтылган. Адамдар көбүнчө өздөрүн коргош үчүн же көздөгөнүнө жетиш үчүн жалган сүйлөшөт. Мисалы, алар ката-кемчиликтерин, туура эмес иштерин жаап-жашыруу үчүн же материалдык жактан пайда көрүш үчүн, же болбосо өз мүдөөсүн ишке ашырыш үчүн алдашат. Макалада айрымдардын «чоочун кишилерге, чогуу иштешкендерге, досторуна, атүгүл эң жакын адамдарына» оозу-мурду кыйшайбай туруп эле калп айтары айтылган («National Geographic»).

10 Мунун кесепети кандай болууда? Көптөр бири-бирине ишенбей, ортодогу мамилелер бузулууда. Маселен, аялдын ага берилгендигин сактаган күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, аны жашырыш үчүн калп айтканы кандай гана жүрөк оорутарлык. Же күйөөсүнүн эч ким жокто аялын, балдарын чучукка жеткен сөздөр менен кордоп же аларга кол көтөрүп, бирок элдин көзүнчө өзүн үлгүлүү үй-бүлө башчысындай кылып көрсөткөнү кандай гана иренжитерлик. Бирок андай эки жүздүүлөр Жахабадан эч нерсени жашыра алышпаарын, «анын көз алдында баары ачык-айкын» экенин унутпашыбыз керек (Евр. 4:13).

11. Анания менен Сафиранын окуясынан эмнеге үйрөнсөк болот? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

11 Ыйык Китепте биринчи кылымда жашаган Анания менен Сафира деген жубайлардын терс үлгүсү жазылган. Алар Шайтанга жүрөктөрүнөн «орун берип», Кудайга калп айтышкан. Экөө өз ара сүйлөшүп, элчилерди алдаганга аракет кылышкан. Алар мүлкүн сатып, түшкөн акчасынын бир эле бөлүгүн элчилерге алып келишкен да, баарын алып келдик деп айтышкан. Муну менен жыйналыштагыларга өздөрүн берешен кылып көрсөткүсү келген. Бирок Жахаба алардын арам оюн көрүп турган, ошон үчүн экөөнү тең жазалаган (Элч. 5:1—10).

12. Кара ниеттик менен калп айтканына өкүнбөгөндөр эмне болушат жана эмне үчүн?

12 Жахаба жалганчылыкка кандай карайт? Шайтан, ошондой эле ага окшоп кара ниеттик менен калп айткан жана ошенткенине өкүнбөгөндөрдүн баары «оттуу... көлгө ыргытылат» (Аян 20:10; 21:8; Заб. 5:6). Эмне үчүн? Анткени Жахабанын көз алдында андай жалганчылар «жийиркеничтүү иштерди кылгандар» менен бирдей (Аян 22:15, шилт.).

13. Жахаба кандай Кудай жана муну билүү бизге эмне кылууга түрткү берет?

13 Биз Жахабанын «калп айткыдай,.. адам эмес» экенин билебиз. Ал «калп айта албайт» (Сан. 23:19; Евр. 6:18). Жахаба «жалган тилди» жек көрөт (Накыл 6:16, 17). Ага жагыш үчүн дайыма чынчыл болушубуз керек. Ошондуктан бири-бирибизге эч убакта «калп айтпайбыз» (Кол. 3:9).

БИРИ-БИРИБИЗГЕ «ЧЫНДЫКТЫ АЙТАЛЫ»

14. а) Кудайдын чыныгы кызматчылары жалган диндегилерден эмнеси менен айырмаланат? б) Лука 6:45теги принципти түшүндүрүп бер.

14 Кудайдын чыныгы кызматчыларын жалган диндегилерден айырмалап турган нерселердин бири алар бири-бирине «чындыкты айтат». (Оку: Закарыя 8:16, 17.) Бул тууралуу элчи Пабыл: «Өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтөбүз. Муну... чындык сөздөрү... менен көрсөтөбүз»,— деген (2 Кор. 6:4, 7). Иса Машаяк болсо: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деп айткан (Лк. 6:45). Демек, адам жүрөгүндө чынчыл болсо, ал дайыма чындыкты айтат. Кандай жагдай болбосун, ал чоочун кишилерге, чогуу иштешкендерге, досторуна, жакын адамдарына эч убакта калп айтпайт. Анда эмесе, бардык учурда чынчыл экенибизди кантип көрсөтө аларыбызга байланыштуу бир нече мисалга токтололу.

Бул бир туугандын кылганы эмне үчүн туура эмес? (15, 16-абзацтарды кара)

15. а) Эки түрдүү жашоо өткөрүү эмне үчүн акылдуулукка жатпайт? б) Жаштар канткенде курдаштарынын кысымына туруштук бере алышат? (Шилтемени кара.)

15 Эгер сен жаш бир тууган болсоң жана курдаштарыңдан айырмалангың келбесе, эмне кылсаң болот? Андай учурда айрымдар эки түрлүү жашоо өткөрө башташат. Алар үйүндө жана жыйналышта өздөрүн адептүү алып жүрүшөт, ал эми Жахабага кызмат кылбаган жаштардын арасында, ошондой эле социалдык тармактарды колдонууда таптакыр башкача иш кылышат. Алсак, кээ бирлери жаман сөздөрдү айтып, сөгүнүп-сагынат, адепсиз кийинет, жаман ырларды, музыкаларды угат, ичимдик ичип, баңгизат колдонот, Жахабага сыйынбаган адам менен кыз-жигит болуп жашыруун сүйлөшөт же андан да жаман иштерди кылат. Алар ата-энесинин, ишенимдештеринин, Кудайдын алдында чыныгы жүзүн жашырып, эки жүздүүлүк кылышат (Заб. 26:4, 5). Эгер Жахабаны оозубуз менен эле урматтап, бирок жүрөгүбүз андан алыс болсо, ал муну дароо эле байкайт (Мр. 7:6). Андыктан: «Жүрөгүң күнөөкөрлөргө көз артпасын, күнү бою Жахабадан коркуп турсун»,— деген сөздөргө кулак какканыбыз алда канча жакшы (Накыл 23:17) *.

16. Толук убакыт кызматтын кайсы бир түрүнө арыз толтурууда чынчыл экенибизди кантип көрсөтөбүз?

16 Балким, үзгүлтүксүз пионер болууну же атайын толук убакыт кызматтын кайсы бир түрүн баштоону, мисалы, Бейтелде кызмат кылууну ойлонуп жүргөндүрсүң. Арыз толтуруп жатканда ден соолукка, көңүл ачууга жана адеп-ахлактыкка байланыштуу берилген суроолордун баарына чынчылдык менен жооп бергениң маанилүү (Евр. 13:18). Эгер ыпыластыкка жаткан же абийириңди кыйнаган иш кылып алган болсоң, бирок аксакалдар аны билбесе, эмне кылганың туура? Аларга кайрылып, жардам сура. Мунун аркасында таза абийир менен кызмат кыла аласың (Рим. 9:1; Гал. 6:1).

17. Бийликтегилер суракка алганда, эмне кылганыбыз туура?

17 Эгер сен жашаган өлкөдө кабар айтуу ишине кандайдыр бир чектөө коюлса жана бийликтегилер сени суракка алыш үчүн чакыртса, эмне кылсаң болот? Аларга баарын айтып беришиң керекпи? Рим башкаруучусу Исаны суракка алганда, ал эмне кылды эле? Ыйык Китептеги: «Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар»,— деген принципке ылайык, ал анын айрым суроолоруна эч нерсе деп жооп берген эмес (Нас. 3:1, 7; Мт. 27:11—14). Бир туугандарга коркунуч туулбашы үчүн, биз да кыраакылык менен иш кылганыбыз зарыл (Накыл 10:19; 11:12).

Качан унчукпаш керектигин, качан чындыкты айтыш керектигин кантип аныктасаң болот? (17, 18-абзацтарды кара)

18. Аксакалдар бир туугандар жөнүндө сураганда, эмне кылышыбыз керек?

18 Жыйналыштагы кайсы бир ишенимдешиңдин олуттуу күнөө кылып алганын билсең, кандай кылганың туура болот? Андайда аксакалдар сенден ал тууралуу сурашы мүмкүн. Анткени алар жыйналышты таза сактоого жооптуу. Ал эми күнөө кылып алган киши жакын досуң же тууганың болсочу? Ыйык Китепте «ишенимдүүлүк менен сүйлөгөн» киши чындыкты айтары жазылган (Накыл 12:17; 21:28). Андыктан эч нерсени бурмалабай, жашырбай, аксакалдарга болгонун болгондой айтып берүүгө милдеттүүсүң. Күнөө кылган кишиге Жахаба менен болгон мамилесин калыбына келтирүүгө кантип жардам берсе болорун аныкташ үчүн аксакалдар баарын билүүгө укуктуу (Жкп. 5:14, 15).

19. Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

19 Забурчу Дөөтү Жахабага: «Сен жүрөктөгү ишенимдүүлүктү жакшы көрөсүң»,— деп айткан (Заб. 51:6). Ал чынчылдык адамдын жүрөгүнөн чыгарын жакшы билген. Кудайдын чыныгы кызматчылары болгондуктан биз бардык учурда бири-бирибизге чындыкты айтабыз. Биз кызматта жолуктурган адамдарга Кудайдын Сөзүндөгү чындыктарды айтканыбыз менен да айырмаланып турабыз. Эмки макалада аны кантип кылсак болору талкууланат.

^ 15-абз. Кара: «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер», 2-том, 15-бөлүм, «Кысымга кантип туруштук берем?»; 16-бөлүм, «Эки жүздүү жашоо. Кантип токтотом?»