Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелер, балаңарга ишеним өрчүтүүгө жардам бергиле

Ата-энелер, балаңарга ишеним өрчүтүүгө жардам бергиле

«Жигиттер менен кыздар,.. Жахабанын ысмын даңктагыла» (ЗАБ. 148:12, 13).

ЫРЛАР: 88, 115

1, 2. а) Ата-энелер кандай кыйынчылыкка туш болушат жана аны кантип чечсе болот? б) Кайсы төрт нерсени карап чыгабыз?

«БИЗ Жахабага ишенебиз, бирок бул балдарыбыздын да ага сөзсүз ишенерин билдирбейт»,— дейт Францияда жашаган бир жубайлар. Алар: «Ишеним адамга тукум кууп өтпөйт. Балдар аны акырындап өрчүтөт»,— деп кошумчалашат. Австралияда жашаган бир ата мындай дейт: «Балаңдын жүрөгүндө ишеним өрчүтүү эң чоң кыйынчылыктардын бири десем болот. Ан үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү, ар бир куралды колдонуш керек. Балаңдын суроосуна оюндагыдай жооп бердим деп ойлойсуң. Бирок кийин кайра эле ошол суроосун берет. Бүгүн купулуна толгон жообуң бардык нерсени билгиси келген балаңды эртең канааттандырбашы мүмкүн. Кээ бир темаларды кайра-кайра изилдегенге туура келет».

2 Балаңарды тарбиялоого, ишеними күчтүү адам кылып калыптоого өзүңөрдү жөндөмсүз сезген учурларыңар болобу? Чындыгында, өз акылыбызга таянсак, эч кимибиз бул милдетибизди тийиштүү түрдө аткара албайбыз (Жер. 10:23). Анткен менен Кудайдан жетекчилик сурасак, ийгиликке жете алабыз. Эмесе, балаңарга ишеним өрчүтүүгө жардам беришиңер үчүн зарыл болгон төмөнкү төрт нерсени карап чыгалы: 1) балаңарды жакшы билгиле, 2) бүт дитиңерди коюп окуткула, 3) натыйжалуу мисалдарды колдонгула жана 4) чыдамдуу болуп, дайыма тиленгиле.

БАЛАҢАРДЫ ЖАКШЫ БИЛГИЛЕ

3. Канткенде ата-энелер Иса пайгамбардан үлгү алган болушат?

3 Иса жолдоочуларынан эмнеге ишенерин сурагандан коркчу эмес (Мт. 16:13—15). Силер да андан үлгү алгыла. Жайбаракат отурганда же чогуу бир нерсе кылганда, балаңарды сөзгө тарткыла. Мисалы, аны тынчсыздандырган же шектенген нерселери жөнүндө сүйлөшкүлө. 15 жаштагы австралиялык бир инибиз мындай деп жазган: «Атам мени менен ишенимим жөнүндө көп сүйлөшөт жана ой жүгүртүүгө түрткү берет. Ал: „Бул туурасында Ыйык Китепте эмне делет экен? Сен ушуга ишенесиңби? Эмне үчүн?“ — деген сыяктуу суроолорду берет. Атам анын же апамдын сөзүн жөн эле кайталап коюшумду эмес, өз сөзүм менен жооп беришимди каалайт. Чоңойгон сайын суроолорго тереңирээк жооп берүүгө үйрөнүп жатам».

4. Баланын суроосуна олуттуу кароо эмне үчүн маанилүү? Мисал келтиргиле.

4 Балаңар Ыйык Китептеги кайсы бир окуунун тууралыгына шектенип жатса, чочубагыла же ошол окууну коргоп жаткандай сүйлөбөгүлө. Анын ордуна, чыдамдуу болуп, ой жүгүрткөнгө жардам бергиле. «Балаңар суроо берсе, олуттуу карагыла,— дейт бир ата.— Суроосун анча маанилүү эместей көрүп, жооп бербей койбогула. Өзүңөрдү оңтойсуз сезе турган темалар жөнүндө сүйлөшүүдөн качпагыла». Балаңардын чын жүрөктөн берген суроолору анын бир нерсеге кызыгып жатканын же бир нерсени түшүнгүсү келип жатканын көрсөтүшү мүмкүн. Иса атүгүл 12 эле жашында олуттуу суроолорду берген. (Оку: Лука 2:46.) «Ата-энеме биз туткан диндин чындык экенине күмөн санап жатканымды айтканда, алар ичинен тынчсызданышса да, сабырдуу болуп, суроолорумдун баарына Ыйык Китептин негизинде жооп беришкен»,— деп эскерет 15 жаштагы даниялык инибиз.

5. Ата-энелер баласынын ишеними өзүнөн өзү эле пайда болуп калбай турганын түшүнөрүн кантип көрсөтүшөт?

5 Балаңарды жакшы билгенге, тактап айтканда, анын ой жүгүртүүсүн, сезимдерин, эмнеге тынчсызданарын түшүнүүгө аракет кылгыла. Ал силер менен жыйналышка барса же кызматка чыкса эле, ишеними өрчүгөн деп ойлобогула. Күнүмдүк иштер менен алек болуп жатканда да рухий нерселер жөнүндө сүйлөшкүлө. Балаңар менен чогуу тиленгиле жана ал жөнүндө өзүңөрчө да тиленгиле. Анын кандай сыноого кабылып жатканын аңдай билип, күрөшкөнгө көмөк кылгыла.

БҮТ ДИТИҢЕРДИ КОЮП ОКУТКУЛА

6. Чындык ата-эненин жүрөгүнөн орун алса, бул аларга балдарын тарбиялоого кандайча жардам берет?

6 Иса Машаяк Жахабаны, анын Сөзүн, адамдарды сүйгөндүктөн угуучуларынын жүрөгүн козгой алган (Лк. 24:32; Жкн. 7:46). Ушундай сүйүү силерге да балаңардын жүрөгүн козгоого жардам берет. (Оку: Мыйзам 6:5—8; Лука 6:45.) Андыктан Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды өзүңөр жакшы изилдегиле. Жаратылышка байкоо салып, ал тууралуу жазылган макалаларды кызыгып окугула (Мт. 6:26, 28). Ошентсеңер, билимиңер тереңдейт, Жахабага болгон ыраазычылыгыңар артат, балаңарды жакшы окутуп-үйрөтө аласыңар (Лк. 6:40).

7, 8. Ата-эненин жүрөгү Ыйык Китептеги рухий кенчке толуп турса, натыйжасы кандай болот? Мисал келтиргиле.

7 Эгер өзүңөрдүн жүрөгүңөр Ыйык Китептеги рухий кенчке толуп турса, аны үй-бүлөңөр менен бөлүшүүгө түрткү аласыңар. Алар менен жыйналышка даярданып жатканда же сыйынуу кечинде эле эмес, бардык учурда сүйлөшкүлө. Бирок аларды мажбурлабай, адатта кандай сүйлөшсөңөр, ошондой эле ээн-эркин пикир алышкыла. Кошмо Штаттардагы бир жубайлар балдары менен чогуу жаратылыштагы кайсы бир нерсеге же тамак-аштын даамдуулугуна суктанганда Жахаба жөнүндө ой жүгүртүшөт. «Жахаба бизге берген ар бир нерсени сүйүүсү менен, кылдат ойлонуштуруп жаратканын балдарыбыздын эсине салып турабыз»,— дейт алар. Африкадагы бир жубайлар болсо эки кызы менен бакчада иштеп жатканда уруктун өнүп, андан өсүмдүктүн өсүп чыкканы сыяктуу кереметтүү нерселер жөнүндө кеп курушат. Алар кыздарын жашоону жана укмуштуудай жаратылган табияттагы нерселерди баалаганга үйрөтүүгө аракет кылышат.

8 Австралиялык бир ата 10 жаштардагы уулунун Кудайга жана бардык нерсени ал жаратканына болгон ишенимин бекемдеш үчүн аны музейге алпарган. Ал мындай дейт: «Музейден аммониттер жана трилобиттер деп аталган байыркы деңиз жандыктарынын көргөзмөсүн көрдүк. Тукум курут болуп кеткен ал жандыктардын ошол убакта эле азыр биз көргөндөй ушунча кооз, татаал, эч бир жагынан кемтиги жок болгонуна аябай таң калдык. Эгер жөнөкөй түрлөр бара-бара түзүлүшү татаал түрлөргө айланса, анда эмне үчүн ошол байыркы жандыктардын түзүлүшү башынан эле татаал болгон? Ошондо аябай таасирленип, ой-сезимдеримди уулум менен бөлүшкөнгө түрткү алгам».

НАТЫЙЖАЛУУ МИСАЛДАРДЫ КОЛДОНГУЛА

9. Мисалдарды колдонуу эмне үчүн натыйжалуу жана муну бир эненин окуясы кандайча тастыктап турат?

9 Иса Машаяк ой жүгүртүүгө түрткү берген, жүрөктү козгогон, айтылган ойду эстеп калууга жардам берген мисалдарды байма-бай колдончу (Мт. 13:34, 35). Балдардын элестетүү жөндөмдүүлүгү күчтүү келет. Ошондуктан балаңарды окутуп-үйрөтүп жатканда мисалдарды көп колдонгула. Жапонияда жашаган бир эне ушундай кылчу. Бир жолу ал 8 жана 10 жаштагы эки уулуна жердин атмосферасы жөнүндө, Жахабанын аны канчалык ойлонуштуруп жасаганы тууралуу айтып берген. Адегенде аларга сүт, шекер, кофе берип, ар биринин өзүнчө кофе жасап беришин суранган. Ал ишенимдешибиз мындай деп эскерет: «Алар ушунчалык этияттык менен аракет кылып жатышты. Экөөнөн эмнеге ошентип жатышканын сурасам, мага жаккандай кофе жасап бергиси келерин айтышты. Ошондо мен Кудайдын атмосферадагы газдарды ошондой кылдаттык менен биз үчүн ылайыктуу болгудай кылып аралаштырганын түшүндүрүп бердим». Бул мисал алардын жаш курагына ылайыктуу болгон. Аны жөн эле айтып койгонго караганда аларды катыштыруу алда канча жакшы натыйжа берген. Ошондо үйрөнгөндөрү балдардын эсинде көпкө чейин калганы күмөнсүз.

Балаңарга Кудайдын бар экенине ишенүүгө жардам бериш үчүн жөнөкөй эле нерселерди колдонсоңор болот (10-абзацты карагыла)

10, 11. а) Балаңардын Кудайга болгон ишенимин бекемдеш үчүн кандай мисалдарды колдонсоңор болот? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Силер колдонгон кайсы мисалдар натыйжалуу болууда?

10 Балаңардын Кудайга болгон ишенимин өстүрүш үчүн тамактын рецептин да мисал катары колдонсоңор болот. Кантип? Маселен, таттуу токоч жасагандан кийин рецепттин маанилүүлүгүн түшүндүрүп бергиле. Анан балаңарга мөмө-жемишти, алсак, алманы карматып: «Ушул алма да рецепт боюнча жасалганын билчү белең?» — деп сурагыла. Андан соң алманы экиге бөлүп, ага уругун бергиле. Алманын рецепти уругуна «жазылганын», бирок тамак-аштыкына караганда бир топ татаал тилде жазылганын түшүндүрүп берсеңер болот. Анан: «Эгер тамактын рецептин бирөө жазса, анда алманын алда канча татаал рецептин ким жазган?» — деп сурасаңар болот. Ал эми чоңураак балаңарга алманын, дегеле ал өскөн дарактын рецепти анын уругундагы клеткаларга жазылганын айтып бергиле. Балким, «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» (ор.) деген китепченин 10—20-беттериндеги айрым мисалдарды да чогуу карап чыгаттырсыңар.

11 Көптөгөн ата-энелерге балдары менен «Ойгонгула!» журналындагы «Өзү жаралганбы?» деген рубриканы талкуулаган жагат. Айрымдар болсо ал рубриканы кичинекей балдарына кайсы бир нерсени жөнөкөй кылып түшүндүрүп бериш үчүн колдонушат. Даниялык бир жубайлардын мисалына токтололу. Алар учактарды чымчыктарга салыштырып, балдарына мындай суроолорду беришкен: «Учактар чымчыктарга аябай окшош. Бирок алар жумуртка тууп, кичинекей учактарды басып чыгара алабы? Чымчыктарга учуп-конгонго атайын бир жер керекпи? Учактардан чыккан үндү чымчыктардын сайраганына салыштырса болобу? Демек, ким акылдуураак: учакты жасаган кишиби же чымчыктарды жараткан Кудайбы?» Ушу сыяктуу ойлор жакшы тандалган суроолор менен бирге балага «ой жүгүртүү жөндөмүн» өрчүтүүгө жана Кудайга болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет (Накыл 2:10—12).

12. Мисалдар балдарга Ыйык Китепке болгон ишенимин өрчүтүүгө кандайча жардам берет?

12 Натыйжалуу мисалдар балага Ыйык Китептин тактыгына да ишенүүгө жардам берет. Мисалга Аюп 26:7ни алалы. (Аятты оку.) Бул аяттын ыйык рухтун жетеги менен жазылганын кантип далилдеп берет элеңер? Жөн эле фактыларды айтып койсоңор деле болот. Бирок анткендин ордуна, балаңарга элестетүү жөндөмүн колдонууга түрткү бергениңер оң. Аюптун телескоп менен космос кемелери пайда боло электе эле жашаганын айта кеткиле. Балаңар ал убакта адамдарга жер сыяктуу чоң нерселердин эч нерсеге илинбегенине ишенүү канчалык кыйын болгонун элестетип көрсүн. Балким, ал кайсы бир салмактуу нерсе сөзсүз бир нерсеге илиниши же таянышы керектигин көрсөтүш үчүн топту же ташты колдоноттур. Ушу сыяктуу мисалдардын жардамы менен балаңар Жахабанын, адамдар изилдеп чыкканга чейин эле, Ыйык Китепке илимий фактыларды жаздырып койгонун түшүнө алат (Нек. 9:6).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИПТЕРДИН МААНИЛҮҮЛҮГҮН КӨРСӨТКҮЛӨ

13, 14. Ата-энелер балдарына Ыйык Китептеги принциптердин баалуу экенин түшүнүүгө кантип жардам берсе болот?

13 Балаңарга Ыйык Китептеги принциптердин канчалык баалуу экенин түшүнүүгө жардам бергениңер абдан маанилүү. (Оку: Забур 1:1—3.) Мунун көп жолу бар. Алсак, ага алыскы бир аралга көчүп кеткени жатканын жана өзү менен чогуу жашаганга бир нече кишини тандашы керектигин элестетип көрүшүн айтсаңар болот. Анан: «Бири-бириңер менен тил табышып, ынтымакта жашаш үчүн ар бириңер кайсы сапаттарды чагылдырышыңар керек?» — деп сурагыла. Галатиялыктар 5:19—23-аяттарда жазылган даанышман сөздөрдү да талкууласаңар болот.

14 Мунун аркасында балаңар эки маанилүү нерсени биле алат. Биринчиден, Кудайдын мыйзам-принциптери тынчтыкка, биримдикке шарт түзөт. Экинчиден, Жахаба бизди азыртадан окутуп-үйрөтүү менен жаңы заманда жашоого даярдап жатат (Ыш. 54:13; Жкн. 17:3). Ушул ойлорду бышыкташ үчүн адабияттардагы кимдир бирөөнүн окуясын талкууласаңар болот. Балким, андай окуяларды «Күзөт мунарасындагы» «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрикадан алаттырсыңар. Же жыйналышыңарда Жахабага жагыш үчүн жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү кылган бир тууган бар болсо, аны үйгө чакырып, башынан өткөндөрү жөнүндө сурайттырсыңар. Мындай окуялар Ыйык Китептеги принциптердин чынында эле пайдалуу экенине ынанууга жардам берет (Евр. 4:12).

15. Балаңарды окутуп-үйрөтүүдө эмнени көздөшүңөр керек?

15 Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктасак, балаңарды окутуп-үйрөткөндө бир эле ыкманы колдоно бербегиле. Тапкыч болгула. Анын курагын эске алып, ой жүгүртүүгө түрткү бергиле. Талкууңар кызыктуу, ишенимди бекемдегидей болсун. «Жакшы билген темаларды түшүндүрүүдө жаңы ыкмаларды колдонгондон эч качан чарчабагыла»,— дейт бир ата.

ИШЕНИМ КӨРСӨТКҮЛӨ, ЧЫДАМДУУ БОЛГУЛА, ДАЙЫМА ТИЛЕНГИЛЕ

16. Балдарын окутууда ата-энелер эмне үчүн чыдамдуу болушу керек? Мисал келтиргиле.

16 Күчтүү ишеним өрчүтүү үчүн ыйык рухка муктажбыз (Гал. 5:22, 23). Жемиш бышып-жетилиши үчүн убакыт талап кылынгандай эле, ишеним өрчүтүү үчүн да убакыт керек. Андыктан балаңарды окутууда чыдамдуу, туруктуу болгула. Эки балалуу жапониялык бир ата мындай дейт: «Жубайым экөөбүз балдарыбызга көп убакыт бөлчүбүз. Кичинекейинен тартып эле алар менен, жыйналыш болгон күндөрдү кошпогондо, күнүгө 15 мүнөт изилдечүмүн. 15 мүнөт бөлүү мага да, аларга да кыйын болчу эмес». Бир райондук көзөмөлчү болсо мындай деп ой бөлүшөт: «Өспүрүм кезимде көп нерселерге шектенип, ар кандай суроолор туула берчү. Бирок аларды эч кимге деле айтчу эмесмин. Кийин ал суроолорумдун көбүнө жыйналыштан, үй-бүлөлүк же өздүк изилдөө учурунда жооп алдым. Андыктан ата-энелер балдарын талыкпастан окутуп-үйрөтө бериши керек».

Натыйжалуу окутуу үчүн Кудайдын Сөзү адегенде өзүңөрдүн жүрөгүңөрдө болсун (17-абзацты карагыла)

17. Ата-энелердин үлгүсү канчалык маанилүү жана бир жубайлар кыздарына кандайча жакшы үлгү көрсөтүшкөн?

17 Баарынан маанилүүсү, ишеним көрсөтүү жагынан өзүңөр үлгү болгула. Балаңар силердин эмне кылып жатканыңарды байкап турат. Андыктан үлгүңөр ага күчтүү таасир этет. Ошол себептен өзүңөрдүн ишенимиңерди чыңдай бергиле. Балаңар Жахабанын тирүү Кудай экенине бекем ишенериңерди көрө алгандай болсун. Бермуда аралдарында жашаган бир жубайлар бир нерсеге тынчсызданганда кыздары менен чогуу тиленип, Жахабадан жетекчилик сурашчу жана аларды өздөрүнчө да тиленүүгө үндөшчү. Алар мындай дешет: «Улуу кызыбызга: „Жахабага толук таян, дайыма Падышалыктын иши менен алек бол, өтө эле тынчсыздана бербе“,— деп көп айтабыз. Көйгөйдүн кантип чечилгенин көргөндө ал бизге Жахаба жардам бергенине шектенбейт. Мунун аркасында анын Кудайга жана Ыйык Китепке болгон ишеними өсүүдө».

18. Ата-энелер эмнени түшүнүшү керек?

18 Албетте, балаңар Кудайга болгон ишенимин өрчүтүш үчүн өзү аракет кылышы керек. Силердин милдетиңер — тигип, сугаруу. Тигилгенди Кудай гана өстүрө алат (1 Кор. 3:6). Андыктан ыйык рух сурап тиленип, балаңарды окутуп-үйрөтүүгө бүт күчүңөрдү жумшай бергиле. Ошентсеңер, Жахабадан сөзсүз мол бата аласыңар (Эф. 6:4).