«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Сентябрь, 2016

Бул санда 2016-жылдын 24-октябрынан 27-ноябрына чейинки изилдөө макалалары камтылат.

«Колдоруң түшпөсүн»

Жахаба өзүнүн кызматчыларын кантип бекемдеп, колдойт? Сен башкаларды кантип колдосоң болот?

Жахабадан бата алыш үчүн күрөшө бер

Кудайдын кызматчыларына ага жагуу үчүн көп тоскоолдуктар менен күрөшүүгө туура келет. Бирок алар жеңишке жете алышат!

Окурмандардын суроолору

Еврейлер 4:12де «тирүү жана күчтүү» деп сыпатталган «Кудайдын сөзү» эмнени билдирет?

Жакшы кабар таратуу укугун коргоо

Элчи Пабылдын сот алдына барганда кандай иш кылганынан көп нерсеге үйрөнө алабыз.

Кийген кийимиң менен Кудайды даңктап жатасыңбы?

Ыйык Китептеги принциптер бизге туура жетекчилик берет.

Жахабанын жетекчилигине баш ийүүнүн пайдасы

Польшадагы жана Фижидеги эки ишенимдешибиз туура чечим чыгарган.

Жаштар, ишенимиңерди бекемдегиле

Сага Жаратканга эмес, эволюция сыяктуу окууларга ишенүүгө кысым көрсөтүлүп жатабы? Ошондой болсо, бул макалада айтылгандар сен үчүн пайдалуу болот.

Ата-энелер, балаңарга ишеним өрчүтүүгө жардам бергиле

Ата-энелик милдетиңерди аткарууга өзүңөрдү жөндөмсүз сезген учурларыңар болобу? Бул жагынан ийгиликке жетүүгө төрт нерсе жардам берет.