Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

43-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Чыныгы акылмандык жар салып жүрөт

Чыныгы акылмандык жар салып жүрөт

«Чыныгы акылмандык көчөдө жар салып жүрөт, анын үнү аянттарда угулуп жатат» (НАКЫЛ 1:20).

88-ЫР: Өз жолуңда жүрүүгө үйрөт

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Бүгүнкү күндө көптөр акылмандыкка кандай карашат? (Накыл сөздөр 1:20, 21)

 КӨП өлкөлөрдө жарчылар эл быкылдаган көчөлөрдө жылмайып туруп алып өткөн-кеткендерге адабият сунушташат. Силер да кызматтын ушундай кызыктуу түрүнө катышкан болсоңор, Накыл сөздөр китебиндеги каймана маанидеги сөздөр жөнүндө ойлонгон болушуңар керек. Ал жерде акылмандык кеп-кеңештерин элге жарлап жүргөнү сүрөттөлөт. (Окугула: Накыл сөздөр 1:20, 21.) Ыйык Китепте жана ага негизделген адабияттарда «чыныгы акылмандык», Жахабанын акылмандыгы, камтылат. Өмүр жолуна түшүш үчүн адамдарга так ушундай акылмандык керек. Кимдир бирөө адабият алганда сүйүнөбүз. Бирок баары эле ала бербейт. Кээ бирлер Ыйык Китепке кайдыгер карашат. Бизди шылдыңдагандар да бар. Алар Ыйык Китепти эскирип калган деп эсептешет. Дагы бирөөлөр Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларын сынга алышат. Аларга кармангандарды катаал, адилсинген кишилердей көрүшөт. Ошентсе да мээримдүү Кудайыбыз чыныгы акылмандыкты баарына сунуштап жатат. Кантип?

2. Акылмандык кантип жар салынып жатат, бирок көптөр эмне кылууда?

2 Биринчиден, Жахаба акылмандыкты Ыйык Китеп аркылуу жар салып жатат. Аны дээрлик ар бир киши окуй алат. Ал эми Ыйык Китепке негизделген адабияттар жөнүндө эмне десек болот? Жахабанын жардамы менен адабияттар миңден ашык тилде чыгып жатат. Акылмандыкка кулак түргөндөр — Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуп, иш жүзүндө колдонгондор — сөзсүз пайдасын көрүшөт. Бирок көптөр кулак какпай жатат. Чечим чыгарарда өздөрү билгендей кылышат же өздөрүнө окшогон пенделер менен акылдашышат. Ыйык Китепке ылайык жашагандарды болсо замандан артта калгандардай көрүшөт. Бул макалада көптөрдүн эмне үчүн ушундай көз карашта экенин карайбыз. Адегенде канткенде акылман боло аларыбызга токтолобуз.

ЖАХАБАНЫН БИЛИМИ АКЫЛМАН КЫЛАТ

3. Акылман болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

3 Акылмандык деген туура чечим чыгарыш үчүн билген нерселерибизди колдонууну билдирет. Бирок чыныгы акылмандык андан да көптү камтыйт. Ыйык Китепте: «Акылмандыктын башталышы — Жахабадан коркуу. Баарынан Ыйыкты таанып-билүү түшүнүккө ээ кылат»,— делет (Накыл 9:10). Демек, маанилүү чечим чыгарарда баарынан ыйык Жахабанын акылына таянышыбыз керек. Ал үчүн Ыйык Китепти, адабияттарыбызды изилдешибиз зарыл. Ошентсек, чындап акылман болобуз (Накыл 2:5—7).

4. Эмне үчүн чыныгы акылмандыкты Жахаба гана бере алат?

4 Чыныгы акылмандыкты Жахаба гана бере алат (Рим. 16:27). Эмне үчүн аны акылмандыктын булагы десек болот? 1) Ал — Жаратканыбыз. Ошондуктан жараткан нерселери жөнүндө баарын билет (Заб. 104:24). 2) Жахабанын бүт иштеринен акылман экени көрүнүп турат (Рим. 11:33). 3) Анын даанышман кеңештери колдонгондордун баарына пайдасын тийгизет (Накыл 2:10—12). Чындап акылман болгубуз келсе, ушул үч маанилүү ойду жакшы түшүнүшүбүз керек. Анан чечим чыгарарда же кандайдыр бир иш кыларда ошону эске алганыбыз маанилүү.

5. Чыныгы акылмандыктын Булагы Жахаба экенин моюнга албагандыктын натыйжасы кандай болуп жатат?

5 Көптөр табияттын кереметине суктанышат. Анткен менен Жараткандын бар экенин танып, баары эволюция жолу менен пайда болгон дешет. Башкалары Кудайга ишенем дегени менен, Ыйык Китептеги талаптарды эскирип калган дешет. Ошондуктан өздөрү туура көргөндөй жашашат. Мунун натыйжасы кандай болуп жатат? Кудайдын эмес, өздөрүнүн акылына таянганы үчүн заман жакшырып кеттиби? Бактылуу болуп калыштыбы? Эртеңки күнүнүн жакшы болоруна көзү жетеби? Айлана-тегерегибизге байкоо салсак, «Жахабага каршы акылмандык да, кыраакылык да, кеңеш да жок» экени көрүнүп турат (Накыл 21:30). Ооба, чыныгы акылмандыкты Жахабадан башка эч ким бере албайт. Ошон үчүн акылмандык сурап ага гана кайрылышыбыз керек. Бирок көптөр кайрылбайт. Эмне үчүн?

ЭМНЕ ҮЧҮН АДАМДАР ЧЫНЫГЫ АКЫЛМАНДЫКТЫ ЧЕТКЕ КАГЫШАТ?

6. Накыл сөздөр 1:22—25-аяттарга ылайык, чыныгы акылмандыкты укпаш үчүн кимдер кулагын жаап алган?

6 Чыныгы акылмандык «көчөдө жар салып жүргөндө», көптөр аны уккусу келбейт. Ыйык Китепке ылайык, акылмандыкты четке каккандардын үч тобу бар: «тажрыйбасыздар», «шылдыңчылдар», «акылсыздар». (Окугула: Накыл 1:22—25.) Келгиле, алардын эмне үчүн акылмандыкты четке кагарын жана биз да антпеш үчүн эмне кылышыбыз керектигин карайлы.

7. Эмне үчүн айрымдар тажрыйбасыз бойдон калууну туура көрүшөт?

7 «Тажрыйбасыздарга» оңой алданган, ишенчээк, оома кишилер кирет (Накыл 14:15). Андайларды кабар айтып жүргөндө көп жолуктурабыз. Мисалы, миллиондогондор диний жана саясий жетекчилерге алданып келишет. Айрымдары алданганын билгенде айран таң калышат. Бирок Накыл сөздөр 1:22де сөз кылынган тажрыйбасыздар тажрыйбасыз бойдон калууну туура көргөндөрдү билдирет. Себеби аларга өз жолу жагат (Жер. 5:31). Алар Ыйык Китептеги мыйзам-талаптарды билгиси да, аткаргысы да келбейт. Көптөр Квебекте жашаган бир динчил аялдай ой жүгүртөт. Ал үйүнө келген Жахабанын Күбөсүнө: «Эгер дин кызматчыбыз бизди адаштырып жатса, бул биздин эмес, анын күнөөсү»,— деген. Биз атайлап эле чындыкты четке каккан ушундай адамдардай болгубуз келбейт! (Накыл 1:32; 27:12)

8. Тажрыйбасыз болбой акылман болгонго эмне жардам берет?

8 Андыктан Ыйык Китеп бизди тажрыйбасыз бойдон кала бербей, «ой жүгүртүү жагынан жетилген кишилердей болгонго» үндөйт (1 Кор. 14:20). Анда канткенде ошенте алабыз? Ыйык Китептеги принциптерди жашообузда колдонгондо. Ошентсек, убакыттын өтүшү менен андагы принциптердин көйгөйлөрдөн качканга, туура чечимдерди чыгарганга кантип жардам берип жатканын өз көзүбүз менен көрөбүз. Маал-маалы менен туура чечимдерди чыгарып жаткан-жатпаганыбызды текшерип турушубуз керек. Эгер көптөн бери Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыштарга барып жүрсөк, эмне үчүн өмүрүбүздү Жахабага арнап, чөмүлбөй жатканыбыз жөнүндө ойлонуп көрсөк болот. Ал эми чөмүлгөн болсок, жакшы кабар таратуу, окутуу жагынан жакшырып жатабызбы? Чечимдерибизден Ыйык Китептеги принциптерге карманарыбыз көрүнүп турабы? Башкаларга Исадай мамиле кылабызбы? Кайсы бир жагынан жакшырышыбыз керектигин байкасак, «тажрыйбасызды даанышман кылган» Жахабанын насаатына назар салышыбыз керек (Заб. 19:7).

9. «Шылдыңчылдардын» Кудайдын акылмандыгын четке какканын эмнеден көрүүгө болот?

9 Кудайдын акылмандыгын четке каккандардын 2-тобу — «шылдыңчылдар». Кабар айтып жүргөндө ушундайларды да жолуктурабыз. Алар шылдыңдаганды жакшы көрүшөт (Заб. 123:4). Акыркы күндөрдө шылдыңчылдардын көп болору алдын ала айтылган (2 Пет. 3:3, 4). Адил Лоттун болочок күйөө балдарындай болуп, азыр айрымдар Кудайдын эскертүүлөрүнө маани бербейт (Башт. 19:14). Алар Ыйык Китептеги талаптарга ылайык жашагандарды келекелеп, шылдыңдашат. Шылдыңчылдар ыймансыз иштерди «туура эмес каалоолоруна жетеленгендиктен» жасашат (Жүй. 7, 17, 18). Ыйык Китепте чындыктан четтегендер жана Жахабаны четке каккандар да ушинтип сүрөттөлөт.

10. Забур 1:1ге ылайык, шылдыңчылдардан канткенде алыс болобуз?

10 Шылдыңчылдардай болбош үчүн эмне кылыш керек? Анын бир жолу — кылдан кыйкым издей бергендерден оолак болуу. (Окугула: Забур 1:1.) Ан үчүн чындыктан четтегендерди укпашыбыз, жазгандарын окубашыбыз керек. Абайлабасак, бат эле сынчыл болуп калышыбыз мүмкүн. Мисалы, Жахабанын жетекчилигине сын тагып, уюму аркылуу жетектеп жатканына шек санай беришибиз ыктымал. Андан качыш үчүн мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Жаңы көрсөтмө берилгенде же кайсы бир нерсе жаңыча түшүндүрүлгөндө, дароо эле сындап кирбеймби? Жетекчиликти колго алгандардан кыйкым издегенге жакын эмесминби? Эгер ушундай терс жактарыбызды оңдогонго шашылсак, Жахаба бизди көрүп кубанат (Накыл 3:34, 35).

11. «Акылсыздар» Жахабанын адеп-ахлактыкка карата талаптарына кандай карашат?

11 Акылмандыкты четке каккандардын 3-тобу — «акылсыздар». Алар Кудайдын адеп-ахлактыкка байланыштуу талаптарын жеригендиктен акылсыздар деп аталат. Алар өздөрү туура көргөндү кылат (Накыл 12:15). Андайлар акылмандыктын Булагы болгон Жахабаны четке кагышат (Заб. 53:1). Кабар айтып жүрүп аларга жолугуп калганда, Ыйык Китептеги талаптарды туу тутканыбызды сындап киришет. Бирок андан артык эч нерсе деле сунуштай алышпайт. Ыйык Китепте: «Акылсыз үчүн чыныгы акылмандык өтө бийик; ал дарбаза алдында сүйлөбөйт»,— делет (Накыл 24:7). Ооба, акылсыздар жарытарлык деле кеңеш бере алышпайт. Ошондуктан Жахаба «акылсыз адамдан алыс болгонго» чакырат (Накыл 14:7).

12. Канткенде акылсыздардай болбойбуз?

12 Кудайдын акыл-насаатын жек көргөндөрдөн айырмаланып, биз Кудайдай ой жүгүрткөнгө умтулабыз, осуяттарын баалайбыз. Аларды ого бетер баркташ үчүн Кудайга баш ийгендер менен баш ийбегендердин жашоосун салыштырып көрсөк болот. Акылсыздык кылып Кудайдын насаатын четке каккандар башына кандай балээлерди үйүп алып жатканы жөнүндө ойлонуп көргүлө. Анан Кудайга баш ийгениңер үчүн жашооңордун алардыкынан канчалык жакшы экени жөнүндө ой калчагыла (Заб. 32:8, 10).

13. Жахаба акылман кеңештерине кулак салганга мажбурлайбы?

13 Жахаба акылмандыкты баарына сунуш кылат, бирок аны эч кимге таңуулабайт. Ошентсе да анын акылмандыгына кулак төшөбөгөндүктүн кесепети кандай болорун эскертет (Накыл 1:29—32). Жахабага баш ийгиси келбегендер «өздөрүнүн жолунун жемишинен жешет». Өз билгендей жашаганы үчүн убакыттын өтүшү менен азап-кайгыга малынат, көйгөйлөргө туш болот, акыр-аягы Жахаба аларды жок кылат. Ал эми Кудайдын кеңештерине кулак кагып, аткаргандар эмне болот? Ал: «Мени уккандар жамандыктан коркпой, коопсуз жашашат»,— деп убада берген (Накыл 1:33).

ЧЫНЫГЫ АКЫЛМАНДЫКТЫН ПАЙДАСЫ

Жыйналыштан жооп берсек, Кудай менен болгон мамилебиз бекемделет (15-абзацты карагыла)

14, 15. Накыл сөздөр 4:23төн эмнени биле алабыз?

14 Жахабанын акылмандыгына жетектелсек, пайдасын гана көрөбүз. Буга чейин караганыбыздай, Кудайдын акыл-насааттары кол жеткис эмес. Мисалы, Накыл сөздөр китеби баштан аяк эч качан пайдасын жоготпогон кеңештерге бай. Аларды колдонсок, жашообуз жакшырат. Келгиле анда, 4 кеңешти карап өтөлү.

15 Каймана жүрөгүңөрдү коргогула. Ыйык Китепте: «Сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүңдү сакта, анткени андан өмүр булактары чыгат»,— деп жазылган (Накыл 4:23). Адатта, жүрөктү кантип коргойбуз? Туура тамактанабыз, көнүгүү жасайбыз, жаман адаттардан оолак болобуз. Каймана жүрөгүбүздү коргош үчүн да ошентишибиз керек. Мисалы, Кудайдын Сөзүн күн сайын окуп, азыктанабыз, жолугушууларга даярданабыз, калтырбай барабыз, жооп берип катышабыз. Мындан тышкары, кабар айтуу ишине үзбөй катышабыз. Акылыбызды булгаган жаман адаттардан да жаа бою качабыз. Алсак, көңүл ачуунун ыпыластык камтылган түрлөрүнөн, жаман чөйрөдөн оолак болобуз.

Акчаны ойлоп көп сарсанаа боло бербесек, колубузда болгонуна ыраазы болобуз (16-абзацты карагыла)

16. Эмне үчүн Накыл сөздөр 23:4, 5теги кеңештер бүгүнкү күндө колдонорлук?

16 Болгонуна топук кылгыла. Ыйык Китепте: «Байлык топтойм деп, түйшүк тартпа... Жок болуп кете турган байлыкты эмнеге телмире карайсың? Ал бүркүттүкүндөй канат жасап алып, асманга учуп кетет»,— деген кеңеш камтылган (Накыл 23:4, 5). Байлык колдун кири: ал бүгүн бар, эртең жок. Ошентсе да байдын да, кедейдин да эси-дарты акча болуп калды. Көптөр акчанын артынан сая түшүп, жакшы атын булгап, мамиледен кетип, атүгүл ден соолугунан ажырап жатышат (Накыл 28:20; 1 Тим. 6:9, 10). Ал эми акылмандык бизге акчаны ойлоп санаа тарта бербегенге жардам берет. Бул болсо ач көз болбогонго, бар нерсеге топук кылып, бактылуу болгонго шарт түзөт (Нас. 7:12).

Сүйлөөрдөн мурун ойлонсок, башкалардын жүрөгүн жаралабайбыз (17-абзацты карагыла)

17. Накыл сөздөр 12:18де айтылгандай, канткенде тилибиз «акылдуулардын тилиндей» болот?

17 Сүйлөөрдөн мурун ойлонгула. Тилди тыя билбесек, башкаларга чоң зыян алып келишибиз мүмкүн. Ыйык Китепте: «Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт, ал эми акылдуулардын тили айыктырат»,— делет (Накыл 12:18). Башкалардын кемчилигин кеп кылып ушактабасак, ортодогу жакшы мамилени сактап калабыз (Накыл 20:19). Тилибиз жаралабай, айыктырышы үчүн, жүрөгүбүздү Кудайдын Сөзүндөгү билимге толтурушубуз керек (Лк. 6:45). Анда жазылгандар жөнүндө ой жүгүртүп турсак, сөздөрүбүз «акылмандыктын башатындай» болуп, башкаларды сергитет (Накыл 18:4).

Уюмдан келген жетекчиликке баш ийсек, кызматыбызды жакшы аткарабыз (18-абзацты карагыла)

18. Накыл сөздөр 24:6дагы кеңеш кызматта ийгиликке жеткенге кандайча жардам берет?

18 Жетекчиликке ылайык иш кылгыла. Ыйык Китепте мындай накыл кеп бар: «Согушту жакшы жетекчилик астында жүргүз; кеңешчилердин көптүгү куткаруу [ийгилик] алып келет» (Накыл 24:6). Бул кеңешти колдонгонубуз кабар айтуу жана окутуу ишинде кандайча ийгиликке жеткирери жөнүндө ойлонуп көрөлү. Кызматыбызды өзүбүз туура көргөндөй эмес, берилген кеңештерге ылайык аткарышыбыз керек. Биз жакшы жетекчиликти жыйналыштан алабыз. Ал жакта тажрыйбалуу кеңешчилер Ыйык Китепке негизделген баяндамаларды айтышат, бизди окутуш үчүн тапшырмаларды беришет. Андан сырткары, Жахабанын уюму бизди пайдалуу куралдар: адабияттар, видеолор менен камсыз кылып келет. Аларды колдонуп башкаларга Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам беребиз. Ошол куралдарды жакшы пайдаланып жатасыңарбы?

19. Силер Жахабанын акыл-насааттарына кандай карайсыңар? (Накыл сөздөр 3:13—18)

19 Окугула: Накыл сөздөр 3:13—18. Кудайдын Сөзүндө кандай гана сонун кеңештер айтылган! Буга абдан ыраазыбыз. Аларсыз жашообуз кандай болмок?! Бул макалада Накыл сөздөр китебиндеги турмушка керектүү кеңештерди карап чыктык. Албетте, андай кеңештер Ыйык Жазманын башка жерлеринде да арбын. Келгиле анда, Жахабанын акылман кылган кеп-кеңештерин жашообуздун бардык тармагында колдонолу. Учурда көптөр Кудайдын акылмандыгын баркка албаса да, биз: «Акылмандыкка... бекем кармангандар... бактылуу»,— деген сөздөрдөн шектенбейбиз.

36-ЫР: Жүрөгүбүздү сактайлы

^ Жахаба берген акылмандык дүйнө сунуштаган нерселерден миң эсе ашып түшөт. Бул макалада Накыл сөздөр китебиндеги бүйүр кызыткан каймана мааниде жазылган сөздөрдү талдайбыз. Ал жерде акылмандыктын шаар аянтында жар салып жүргөнү айтылган. Ошондой эле канткенде чындап акылман боло аларыбызды, эмне үчүн айрымдар акылмандыкка кулак төшөбөй турганын жана ага кулак салсак, пайдасы кандай болорун карап чыгабыз.