Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

44-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Үмүтүңөрдү жалындатып тургула

Үмүтүңөрдү жалындатып тургула

«Жахабага үмүт арт» (ЗАБ. 27:14).

144-ЫР: Көзүңдү алба сыйлыктан

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба бизге кандай үмүт берген?

 ЖАХАБА бизге түбөлүк жашайсыңар деген эң сонун үмүт берген. Айрымдар өлбөстүккө ээ болуп асманда түбөлүк жашоого үмүттөнүшөт (1 Кор. 15:50, 53). Ал эми көптөр жер бетинде чың ден соолукта, бактылуу өмүр сүрөбүз деп үмүттөнүшөт (Аян 21:3, 4). Асманда жашаганга үмүттөнөбүзбү же жердеби, биз үчүн үмүтүбүз абдан кымбат.

2. Үмүтүбүз эмнеге негизделген жана эмне үчүн ошентип айта алабыз?

2 Ыйык Китептеги «үмүт» деген сөздү «жакшы нерселерди күтүү» деп берсе болот. Келечекте үмүтүбүз сөзсүз орундалат деп ишене алабыз. Себеби муну Жахаба айтып жатат (Рим. 15:13). Биз анын кандай убадаларды бергенин жана аларды дайыма аткарып келгенин билебиз (Сан. 23:19). Жахабада айткандарынын баарын аткарганга каалоо да, күч да бар экенинен түк да шектенбейбиз. Биз үмүттөнгөн нерселер куру кыял эмес. Анткени алар далилдерге, чындыкка негизделет.

3. Бул макалада эмнелерди карайбыз? (Забур 27:14)

3 Асмандагы Атабыз бизди жакшы көрөт жана ага таянышыбызды каалайт. (Окугула: Забур 27:14.) Эгер ага болгон үмүтүбүз бекем болсо, кыйынчылыктарды көтөрүп кете алабыз. Эртеңки күндү ойлоп коркпойбуз. Кубанычыбызды да кемитпейбиз. Келгиле анда, үмүтүбүз бизди кантип коргоорун карап көрөлү. Адегенде үмүтүбүз эмне үчүн кеме казыкка жана туулгага окшош экенине токтололу. Андан соң канткенде үмүтүбүздү чыңдай аларыбызды талкуулайбыз.

ҮМҮТҮБҮЗ КЕМЕ КАЗЫККА ОКШОШ

4. Эмне үчүн үмүтүбүздү кеме казыкка салыштырса болот? (Еврейлер 6:19)

4 Элчи Пабыл Еврейлерге жазган катында үмүттү кеме казыкка салыштырган. (Окугула: Еврейлер 6:19.) Ал деңиз менен көп саякаттачу. Ошондуктан кеме казык кемени ордунан жылдырбай кармап турарын көргөн. Бир жолу Пабыл кемеде баратканда, деңиз алай-дүлөй түшө баштаган. Бороон-чапкын албуутанып жаткан учурда кемечилер кеме казыктарды сууга ыргытышкан. Антпесе кеме аскага урунуп, кыйрап калмак (Элч. 27:29, 39—41). Кемени жылдырбай кармап турган кеме казык сыяктуу эле, үмүтүбүз туруктуу болгонго күч берет. Ошонун аркасында тоодой толкундарга кабылганда Жахабадан алыстап кетпейбиз. Үмүтүбүз «бороон-чапкынга» айдалып кетпегенге жардам берет. Себеби «шамал» тынчып, баары жай-жайына келеринен шектенбейбиз. Биз жакшы билгендей, Иса куугунтукталарыбызды эскерткен (Жкн. 15:20). Демек, келечекте алчу сыйлыгыбыз жөнүндө ой жүгүртсөк, олку-солку болбой, багытыбыздан жазбайбыз.

5. Үмүт Исага өлүм менен беттешкенде кантип күч берген?

5 Келгиле, Исага үмүт мыкаачылык менен өлтүрүлөрүн билсе да өлүмгө тике караганга кантип жардам бергенин карап көрөлү. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында элчи Петир Забур китебинде жазылган пайгамбарлык сөздөрдү цитата кылган. Ал жерде Исанын өлүмдөн коркпогону, өзүн ишенимдүү сезгени мындай деп көркөм сүрөттөлгөн: «Денем... үмүт менен жашайт. Анткени сен жанымды көрдө калтырбайсың, ишенимдүү кызматчыңдын чиришине жол бербейсиң... Көз алдыңда мени кубанычка бөлөйсүң» (Элч. 2:25—28; Заб. 16:8—11). Ооба, Иса өлүмгө кыйыларын билсе да асмандагы Атам мени тирилтет, аны менен кайрадан көрүшүп, кубанычка бөлөнөм деген үмүтү күч болгон (Евр. 12:2, 3).

6. Бир ишенимдешибиз үмүт жөнүндө эмне деген?

6 Үмүт көптөгөн ишенимдештерибизге туруктуу болгонго жардам берип келет. Англияда жашаган Леонард Чинн деген ишенимдүү бир тууганыбызды мисалга алалы. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында ал аскерде кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн камакка алынган. Эки ай бою бир кишилик камерада жаткан. Андан кийин аны өтө оор жумуштарга салышкан. Леонард Чинн мындай деп жазган: «Башыман өткөндөрдөн улам үмүттүн күчүн сездим. Ал сыноолорго сынбаганга жардам берет экен. Ыйык Китептен Исанын, элчилердин, пайгамбарлардын үлгүсү, ошондой эле үмүтүбүздү жандырган убадалар жөнүндө окуй алабыз. Ушунун баары келечектен үмүт үзбөгөнгө, кыйынчылыктарга чыдаганга күч берет». Ооба, Леонард бир тууганыбызга үмүтү, кеме казык сымал, бекем болгонго жардам берген. Бизге да жардам бере алат.

7. Кыйынчылыкка кабылганда үмүтүбүз чыңдалат деп эмне үчүн айтсак болот? (Римдиктер 5:3—5; Жакып 1:12)

7 Кыйынчылыктарды жеңип, Жахабанын колдоосун, ага жагып жатканыбызды сезген сайын, үмүтүбүз күчтөнө берет. (Окугула: Римдиктер 5:3—5; Жакып 1:12.) Ошонун аркасында үмүтүбүз жакшы кабарды биринчи жолу уккан кездегиге караганда бир топ эле бекем болуп калат. Шайтан кыйынчылыктардын бизди басып салышын көксөйт. Бирок Жахабанын жардамы менен, кандай кыйынчылык болбосун, көтөрүп кете алабыз.

ҮМҮТҮБҮЗ ТУУЛГАГА ОКШОШ

8. Үмүт менен туулганын кандай окшоштугу бар? (1 Тесалоникалыктар 5:8)

8 Ыйык Китепте үмүт туулгага да салыштырылат. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:8.) Жоокерлер согушта туулга кийишчү, анткени ал алардын башын коргоп турган. Биз дагы рухий согушта акылыбызды Шайтандын соккуларынан коргошубуз керек. Ал бизди ар кайсы жактан кысымга алат. Акылыбызды булгаш үчүн ар кандай ой-толгоолорду колдонот. Туулга жоокердин башын коргогондой эле, үмүт Жахабага ишенимдүү бойдон калыш үчүн ой жүгүртүүбүздү коргойт.

9. Үмүтү жоктордун жашоосу кандай болот?

9 Түбөлүк жашайм деген үмүтүбүз бизге кыраакылык жана акылмандык менен иш кылганга жардам берет. Ал эми үмүтүбүз алсырап калса жана өз каалоолорубуз жөнүндө эле ойлоно баштасак, түбөлүк өмүргө алып барган багытыбыздан жазып калышыбыз мүмкүн. Мисалга байыркы Корунтта жашаган Исанын айрым жолдоочуларын алалы. Алардын Кудайдын негизги убадасына — өлгөндөр тирилет деген убадага — болгон ишеними солгундап калган (1 Кор. 15:12). Пабыл өлгөндөрдүн тирилерине үмүттөнбөгөндөрдүн бүгүнкү күн менен эле жашаарын айткан (1 Кор. 15:32). Азыркы тапта да Кудайдын убадаларына ишенбегендер эртеңки күнүн такыр ойлошпойт. Жашоодо рахат тартуулаган нерселердин баарын татып көргөнгө умтулушат. Бирок биз Кудайдын келечек жөнүндө айткан убадаларынын сөзсүз аткарыларына ишенебиз. Үмүтүбүз каймана маанидеги туулгадай болуп, акылыбызды коргойт, ошондой эле өзүбүздү гана ойлоп жашап калгандан сактайт. Ошонун аркасында Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетпейт (1 Кор. 15:33, 34).

10. Үмүтүбүз бизди жалган ойлордон кантип сактайт?

10 Туулгага салыштырылган үмүтүбүз Жахабага жагууга аракет кылып да кереги жок деп ойлогондон сактайт. Мисалы, айрымдар минтип ойлонушу мүмкүн: «Мен эч качан түбөлүк жашай тургандардын катарында болбойм. Буга татыксызмын. Эч качан Кудайдын талаптарына ылайык жашай албайм». Аюпту сооротумуш эткен Элипаз ага ушу сыяктуу ойду айтканын эстесеңер. Ал: «Таза болгудай ажалдуу адам ким экен?» — деген. Андан ары Жахаба жөнүндө: «Кудай периштелерине да ишене бербейт, анын көз алдында асман да таза эмес»,— деп айткан (Аюп 15:14, 15). Бул карандай калп болчу! Мындай ой Шайтандан экенин эстен чыгарбагыла. Ушинтип ойлоно берсеңер, үмүтүңөрдүн өчөрүн ал жакшы билет. Ошондуктан андай ойду жакын жуутпагыла. Бүт дитиңерди Жахабанын убадаларына бургула. Жахаба силердин түбөлүк жашашыңарды каалайт жана ошол максатыңарга жеткенге жардам бергиси келет. Буга эч качан шектенбегиле (1 Тим. 2:3, 4).

ҮМҮТҮҢӨР ДАЙЫМА ЖАНЫП ТУРСУН

11. Үмүтүбүз орундала турган учурду эмне үчүн чыдамдуулук менен күтүшүбүз керек?

11 Үмүтүбүздүн жалынын өчүрбөй сактоо оңой-олтоң эмес. Кудай убадаларын аткара турган убакты күтүп жатып чыдамыбыз кетиши мүмкүн. Бирок Жахаба түбөлүктүү Кудай болгондуктан, биз үчүн узак убакыт ага көз ирмемдей эле болот (2 Пет. 3:8, 9). Ал убадаларын эң мыкты жол менен аткарат. Бирок аларды биз күткөн учурда аткарбашы мүмкүн. Анда Кудай убадаларын аткара турган учурду күтүп жатып үмүтүбүздүн жалынын өчүрбөгөнгө эмне жардам берет? (Жкп. 5:7, 8)

12. Еврейлер 11:1, 6га ылайык, үмүтүбүздүн ишеним менен кандай байланышы бар?

12 Эгер үмүтүбүз жанып турса, аны орундата турган Жахабадан эч качан алыстабайбыз. Ыйык Китепте үмүтүбүз соолубашы үчүн, Жахабанын «бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишенишибиз» керектиги айтылат. (Окугула: Еврейлер 11:1, 6.) Жахабанын бар экенине канчалык ишенсек, анын бардык убадаларын аткарарына ошончолук ишенебиз. Анда келгиле, Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдегенге жана үмүтүбүздү өчүрбөгөнгө эмнелер көмөк кыларын карап чыгалы.

Тиленүү жана ой жүгүртүү үмүтүбүздү бекем сактаганга жардам берет (13—15-абзацтарды карагыла) *

13. Канткенде Жахабага жакындай алабыз?

13 Жахабадан тиленгиле жана анын Сөзүн окугула. Жахабаны көрө албасак да, ага жакындай алабыз. Биз андан тиленгенде ага сүйлөгөн болобуз. Ал бизди сөзсүз угат (Жер. 29:11, 12). Ал эми Кудайдын Сөзүн окуп, ой жүгүрткөндө аны уккан болобуз. Жахабанын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчыларына кантип кам көргөнү жөнүндө окуганыбызда үмүтүбүз барган сайын жалындай берет. «Туруктуулугубуз аркылуу, Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн, [анда] жазылгандын баары бизге насаат катары жазылган» (Рим. 15:4).

14. Жахабанын башкаларга эмнелерди кылганы жөнүндө ойлонгонубуз эмне үчүн маанилүү?

14 Жахаба убадаларын кантип аткарып келгени жөнүндө ойлонгула. Анын Ыбрайым менен Саара үчүн эмне кылганы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Алар балалуу боло турган курактан эбак эле өтүп калган болчу. Ошентсе да Кудай аларга балалуу болорун убада кылган (Башт. 18:10). Ыбрайым Кудайдын ошол убадасына кандай караган? Ыйык Китепте: «Ыбрайым көптөгөн элдердин атасы бол[оруна]... ишенген»,— делет (Рим. 4:18). Адамдык көз караш менен караганда такыр мүмкүн эместей сезилсе да, Ыбрайым Жахабанын убадасын аткарарына эч шектенген эмес. Анан Кудайга берилген ал кишинин ишеними акталган (Рим. 4:19—21). Ушу сыяктуу окуялардан көрүнүп тургандай, такыр мүмкүн эместей сезилсе да, Жахаба дайыма сөзүнө турат.

15. Кудайдын биз үчүн кылган жакшылыктары жөнүндө эмне үчүн ой жүгүртүшүбүз керек?

15 Жахабанын силер үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө ойлонгула. Кудайдын Сөзүндөгү кайсы убадалардын аткарылганын өз көзүңөр менен көргөнүңөр жөнүндө ой жүгүртүп көрсөңөр. Мисалы, Иса Атасынын силерге жашоо үчүн керектүү нерселердин баарын берерин айткан (Мт. 6:32, 33). Ошондой эле Жахабадан ыйык рух сурасаңар, аны да берерин айткан (Лк. 11:13). Жахаба айтканын айткандай кылып келет. Анын жеке силерге берген дагы башка убадаларын кантип аткарып келгени жөнүндө ойлонуп көрсөңөр болот. Мисалы, силерди кечирерин, сооротуп-жубатарын жана рухий жактан бекем болушуңар үчүн керектүү нерселердин баарын берерин убадалаган (Мт. 6:14; 24:45; 2 Кор. 1:3). Жахабанын буга чейин жеке силер үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө ойлонсоңор, келечекте да убадаларын сөзсүз аткарат деп толук ишене аласыңар.

ҮМҮТ МЕНЕН КУБАНГЫЛА

16. Эмне үчүн үмүтүбүз баа жеткис белек?

16 Түбөлүк жашайбыз деген үмүтүбүз — Кудай берген баа жеткис белек. Биздин келечегибиз жаркын болот. Ал убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бул үмүтүбүз сөзсүз орундалат. Үмүтүбүз кеме казыктай болуп кыйынчылыктарга моюн бербегенге, куугунтуктарга туруштук бергенге, атүгүл өлүмгө тике караганга жардам берет. Ошондой эле ал туулга сыяктуу акылыбызды коргойт. Ошонун аркасында туура эмес иштерден оолак болуп, туура иштерди кылабыз. Ыйык Китепте айтылган үмүт бизди Кудайга жакындатат жана Кудайдын бизди канчалык жакшы көрөрүн айгинелеп турат. Эгер үмүтүбүздү өчүрбөй дайыма жалындатып турсак, анын зор пайдасын көрөбүз.

17. Үмүтүбүз кубанууга кандайча жардам берет?

17 Пабыл римдиктерге жолдогон катында: «Үмүт менен кубангыла»,— деп жазган (Рим. 12:12). Ал өзү да кубанган. Анткени акырына чейин берилгендигин сактаса, асманда түбөлүк жашаарына бекем ишенген. Үмүткө ээ болгон соң биз да кубана алабыз. Анткени Жахаба убадаларын сөзсүз аткарарына бекем ишенебиз. Забурчу жазгандай, «Жахаба Кудайынан үмүттөнгөн адам бактылуу». Анткени ал — «ишенимдүүлүгүн түбөлүккө сактаган» Кудай (Заб. 146:5, 6).

139-ЫР: Жаңы дүйнөдө сен да бол

^ Жахаба келечегибизге байланыштуу кереметтүү үмүт берген. Ал үмүт жашообузду жарык кылып, кыйынчылыктарга көңүл топтобой алдыга арыштай бергенге жардам берет. Ошондой эле башыбызга кандай кыйынчылык түшпөсүн Жахабага кызмат кыла бергенге күч берет. Акылыбызга терс таасир эте турган ар кандай ой-толгоолордон да коргойт. Ооба, үмүтүбүздү өчүрбөй, жалындатып турганга ушундай орчундуу себептер бар. Бул макалада ушуларга кененирээк токтолобуз.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Туулга жоокердин башын коргойт. Кеме казык болсо кемени жылдырбай бир жерде кармап турат. Ошо сыяктуу эле, үмүтүбүз акылыбызды коргойт жана кыйынчылыктарда туруктуу болгонго жардам берет. Ишенимдешибиз Жахабанын аны угаарына ишенип тиленип жатат. Кудайдын Ыбрайымга берген убадаларын кантип аткарганы жөнүндө ойлонуп жаткан ишенимдешибиз. Алган баталары жөнүндө ойлонуп жаткан башка ишенимдешибиз.