Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1918. Жүз жыл мурун

1918. Жүз жыл мурун

«Күзөт мунарасынын» 1918-жылдын 1-январындагы саны: «1918-жылы эмнелер болот?» — деген сөздөр менен башталган. Биринчи дүйнөлүк согуш Европада дагы деле күч алып турган. Бирок жылдын башындагы окуялар Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр үчүн да, дүйнө жүзүндөгү жалпы эл үчүн да жакшылыктын жышаанындай сезилген.

БҮТ ДҮЙНӨНҮН ТЫНЧТЫК ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨШҮШҮ

1918-жылдын 8-январында АКШнын президенти Вудро Вильсон АКШнын Конгрессине кайрылган сөзүндө «адилеттүүлүк жана туруктуу тынчтык» болушу үчүн зарыл болгон 14 нерсе тууралуу сөз кылган. Ал улуттар арасындагы сүйлөшүүлөрдү ачык жүргүзүүнү, курал-жарактарды азайтууну жана «жалпы улуттар биримдигин» негиздөөнү сунуш кылган. Буларды ишке ашыруунун аркасында «чоң жана кичине өлкөлөрдүн» баары пайда алмак. Кийинчерээк анын «Он төрт сунушу» Биринчи дүйнөлүк согушту баскан Версаль тынчтык келишимин жана Улуттар Лигасын түзүүдө колдонулган.

КАРШЫЛАШТАРДЫН ТИЛЕГИ ТАШ КАПКАН

1917-жылдагы * баш аламандыкка карабай Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр да тынчтык өкүм сүрөт деп күтүшкөн. Алар Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому тарабынан өткөрүлгөн жылдык жолугушуудагы окуялардан улам ошентип үмүттөнүшкөн.

Бейтелден чыгарылган бир нече көрүнүктүү бир тууган 1918-жылы 5-январда өткөн ошол жолугушууда уюмдун үстүнөн бийликке ээ болууга аракет кылышкан. Кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган Ричард Харвей Барбер деген ишенимдүү бир тууган жолугушууну тиленүү менен баштаган. Өткөн жылы кандай иштер аткарылганы айтылгандан кийин жылдагыдай эле уюмдун деректирлерин шайлоо башталган. Барбер бир тууган Жозеф Рутерфорддун жана башка алты бир туугандын атын атаган. Ал эми каршылаштардын жактоочусу башка жети кишинин, анын ичинде Бейтелден чыгарылган жогорудагы бир туугандардын атын атаган. Бирок алардын ою ишке ашпай калган. Көпчүлүктүн колдоосу менен Рутерфорд жана башка ишенимдүү алты бир тууган деректир болуп шайланган.

Көп бир туугандар ошол жолугушууда мурунку жыйындарга караганда Жахабанын батасын өзгөчө сезишкенин айтышкан. Өкүнүчтүүсү, алардын кубанычы көпкө созулган эмес.

«ТОЛУК АЧЫЛГАН СЫРДЫН» ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр бир нече ай бою «Толук ачылган сыр» деген китепти таратышкан. Анда камтылган чындыктарды жүрөгү таза окурмандар жакшы кабыл алган.

Канадада кызмат кылган Эдуард Крист деген кыдыруучу көзөмөлчү бир жубайлардын ал китепти окуп, беш эле жуманын ичинде чындыкты кабыл алышканын айткан. Ал: «Күйөөсү да, аялы да өздөрүн Кудайга арнап, сонун ийгиликтерди кылып жатышат»,— деген.

Бир киши китепти окуп, жүрөгү ушунчалык козголгондуктан, андан билгендерин дароо эле достору менен бөлүшө баштаган. Ал мындай деген: «Үчүнчү Авеню көчөсүндө кетип бараткам. Бир убакта эле ийниме катуу бир нерсе келип тийди. Мен аны кыш экен деп ойлогом. Бирок карасам эле „Толук ачылган сыр“ деген китеп экен. Аны үйгө алып барып, баштан аяк окуп чыктым... Көрсө,.. бир дин кызматчы ачууланып, аны терезесинен ыргытып жиберген экен... Анын дин кызматчы катары жүргүзгөн башка иштерине караганда ушул иши аркылуу көбүрөөк адамга тирүү үмүткө ээ болууга жардам бергенине шектенбейм... Анын каарданганынын аркасында биз минтип Кудайды даңктап жатабыз».

Ал китеп ошол дин кызматчынын эле эмес, башкалардын да кыжырын келтирген. 1918-жылы 12-февралда Канаданын бийлик өкүлдөрү китепте өкмөткө каршы чыгууга, согушка барбоого үгүттөгөн маалымат камтылган деп, ага тыюу салышкан. Көп өтпөй АКШдагы бийлик башчылары да Нью-Йорктогу Бейтел үйүн жана Пенсильваниядагы, Калифорниядагы кеңселерди тинтип, уюмда жетекчиликти колго алган бир туугандарга айып койгонго аракет кылышкан. 1918-жылдын 14-мартында АКШнын Юстиция министрлиги «Толук ачылган сыр» китебин басып чыгаруу жана таратуу согушка байланыштуу жасалган аракеттерге бөгөт коёрун, «тыңчылык боюнча мыйзамды» бузгандыкка жатарын айтып, ага тыюу салып койгон.

ЖООПТУУ БИР ТУУГАНДАРДЫН КАМАЛЫШЫ

1918-жылы 7-майда Юстиция министрлиги Жованни Дечекка, Жорж Фишер, Александр Макмиллан, Роберт Мартин, Фредерик Робинсон, Жозеф Рутерфорд, Уильям ван Амбург, Клейтон Вудвортс деген бир туугандарды камакка алууга уруксат алган. Аларга мыйзамсыз түрдө, кара ниеттик, өзүм билемдик менен иш кылып, башкалардын бийликке баш ийбешине, АКШнын аскердик жана деңиз күчтөрүндөгү милдеттерин аткаруудан баш тартышына, берилгендик сактабашына себепкер болушту деген айып коюлган. Сот 1918-жылдын 3-июнунда башталган, бирок бир туугандардын камалышы мүмкүн экени айкын болуп калган. Эмне үчүн?

АКШнын генерал-полковниги алар бузду деп эсептеген мыйзамды, «тыңчылык боюнча мыйзамды», «үгүт ишине каршы жасалган натыйжалуу курал» деп атаган. 1918-жылдын 16-майында Конгресс «тыңчылык боюнча мыйзамга» өзгөртүү киргизүүдөн, тактап айтканда, «чындык деп эсептелген нерсени таза ниет менен жана мыйзамдын пайдасы үчүн» жарыялаган адамдар корголушу керек деген өзгөртүүнү киргизүүдөн баш тарткан. Ал жолугушууда «Толук ачылган сыр» китеби катуу талкууга алынган. Ага байланыштуу АКШнын Конгрессинин расмий билдирүүсүндө: «Ушундай үгүт иштерин жүргүзүүнүн эң коркунучтуу мисалдарынын бири — „Толук ачылган сыр“ деген китеп... Анын таасирине алдырган жоокерлер бизге ишеним артпай, аскерге баруудан баш тартышат»,— деп жазылган.

1918-жылы 20-июнда сот сегиз бир тууганга коюлган айыптын баарын жүйөлүү деп тапкан. Эртеси күнү өкүмүн жарыялаган. Сот: «Булардын ынталуулук менен жүргүзүп жаткан диний үгүтү немис аскерлеринин тобунан да көбүрөөк коркунуч туудурат... Буларды катуу жазалаш керек»,— деген. 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө кесилген ал сегиз бир тууган эки жумадан кийин Атлантадагы (Жоржия) федералдык түрмөгө камалган.

КАБАР АЙТУУ ИШИ ТОКТОГОН ЭМЕС

Ошол убакыт аралыгында Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр катуу каршылыктарга туш болушкан. Федералдык иликтөө бюросу (ФИБ) алардын ишин кылдат текшерип, миңдеген документтерди жазышкан. Документтерден бир туугандардын кабар айтуу ишин уланта берүүгө чечкиндүү экени көрүнүп турган.

Орландодогу (Флорида) почтанын жетекчиси ФИБге мындай деп жазган: «[Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр] шаарыбыздагы үйлөрдү кыдырып, ишин дагы деле улантып жатышат. Көбүнчө муну түн ичинде кылууда... Алар элдин кыжырына тийип, жүргүзгөн ишин токтотпочудай көрүнөт».

Аскер министрлигиндеги полковник ФИБге кийин Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган Фредерик Френц бир туугандын кандай иш менен алек болуп жатканын жазган. Ал: «Френц „Толук ачылган сыр“ деген китептин миңдеген нускасынын сатылышына жигердүү катышып жатат»,— деген.

Кийин Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган австриялык Чарлз Фэкел деген бир тууган да катуу куугунтукка кабылган. Бийлик башчылары аны «Толук ачылган сыр» китебин таратканы үчүн камап, кимдер менен кат алышарын текшерип турган. Аны «австриялык душман» деген айып менен Балтимордогу (Мэриленд) түрмөгө бир айга камап коюшкан. Жанындагы кишилерге эр жүрөктүк менен кабар айтканда ал Пабылдын 1 Корунттуктар 9:16дагы: «Жакшы кабар жарыялабасам, мага кайгы!» — деген сөздөрүн эстеген *.

Ынталуу кабар айткандан сырткары, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр, Атлантадагы түрмөдө отурган бир туугандар бошотулушу үчүн, өкмөттөгүлөргө өтүнүч менен кайрылып, элден кол чогултушкан. Анна Катерин Гарднер мындай деп эскерген: «Биз эч качан кол куушуруп отурчу эмеспиз. Бир туугандар түрмөдө отурганда, элден кол чогултуш үчүн үймө-үй кыдырчубуз. Миңдегендер кол коюп беришкен! Биз аларга камалган бир туугандардын Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенин, адилетсиз түрдө камалганын айтчубуз».

ЖЫЙЫНДАР

Ошондой оор мезгилде бир туугандар рухий жактан бекемделиши үчүн, бат-баттан жыйындар өткөрүлүп турган. «Күзөт мунарасында» мындай делген: «Бул жылы... 40тан ашуун жыйын өткөрүлдү. Ошол жыйындардын баарынан жүрөк толкутарлык билдирүүлөр келип жатты. Мурун жыйындар адатта жайдын аягында же эрте күздө болчу. Ал эми быйыл ай сайын жыйындар болуп жатты».

Жүрөгү таза адамдар жакшы кабарга кулак кага беришкен. Кливлендде (Огайо) өткөн бир жыйынга 1200дөй киши катышып, 42си чөмүлгөн. Алардын арасында Кудай жөнүндө билим алып, ага өмүрүн арнаган жаш бала да бар болчу. Ал жөнүндө уккан көптөгөн чоң кишилер өздөрүнүн аныкындай ишенимге ээ эмес экенине уялышы мүмкүн эле.

БҮДӨМҮК КЕЛЕЧЕК

1918-жылдын аягы жакындап келаткан. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр үчүн келечек бүдөмүк болчу. Бруклиндеги айрым имараттар сатылып, башкы башкармалык Питсбургга (Пенсильвания) көчүрүлгөн. Жетекчиликти колго алган бир туугандар түрмөдө жаткан маалда, кийинки жылдык жолугушуу 1919-жылдын 4-январында өткөрүлөрү чечилген. Андан ары эмне болмок?

Бир туугандар ишти уланта беришкен. Алар баары жакшы болуп бүтөрүнө бекем ишенгендиктен 1919-жылдын аяты катары: «Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт»,— деген аятты тандашкан (Ыш. 54:17). Бул аларга ишенимин бекемдей турган жана алдыдагы зор ишти аткарууга дем-күч бере турган чоң өзгөрүүлөргө даяр болууга жардам берген.

^ 6-абз. Кара: Жахабанын Күбөлөрүнүн 2017-жылдагы «Жылдык китеби», 172—176-б., «Жүз жыл мурун. 1917» деген макала.

^ 22-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 1969-жыл, 1-март, Чарлз Фэкелдин өмүр баяны, англ.