Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ысрайылдыктар согушкан. Анда биз эмне үчүн согушпайбыз?

Ысрайылдыктар согушкан. Анда биз эмне үчүн согушпайбыз?

«ФРАНЦИЯ менен Англияга каршы согушканга баргандан бириңер эле баш тартсаңар, баарыңар өмүрүңөр менен кош айтышасыңар!» Бул заардуу сөздөрдү фашист офицери Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Жахабанын Күбөлөрүнө айткан. Бет алдында фашист аскерлери атканга даяр турса да, ишенимдештерибиздин эч кимиси кысымга алдырган эмес. Эмне деген эр жүрөктүк! Бул окуя Жахабанын Күбөлөрүнүн көз карашын таамай чагылдырып турат: биз бул дүйнөдө бир да согушка катышпайбыз. Өлүм менен беттешкенге туура келсе да, кагылышууларга аралашпайбыз.

Бирок буга өздөрүн Исанын жолдоочуларыбыз дегендердин баары эле кошула бербейт. Көптөр Исанын жолдоочусу өз өлкөсүн коргой алат, коргошу да керек деп эсептешет. Алар мындай деши мүмкүн: «Кудайдын эли болгон байыркы ысрайылдыктар деле согушпады беле. Анда эмне үчүн азыркы учурдагы Исанын жолдоочулары согушпашы керек?» Аларга эмне деп жооп берет элеңер? Аларга байыркы ысрайылдыктардын жагдайы бүгүнкү күндөгү Кудайдын элиникинен кыйла айырмаланарын түшүндүрүп берсеңер болот. Анда 5 айырмачылыкка токтололу.

1. КУДАЙДЫН ЭЛИ БИР ЭЛ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН

Байыркы учурда Жахаба ысрайылдыктарды тандап алып, бир эл кылып бириктирген. Ал аларга: «Башка элдердин арасынан силер менин өзгөчө элим болосуңар»,— деп айткан (Чыг. 19:5). Ошондой эле алар Кудай бөлүп берген жерде чогуу жашашкан. Демек, ысрайылдыктар Кудайдын буйругу менен башка элдерге каршы согушка аттанганда Жахабага сыйынгандарды өлтүрүп алышмак эмес *.

Бүгүнкү күндө Кудайдын эли «ар бир элден, уруудан, улуттан» чогултулган, алар «ар кандай тилдерде сүйлөшөт» (Аян 7:9). Эгер алар согушка катыша турган болсо, өздөрүнүн эле ишенимдештерине каршы согушуп, атүгүл аларды өлтүрүп алышмак.

2. ЫСРАЙЫЛДЫКТАРДЫН СОГУШ АЧЫШЫНА ЖАХАБА ӨЗҮ БУЙРУК БЕРГЕН

Байыркы учурда ысрайылдыктардын качан жана эмне үчүн согушарын Жахаба чеччү. Мисалы, ал ысрайылдыктарга канаандыктарга чыгарган өкүмүн ишке ашырганга буйрук берген. Себеби канаандыктар жиндерге сыйынган, адеп-ахлаксыздыкка белчесинен баткан, ымыркайларды курмандыкка чалган эл болгон. Эгер Кудайдын эли аларды жок кылбаса, Убадаланган жерге барганда ошол элдин иштерин кыла баштамак (Леб. 18:24, 25). Жахаба ысрайылдыктарга Убадаланган жерге отурукташкандан кийин да душмандарынан коргонуш үчүн согушканга уруксат берген (2 Шем. 5:17—25). Бирок өздөрү билип согуш ачканга эч качан жол берген эмес. Болбой эле өжөрлөнүп согушка аттангандар кесепетин тартышчу (Сан. 14:41—45; 2 Жылн. 35:20—24).

Бүгүнкү күндө Жахаба адамдарга согушканга укук бербейт. Азыркы учурда улуттар Кудайдын эркин аткарыш үчүн эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн согушушат. Алардын согуш отун тутантышына көбүнчө жер талаш, экономикалык кызыкчылыктар же саясий идеологияны жайылтуу себеп болушу мүмкүн. Ал эми динибизди коргойбуз же Кудайдын душмандарын жок кылабыз деп Кудайдын атынан согушуп атабыз дегендер жөнүндө эмне деп айтууга болот? Жахаба өзүнүн кызматчыларын коргош үчүн жана душмандарын жок кылыш үчүн келечекте Армагедон согушун баштайт (Аян 16:14, 16). Ал согушту Кудайдын жердеги кызматчылары эмес, периштелерден турган асман аскери баштап келет (Аян 19:11—15).

3. ЫСРАЙЫЛДЫКТАР ЖАХАБАГА ИШЕНГЕНДЕРДИ ӨЛТҮРҮШКӨН ЭМЕС

Кудай ысрайылдыктарга Жерихону талкалаганга жардам бергендей, бүгүнкү күндө кайсы бир эл үчүн салгылашабы?

Байыркы учурда ысрайылдыктар Кудайга ишенгендерге ырайым кылып, Жахаба өлүм өкүмүн чыгаргандарды гана өлтүрүшчү. Буга байланыштуу эки окуяны карап көрөлү. Мисалы, Жахаба Жерихону жок кылганга буйрук берген. Ошондо Рахап жана анын үй-бүлөсү Кудайга ишенгендиктен, ысрайылдыктар аларды аман алып калышкан (Жаш. 2:9—16; 6:16, 17). Кийинчерээк болсо Кудайдан корккону үчүн Гибон шаарынын бүтүндөй тургундарын аман алып калышкан (Жаш. 9:3—9, 17—19).

Бүгүнкү күндө бири-бири менен согушкан улуттар Кудайга ишенгендерди аман алып калышпайт. Ортодо бейкүнөө адамдардын каны төгүлөт.

4. ЫСРАЙЫЛДЫКТАР ЖАХАБА БЕКИТКЕН СОГУШ ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ КАРМАНЫШКАН

Байыркы учурда Жахаба ысрайылдык жоокерлерден согушту анын көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүүнү талап кылган. Мисалы, айрым учурларда Кудай аларга согуш ачкан шаар менен адегенде «тынчтык келишимин түзүшү» керектигин айткан (Мыйз. 20:10). Андан тышкары, Жахаба ысрайылдыктарга согуш учурунда тулку боюн, кошуунду таза сакташ керектигин жана адеп-ахлаксыз иштерге барбашы керектигин эскерткен (Мыйз. 23:9—14). Алардын тегерегиндеги элдер кайсы бир жерди басып алганда туткунга түшкөн аялдарды зордукташчу. Жахаба болсо ысрайылдыктарга андай кылганга тыюу салган. Туткунга түшкөн аялга шаарды басып алгандан бир ай өткөндөн кийин гана үйлөнгөнгө уруксат берилген (Мыйз. 21:10—13).

Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөр согушка байланыштуу эл аралык келишимдерди түзүшөт. Өкүнүчтүүсү, жарандарды коргоо максатында түзүлгөн андай келишимдер бузулган учурлар көп болот.

5. КУДАЙ ӨЗ ЭЛИ ҮЧҮН СОГУШКАН

Жерихо талкаланганда, Рахап менен анын үй-бүлөсү аман калган. Бүгүнкү күндөгү согуштарда Кудайга ишенгендер да аман калабы?

Байыркы учурда Жахаба ысрайыл эли үчүн күрөшүп көп учурда керемет кылып аларды жеңишке жеткирген. Мисал үчүн, ысрайылдыктар Жерихого чабуул койгондо, Жахаба аларга кантип жардам бергенин карап көрөлү. Алар Жахабанын буйругу менен «жер жаңырта кыйкырышканда, шаардын дубалдары түбүнө чейин урап калган». Ошентип, шаарды оңой эле басып алышкан (Жаш. 6:20). Ал эми аморлуктар менен салгылашканда кантип жеңишке жетишкен? Ыйык Китепте мындай делет: «Жахаба... асмандан чоң-чоң мөндүрлөрдү жаадырды. Ысрайыл уулдары кылыч менен өлтүргөндөргө караганда мөндүрдөн өлгөндөрдүн саны көп болду» (Жаш. 10:6—11).

Бүгүнкү күндө Жахаба жер бетиндеги бир да эл үчүн согушпайт. Анткени анын Падышалыгы да, Падышалыгынын Падышасы Иса да «бул дүйнөгө таандык эмес» (Жкн. 18:36). Чынында, жер жүзүндөгү өкмөттөрдүн баарын Шайтан бийлеп жатат. Ошол себептен бул дүйнөдөгү кандуу согуштар так ошол мерез Шайтандын шыкагы менен болуп жатат (Лк. 4:5, 6; 1 Жкн. 5:19).

ИСАНЫН ЧЫНЫГЫ ЖОЛДООЧУЛАРЫ ТЫНЧТЫККА УМТУЛУШАТ

Жогоруда карап кеткендей, биздин жагдайыбыз байыркы ысрайылдыктардыкынан кескин айырмаланат. Бирок согушка катышпаганыбыздын башка да себептери бар. Мисалы, Кудай акыркы күндөрдө өзүнүн элинин согушка катышмак турсун, согушканга үйрөнбөй турганын айткан (Ыш. 2:2—4). Андан тышкары, Машаяк өзүнүн жолдоочуларынын «бул дүйнөгө таандык болбой» турганын айткан. Алар бул дүйнөдө эки тарап кагылышканда, эч бир тарапты ээлешмек эмес (Жкн. 15:19).

Машаяк жолдоочуларына андан да көптү кылганга түрткү берген. Ал аларды жек көрүүчүлүккө, ачууга түртө турган, согуш отун тутандыра турган ойлордон оолак болууга чакырган (Мт. 5:21, 22). Ал эле эмес, «тынчтык жаратуучулардан» болуп, душмандарын сүйүүнү осуят кылган (Мт. 5:9, шилт., 44).

Жеке ар бирибиз жөнүндө эмне десек болот? Албетте, биз согушка катышпайбыз. Бирок жүрөгүбүздө жыйналышты бөлүп-жарып, талаш-тартыш жарата турган жек көрүүчүлүктүн учкундары жокпу? Эгер бар болсо, аларды баса калып өчүрөлү (Жкп. 4:1, 11).

Ооба, биз улут аралык кагылышууларга катышпайбыз. Анын ордуна, ортобузда тынчтык, сүйүү өкүм сүрүшүнө салымыбызды кошобуз (Жкн. 13:34, 35). Андыктан, келгиле, Кудай согуш отун өчүрө турган заманды күтүп жатып бейтараптуулугубуздан жазбайлы (Заб. 46:9).

^ Кээде ысрайылдык уруулар ич ара согушкан учурлар болгон. Бирок бул Жахабага жаккан эмес (1 Пад. 12:24). Айрым учурларда Жахаба андай согуштарды колдогон. Анткени кээ бир уруулар ага каршы чыгышкан же төбө чачты тик тургузган иштерди кылышкан (Бий. 20:3—35; 2 Жылн. 13:3—18; 25:14—22; 28:1—8).