Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чындыкты окуталы

Чындыкты окуталы

«Оо, Жахаба,.. сенин сөзүңдүн маңызы — чындык» (ЗАБ. 119:159, 160).

ЫРЛАР: 29, 53

1, 2. а) Иса кайсы ишти жашоосунда биринчи орунга койгон жана эмне үчүн? б) «Кудайдын кызматташтары» катары ийгиликке жетиш үчүн эмне кылышыбыз керек?

ИСА МАШАЯК жыгач уста жана кызматчы болгон (Мр. 6:3; Рим. 15:8). Ал эки ишти тең мыкты аткарган. Жыгач уста катары ал кайсы куралды кантип колдонуш керектигин жакшы билгендиктен жөнөкөй эле жыгачтан сонун нерселерди жасаган. Ал эми жакшы кабар тараткан кызматчы катары Кудайдын Сөзүнөн алган терең билимин чебердик менен колдонуп, карапайым кишилерге андагы чындыктарды түшүнүүгө жардам берген (Мт. 7:28; Лк. 24:32, 45). Иса 30 жашында устачылыкты таштаган, себеби Кудайга кызмат кылуу алда канча маанилүү экенин жакшы түшүнгөн. Ал бир жолу Кудайдын аны жерге жибергенинин бир себеби Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоо экенин айткан (Мт. 20:28; Лк. 3:23; 4:43). Иса кабар айтуу ишин жашоосунда негизги орунга койгон жана башкалардын да ал ишти аткарышын каалаган (Мт. 9:35—38).

2 Баарыбыз жыгач уста болбосок да, жакшы кабар тараткан кызматчыларбыз. Кудай өзү да катышкандыктан, ал иш абдан маанилүү. Аны аткаруу менен «Кудайдын кызматташтары» болобуз (1 Кор. 3:9; 2 Кор. 6:4). Биз Жахабанын сөзүнүн маңызы чындык экенине ишенебиз (Заб. 119:159, 160). Ошондуктан башкаларга «чындык сөзүн туура үйрөтүүгө» бүт күчүбүздү жумшайбыз. (Оку: 2 Тиметей 2:15.) Ан үчүн Жахаба, Иса Машаяк, Падышалык жөнүндөгү чындыкты окутуудагы эң негизги куралыбыз болгон Ыйык Китепти колдонуу жагынан чеберчилигибизди өрчүтө беребиз. Кызматта ийгиликке жетишибиз үчүн, Жахабанын уюму дагы башка негизги куралдарды чыгарып берүүдө. Биз аларды да жакшы билишибиз керек. Алар «Негизги окутуу куралдары» деп аталат.

3. Көңүлүбүздү эмнеге топтогонубуз маанилүү жана Элчилер 13:48ге ылайык, кандай адамдарды издешибиз керек?

3 Эмне үчүн «Кабар айтуу куралдары» эмес, «Негизги окутуу куралдары» деп аталган? «Кабар айтуу» деген маалыматты жарыялоону, ал эми «окутуу» деген адам үйрөнүп-билгендерине ылайык иш кылышы үчүн, маалыматты анын акылына, жүрөгүнө жеткирүүнү билдирет. Азыркы дүйнөнүн акырына аз калгандыктан, башкалар менен изилдөө баштаганга жана аларга Ыйык Китептеги чындыктарды үйрөтүүгө бүт көңүлүбүздү топтошубуз керек. Бул «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорду» талыкпай издеп, аларга Машаяктын жолдоочусу болгонго жардам берүүнү билдирет. (Оку: Элчилер 13:44—48.)

4. «Түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорду» кантип аныктоого болот жана андай адамдарды кантип таба алабыз?

4 Кимдин «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта» экенин кантип билсе болот? 1-кылымдагыдай эле, андай адамдарды табуунун жалгыз жолу — кабар айтуу. Ар бирибиз Иса Машаяктын: «Кайсы шаарга же айылга кирбегиле, ал жактан татыктууларды издеп тапкыла»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылышыбыз керек (Мт. 10:11). Биз чынчыл эмес, текебер же рухий муктаждыгын сезбеген адамдар жакшы кабарга кулак кагат деп күтпөйбүз. Анын ордуна, жүрөгү таза, момун, чындыкка суусаган адамдарды издейбиз. Муну Исанын эмерек, эшик, моюнтурук жана башка нерселерди жасаш үчүн ылайыктуу жыгач издегенине салыштырууга болот. Андай жыгач тапкандан кийин ал жашигинен шаймандарын алып чыгып, шык-жөндөмүн колдонуп, керектүү буюм-тайымдарды жасаганы шексиз. Жүрөгү тазаларга Машаяктын шакирти болууга жардам берүүдө биз да ушинтишибиз керек (Мт. 28:19, 20).

5. Негизги окутуу куралдарыбыз жөнүндө эмнени билишибиз керек? Мисал келтир. (Макаланын башындагы сүрөттөрдү кара.)

5 Ар бир шайман белгилүү бир максатта колдонулат. Мисалга Исанын жыгач устачылык кылып жүргөндө колдонгон шаймандарын алалы *. Ага жыгачты ченегенге, белгилегенге, кескенге, тешкенге, жонгонго, түздөгөнгө, жасалып жаткан буюмдун бөлүктөрүн бириктиргенге шаймандар керек болгон. Анын сыңарындай, негизги окутуу куралдарыбыздын ар бири белгилүү бир максатта чыгарылган. Ошондуктан жашигибиздеги ар бир куралды кантип колдонсок болорун карап чыгалы.

БИЗ ЖӨНҮНДӨ БИЛҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРГЕН КУРАЛДАР

6, 7. а) Байланыш карточкасын кантип колдонуп жатасың? б) Жыйналышка чакыруу баракчасы кайсы эки максатта чыгарылган?

6 Байланыш карточкасы. Чакан көлөмдөгү бул карточкалар башкаларга өзүбүздүн Жахабанын Күбөлөрү экенибизди тааныштырууга, аларды веб-сайтыбызга кирүүгө үндөөгө жардам берет. Сайтка киргенде алар биз жөнүндө көбүрөөк маалымат ала алышат, атүгүл Ыйык Китепти изилдегиси келерин билдирип онлайн купон толтурушу мүмкүн. Буга чейин 400 000ден ашуун киши Ыйык Китепти изилдегиси келерин jw.org сайты аркылуу билдирген жана күн сайын жүздөгөн киши ал купонду толтурууда. Күнүмдүк иштер менен жүргөндө мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кабар айта алыш үчүн сен да бир нече байланыш карточкасын жаныңа ала жүрсөң болот.

7 Чакыруу баракчасы. Жыйналышка чакыруу баракчасы эки максатта колдонуу үчүн чыгарылган. Анда: «Сизди Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп көрүүгө чакырабыз»,— деп жазылган. Андан ары Ыйык Китепти «жыйналыштан изилдөөнү» же «бирөөнүн жардамы менен изилдөөнү» тандаса болору сунуш кылынган. Ошондуктан бул курал башкаларга өзүбүздүн Жахабанын Күбөлөрү экенибизди тааныштыруу үчүн эле эмес, «рухий муктаждыгын сезгендерди» биз менен Ыйык Китепти изилдөөгө чакыруу үчүн да колдонулат (Мт. 5:3). Албетте, изилдөөгө макул болобу, жокпу, баарын жыйналыштан жылуу тосуп алабыз. Жыйналышка келгенде алар ал жактан Ыйык Китептин негизинде баа жеткис билим берилерин угуп-көрө алышат.

8. Башкалардын жыйналышка, жок дегенде, бир жолу келип кеткени эмне үчүн маанилүү? Мисал келтир.

8 Башкаларды жыйналышка, жок дегенде, бир жолу келип кетүүгө чакырганыбыз абдан маанилүү. Эмне үчүн? Анын аркасында алар рухий жактан гүлдөп жаткан жыйналыштарыбыз менен рухий жакырчылык өкүм сүргөн Улуу Бабылдын ортосундагы чоң айырманы көрө алышат (Ыш. 65:13). Бир нече жыл мурун Кошмо Штаттардагы Рей менен Линда деген жубайлар ошондой айырмачылыкты байкашкан. Ал экөө чиркөөгө бара баштоону чечишкен. Алар Кудайга ишенгендиктен жана рухий муктаждыгын сезгендиктен өздөрүнүн шаарындагы чиркөөлөрдүн баарына кезек-кезеги менен бара башташкан. Ал шаарда чиркөөлөр да, диндер да көп болчу. Башынан эле ал жубайлар барган чиркөөсүнөн эки нерсеге көңүл бурабыз деп сүйлөшүп алышкан. Алар койгон шарт боюнча, чиркөөдө сөзсүз жакшы бир нерсеге үйрөтүшү жана ал жакка баргандардын сырткы көрүнүшү Кудайдын кызматчыларыныкындай болушу керек эле. Бир нече жылдын ичинде алар шаарындагы ар бир чиркөөгө барып чыгышкан. Бирок бүт баарынан көңүлү калган. Алар эч нерсеге үйрөнүшкөн эмес, чиркөөгө баргандардын сырткы көрүнүшү да купулуна толгон эмес. Тизмесиндеги акыркы чиркөөдөн чыгышкандан кийин, Линда жумушуна, Рей болсо үйүнө жөнөгөн. Падышалык залынын жанынан өтүп баратып Рей: «Ичине кирип, булардын ким экенин, эмне кылышарын билип көрбөймбү»,— деп ойлонгон. Ал жакка киргени ага аябай чоң таасир калтырган. Жыйналыштагылардын баары аны жылуу тосуп алышкан. Алардын кийген кийими да адептүү эле. Рей программаны алдыңкы катарга отуруп алып уккан. Уккандары ага абдан жаккан. Ал так эле элчи Пабыл сүрөттөгөн кишиникиндей сезимде болгон. Пабыл жыйналышка биринчи жолу келген кишинин: «Кудай, чын эле, силер менен экен!» — деп айтарын жазган (1 Кор. 14:23—25). Ошондон тартып Рей жекшемби күнкү жолугушууларга, андан кийин иш күндөрүндөгү жолугушууларга да бара баштаган. Линда да ага кошулган. Ошентип, экөө 70 жаштарында Ыйык Китептеги чындыкты кабыл алып, чөмүлүшкөн.

СӨЗ БАШТООДО КОЛДОНУЛЧУ КУРАЛДАР

9, 10. а) Баракчаларды колдонуу эмне үчүн оңой? б) «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген баракчаны кантип колдонсок болот?

9 Баракчалар. Бизде сөз баштоодо колдонууга оңой сегиз баракча бар. 2013-жылы биринчи жолу жарык көргөндөн бери ал баракчалар беш миллиарддай нускада басылып чыкты. Кызыктуусу, алардын бирин эле кантип колдонууну үйрөнүп алсаң, калгандарын да оңой эле колдоно бересиң, анткени баарынын түзүлүшү окшош. Кимдир бирөөнү сөзгө тартуу үчүн аларды кантип колдонсоң болот?

10 Мисалы, «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген баракчаны колдоноюн деп жатасың дейли. Кызматта жолуктурган кишиге баракчанын биринчи бетиндеги: «Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Сиз кандай деп ойлойсуз?» — деген суроолорду көрсөтүп, үч жооптун кайсынысын тандаарын сура. Туура же туура эмес жооп бергенин талкуулабай эле, дароо ичиндеги: «Ыйык Китепте эмне делет?» — деген бөлүмчөгө көңүлүн буруп, Даниел 2:44тү жана 7:14тү окуп бер. Мүмкүн болсо, маекти улант. Аягында «Кандай деп ойлойсуз?» деген бөлүмчөдөгү: «Кудайдын Падышалыгы башкарганда, жашоо кандай болот?» — деген суроону берип, кайра жолугууга негиз сал. Кийинки жолу барганда «Жакшы кабар» китепчесинин 7-бөлүмүнө көңүлүн бур. Ал китепче — изилдөө баштоого жардам берген куралдарыбыздын бири.

КЫЗЫГУУНУ АРТТЫРУУДА КОЛДОНУЛЧУ КУРАЛДАР

11. Журналдарыбыз кандай максатта чыгарылат жана алар жөнүндө эмнени билишибиз керек?

11 Журналдар. «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдары дүйнө жүзү боюнча көп тилге которулуп, эң көп нускада басылып чыгат. Алар бардык адамдарга арналгандыктан, мукабасындагы темалар жердин булуң-бурчунда жашагандарга кызыктуу болгудай кылып тандалат. Биз аларды адамдардын жашоодогу чындап маанилүү нерселерге болгон кызыгуусун арттыруу үчүн колдонушубуз керек. Бирок журналдарды максатына ылайык колдонуу үчүн кайсы журнал адамдардын кайсы тобуна арналганын билип алышыбыз зарыл.

12. а) «Ойгонгула!» журналы кимдерге арналган жана анын негизги максаты эмне? б) Бул журналды кызматта колдонууда кандай кызыктуу окуялар болгон?

12 «Ойгонгула!» журналы Ыйык Китеп жөнүндө азыноолак билген же эч нерсе билбеген адамдарга арналган. Алар Ыйык Китептеги окууларды билбеши, динге ишенбеши же Ыйык Китепте баалуу кеп-кеңештер бар экенин такыр уга элек болушу мүмкүн. Журналдын негизги максаты — окурманды Кудайдын бар экенине ынандыруу (Рим. 1:20; Евр. 11:6). Ошондой эле ага Ыйык Китептин, «чынында эле,.. Кудайдын сөзү» экенине ишенүүгө жардам берүү (1 Тес. 2:13). 2018-жылы чыгарылган журналдардын темасы «Бакыттын жолу», «Үй-бүлөлүк бакыттын 12 сыры», «Күйүт тарткандарга эмне жардам берет?» деп аталат.

13. а) Жалпыга арналган «Күзөт мунарасы» кандай адамдар үчүн чыгарылат? б) Ал журналды кызматта колдонууда кандай кызыктуу окуялар болгон?

13 Жалпыга арналган «Күзөт мунарасы» Кудайды жана анын Сөзүн кандайдыр бир деңгээлде урматтаган адамдарга рухий жактан жардам берүү үчүн чыгарылат. Алар Ыйык Китеп тууралуу бир аз билсе да, андагы окууларды жакшы түшүнбөшү мүмкүн (Рим. 10:2; 1 Тим. 2:3, 4). 2018-жылы жалпыга арналган «Күзөт мунарасынын» үч саны жарык көрдү. Аларда «Ыйык Китеп бүгүн да колдонорлукпу?», «Келечегибиз кандай болот?», «Кудай силерге кам көрөбү?» деген суроолор талкууланды.

ТҮРТКҮ БЕРҮҮЧҮ КУРАЛДАР

14. а) Негизги окутуу куралдарыбызга кирген төрт видеотасма кандай максатта чыгарылган? б) Аларды колдонууда кандай кызыктуу окуялар болду?

14 Видеотасмалар. Исанын күндөрүндө жыгач усталар кол менен иштете турган шаймандарды гана колдонушчу. Ал эми бүгүнкү күндө жыгач усталар электр шаймандарын: араны, тешкичти, түздөгүчтү, мык каккычты жана башка шаймандарды колдонушат. Ошо сыңары, биздин уюм кагаз түрүндөгү адабияттардан тышкары, кызыктуу видеотасмаларды да чыгарып келет. Алардын төртөө негизги окутуу куралдарыбызга кирет жана «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?», «Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?», «Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?», «Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?» деп аталат. Ал тасмалардын кыскараагы, тактап айтканда, узактыгы эки мүнөткө жетпегендери алгачкы жолу кабар айтканда колдонууга абдан ыңгайлуу. Ал эми узагыраактарын кайра жолугууга барганда же убактысы көбүрөөк адамдар менен маектешкенде колдонсок болот. Көңүлдү байлап ала турган ал тасмаларды көргөндөн кийин айрымдар Ыйык Китепти изилдөөгө жана жыйналышка барууга түрткү алышы мүмкүн.

15. Видеолорубуздун бирин эне тилинде көргөнү айрымдарга кандай таасир эткен? Мисал келтир.

15 Буга байланыштуу бир мисалга токтололу. Бир ишенимдешибиз Микронезиядан көчүп келген жана эне тили яп тили болгон аялга жолугуп калган. Ал ага ошол тилдеги «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген видеону көрсөткөн. Видео башталганда, аял: «Бул менин тилимде го. Ишене албай турам! Сүйлөп жаткан киши мен жашаган аралдан экен, сүйлөгөнүнөн эле билинип жатат. Ал менин тилимде сүйлөп жатат!» — деген. Видеону көргөндөн кийин jw.org сайтынан өзүнүн тилиндеги бардык адабияттарды окуп, бардык видеотасмаларды көрүп чыгарын айткан (Элч. 2:8, 11). Дагы бир окуяга токтололу. АКШдагы бир ишенимдешибиз башка өлкөдө жашаган агасынын уулуна анын тилиндеги жогорудагы видеонун шилтемесин жөнөткөн. Ал аны көрүп, ишенимдешибизге: «Видеонун бул дүйнөнү Шайтан башкарып жатканы жөнүндө көрсөтүлгөн жери жүрөгүмдү өзгөчө козгоду. Ыйык Китепти изилдегим келерин билдирип, купон толтуруп койдум»,— деп жазган. Ал ишибизге тыюу салынган өлкөдө жашайт.

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ ЧЫНДЫКТЫ ОКУТУУДА КОЛДОНУЛЧУ КУРАЛДАР

16. Төмөнкү китепчелердин кандай максатта чыгарылганын түшүндүрүп бер: а) «Кудайды угуп, түбөлүк жашагыла»; б) «Кудайдан келген жакшы кабар»; в) «Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?».

16 Китепчелер. Жакшы окуй албаган же эне тилинде бир да адабият жок кишиге Ыйык Китептеги чындыкты таанып-билүүгө кантип көмөк кылса болот? Уюм «Кудайды угуп, түбөлүк жашагыла» деген китепчени так ошондой адамдар үчүн чыгарган *. «Кудайдан келген жакшы кабар» китепчеси изилдөө баштоого жардам берген эң сонун курал болуп эсептелет. Кызматта жолуктурган адамга китепченин артындагы 14 теманы көрсөтүп, кайсынысы көбүрөөк кызыктырарын сурасаң болот. Анан ал тандаган теманы ачып, чогуу талкуула. Кайра жолугууга барганда ушу сыяктуу ыкманы колдонуп көрдүң беле? Негизги окутуу куралдарыбызга кирген үчүнчү китепче «Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?» деп аталат. Ал Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга уюм тууралуу көбүрөөк билүүгө жардам берүү үчүн чыгарылган. Ар бир изилдөө сайын аны кантип колдонсо болору 2017-жылдын март айындагы «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралында түшүндүрүлгөн.

17. а) Изилдөө өткөрүүдө колдонулган китептердин максаты кандай? б) Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши чөмүлгөндөн кийин да эмне кылышы керек жана эмне үчүн?

17 Китептер. Китепче менен изилдөө баштагандан кийин каалаган бөлүмдөн «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» деген китепке өтсөңөр болот. Бул китеп изилдеп жаткан кишиге Ыйык Жазмадагы негизги окууларды тереңирээк түшүнгөнгө жардам берет. Аны бүткөндөн кийин, эгер адамдын рухий жактан ийгилик кылып жатканы айкын көрүнсө, «Кудайдын сүйүүсүнөн канткенде айрылбайбыз?» деген китепти изилдегиле. Анын аркасында ал Ыйык Китептеги принциптерди күндөлүк жашоосунда кантип колдонсо болорун үйрөнөт. Эске алчу нерсе, Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши чөмүлгөндөн кийин да эки китепти тең бүтмөйүнчө изилдөөсүн токтотпошу керек. Бул анын чындык жолунда бекем турушуна өбөлгө түзөт. (Оку: Колосалыктар 2:6, 7.)

18. а) 1 Тиметей 4:16га ылайык, эмне кылышыбыз керек жана анын натыйжасы кандай болот? б) Негизги окутуу куралдарыбызды колдонууда кандай максатты көздөшүбүз кажет?

18 Жахабанын Күбөлөрү катары бизге башкаларга түбөлүк өмүргө алып бара турган «жакшы кабарда камтылган чындык сөздөрүн» окутуп-үйрөтүү иши тапшырылган (Кол. 1:5; оку: 1 Тиметей 4:16). Ошол себептен биздин негизги окутуу куралдарына толгон каймана маанидеги жашигибиз бар. (« Негизги окутуу куралдары» деген кутучаны кара.) Аларды мүмкүн болушунча чебер колдонгонго аракет кылалы. Кызматта кайсы куралды качан колдонууну ар бир жарчы өзү чечет. Бирок биздин максатыбыз жөн эле адабият таратуу же кызыкпаган кишиге адабият таштап кетүү эмес экенин унутпашыбыз керек. Биз чынчыл, момун, рухий муктаждыгын сезген адамдарга — «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорго» — Машаяктын шакирти болууга жардам берүүнү көздөйбүз (Элч. 13:48; Мт. 28:19, 20).

^ 5-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 2010-жыл, 1-август, «Жыгач уста» деген макала, «Жыгач устанын жашиги» деген кутуча.

^ 16-абз. Эгер кимдир бирөө окуганды билбесе, аны менен изилдөө өткөрүүдө негизинен сүрөттөрдөн турган «Кудайды уккула!» деген китепчени колдонсо болот.