Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жагдайыбыз өзгөрсө да, жан дүйнө тынчтыгын сактай алабыз

Жагдайыбыз өзгөрсө да, жан дүйнө тынчтыгын сактай алабыз

«Мен жанымды сооротом, тынчтандырам» (ЗАБ. 131:2).

ЫРЛАР: 128, 129

1, 2. а) Жагдайы күтүлбөгөн жерден өзгөргөндө, кээ бир бир туугандар өздөрүн кандай сезиши мүмкүн? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) 131-забурга ылайык, жан дүйнө тынчтыгын сактоого эмне жардам берет?

БЕЙТЕЛДЕ 25 жылдан ашуун убакыт кызмат кылгандан кийин пионер болуп дайындалышканда Лойд менен Александра башында аябай жаман болушкан. Лойд өзүн Бейтелсиз элестете алчу эмес, ал жакта аткарган кызматын да аябай жакшы көрчү. Ал мындай деп бөлүшөт: «Өзгөрүүнүн себебин акылым менен түшүнүп жатсам да, ал тууралуу уккандан кийинки бир нече жума, атүгүл айлар бою өзүмдү эч кимге керегим жоктой сезип жүрдүм. Бирде оң маанай сактасам, бирде көңүлүм чөгүп, сезимдерим өйдө-ылдый боло берди».

2 Кандайдыр бир күтүлбөгөн өзгөрүү болгондо, санаага батышыбыз, тынчсызданышыбыз мүмкүн (Накыл 12:25). Атүгүл аны кабыл алуу оңой болбошу ыктымал. Андайда канткенде жан дүйнө бейкуттугуна ээ боло алабыз? (Оку: Забур 131:1—3.) Келгиле, Ыйык Китептеги айрым инсандардын жана Кудайдын бүгүнкү күндөгү кээ бир кызматчыларынын жашоодогу ар кандай өзгөрүүлөргө карабай кантип жан дүйнө тынчтыгын сактай алганына токтололу.

«КУДАЙДЫН... ТЫНЧТЫГЫНА» ЭЭ БОЛУУ

3. Жусуп кандай жагдайга кабылган?

3 Жусуп атасынын жанынан артык көргөн уулу болгон. Көрө албастыкка ууккан агалары кулчулукка сатып жиберишкенде, ал 17 жаштарда болчу (Башт. 37:2—4, 23—28). Ошентип, сүйүктүү атасынан алыста, Мисир жеринде, 13 жылдай азап тарткан. Ошол убакыт аралыгында кул да болгон, түрмөдө да отурган. Ага ачуулуу болуп калбаганга, жакшылыктан үмүтүн үзбөгөнгө эмне жардам берген?

4. а) Түрмөдө отурганда Жусуп көңүлүн эмнеге топтогон? б) Жахаба Жусуптун тиленүүлөрүнө кантип жооп берген?

4 Түрмөдөн далай запкы көрсө да, Жусуп бүт көңүлүн Жахабанын берип жаткан баталарына топтогон (Башт. 39:21; Заб. 105:17—19). Бир нече жыл мурун көргөн пайгамбарлык мааниси бар түштөрүнөн улам да ал Жахабанын ырайымына ээ экенине бекем ишенсе керек (Башт. 37:5—11). Жусуптун жүрөгүндөгү кайгысын Жахабага айтып, көп тиленгени шексиз (Заб. 145:18). Жахаба анын тиленүүлөрүнө кантип жооп берген? Ал аны, кандай кыйынчылыкка кабылбасын, дайыма жанында болоруна ынандырган (Элч. 7:9, 10) *.

5. «Кудайдын... тынчтыгы» рухий максаттарга умтулууга кандайча жардам берет?

5 Башыбызга мүшкүл түшкөндө биз да «Кудайдын... тынчтыгы» жан дүйнөбүздү тынчтандырып, санаага батып кетпегенге жардам берип жатканын сезе алабыз. (Оку: Филипиликтер 4:6, 7.) Андыктан ичибиз уйгу-туйгу болгондо Жахабага кайрылсак, анын тынчтыгы бизге кыйынчылыктарга багынып калбай, рухий максаттарга жетүүгө чечкиндүү болууга көмөк кылат. Буга байланыштуу бир нече ишенимдешибиздин окуясын карап көрөлү.

ЖАН ДҮЙНӨ ТЫНЧТЫГЫНА КАЙРАДАН ЭЭ БОЛУШ ҮЧҮН ЖАХАБАГА КАЙРЫЛГЫЛА

6, 7. Жахабага ичибиздегини ачык айтып тиленүү жан дүйнө тынчтыгына ээ болууга кандайча көмөк кылат? Мисал келтиргиле.

6 Убактылуу атайын пионердик кызматы токтой турганын билишкенде Райэн менен Жулиит өздөрүн четке кагылгандай сезип, жаман болушкан. «Биз сезимдерибизди дароо эле Жахабага айттык,— дейт Райэн.— Бул ага канчалык таянарыбызды көрсөтүү үчүн түзүлгөн өзгөчө мүмкүнчүлүк экенин түшүнүп жаттык. Жыйналыштагылардын көбү чындык жолуна жаңы эле түшкөндүктөн, Жахабадан ага ишеним артуу жагынан аларга жакшы үлгү болууга жардам беришин сурап тилендик».

7 Жахаба алардын тиленүүсүнө кантип жооп берген? Райэн мындай деп эскерет: «Тиленер замат терс сезимдерибиз, тынчыбызды алган ойлор буудай тарап кетти. Кудайдын тынчтыгы акылыбыз менен жүрөгүбүздү коргоп жатканын сездик. Эгер оң маанай сактасак, Жахаба бизди андан ары да колдоно берерин түшүндүк».

8—10. а) Кудайдын руху кыйынчылыктар менен күрөшүүгө кантип көмөк кылат? б) Рухий иштерге умтула берсек, Жахаба кандай жолдор менен жардам бериши мүмкүн?

8 Кудайдын руху жан дүйнөбүздү тынчтандыргандан сырткары, рухий иштерге көңүл топтогонго жардам бере турган аяттарды эсибизге салат. (Оку: Жакан 14:26, 27.) Мурда Бейтелде 25 жылдай кызмат кылган Филип менен Мэрини мисалга алалы. Төрт айдын ичинде экөөнүн тең апасы, ошондой эле Филиптин туугандарынын бири каза болуп калган. Андан сырткары, алар Мэринин кем акылдыкка чалдыккан атасына кам көрө башташкан.

9 Филип мындай дейт: «Кыйынчылыктар менен жакшы эле күрөшүп жатам деп ойлочумун, бирок бир нерсе жетишпей жатыптыр. Мени „Күзөт мунарасындагы“ бир изилдөө макаласында келтирилген Колосалыктар 1:11деги сөздөр ойлондурду. Көрсө, туруктуу болгонум менен, аны толук көрсөтпөй жатыптырмын. Мен „акырына чейин чыдамкайлык, кубаныч менен туруктуу болушум“ керектигин түшүндүм. Ал аят жүрөгүмдөгү кубаныч жагдай-шартыман эмес, Кудайдын рухунун жашоомо канчалык таасир этип жатканынан көз каранды экенин эсиме салды».

10 Филип менен Мэри эч нерсеге карабай рухий иштерге умтула бергени үчүн Жахабадан мол бата алышкан. Бейтелден кеткенинен көп өтпөй эле экөө тең Ыйык Китепти жумасына бир нече жолу изилдегиси келген адамдарга жолуккан. Артка кылчая карап, Мэри: «Алар биздин кубанычыбыз болду. Жахаба бизге алар аркылуу баары жакшы болот деп айтып жаткандай эле сезилди»,— дейт.

ЖАХАБА ИШ-АРАКЕТКЕ БАТАСЫН БЕРЕТ

Жусуптан эмнеге үйрөнсөк болот? (11—13-абзацтарды карагыла)

11, 12. а) Жахаба батасын бериши үчүн, Жусуп эмне кылган? б) Туруктуулугу үчүн Жусуп кандай сыйлык алган?

11 Жашообуз күтүлбөгөн жерден башка нукка бурулуп кеткенде, эртеңки күнүбүздү ойлоп, коркушубуз ыктымал. Жусуп да ушинтип түпөйүлдөнүшү мүмкүн эле. Бирок ал жагдайына жараша колунан келгенди кыла берсе, Жахаба сөзсүз батасын берерине ишенген. Потипардын үйүндө кандай күжүрмөн эмгектенсе, түрмөдө отурганда да ошонусунан жазган эмес. Ал өзүнө тапшырылган иштерди жан-дили менен аткара берген (Башт. 39:21—23).

12 Күндөрдүн биринде Жусупка мурун фараондун ак сарайында көрүнүктүү абалды ээлеген эки кишиге кам көрүү тапшырылган. Жусуптун боорукердик менен кылган мамилесинен улам бир жолу ал экөө ичиндеги ойлорун аны менен бөлүшүп, түндө көргөн түшүнүксүз түштөрүн айтып беришкен (Башт. 40:5—8). Мунун аягы кийин эң сонун болуп бүтөрүн Жусуп ошондо билген эмес. Дагы эки жыл түрмөдө отургандан кийин ал бошотулуп, ошол эле күнү фараондон кийинки башкаруучу болуп дайындалган (Башт. 41:1, 14—16, 39—41).

13. Кандай жагдайга кабылбайлы, Жахаба батасын бериши үчүн, эмне кылышыбыз керек?

13 Биз да, Жусупка окшоп, жарга такалгандай абалга туш болушубуз мүмкүн. Жагдайыбызды өзгөртө албасак да, чыдамдуу болуп, колубуздан келгенди кыла бергенибиз жакшы. Ошондо Жахаба батасын берет (Заб. 37:5). Кээде «эмне кыларыбызды билбей» калышыбыз мүмкүн, бирок, элчи Пабыл айткандай, эч качан «үмүт үзгүдөй абалда калбайбыз» (2 Кор. 4:8). Эгер дайыма кызмат менен алек боло берсек, Пабылдын сөздөрүнүн калетсиз экенине өз тажрыйбабыздан ынанабыз.

КӨҢҮЛҮҢӨРДҮ КЫЗМАТКА ТОПТОЙ БЕРГИЛЕ

14—16. Улам жагдай-шарты өзгөргөнүнө карабай, Филип кандайча бүт көңүлүн кызматка топтогон?

14 Филип деген шакирт жагдай-шарты өзгөргөнүнө карабай, кызматка көңүл топтоо жагынан мыкты үлгү калтырган. Ал Иерусалимде өзүнө тапшырылган жаңы ишти аткарып жүргөн (Элч. 6:1—6). Ошол убакта Степан * деген шакирт мыкаачылык менен өлтүрүлүп, катуу куугунтук башталган. Анын натыйжасында Исанын жолдоочулары ар кайсы жакка чачырап кетишкен. Бирок Филип ындыны өчүп отуруп калган эмес. Ал ошол убакта жакшы кабар жете элек чоң шаарга, Самарияга, барып кабар айта баштаган (Мт. 10:5; Элч. 8:1, 5).

15 Филип, ыйык рух каякка жетектесе, ошол жакка барууга даяр болгондуктан, Жахаба аны жаңы аймактарга кабар айтууга колдонгон. Анын бет карамалык кылбаганы жүйүттөргө жек көрүндү болуп келген самариялыктарды абдан бекемдеген. Ошондуктан ал айткан жакшы кабарга кулак салышкан (Элч. 8:6—8).

16 Андан соң Кудайдын руху Филипти Азот менен Кесарияга барууга жетектеген. Ал эки шаардын тургундарынын көбү башка улуттан болчу (Элч. 8:39, 40). Ал жакта өткөргөн 20 жылдай убакыттын ичинде Филиптин жашоосунда дагы башка өзгөрүүлөр болгон. Кыязы, ал ошол жерге отурукташып, очор-бачар болгон. Бирок ар кандай өзгөрүүлөргө карабай Филип бүт көңүлүн кызматка топтогон. Натыйжада Жахаба ага жана анын үй-бүлөсүнө батасын берген (Элч. 21:8, 9).

17, 18. Кызматка көңүл топтоо жагдай-шартыбыз өзгөргөндө да тең салмактуу болууга кандайча жардам берет?

17 Толук убакыт кызмат кылган көптөгөн бир туугандар кызматка көңүл топтоо жагдай-шарты өзгөргөндө да тең салмактуу болууга жардам бергенин айтышат. Түштүк Африкадан болгон Осборн менен Полайт Бейтелден кеткенден кийин бат эле көп убакытты албаган жумуш, жашаганга жай табат болушубуз керек деп ойлошкон. «Тилекке каршы, жумуш биз ойлогондой бат эле табыла калган жок»,— дейт Осборн. Аялы болсо: «Үч айдай жумушсуз жүрдүк. Топтогон акчабыз да жок болчу. Ошол учурда аябай кыйналдык»,— деп бөлүшөт.

18 Аларга багынбаганга эмне жардам берген? Осборн мындай дейт: «Жыйналыштагылар менен кызматташуу оюбузду туура нерсеге топтоп, оң маанай сактаганга чоң жардам берди. Биз ар кайсы нерсеге тынчсызданып отура бербей, кабар айтуу ишине бүт убактыбызды арноону чечтик. Ошонун аркасында зор кубаныч алдык. Жумуш табыш үчүн көп издендик, бирок акыры таптык».

ЖАХАБАНЫ ЧЫДАМДУУЛУК МЕНЕН КҮТКҮЛӨ

19—21. а) Жан дүйнө тынчтыгын сактоого эмне жардам берет? б) Жаңы шартка ылайыкташуунун кандай пайдасы бар?

19 Жогорудагы окуялар көрсөтүп тургандай, жагдайыбызга жараша колубуздан келишинче аракет кылып, Жахабаны бекем ишеним менен күтсөк, жан дүйнө тынчтыгын сактай алабыз. (Оку: Микей 7:7.) Убакыттын өтүшү менен жаңы шартка ылайыкташуунун аркасында Жахаба менен болгон мамилебиз бекем болуп калганын байкашыбыз мүмкүн. Буга чейинки абзацтардын биринде айтылган Полайт мындай дейт: «Кызматтын башка түрүнө дайындалгандан кийин, кыйын кезеңде да Жахабага таянуу деген чындап эмнени билдирерин түшүндүм. Аны менен болгон мамилем мурункудан да бекем болуп калды».

20 Жогоруда сөз кылынган Мэри карыган атасын да карап, пионердик кызматын да улантып жатат. Ал мындай деп бөлүшөт: «Кайсы бир нерсеге тынчсызданганда бир азга токтоп, тиленип, көңүлүмдү жай алдырганга аракет кылышым керектигин үйрөндүм. Бардык нерсени Жахабанын колуна тапшыруу мен үйрөнгөн эң маанилүү нерселердин бири болду деп ойлойм. Келечекте мунун аябай эле пайдасы тиет».

21 Макаланын башында сөз кылынган Лойд менен Александра жагдайы өзгөргөндө ишеними күтүлбөгөн жолдор менен сыналганын айтышат. Бирок алар мындай дейт: «Сыноолордун аркасында ишенимиңдин канчалык бекем экени жана кыйын учурда чөкпөгөнгө, сооронгонго жардам бергидей күчтүү экени айкын болот. Кыйынчылыктар адамды жакшы жакка өзгөртөт».

Күтүлбөгөн өзгөрүүлөр күтүлбөгөн баталарды алып келет (19—21-абзацтарды карагыла)

22. Жагдайыбызга жараша колубуздан келгендин баарын кыла берсек, натыйжасы кандай болот?

22 Кызматтын жаңы түрүнө дайындалабызбы, ден соолугубуздан же үй-бүлөбүздөгү жаңы милдеттерден улам жагдай-шартыбыз өзгөрөбү, Жахабанын кам көрөрүнө жана өз убагында жардам берерине эч шектенбейли (Евр. 4:16; 1 Пет. 5:6, 7). Ошол эле учурда өзүбүз да колубуздан келгендин баарын кыла берели. Асмандагы Атабыздан тиленип, баарын анын колуна тапшырып, ага жакындай бергенибиз маанилүү. Ушундай кылсак, жагдайыбыз кандай болбосун, жан дүйнө тынчтыгын сактай алабыз.

^ 4-абз. Түрмөдөн чыккандан бир нече убакыттан кийин уулдуу болгондо Жусуп Жахабанын аны ошентип сооротконун түшүнгөн. Ал: «Кудай бардык азабымды... унуттурду» — деп, тун уулунун атын Менаше койгон (Башт. 41:51, шилт.).

^ 14-абз. Ушул журналдагы «Билесиңби?» деген макаланы карагыла.