Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабадан бата алыш үчүн күрөшө бер

Жахабадан бата алыш үчүн күрөшө бер

«Сен Кудай менен, адамдар менен күрөшүп, жеңип чыктың» (БАШТ. 32:28).

ЫРЛАР: 60, 38

1, 2. Кудайдын кызматчылары эмнелер менен күрөшүшү керек?

АДИЛ адамдардын эң биринчиси болгон Абылдан тартып бүгүнкүгө дейре Кудайдын берилген кызматчылары күрөш жүргүзүп келет. Пабыл еврей ишенимдештерине алардын Кудайга жагып, бата алыш үчүн «азап чегишкенин», башынан «оор сыноолорду өткөрүшкөнүн» жазган (Евр. 10:32—34). Ал Кудайдын кызматчыларынын күрөш жүргүзгөнүн байыркы грек таймаштарына, алсак, жөө жарышка, күрөшкө, бокско катышкандардын бүт күчү менен аракет кылганына салыштырган (Евр. 12:1, 4). Биз да өмүр үчүн жарышка катышып жатабыз. Душмандарыбыз бизди алаксытууга, буттан чалып жыгууга, көтөрүп чабууга, кубанычыбыздан, келечекте ала турган сыйлыгыбыздан ажыратууга далалат кылышат.

2 Биз, биринчиден, Шайтанга жана анын ыймансыз дүйнөсүнө каршы айыгышкан күрөш жүргүзүп жатабыз (Эф. 6:12). Бул дүйнөдөгү «чептерден» сак болгонубуз абдан маанилүү. Аларга жалган окуулар, адамдык ой толгоолор, ошондой эле адеп-ахлаксыздык, тамеки чегүү, ичимдикти жана баңгизатты кыянат колдонуу сыяктуу зыяндуу нерселер кирет. Андан тышкары, алсыздыктарыбызга жана көңүл чөгөттүккө каршы тынымсыз күрөшүшүбүз керек (2 Кор. 10:3—6; Кол. 3:5—9).

3. Душмандарыбызды жеңе алышыбыз үчүн, Кудай бизди кантип машыктырып жатат?

3 Ушундай күчтүү душмандарыбызды жеңе алабызбы? Албетте. Бирок эч кандай күч жумшабай туруп жеңишке жете албайбыз. Байыркы учурдагы мушкерди мисал кылып, Пабыл өзү жөнүндө: «Мен максатсыз чуркап бараткан жокмун, жөн эле абаны муштагылап жаткан жокмун»,— деген (1 Кор. 9:26). Мушкер каршылашын мээлеп муштагандай эле, биз да душмандарыбызга таамай сокку урушубуз керек. Жахаба жеңишке жеткириш үчүн бизди машыктырып, колдоп турат. Ал өзүнүн Сөзүнө өмүрүбүздү сактап кала турган көрсөтмөлөрдү жаздырып койгон. Ошондой эле Ыйык Китепке негизделген адабияттар, жыйналыштар, жыйындар аркылуу жардам көрсөтөт. Сен үйрөнүп-билгендериңди иш жүзүндө колдонуп жатасыңбы? Эгер андай кылбай жатсаң, душманыңды жеңүүгө толук күч жумшабай, «абаны муштагылап жаткандай» эле болосуң.

4. Канткенде жамандыкка жеңилбейбиз?

4 Душмандарыбыз, адатта, биз күтпөгөн учурда жана алсырап турганда чабуул коёт. Андыктан ар убак сак турушубуз зарыл. Ыйык Китепте: «Жамандыкка жеңилбе, аны дайыма жакшылык менен жең»,— деген эскертүү берилет (Рим. 12:21). «Жамандыкка жеңилбе» деген сөздөр жамандыкты жеңе аларыбызды көрсөтүп турат. Ан үчүн тынбай күрөшө беришибиз керек. Ал эми сак болбой, күрөшкөнүбүздү токтотуп койсок, Шайтанга, анын каардуу дүйнөсүнө жана алсыздыктарыбызга жеңдирип коёбуз. Шайтанга кармашта колуңду түшүрүп, ындыныңды өчүрүшүнө эч качан жол бербе (1 Пет. 5:9).

5. а) Кудайдын батасын алыш үчүн тынбай күрөшө берүүгө эмне жардам берет? б) Ыйык Китептеги кайсы инсандардын үлгүсүн карап чыгабыз?

5 Жеңишке жетиш үчүн эмне себептен күрөшүп жатканыбызды эч качан унутпашыбыз зарыл. Кудайдын ырайымына, батасына ээ болуш үчүн Еврейлер 11:6дагы: «Кудайга жакындагандар анын бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишениши керек»,— деген бекемдээрлик сөздөрдү көңүлүбүздүн борборунда сакташыбыз кажет. «Талыкпай издөө» деп берилген грек тилиндеги этиш бүт күчтү жумшоону, көңүл топтоп иш-аракет кылууну билдирет (Элч. 15:17). Ыйык Китепте Кудайдын батасын алыш үчүн тырышып умтулган көптөгөн эркек-аялдардын мыкты үлгүсү жазылган. Мисалы, Жакып, Рахил, Жусуп жана Пабыл алдан-күчтөн тайдырган, жан дүйнөсүн жабыркаткан кыйынчылыктарды баштан кечиришкен. Ошентсе да алар багынбай, туруктуу болуу Кудайдын мол батасына ээ кыларын далилдешкен. Душманга моюн бербей, жеңишке жеткен бул төрт инсандан эмнеге үйрөнсөк болот?

ТУРУКТУУЛАР МОЛ БАТА АЛАТ

6. Жакыпка туруктуу болууга эмне жардам берген жана ал кандай сыйлык алган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

6 Уруу башчысы Жакып Жахабаны сүйгөндүктөн, анын урпактарына батасын берери жөнүндөгү убадасына бекем ишенгендиктен жана рухий нерселерди баалагандыктан күрөшүп, туруктуулугунан жазган эмес (Башт. 28:3, 4). Ошол себептен 100гө таяп калганына карабай, Кудайдын батасын алыш үчүн бүт күчү менен аракет кылган, ал тургай, адам кейпин кийген периште менен кармашкан. (Оку: Башталыш 32:24—28.) Жакып өзүнөн алда канча күчтүү периштеге өз күчү менен каршы тура алганбы? Албетте, жок. Бирок ал көздөгөнүнөн кайтпаган, кыйынчылыкка тике караган киши болгон. Тырышчаактыгы үчүн Кудай ага батасын берип, «Ысрайыл» деген ат койгон. Анын мааниси «Кудай менен (өжөрлүк менен) күрөшкөн» же «Кудай күрөшөт» дегенди билдирет. Ооба, Жакып чоң сыйлыкка — Кудайдын жактыруусуна жана батасына — ээ болгон. Биз да ошого умтулуп жатабыз.

7. а) Рахил кандай оор сыноого кабылган? б) Ал кантип күрөшө берген жана акыры кандай бата алган?

7 Эми Жакыптын сүйгөн жары Рахилдин үлгүсүн карап көрөлү. Ал Жахабанын Жакыпка берген убадасын кантип аткарарына абдан кызыкдар болгон. Бирок ашып өткүстөй көрүнгөн бир тоскоолдук бар эле. Анын балдары жок болчу. Ошол кезде төрөбөс аялдар катуу кайгыга бата турган. Азапка салган, өзү чече албаган оор сыноого багынбаганга Рахилге эмне дем-күч берип турган? Ал эч качан үмүтүн үзгөн эмес. Анын ордуна, барган сайын жалындуу тиленип, талыкпай күрөшкөн. Жахаба анын зар-муңун угуп, акыры бала берген. Ошондуктан Рахил бир жолу: «Катуу күрөшүп, жеңип чыктым!» — деп бекеринен айткан эмес (Башт. 30:8, 20—24).

8. Жусуп узакка созулган кандай оор сыноого кабылган жана анын ошондогу иш-аракетинен эмнеге үйрөнө алабыз?

8 Жакып менен Рахилдин мыкты үлгүсү уулу Жусупка күчтүү таасир этип, сыноолорго багынбоого жардам бергени күмөнсүз. Ал 17 жашка чыкканда, жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. Көрө албастыктан улам агалары аны кулчулукка сатып жиберишкен. Кийин ал Мисирде жүргөндө адилетсиздикке кабылып, көп жыл бою түрмөдө отурган (Башт. 37:23—28; 39:7—9, 20, 21). Ошондой болсо да кайгынын чеңгелине батып кеткен эмес, бир туугандарына кек сактап, өч алууга да умтулган эмес. Анын ордуна, Жахаба менен болгон ынак мамилесине көңүл топтогон (Леб. 19:18; Рим. 12:17—21). Биз андан үлгү алышыбыз керек. Мисалы, бала чагыбыз оор болгон болсо же учурда туңгуюкка кептелгендей жагдайга кабылып жатсак, туруктуу болуп, күрөшкөнүбүздү токтотпогонубуз абзел. Ошентсек, Жахабанын бата береринен кымындай да шектенбесек болот. (Оку: Башталыш 39:21—23.)

9. Жахабанын батасына ээ болуш үчүн Жакыптан, Рахилден жана Жусуптан кандай үлгү алсак болот?

9 Өзүңдүн жагдайың жөнүндө ойлонуп көрсөң. Балким, сен да кыйынчылыкка, маселен, адилетсиздикке, бейкалыс мамилеге же шылдыңга кабылып жаткандырсың. Же болбосо кимдир бирөө көрө албастыктан улам сага жалган жалаа жапкандыр. Андайда колуңду түшүрбөстөн, Жакыпка, Рахилге жана Жусупка кубаныч менен кызмат кыла берүүгө эмне жардам бергени жөнүндө ой жүгүрт. Алар рухий нерселерди дайыма жогору баалагандыктан, Жахаба аларды күчтөндүрүп, батасын берген. Ошондой эле алар күрөшүн токтотпой, жалындуу тиленгенине жараша иш-аракет кыла беришкен. Биз азыр ыймансыз дүйнөнүн соңунда жашап жатабыз. Андыктан бизде кереметтүү келечекке болгон үмүтүбүздү бекем сактаганга орчундуу себеп бар. Жахабага жагуу үчүн бүт күчүңдү жумшаганга, мындайча айтканда, кашык каның калганча кармашканга дилгирсиңби?

БАТА АЛЫШ ҮЧҮН ТЫРЫШ

10, 11. а) Кудайдын батасын алыш үчүн эмнелер менен күрөшүшүбүз керек? б) Туура чечим чыгарууга жана алаксыткан нерселер, көңүл чөгөттүк менен күрөшүүгө эмне жардам берет?

10 Кудайдын батасын алыш үчүн эмнелер менен күрөшүшүбүз керек? Көптөр алсыздыктары менен күрөшүп жатат. Башкаларга болсо кызматка карата туура көз карашта болуу үчүн көп күч жумшоого туура келет. Мүмкүн, сен ден соолугуңдун начардыгынан же жалгыздыктан кыйналып, туруктуулугуңду сактоого бүт күчүңдү жумшап жаткандырсың. Дагы бирөөлөргө көңүлүн ооруткан же аларга каршы күнөө кылган адамды кечирүү аябай кыйын болуп, ошону менен күрөшүүгө туура келүүдө. Ырас, чындык жолуна түшкөнүбүзгө канча жыл болбосун, ар бирибиз ишенимдүүлөрдү сыйлыксыз калтырбай турган Кудайыбызга кызмат кылууга тоскоол болгон нерселер менен күрөшкөнүбүз маанилүү.

Кудайдан бата алыш үчүн күрөшүп жатасыңбы? (10, 11-абзацтарды кара)

11 Чынын айтканда, туура чечим чыгарып, Кудайдын жолунан чыкпоо оңой эмес. Бул, өзгөчө, анткор жүрөгүбүз туура эмес ишке азгырганда аябай кыйын болот (Жер. 17:9). Эгер сага бир нерселер терс таасир этип жатканын байкасаң, баарынан мурда ыйык рух сурап тилен. Тиленүү жана ыйык рух сага Жахаба батасын бере турган багытты тандап, андан чыкпаганга күч берет. Ан үчүн тиленгениңе жараша иш-аракет кыл. Ыйык Китепти күн сайын окуганга, өздүк изилдөөңдү жана үй-бүлө менен сыйынуу кечин үзбөй өткөргөнгө аракеттен. (Оку: Забур 119:32.)

12, 13. Эки ишенимдешибизге жаман каалоолорун ооздуктоого эмне жардам берген?

12 Кудайдын Сөзүнүн, ыйык рухтун жана адабияттарыбыздын ишенимдештерибизге жаман каалоолорун жеңгенге жардам берип жатканына көптөгөн далилдер бар. Мисалга бир өспүрүмдү алалы. Ал 2003-жылы 8-декабрда чыккан «Ойгонгула!» журналындагы «Жаман каалоолор менен кантип күрөшсө болот?» деген макаланы окуганда кандай сезимде болгону жөнүндө мындай деген: «Мен дагы деле жаман ойлор менен алпурушуп келем. Макаладагы: „Көптөргө Кудайга жакпаган каалоолору менен күрөшүү өзгөчө кыйын“,— деген сөздөрдү окуганда меникиндей кыйынчылыкка дүйнө жүзүндөгү башка бир туугандарымдын да кабылып жатканын билдим. Көрсө, мен жалгыз эмес экенмин». Ага «Ойгонгула!» журналынын 2003-жылы 8-октябрдагы санына чыккан макала да пайдалуу болгон. Табигый эмес каалоолор жөнүндө айтылган ал макаладан бир тууганыбыз айрымдар үчүн жаман каалоосу денесиндеги «тикендей» эле экенин окуган (2 Кор. 12:7). Андай ишенимдештерибиз Кудайдын алдында таза бойдон калыш үчүн күрөшүп жаткандыктан келечекке үмүт менен карай алышат. «Мен күнүгө ишенимдүүлүгүмдү сактай аларыма ишенем,— дейт ал бир тууган.— Ыйманы кеткен бул дүйнөдө өзүнүн уюму аркылуу бизге күн сайын жеңишке жетүүгө көмөк көрсөтүп жатканы үчүн Жахабага миң мертебе ыраазымын».

13 Кошмо Штаттарда жашаган дагы бир ишенимдешибиздин мисалына токтололу. Ал мындай деп жазган: «Бизди өз убагында эң керектүү рухий тамак менен азыктандырып жатканыңар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Көп учурда макалалар мен үчүн жазылгандай эле сезилет. Мен бир топ жылдан бери Жахаба жек көргөн нерсеге болгон күчтүү каалоом менен күрөшүп келем. Кээде колумду түшүрүп, күрөшкүм келбей кетет. Жахабанын кечиримдүү, ырайымдуу экенин билем, бирок туура эмес нерсени жүрөгүмдүн түпкүрүндө жек көрбөгөнүм үчүн анын жардамын алууга өзүмдү татыксыз сезем. Ошол нерсе жашоомду оордотуп келет... 2013-жылы 15-мартта чыккан „Күзөт мунарасындагы“ „Жахабаны “билгидей жүрөккө” ээсиңби?“ деген макаланы окугандан кийин Жахабанын мага чындап жардам бергиси келерин түшүндүм».

14. а) Элчи Пабыл өзү жүргүзгөн күрөшкө кандай караган? б) Канткенде алсыздыктарыбыз менен ийгиликтүү күрөшө алабыз?

14 Оку: Римдиктер 7:21—25. Элчи Пабыл күнөөгө түрткөн каалоолор, алсыздыктар менен күрөшүү оңойго турбасына өз тажрыйбасынан ынанган. Бирок ал Жахабадан тиленип, ага таянуунун жана Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенүүнүн аркасында ичинде жүрүп жаткан күрөштө жеңүүчү боло аларына бекем ишенген. Биз тууралуу эмне айтууга болот? Туура эмес каалоолорго алдырбаш үчүн багынбай күрөшө берсек, ийгиликке жетебиз. Ан үчүн Пабылдан үлгү алышыбыз, өз күчүбүзгө эмес, Жахабага таянышыбыз жана кунга ишенишибиз керек.

15. Тиленүү бизге ишенимдүүлүгүбүздү сактап, туруктуу болууга жардам берет деп эмне үчүн айта алабыз?

15 Кээде Жахаба күрөшүп жаткан нерсебизге канчалык тынчсызданарыбызды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, үйдөгүлөрүбүздүн бири же өзүбүз катуу ооруга чалдыкканда же адилетсиз мамилеге туш болгонубузда эмне кылсак болот? Андайда Жахабадан ишенимдүүлүгүбүздөн жазбаганга, кубанычыбызды жана тең салмактуулугубузду жоготпогонго күч-кубат беришин сурап жалындуу тиленишибиз керек. Ошентсек, ага толук таянарыбызды көрсөтөбүз (Флп. 4:13). Элчи Пабылдын күндөрүндөгү жана азыркы убактагы көптөгөн ишенимдештерибиздин жашоосунан көрүнүп тургандай, тиленүү кайрадан күчкө толууга, чечкиндүүлүгүбүздөн жазбай, күрөшө берүүгө жардам берет.

БАГЫНБАЙ КҮРӨШӨ БЕР

16, 17. Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

16 Шайтан колуңду түшүрүп, багынып беришиңди каалайт. Андыктан «жакшысына бек карманууга» чечкиндүү бол (1 Тес. 5:21). Шайтан, анын бузулган дүйнөсү жана жеткилеңсиздигиң менен күрөшүп, жеңишке жете аларыңан эч шектенбе. Ан үчүн Жахабанын сага күч берерине толук ишенишиң керек (2 Кор. 4:7—9; Гал. 6:9).

17 Эч нерсеге карабай салгылаша бер. Күрөштү токтотпо. Такыр багынба. Туруктуулугуңдан жазба. Жахабанын «эч нерсеге муктаж болбой калганыңча» сага «батасын төгөрүнө» кымындай да күмөн санаба! (Мал. 3:10).