Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

42-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабанын алдында кынтыксыз бойдон калгандар бактылуу

Жахабанын алдында кынтыксыз бойдон калгандар бактылуу

«Кынтыксыз болгонум үчүн сен мени колдоп келдиң» (ЗАБ. 41:12).

124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз

БУЛ МАКАЛАДА *

Жахабанын эгедерлигин жактаганы үчүн түрмөдө отурган кайраттуу ишенимдештерибиздин айрымдары (1, 2-абзацтарды карагыла)

1, 2. а) Айрым өкмөттөр Кудайдын элине кантип каршы чыгып жатышат жана бул Кудайдын элине кандай таасир этип жатат? б) Куугунтукталсак да, эмне үчүн бактылуу боло алабыз? (Мукабадагы сүрөттү да колдонуп жооп бергиле.)

 БҮГҮНКҮ күндө 30дан ашык өлкөдө биздин ишибизге тыюу салынган же чектөөлөр киргизилген. Айрым өлкөлөрдө болсо бийлик өкүлдөрү ишенимдештерибизди түрмөгө камашкан. Кайсы жазыгы үчүн? Чынында, алардын эч кандай жазыгы жок. Жахабанын көз алдында алар туура эмес иш кылышкан жок. Алар тек гана Ыйык Китепти окуп-изилдешет, билгендерин башкалар менен бөлүшүшөт, ошондой эле ишенимдештери менен чогулушат. Андан тышкары, саясий маселелерде эч кимдин тарабын ээлешпейт. Мына ушулар үчүн эле алар ак жерден караланып жатышат. Бирок катуу каршылыктарга карабай Кудайдын берилген кызматчылары кынтыксыздыгынан жазган жок. Ооба, аларды Жахабанын алдындагы кынтыксыздыгынан * эч ким, эч нерсе тайдыра албайт! Жахабага берилгендик сактап жатканы аларга кубаныч тартуулайт.

2 Балким, сүрөттөрдөн кайраты жанбаган, жүзүнөн жылмаюу кетпеген ишенимдештерибизди көргөндүрсүң. Алардын кынтыксыз бойдон калганы Жахабаны сүйүнтүп жатат. Ушуну билгендиктен алардын кубанычы эч качан кемибейт (Заб. 15:1, 2). Бул тууралуу Иса: «Адилдик үчүн куугунтукталгандар бактылуу... Кубанып-шаттангыла, анткени... сыйлыгыңар чоң»,— деген (Мт. 5:10—12).

БИЗГЕ ҮЛГҮ КАЛТЫРГАНДАР

Петир менен Жакан бүгүнкү күндө сот алдында туруп ишенимин коргош керек болгондорго мыкты үлгү калтырган (3, 4-абзацтарды карагыла)

3. Элчилер 4:19, 20га ылайык, Исанын 1-кылымдагы элчилери куугунтукталганда эмне кылышкан жана эмне үчүн?

3 Бүгүнкү күндөгү ишенимдештерибиздей эле, 1-кылымда Исанын элчилери да ал жөнүндө кабар айтканы үчүн куугунтукталышкан. Жүйүттөрдүн жогорку соту аларга «Исанын атынан сүйлөөгө» кайра-кайра тыюу салышкан (Элч. 4:18; 5:27, 28, 40). Ошондо элчилер эмне кылышкан? (Окугула: Элчилер 4:19, 20.) Алар Иса жөнүндө элге жарыялоону жана кылдат күбөлөндүрүүнү эң жогорку Сот буйруганын жакшы түшүнүшкөн (Элч. 10:42). Ошондуктан Петир менен Жакан алардын атынан сүйлөп, ал сотторго эмес, биринчи кезекте Кудайга баш иерин кайраттуулук менен түшүндүрүшкөн. Иса тууралуу кабар айтканын да токтотпой турганын айтышкан. Мындайча айтканда, алар жогорку соттогуларга: «Биздин буйругубуз Кудайдын буйругунан жогору турат дегиңер барбы?» — деп айткандай эле болгон.

4. Элчилер 5:27—29-аяттардан көрүнүп тургандай, элчилер кандай үлгү калтырышкан жана биз аларды кантип туурай алабыз?

4 Элчилер бизге эң сонун үлгү калтырышкан. Алардай болуп биз да «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек». (Окугула: Элчилер 5:27—29.) Кынтыксыздыгын сактаганы үчүн ур-токмокко алынышса да, элчилер жүйүттөрдүн жогорку сотунан «Исанын ысмы үчүн кордук көрүшкөнүн сыймык катары көрүп», сүйүнүп чыгып кетишкен. Ошон үчүн андан ары да кабар айта беришкен (Элч. 5:40—42).

5. Кайсы суроолорго жооп алышыбыз керек?

5 Бирок бизде айрым суроолор туулушу мүмкүн. Мисалы, алардын биринчи кезекте Кудайга баш ийгени Ыйык Китептеги «жогорку бийликтерге баш ийгиле» деген буйрукка каршы келип калбайбы? (Рим. 13:1) Элчи Пабыл айткандай, кантип биз «өкмөткө жана бийликтерге баш ийип», ошол эле учурда ааламдын Эгедеринин алдында кынтыксыздыгыбызды сактай алабыз? (Тит 3:1)

«ЖОГОРКУ БИЙЛИКТЕР»

6. а) Римдиктер 13:1деги «жогорку бийликтер» кимдерди билдирет жана алардын алдында кандай милдетибиз бар? б) Адамдардын бийлигине байланыштуу эмнени унутпашыбыз керек?

6 Окугула: Римдиктер 13:1. Бул аяттагы «жогорку бийликтер» деген сөз айкашы башкалардын үстүнөн бийлик жүргүзгөн адамдарга карата колдонулат. Кудайдын кызматчылары андай бийлик өкүлдөрүнө баш ийиши керек. Себеби алар коомдо тартип болушуна, мыйзамдын аткарылышына көз салышат. Ал турсун кээде Кудайдын элинин укугун коргошот (Аян 12:16). Ошондуктан аларды урматтап-сыйлаганга, алык-салыктарды төлөгөнгө милдеттүүбүз (Рим. 13:7). Бирок өкмөттөр Жахаба жол бергендиктен гана бийлик ордун ээлеп турушат. Так ушул маанилүү ойду Иса Рим башкаруучусу Понтий Пилаттын алдында суракка алынганда так-айкын түшүндүрүп берген. Пилат анын өмүрүн сактап калганга да, өлүмгө кыйганга да акысы бар экенин айтканда, Иса: «Жогорудан берилбесе, менин үстүмөн эч кандай бийликке ээ болмок эмессиң»,— деп айткан (Жкн. 19:11). Пилаттыкындай эле, бүгүнкү күндөгү бийлик башындагылардын да бийлиги чектелүү.

7. Кайсы учурларда бийлик өкүлдөрүнө баш ийбейбиз жана алар эмнени эстен чыгарбашы керек?

7 Биз өкмөттүн мыйзамдарына Кудайдыкына каршы келбегенде гана баш иебиз. Бирок Кудай тыюу салган нерсени кылганга мажбурлаганда же Кудай талап кылган нерсени кылганга тыюу салганда, адамдарга баш ийбейбиз. Мисалы, алар эр жеткен жигиттерден колуна курал алып, ата-мекен үчүн согушууну талап кылышы мүмкүн *. Же болбосо Ыйык Китепке же ага негизделген адабияттарга, ошондой эле кабар айтканга жана ишенимдештерибиз менен чогулуп турганга тыюу салышы ыктымал. Башкаруучулар бийлигин кыянат колдонуп, Исанын жолдоочуларын куугунтукташса, Кудайдын алдында жооп беришет. Анткени Жахаба баарын көрүп турат (Нас. 5:8).

8. «Жогорку» менен «эң жогорку» деген сөздөрдүн кандай айырмасы бар жана муну билгенибиз эмне үчүн маанилүү?

8 «Жогорку» деген сөз «даражасы боюнча жакшыраак, мыктыраак, жогорураак, бийигирээк» дегенди билдирет. Бирок бул «эң жакшы, эң мыкты, эң жогору, эң бийик» дегенди билдирбейт. Жердеги өкмөттөр жогорку бийликтер деп аталса да, алардан да жогору турган эң жогорку бийлик бар. Ыйык Китепте Жахаба «Эң Жогорку Кудай» деп көп жолу айтылган (Дан. 7:18, 22, 25, 27).

«ЭҢ ЖОГОРКУ КУДАЙ»

9. Даниел пайгамбар алган аяндарында эмнени көргөн?

9 Даниел пайгамбар жердеги бийликтердин Жахабанын бийлигине тең келбей турганын айкын көрсөткөн бир нече аян алган. Биринчисинде төрт килейген жырткычты көргөн. Ал жырткычтар доорон сүрүп бүткөн жана учурда доорон сүрүп жаткан дүйнөлүк империяларды билдирет. Аларга Бабыл, Мадай-Персия, Греция жана Рим, ошондой эле учурда дүйнөнү бийлеп жаткан Англия-Америка кирет (Дан. 7:1—3, 17). Андан соң Даниел пайгамбар Жахаба Кудайдын асманда сот тактысында отурганын көргөн (Дан. 7:9, 10). Анын андан ары көргөн аяны бүгүнкү күндөгү дүйнө башкаруучуларына эскертүү болуп эсептелет.

10. Даниел 7:13, 14, 27-аяттарга ылайык, Жахаба жер үстүнөн башкарууга бийликти кимдерге берет жана мындан Кудай жөнүндө эмнени билсе болот?

10 Окугула: Даниел 7:13, 14, 27. Кудай өкмөттөрдөн бийликти алып, аны татыктуураак, күчтүүрөөк бирөөлөргө берет. Кимдерге? «Адам уулуна окшош бирөөгө», Иса Машаякка, ошондой эле «Эң Жогорку Кудайдын ыйыктарына», 144 000ге, берет. Алар «кылымдан кылымга падышалык» кылышат (Дан. 7:18). Ооба, Жахаба «Эң Жогорку Кудай» болгондуктан ал гана ушундай чечимдерди чыгарганга укуктуу.

11. Даниел пайгамбардын айткандарынан Кудайдын башкаруусу адамдардыкынан жогору турары кандайча көрүнүп турат?

11 Даниел бул аянда көргөндөр мурунураак көргөндөрүнө шайкеш келет. Ал: «[Асман Кудайы] падышаларды кулатат, падышаларды коёт»,— деп айткан. Ошондой эле «Эң Жогорку Кудайдын адамзат падышалыгынын Башкаруучусу экенин, аны кимге бергиси келсе, ошого берерин» кошумчалаган (Дан. 2:19—21; 4:17). Жахаба падышаларды кулаткан же тактыга отургузган учурлар болду беле? Албетте!

Жахаба Белшатсардан падышалыгын тартып алып, мадайлыктар менен персиялыктарга берген (12-абзацты карагыла)

12. Байыркы убакта Жахаба падышаларды тактысынан түшүргөн кандай окуялар болгон? (Сүрөттү карагыла.)

12 Жахаба «жогорку бийликтерден» алда канча жогору турарын далай жолу так-таасын көрсөткөн. Анда үч окуяга токтолуп өтөлү. Мисир падышасы фараон Жахабанын элин кулга айлантып, кайра-кайра көшөрүп аларды боштондукка чыгаруудан баш тарткан. Ошондо Кудай элин азаттыкка чыгарып, фараонду болсо Кызыл деңизге чөктүрүп жиберген (Чыг. 14:26—28; Заб. 136:15). Ал эми Бабыл падышасы Белшатсар чоң той өткөрүп, «асман Теңиринин алдында бой көтөргөн». Ал Жахабаны эмес, «күмүштөн, алтындан... жасалган кудайларды... даңктаган» (Дан. 5:22, 23). Бирок Жахаба кызылдай көпкөн ал падышаны басынткан. «Дал ошол түнү» Белшатсар киши колдуу болуп өлүп, падышалыгы мадайлыктар менен персиялыктарга өткөн (Дан. 5:28, 30, 31). Палестинанын башкаруучусу Ирод Агриппа I болсо элчи Жакыпты өлтүрткөн. Андан соң Петирдин көзүн тазалаш үчүн аны түрмөгө каматкан. Бирок Жахаба кийлигишип, Ироддун ою ойрон болгон. Жахабанын периштеси аны катуу оорууга чалдыктырган. Акыры ал өмүрү менен кош айтышкан (Элч. 12:1—5, 21—23).

13. Жахаба бириккен падышалардын таш-талканын чыгарганын көрсөткөн окуя айтып бергиле.

13 Башкаруучулардын баары бириккен күндө да Жахабанын кубаттуу бийлигине туруштук бере албайт. Алсак, ал ысрайыл эли үчүн күрөшүп, канаандык 31 падышаны талкалап, аларга Убадаланган жердин чоң бөлүгүн басып алганга жардам берген (Жаш. 11:4—6, 20; 12:1, 7, 24). Ошондой эле Жахаба Ысрайылга каршы аттанган Бенадат менен Сириянын дагы 32 падышасын жер менен жексен кылган (1 Пад. 20:1, 26—29).

14, 15. а) Небухаданасар менен Дарий падыша Жахабанын эгедерлиги тууралуу эмне дешкен? б) Забурчу Жахаба жана анын эли жөнүндө эмне деген?

14 Жахаба Эң Жогорку Кудай экенин кайра-кайра далилдеген. Бабыл падышасы Небухаданасар момун болуп даңкталып-макталууга Жахаба гана татыктуу экенин моюнга алган эмес. Анын ордуна, «өзүнүн улуулугун даңазалап», кудурет-күчү менен мактанган. Ошондуктан Кудай аны акыл-эсинен ажыратып койгон. Небухаданасар кайра акыл-эсине келгенден кийин «Эң Жогорку Кудайды алкап», «анын бийлиги түбөлүк бийлик» экенин моюнга алган. Анан: «Анын колуна тоскоолдук кыла ала турган... эч ким жок»,— деген (Дан. 4:30, 33—35). Даниелдин кынтыксыздыгы сыналып, Жахаба аны арстандардын оозунан куткаргандан кийин, Дарий падыша мындай буйрук чыгарган: «Менин падышалыгымдын бүт аймагында жашагандар Даниелдин Кудайынын алдында титирешсин, андан коркушсун. Анткени ал — тирүү, түбөлүк бар болуучу Кудай. Анын падышалыгы кыйрагыс, башкаруусу түбөлүктүү» (Дан. 6:7—10, 19—22, 26, 27).

15 Забурчу дагы: «Жахаба элдердин ой-максатын бузат, адамдардын ойлорун ойрон кылат»,— деп ырдаган. Андан ары: «Жахаба кайсы элдин Кудайы болсо, кимдерди мурасы кылып тандап алса, ошол эл бактылуу»,— деген (Заб. 33:10, 12). Жахабанын алдында кынтыксыздыгыбызды сактаганга мындан өтөр орчундуу себеп барбы?!

АКЫРКЫ СОГУШ

Улуттардын бирикмеси Жахабанын асман аскерлери менен тең тайлаша албайт (16, 17-абзацтарды карагыла)

16. «Улуу алааматка» байланыштуу эмнеден шектенбесек болот жана эмне үчүн? (Сүрөттү карагыла.)

16 Жогоруда Жахабанын байыркы убакта эмне кылганын карап чыктык. Анда келечегибиз жөнүндө эмне десек болот? Жахаба берилген кызматчыларын «улуу алааматтан» куткарып каларынан шектенбесек болот (Мт. 24:21; Дан. 12:1). Магок жеринен чыккан Гок — улуттардын бирикмеси — Кудайдын дүйнө жүзүндөгү ишенимдүү кызматчыларына аёосуз түрдө кол салганда, муну өз көзүбүз менен көрөбүз. Бириккен Улуттар Уюмун түзгөн 193 өлкөнүн баары бириккен күндө да Эң Жогорку Кудай жана анын асман аскерлери менен тең тайлаша албайт! Жахаба мындай деп убада берген: «Мен даңкымды, ыйыктыгымды көрсөтөм, көптөгөн элдердин көз алдында өзүмдүн ким экенимди ачып берем. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет» (Жез. 38:14—16, 23; Заб. 46:10).

17. Ыйык Китепке ылайык, дүйнө башкаруучулары жана кынтыксыз бойдон калгандар келечекте эмне болот?

17 Гок чабуул койгондо, Жахаба Армагедон согушун баштайт. Бүт баарынын тагдырын чече турган ал согушта Жахаба «бүт дүйнөнүн падышаларын» кыйратат (Аян 16:14, 16; 19:19—21). Ал эми «жерде чынчыл адамдар жашайт, айыпсыз кишилер калат» (Накыл 2:21).

КЫНТЫКСЫЗДЫГЫБЫЗДАН ЖАЗБАЙЛЫ

18. Кудайдын чыныгы кызматчылары эмне кылганга даяр болушкан жана эмне үчүн? (Даниел 3:28)

18 Тарых бою Кудайдын чыныгы кызматчылары эркиндигин, атүгүл өмүрүн садага чапканга даяр болушкан. Себеби ааламдын Эгедери Жахабаны жакшы көрүшкөн. Мисалы, кезинде үч еврей жигит да, жалбырттап күйүп турган мешке ыргытабыз дешсе да, Эң Жогорку Кудайга ишенимдүү бойдон калган. Кынтыксыздыгынан тайбагандардын баары алардай болуп чечкиндүүлүгүнөн жазбай келишет. (Окугула: Даниел 3:28.)

19. Жахаба элин эмненин негизинде соттойт жана биз эмне кылышыбыз керек?

19 Забурчу Дөөтү Кудайдын алдында кынтыксыз болуу канчалык маанилүү экени жөнүндө мындай деп жазган: «Жахаба элдерге өкүм чыгарат. Оо, Жахаба, мага адилдигиме жараша, кынтыксыздыгыма жараша өкүм чыгар» (Заб. 7:8). «Мени кынтыксыздыгым менен чынчылдыгым коргосун»,— деп да айткан (Заб. 25:21). Башыбызга эмне гана түшпөсүн, берилгендигибизден жазбай Жахабага ишенимдүү бойдон калганга эмне жетсин?! Ошентсек, биз да забурчудай болуп: «Кынтыксыз болгонум үчүн сен мени колдоп келдиң, жүз алдыңа мени түбөлүк коёсуң»,— деп айта алабыз (Заб. 41:12).

122-ЫР: Бекем, туруктуу бололу!

^ Ыйык Китеп Исанын жолдоочуларын жогорку бийликтегилерге — бул дүйнөнүн бийлик өкүлдөрүнө — баш ийүүгө үндөйт. Бирок айрым өкмөттөр Жахабага жана анын кызматчыларына ачык эле каршы чыгышат. Анда канткенде биз бийликтегилерге баш ийип, ошол эле учурда Жахабанын алдында кынтыксыздыгыбызды сактай алабыз?

^ ТҮШҮНДҮРМӨ: Жахабанын алдында кынтыксыз бойдон калыш үчүн оор сыноого кабылганда да ага жана анын бийлигине берилгендик сакташыбыз керек.

^ Ушул сандагы «Ысрайылдыктар согушкан. Анда биз эмне үчүн согушпайбыз?» деген макаланы карагыла.