Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакындан тартылган сахна жана анын үстүндөгү жазуу

1922. Жүз жыл мурун

1922. Жүз жыл мурун

«[КУДАЙ] Иса Машаяк аркылуу бизге жеңиш берет» (1 Кор. 15:57). Бул аят 1922-жылдын жылдык аяты катары тандалган. Ал Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр ишенимдүүлүгү үчүн сөзсүз сыйлык ала турганын эске салып турган. Ошол жылы Жахаба ынталуу ал жарчылардын эмгегинин акыбетин кайтарган. Аларга батасын бергендиктен китептерди өздөрү басып чыгарып, мукабалай башташкан жана Падышалык жөнүндөгү чындыкты радио аркылуу жарыялай алышкан. Ошол эле 1922-жылдын ичинде Жахаба өз элине батасын берип жатканы дагы бир жолу айкын болгон. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) тарыхый жыйын өткөрүшкөн. Жыйында айтылгандар Жахабанын Күбөлөрү жүргүзгөн ишке азыркыга чейин таасир этип келет.

«УКМУШТУУДАЙ СУНУШ»

Кабар айтуу иши кулачын кенен жайган сайын, адабияттарга суроо-талап көбөйө берген. Ал кезде Бруклиндеги Бейтелде бир туугандар журналдарды өздөрү басып чыгарышчу. Бирок мукабалуу китептерди чыгарыш үчүн башка басмаканалардын көзүн карап калышчу. Бир жолу китептер бир нече ай бою чыкпай калгандыктан, кабар айтуу ишинде китептер жетишсиз боло баштаган. Ошондо Жозеф Рутерфорд басмаканага баш-көз болгон Роберт Мартинге: «Китептерди өзүбүз эле басып чыгарбайлыбы?» — деп сунуштаган.

«Конкорд» көчөсүндөгү басмакана (Бруклин, Нью-Йорк)

Роберт Мартин мындай деп эскерет: «Бул укмуштуудай сунуш болгон! Анткени китеп чыгарганга жабдыктардын баарын өзүбүз алып, өзүбүз иштетишибиз керек эле». Бир туугандар Бруклиндеги «Конкорд» 18 көчөсүнөн бир имаратты ижарага алышкан. Анан керектүү жабдыктарды сатып алышкан.

Бул ишти баштаганыбыз айрымдарга анча деле жага берген эмес. Мурда биздин адабияттарды чыгарып берген ишкананын деректири жаңы имаратыбызга келип кеткен. Анан ал: «Жабдыгыңарга го сөз жок экен. Бирок эч кимиңер колдонгонду билбесеңер, мунуңар бат эле жарактан чыгат го. Ашып кетсе, алты ай иштейсиңер. Анан мунуңар жөн эле таштанды болуп калат»,— деп какшыктаган.

«Бир чети, анын айткандары жөндүү болчу,— дейт Роберт Мартин.— Бирок бул иштин артында Жахаба турганын билгенбиз. Ал бизди буга чейин далай эле жолу колдоп келген». Роберт жаңылган эмес. Басмакана ачылганынан көп өтпөй эле күнүнө эки миңдей китеп чыга баштаган.

Ар бири өзүнүн басма машинкесинин жанында турган ишенимдештерибиз

КАБАРДЫН РАДИО АРКЫЛУУ ТАРАЛЫШЫ

Китептерди басып чыгара баштагандан тышкары, Жахабанын эли жакшы кабарды таратыш үчүн жаңы ыкманы — радиону — колдоно баштаган. 1922-жылы 26-февралда, жекшемби күнү түштөн кийин, Жозеф Рутерфорд биринчи жолу радио аркылуу сөз сүйлөп чыккан. Анын баяндамасы «Азыр жашап жаткан миллиондогон адамдар эч качан өлбөйт» деп аталган. Аны Калифорниянын Лос-Анжелес шаарындагы «КОГ» радиостанциясында айткан.

Баяндаманы болжол менен 25000 киши уккан. Айрымдары ыраазычылыгын жазып кат жөнөтүшкөн. Алардын бири Калифорния штатындагы Санта-Ана шаарынын тургуну Виллард Эшфорд деген кишиден келген. Ал Жозеф Рутерфорддун баяндаманы бүйүр кызытарлык кылып айтканын айтып мактаган. Мындай деп да кошумчалаган: «Биз үйдө үчөөбүз тең оорукчанбыз. Үйдөн чыга албайбыз. Ошон үчүн баяндама жакын жерде айтылса да, барып уга алмак эмеспиз».

Ошондон кийинки жумаларда да баяндама айтылган. Ошентип, «Күзөт мунарасында» жазылгандай, жылдын аягына чейин «жакшы кабарды радио аркылуу, бери дегенде, 300000 киши уккан».

Каттар ушунчалык көп түшкөндүктөн, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр өздөрүнүн радиостанциясын курууну чечишкен. Ал Бруклиндеги Бейтелден анча алыс эмес жайгашкан жердеги Стейтен-Айлендде орун алган. Радиостанция «WBBR» деп аталган. Келерки жылдары ал радиостанция жакшы кабар таратыш үчүн кеңири колдонулган.

«ADV»

«Күзөт мунарасынын» 1922-жылдын 15-июнундагы санында Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) чоң жыйын өткөрүлөрү кулактандырылган. Ал жыйын 1922-жылдын 5—13-сентябрына чейин өткөрүлмөк. Сидар-Пойнтто Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр кубанычы койнуна батпай сүйүнүшкөн.

Өзүнүн алгачкы баяндамасында Жозеф Рутерфорд угуучуларга кайрылып мындай деген: «Кудайыбыздын бул жыйынга батасын берерине жана жакшы кабардын болуп көрбөгөндөй таратылышына жардам берерине түк да шектенбейм». Ошол жыйындагы баяндамачылар жарчыларды кабар айтканга улам-улам үндөшкөн.

1922-жылы Сидар-Пойнтто өткөн жыйынга келген калың эл (Огайо штаты)

Анан жума күнү, 8-сентябрда, 8000дей киши жыйын өткөн жайга агылып келген. Алар Рутерфорддун баяндамасын укканга дилгир болуп өрөпкүп турушкан. Ошондой эле чакыруу баракчасына жазылган «ADV» деген сөздөрдүн чечмеленип беришин күтүп жатышкан. Орун алгандан кийин алардын айрымдары сахнанын үстүндө бир нерсе түрүлүп турганын байкашкан. Алардын арасында Оклахома штатынын Талса шаарынан барган Артур Клаус да бар болчу. Ал баяндама жакшы угула турган жерден орун алган. Ошол учурда үн күчөткөн жабдыктар жок эле.

«Биз баяндаманын бир да сөзүн кулагыбыздын сыртынан кетирбей угуп жаттык»

Жозеф Рутерфорд баяндама айтып жатканда эч ким тоскоолдук кылбашы үчүн төрага жыйын өткөн жайга эч кимдин киргизилбей турганын кулактандырган. 9:30да Жозеф Рутерфорд баяндамасын Матай 4:17деги: «Асман Падышалыгы жакындап калды»,— деген сөздөр менен баштаган. Андан соң адамдардын Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды кантип угары жөнүндө мындай деген: «Иса Падыша болуп такка отургандан кийин орок маалында өзүнүн чыныгы, берилген жолдоочуларын чогултарын айткан».

Негизги залда отурган Артур Клаус: «Биз баяндаманын бир да сөзүн кулагыбыздын сыртынан кетирбей угуп жаттык»,— деп эскерген. Бир убакта ал өзүн жаман сезип, сыртка чыкканга туура келген. Бирок сыртка чыккысы келген эмес, анткени чыга турган болсо, кайра киргизилбей турганын билген.

Ал бир аздан кийин эле өзүн жакшы сезип калган. Кайра залга кайтып келатканда элдин дүркүрөтө кол чаап жатканын уккан. Ошондо бир нерседен кур калганын түшүнгөн. Артур баяндаманын калганын чатырга чыкканга туура келсе да угам деп чатырга чыга турган жерди издей баштаган. Ал кезде Артур 23 жаштагы жигит болчу. Ошентип, ал имараттын капталы менен чатырга чыгып кеткен. Зал шыбы жок ачык болгондуктан «баяндама дапдаана угулуп жатыптыр».

Чыгып барса эле, чатырда анын достору да бар болчу экен. Алардын бири Фрэнк Жонсон шаша-буша чуркап келип: «Жаныңда маки жок беле?» — деп сураптыр.

Артур болсо: «Бар»,— деп айтыптыр.

Ошондо Фрэнк мындай деген: «Көктөн тилегенибиз жерден табылбадыбы. Тээтиги түрүлүп турган нерсени көрдүңбү? Анын аркандары тээтиги мыктарга байланган. Соттун * сөзүн жакшылап угуп тур. Ал: „Жарлагыла, жарлагыла”,— деп айта баштаганда, аркандарды кесесиң».

Анан Артур макисин колуна алып алып аркандарды кесе турган учурду күтүп турган. Бир маалда Жозеф Рутерфорд баяндамасынын эң маанилүү жерине келген. Ошондо ал аябай шыктанып, үнүн бийик чыгарып мындай деген: «Теңирибиздин ишенимдүү, чыныгы күбөлөрү болгула. Бабылдын таш-талканы чыкканча, күрөшө бергиле. Кабарды дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин жеткиргиле. Бул дүйнө Жахабанын Кудай экенин, ал эми Иса Машаяктын падышалардын Падышасы, мырзалардын Мырзасы экенин билиши керек. Бул күн — тарыхый күн. Мына, Падыша башкарып жатат! Силер болсо анын жарчыларысыңар. Ошондуктан Падышаны жана анын Падышалыгын жарлагыла, жарлагыла, жарлагыла!»

Ошентип, Артур менен жанындагылар аркандарды кескен. Анан сахнанын жогору жагында түрүлүп турган нерсе акырын жазылып калган. Анда «ADV» деген англисче үч тамганын чечмелениши: «Падышаны жана анын Падышалыгын жарлагыла» деген жазуу бар болчу (англисчеси: «Advertise the King and Kingdom»).

МААНИЛҮҮ ИШ

Сидар-Пойнттогу жыйын ишенимдештерибизге маанилүү ишти — Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабар айтуу ишин — биринчи орунга койгонго жардам берген. Ошондон кийин ынталуу жарчылар ал ишке жан-дили менен киришишкен. АКШнын Оклахома штатынан болгон бир адабият таратуучу (азыркы боюнча үзгүлтүксүз пионер) мындай деп жазган: «Биз көмүр чыккан жерде кабар айтабыз. Бул жакта жакырчылык желкеден басып турат»,— деген. Андан ары «Алтын кылым» журналында жазылгандарды укканда көптөрдүн «көзүнө жаш аларын» айткан. Ал сөзүн: «Ушундай адамдары сооротуп-жубатып жатканыбызга аябай сүйүнөбүз»,— деп жыйынтыктаган.

Ал Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Исанын Лука 10:2деги: «Түшүм, чынында эле, көп, ал эми жумушчулар аз»,— деген сөздөрүнүн маанилүүлүгүн түшүнүшкөн. Ооба, ошол 1922-жылкы жыйындан кийин алар Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды төгөрөктүн төрт бурчуна таратканга ого бетер чечкиндүү болуп калышкан.

^ Жозеф Рутерфордду кээде сот деп коюшчу. Анткени ал АКШнын Миссури штатында сот болуп иштеп калган.