Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшы кабар таратуу укугун коргоо

Жакшы кабар таратуу укугун коргоо

«МЕНИН атымды башка элдерге, падышаларга... жарыялашы үчүн, мен аны идишим катары тандап алдым» (Элч. 9:15). Бул сөздөрдү Мырзабыз Иса Машаяк жаңы эле анын жолдоочуларынын катарына кошулган жана кийинчерээк элчи Пабыл деп белгилүү болгон жүйүт киши жөнүндө айткан.

Пабыл кабар айтышы керек болгон падышалардын бири Рим императору Нерон эле. Эгер сен ушундай таасирдүү башкаруучунун алдында ишенимиңди коргошуң керек болсо, өзүңдү кандай сезет элең? Баарыбыз Пабылдан үлгү алууга чакырылабыз (1 Кор. 11:1). Биз андан көп жактан үлгү алсак болот. Мисалы, анын сот алдына барганда кандай иш кылганын карап көрөлү.

Бүтүндөй Ысрайыл жеринде Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзам күчүндө болчу. Кайсы жакта жашабасын, Кудайга берилген жүйүттөр андагы адеп-ахлак нормаларына бекем кармана турган. Бирок б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан кийин Кудайдын чыныгы кызматчыларынан ал Мыйзамга кармануу талап кылынбай калган (Элч. 15:28, 29; Гал. 4:9—11). Ошентсе да элчи Пабыл жана Машаяктын башка жолдоочулары ал Мыйзам жөнүндө терс пикир айтышчу эмес. Мунун аркасында алар жүйүт жамааттарынын көбүнө эч тоскоолдуксуз кабар айта алышкан (1 Кор. 9:20). Пабыл синагогаларга барып, Ыбрайым пайгамбардын Кудайын жакшы билген адамдар менен Еврей Жазмаларынын негизинде көп талкуу жүргүзчү (Элч. 9:19, 20; 13:5, 14—16; 14:1; 17:1, 2).

Элчилер кабар айтуу ишин Иерусалимден көзөмөлдөп турууну туура көрүшкөн. Алар ибадатканада элди дайыма окута турган (Элч. 1:4; 2:46; 5:20). Пабыл анда-санда Иерусалимге барып турчу. Кийин ал ошол жактан камакка алынып, аны акыр-аягы Римге чейин алпарган сот иши башталган.

ЭЛЧИ ПАБЫЛ ЖАНА РИМДИН МЫЙЗАМЫ

Рим төбөлдөрү Пабыл айткан кабарга кандай карашкан? Бул суроого жооп алыш үчүн адегенде римдиктердин дегеле диндерге карата кандай көз карашта болгонун карап көрөлү. Алар империянын чар тарабында жашаган ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн, эгер диний көз карашы мамлекетке же адеп нормаларына коркунуч туудурбаса, дининен баш тартышын талап кылышчу эмес.

Рим өкмөтү империянын карамагындагы жүйүттөргө көп укуктарды ыйгарган. Бир китепте мындай делет: «Рим империясында иудаизм динине көп эркиндик берилчү. Жүйүттөр өз динин эркин тутушчу, алардан Рим коомчулугунда ыйык тутулган кудайларга сыйынуу талап кылынган эмес. Алар өз жамааттарында күнүмдүк турмуштагы маселелерди өздөрүнүн мыйзамдарынын негизинде чече алышчу» («Backgrounds of Early Christianity»). Андан сырткары, жүйүттөр аскер кызматынан бошотула турган *. Ошондуктан Пабыл Рим башкаруучуларынын алдында Машаяктын жолдоочусу катары карманган көз карашын жактап жатканда жүйүттөргө Рим мыйзамы тарабынан берилген дин тутуу укугун колдонгон.

Пабылдын каршылаштары карапайым элди жана бийликтегилерди ар кандай жолдор менен ага каршы тукурушкан (Элч. 13:50; 14:2, 19; 18:12, 13). Бир окуяга токтололу. Иерусалимдеги жыйналыштын аксакалдары жүйүттөрдүн арасында Пабыл «Мусанын мыйзамынан баш тартууга үйрөтүп жүрөт» деген ушак тарап кеткенин угушкан. Ушундан улам Исанын жолун жолдой баштаган жүйүттөрдүн айрымдары Пабылды ал Мыйзамды баркка албайт деп ойлоп калышмак. Андан тышкары, жүйүттөрдүн жогорку соту Исанын жолдоочуларынын жыйналышын иудаизмден четтеп кеткен секта деп жарыяламак. Андай болсо, жыйналыш менен байланышкан жүйүттөр жазаланмак. Мисалы, аларды элден чыгарып, ибадатканада же синагогада кабар айтууга тыюу салышмак. Андыктан жыйналыштын аксакалдары Пабылга, имиш сөздөрдү төгүнгө чыгарышы үчүн, ибадатканага барып, Кудай андан талап кылбаган, бирок анын принциптерине каршы келбеген кааданы аткарууну кеңеш кылышкан (Элч. 21:18—27).

Пабыл так ошондой кылган. Натыйжада «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргоого» шарт түзүлгөн (Флп. 1:7). Ал ибадатканага барганда, жүйүттөр элди дүрбөлөңгө түшүрүп, аны өлтүрүүнү көздөшкөн. Бирок Рим аскеринин башчысы кийлигишип, аны суракка алыш үчүн жоокерлер үйүнө алып кирген. Анан сабаганы жатышканда, Пабыл өзүнүн Римдин жараны экенин айткан. Ошондо аны Кесарияга жиберишкен. Ал жакта Жүйүт аймагына көзөмөл жүргүзгөн Рим башкармалыгы жайгашкан эле. Кесарияда Пабылдын бийликтегилерге күбөлөндүрүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү болгон. Анын аркасында Исанын жолдоочулары жөнүндө анча-мынча эле билген адамдар көп нерсени биле алышканы күмөнсүз.

Элчилер 24-бөлүмдө Пабылдын Жүйүт аймагын бийлеген жана Исанын жолдоочуларынын ишенген нерселери жөнүндө азыноолак билген Рим башкаруучусу Феликстин алдында суракка алынганы жазылган. Жүйүттөр Пабылды Римдин мыйзамдарын, бери дегенде, үч жактан бузуп жатат деп айыпташкан. Алар ага «жүйүттөрдүн арасында козголоң чыгарып» жатат, коркунучтуу сектанын башчысы жана Римдин көзөмөлү астындагы «ибадаткананы арамдаганга» аракет кылды деген айыптарды тагышкан (Элч. 24:5, 6). Булардын негизинде Пабыл өлүм жазасына тартылмак.

Анын ошондо кандай иш-аракет кылганын билгенибиз маанилүү. Пабыл сабырдуу болуп, урмат-сый менен сүйлөгөн. Ал «Мыйзамда жана пайгамбарлардын китептеринде жазылгандар» жөнүндө кеп кылып, ата-бабаларынын Кудайына сыйынууга укуктуу экенин айткан. Мындай укукка Рим империясында жашаган башка жүйүттөр да ээ болчу (Элч. 24:14). Кийин Пабыл Феликстин ордуна бийликке келген Поркий Фесттин жана падыша Ирод Агриппанын алдында ишенимин коргоп, кабар айткан.

Акыры, иши адилеттүү түрдө чечилиши үчүн, Пабыл: «Цезардын сотун талап кылам!» — деген. Цезарь ошол кездеги эң кубаттуу башкаруучу болгон (Элч. 25:11).

ЦЕЗАРДЫН АЛДЫНДА СУРАККА АЛЫНЫШЫ

Кийинчерээк периште Пабылга: «Сен цезардын алдына барышың керек»,— деген (Элч. 27:24). Билдирүүлөргө ылайык, император Нерон бийликке келгенде сот иштеринин баарына эле катыша бербей турганын айткан экен. Ал башкаруусунун алгачкы 8 жылында сот ишин кароону көбүнчө башкаларга тапшырчу. Ал эми кайсы бир ишти өзү кароону чечсе, бир китепте жазылгандай, аны ак сарайында тажрыйбалуу, таасирдүү кеңешчилери менен чогуу укчу («The Life and Epistles of Saint Paul»).

Нерон Пабылдын ишин өзү териштиргенби же башкага тапшырып, жыйынтыгын анын оозунан укканбы, Ыйык Китепте так айтылбайт. Кандай болбосун, сотто Пабыл жүйүттөрдүн Кудайына сыйынарын, бардык адамдарды өкмөткө урмат көрсөтүүгө үндөп келерин айткан көрүнөт (Рим. 13:1—7; Тит 3:1, 2). Кыязы, Пабыл бийликтегилердин алдында жакшы кабарды ийгиликтүү коргой алган, себеби цезардын сотунан кийин камактан бошотулган (Флп. 2:24; Флм. 22).

КАБАР АЙТУУ УКУГУН КОРГОЙЛУ

Иса пайгамбар шакирттерине: «Силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына сүйрөп барышат. Бул аларга жана башка элдерге күбөлөндүрүшүңөр үчүн болот»,— деп айткан (Мт. 10:18). Ушундай жол менен анын өкүлү катары кызмат кылуу — биз үчүн чоң сыймык. Соттордун алдында кабар айтуу укугун ийгиликтүү коргогон учурларыбыз көп эле болот. Бирок жеткилеңсиз адамдар кандай чечим чыгарбасын, кабар таратуу укугун бизге Жахаба берген. Бизди кысымдан, адилетсиздиктен анын Падышалыгы гана биротоло арылтат (Нас. 8:9; Жер. 10:23).

Ошентсе да ишенимибизди коргогонубуздун натыйжасында бүгүнкү күндө да Кудайдын ысмы даңкталууда. Бийликтегилердин алдына барганда, Пабылга окшоп, сабырдуу болуп, чын ыкластан, ишенимдүү сүйлөгөнүбүз маанилүү. Иса пайгамбар жолдоочуларына мындай деген: «Кантип коргонуш керектигин алдын ала ойлонбогула. Анткени мен силерге акылмандык берем, айтканга сөз табууга жардам берем. Андыктан каршылаштарыңардын баары биригип да силерге каршы тура албайт, айткандарыңарды жокко чыгара албайт» (Лк. 21:14, 15; 2 Тим. 3:12; 1 Пет. 3:15).

Падышалардын же дагы башка бийлик башчыларынын алдында ишенимибизди коргогондо башка жолдор менен кабарды жеткирүү кыйын болгон адамдарга күбөлөндүрөбүз. Айрым соттордун биздин пайдабызга чечим чыгарганынан улам кээде мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет. Бул дин тутуу жана сөз эркиндигинин корголушуна шарт түзүүдө. Бирок соттордо кандай чечим чыгарылбасын, ишенимибизди эр жүрөктүк менен коргогонубуз Жахабанын жүрөгүн кубантат.

Ишенимибизди коргогонубузда, Жахабанын ысмы даңкталат

^ 8-абз. Жеймс Паркс деген жазуучу мындай деген: «Жүйүттөр... өз мыйзамдарына, каада-салттарына карманууга укуктуу болушчу. Мындай эркиндик берүү Рим империясы үчүн жат нерсе эмес болчу. Анткени римдиктер, адатта, империянын карамагындагы ар кайсы жамааттарга өз алдынча бийлик жүргүзүүгө мүмкүн болушунча көбүрөөк эркиндик бере турган».