Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын сөзү тирүү»

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Еврейлер 4:12де «тирүү жана күчтүү» деп сыпатталган «Кудайдын сөзү» эмнени билдирет?

Контексттен көрүнүп тургандай, бул аятта элчи Пабыл Кудайдын адамзатка айткан кабары, анын ичинде Ыйык Китепте жазылган ой-ниети жөнүндө сөз кылган.

Биздин адабияттарда Еврейлер 4:12 көбүнчө Ыйык Китептин адамдын жашоосун өзгөртө ала турган күчкө ээ экенин көрсөтүш үчүн колдонулат. Анын ушундайча колдонулушу туура. Анткен менен ал аяттын контекстин кененирээк карап чыгуу абдан пайдалуу. Элчи Пабыл ишенимдештерин Кудайдын ой-ниетине ылайык иш кылууга үндөгөн. Кудайдын ой-ниетине кирген нерселердин көбү ыйык жазмаларда жазылган болчу. Пабыл өзүнүн катында мисал катары Мисир кулчулугунан бошотулган ысрайылдыктар жөнүндө айтып өткөн. Алар Жахаба убада кылган «сүт менен бал аккан жерди» ээлеп, бейпил турмушта жашап, ырахат алышмак (Чыг. 3:8; Мыйз. 12:9, 10).

Кудай ушундай ой-ниети бар экенин аларга өзү ачып берген. Өкүнүчтүүсү, ысрайылдыктар кийин жүрөгүн катуулантып, анын убадасына ишенбей коюшкан. Ошондуктан алардын басымдуу бөлүгү ошол бейпил жерге кирбей калган (Сан. 14:30; Жаш. 14:6—10). Бирок Пабыл Кудайдын «бейпилдигине кирүүгө байланышкан убада» дагы деле күчүндө экенин жазган (Евр. 3:16—19; 4:1). Ал убада Кудайдын ой-ниетинин бир бөлүгүн түзөт. Исанын еврей жолдоочулары сыяктуу эле, биз да Кудайдын ошол ой-ниети жөнүндө билип, ага ылайык иш кыла алабыз. Ал убаданын Ыйык Жазмага негизделерин баса белгилеш үчүн Пабыл Башталыш 2:2ден жана Забур 95:11ден үзүндү келтирген.

Кудайдын «бейпилдигине кирүүгө байланышкан убада» дагы деле күчүндө экенин билүү бизге күчтүү таасир этиши керек. Биз Кудайдын бейпилдигине кирүү мүмкүн экенине шектенбейбиз жана ага кирүүгө аракет кылуудабыз. Бирок ага Муса аркылуу берилген Мыйзамга кармануунун же башка иштерибиз менен Жахабанын ырайымына ээ болуунун аркасында киребиз деп ойлобойбуз. Анын ордуна, Кудайдын ой-ниетине бекем ишенип, ага ылайык иш кылып келебиз жана мындан ары да ошенте беребиз. Андан сырткары, жогоруда айтылгандай, Еврейлер 4:12де жазылган «Кудайдын сөзү» Ыйык Китепке карата да айтылат. Дүйнө жүзүндө миңдегендер Ыйык Китепти изилдеп, Кудайдын ой-ниетине эмнелер кирерин билүүдө. Алардын көбү оңолуп, ишенимин өстүрүп, чөмүлүүдө. Бул «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү» экенин ырастап турат. Кудайдын Ыйык Китепте жазылган ой-ниети бизге буга чейин күчтүү таасир этип келгендей эле, мындан ары да таасир эте берет.