Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, ишенимиңерди бекемдегиле

Жаштар, ишенимиңерди бекемдегиле

«Ишеним — бул... көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү» (ЕВР. 11:1).

ЫРЛАР: 41, 69

1, 2. Жаш ишенимдештерибизге кандай кысым көрсөтүлүүдө жана алар эмне кылса болот?

БРИТАНИЯДА жашаган ишенимдешибизге чогуу окуган бир кыз: «Акылдуу эле кызсың, эмнеге Кудайга ишенесиң?» — деген. Германиядагы бир жаш ишенимдешибиз болсо: «Мугалимдерим Ыйык Китептеги жаратуу жөнүндөгү билдирүүнү уламыш деп эсептешет. Алар окуучулардын эволюцияга ишенгенин боло жүргөн нерседей кабыл алышат»,— деп жазган. Ал эми Франциядагы бир тууганыбыз: «Мугалимдерим Ыйык Китепке ишенген окуучулардын дагы эле бар экенине аябай таң калышат»,— деген.

2 Жахабанын жаш кызматчысы болсоң же ал жөнүндө билим алып жатсаң, балким, сага да Жаратканга эмес, эволюция сыяктуу көпчүлүк кабыл алган окууларга ишенүүгө кысым көрсөтүлүп жаткандыр. Эгер ошондой болсо, ишенимиңди чыңдап, аны бекем сакташ үчүн эмне кылсаң болот? Мунун бир жолу — Кудай берген ой жүгүртүү жөндөмүн колдонуу. Андай жөндөмдүүлүк ишенимиңди талкалай турган ар кандай ой толгоолордон «сактайт». (Оку: Накыл сөздөр 2:10—12.)

3. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Чыныгы ишеним Кудай жөнүндөгү так билимге негизделет (1 Тим. 2:4). Андыктан Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды үстүртөн эле окуп койбо. Окугандарыңдын «маңызын түшүнүш» үчүн ой жүгүртүү жөндөмүңдү колдон (Мт. 13:23). Анда эмесе, мунун Жаратканга жана Ыйык Китепке болгон ишенимиңди өрчүтүүгө кандайча жардам берерин карап көрөлү. Чынында, Жараткандын бар экенине, Ыйык Китепти ал жаздырганына «айкын далилдер» аябагандай көп (Евр. 11:1).

ИШЕНИМИҢДИ КАНТИП БЕКЕМДЕСЕҢ БОЛОТ?

4. Кимдир бирөө Кудайга ишенеби же эволюциягабы, эмне үчүн баары бир деле ишеним керек жана туура тыянакка келиш үчүн эмне кылуу маанилүү?

4 Айрымдардын: «Эволюцияга болгон ишеним илимге негизделет, ал эми Кудайга болгон ишеним ишенимге негизделет, ошондуктан мен эволюцияга ишенем»,— деп айтканын уктуң беле? Көптөр буга кошулушат. Бирок бир нерсени эске алганыбыз маанилүү: кимдир бирөө Кудайга ишенеби же эволюциягабы, баары бир деле кандайдыр бир деңгээлде ишеним керек. Кандайча? Эч кимибиз Кудайды да, анын кайсы бир нерсени жаратып жатканын да көргөн эмеспиз (Жкн. 1:18). Ошондой эле бир да киши, ал окумуштуубу же жокпу, кайсы бир түрдүн башка түргө кантип айланганын көргөн эмес. Мисалы, жыландын же кескелдириктин арстан же пил сыяктуу жаныбарга айланганын көргөн бир да жан жок (Аюп 38:1, 4). Ошондуктан баарыбыз далилдерди карап чыгып, туура жыйынтыкка келиш үчүн ой жүгүртүү жөндөмүбүздү колдонушубуз керек. Жаратуу жөнүндө элчи Пабыл: «[Кудайдын] көзгө көрүнбөгөн сапаттары — түбөлүк күчү менен кудайлык табияты — дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот. Ошондуктан ал адамдар актана алышпайт»,— деп жазган (Рим. 1:20).

Башкалар менен талкуу жүргүзгөндө эне тилиңдеги куралдарды жакшы колдон (5-абзацты кара)

5. Ой жүгүртүү жөндөмүбүздү колдонууга жардам берүү үчүн Кудай бизди эмнелер менен камсыз кылууда?

5 Ыйык Китепте: «Ишенимдин аркасында биз дүйнө түзүлүштөрү Кудайдын сөзү боюнча жаратылганын... билебиз [баамдап билебиз]»,— делет (Евр. 11:3). «Баамдап билүү» деген бир караганда байкала бербеген же көрүнбөгөн нерсени көрө билүүнү билдирет. Андыктан баамчыл кишилер кайсы бир нерсеге көргөнү же укканы боюнча эле ишенип калышпайт, алар ой жүгүртүү жөндөмүн колдонушат. Бул жагынан бизге жардам берүү үчүн Жахабанын уюму кылдат изилденген маалыматтарды камтыган куралдарды берип келет. Ал куралдар Жаратканыбызды ишенимдин көзү менен «көрүүгө» өбөлгө түзөт (Евр. 11:27). Аларга «Жаратылгандын баары Жараткандын даңкын жар салат» деген тасма, «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?», «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» (ор.) деген китепчелер, «Камкор Жараткан барбы?» деген китеп кирет. Ошондой эле журналдарыбыздан да акылыбызды азыктандыра турган кызыктуу маалыматтарды таба алабыз. Алсак, «Ойгонгула!» журналына окумуштуулардын жана башка билимдүү кишилердин эмне үчүн Кудайга ишенип калганын айтып бергени жөнүндөгү макалалар жарыяланып турат. «Өзү жаралганбы?» деген рубрикада болсо жан-жаныбарлардын кереметтүү өзгөчөлүктөрү тууралуу көп талкууланат. Окумуштуулар алардын түзүлүшүнө окшоштуруп бир нерселерди жасаганга аракет кылып келишет.

6. Колдо бар куралдарды колдонуу эмнеси менен пайдалуу? Сен алардан кандай пайда алып жатасың?

6 АКШдагы 19 жаштагы бир ишенимдешибиз жогоруда айтылган эки китепче жөнүндө: «Ал китепчелерди абдан баалайм. Аларды көп жолу окуп чыктым»,— деген. Франциядагы бир тууганыбыз: «„Өзү жаралганбы?“ деген рубрикадагы макалаларды окуганда аябай таң калам. Алар кыйын инженерлердин укмуштуудай татаал жаратууларга окшоштуруп бир нерсе жасаса да, эч качан так өзүндөй кыла албасын көрсөтүп турат»,— деп жазган. Түштүк Африкадагы 15 жашар кыздын ата-энеси: «Кызыбыз адатта „Ойгонгула!“ журналын алары менен „Дил маек“ деген рубриканы окуп чыгат»,— деген. Сенчи? Айтылган куралдарды жакшы колдонуп жатасыңбы? Алар сага терең тамыр жайган дарактай бекем ишеним өрчүтүүгө көмөк кылат. Анын аркасында жалган окуулардын шамалына айдалбай, туруктуу болосуң (Жер. 17:5—8).

ЫЙЫК КИТЕПКЕ БОЛГОН ИШЕНИМИҢДИ АРТТЫР

7. Эмне үчүн Жахаба акыл жөндөмүңдү колдонушуңду каалайт?

7 Ыйык Китепке байланыштуу суроо берүүнүн жаман жери жок. Жахаба сенин чындыкка бекем ишенүү үчүн акыл жөндөмүңдү колдонушуңду каалайт. Ал кайсы бир нерсеге башкалар ишенгендиктен эле ишене беришиңди каалабайт. Ошондуктан так билим алыш үчүн терең ой жүгүрт. Андай билим — чыныгы ишенимдин бекем пайдубалы. (Оку: Римдиктер 12:1, 2; 1 Тиметей 2:4.) Так билим алуунун бир жолу — кайсы бир теманы тандап, ошол боюнча терең изилдөө жүргүзүү.

8, 9. а) Айрымдар эмне жөнүндө изилдегенди жакшы көрүшөт? б) Кээ бир ишенимдештерибиз изилдеген нерселери жөнүндө ой жүгүртүүдөн кандай пайда алууда?

8 Айрымдар Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды же Ыйык Китептин тарыхый, археологиялык, илимий жактан так экенин көрсөткөн далилдерди изилдешет. Кызыктуу пайгамбарлыктардын бири Башталыш 3:15те жазылган. Бул аят Ыйык Китептин негизги темасы — Падышалык аркылуу Кудайдын эгедерлигинин акталышы жана ысмынын ыйыкталышы — менен тыгыз байланышта. Андагы каймана мааниде айтылган сөздөрдөн адамзат Эйден багында болгон окуядан бери кабылып келаткан көйгөйлөрдүн баарын Жахаба кантип чечерин биле алабыз. Анда Башталыш 3:15 боюнча кантип изилдөө жүргүзсөң болот? Мисалы, ан үчүн убакыт сызыгын чийип ал. Анан ага Кудайдын ошол аятта айтылган чарасы эмнени билдирерин, анын андагы каармандар кимдер экенин акырындык менен ачып бергенин жана ал пайгамбарлыктын сөзсүз аткарыларын көрсөткөн аяттарды жазып ал. Ал аяттардын бири-бирине ушунчалык шайкеш келерин көргөндө пайгамбарлар менен Ыйык Китепти жазгандардын «Кудайдын ыйык рухуна жетектелгенине» ынанасың (2 Пет. 1:21).

9 Германиядагы бир ишенимдешибиз: «Ыйык Китепти 40ка жакын киши жазса да жана алардын көбү ар кайсы убакта жашап, бири-бирин эч качан көрбөсө да, Падышалык жөнүндөгү тема Ыйык Китептин башынан аягына чейин алтын жип сымал айкын көрүнүп турат»,— деп жазган. Ал эми австралиялык бир тууганыбызды 2013-жылы 15-декабрда чыккан «Күзөт мунарасындагы» Пасахтын мааниси түшүндүрүлгөн макала өзгөчө таасирленткен. Ал майрам Башталыш 3:15 жана Машаяктын келиши менен тыгыз байланышта. Бир тууганыбыз мындай деп жазган: «Ал макаланы изилдөөнүн аркасында Жахабанын канчалык кереметтүү Кудай экенин жакшыраак түшүндүм. Анын ысрайылдыктарга карата ошондой чара көргөнү жана аны Исага байланыштуу аткарганы мага аябай таасир этти. Мен сөздүн түз маанисинде эле токтоп, Пасах тамагынын пайгамбарлык маанисинин канчалык терең экени жөнүндө ой жүгүрттүм!» Ишенимдешибиз эмнеден улам ушундай сезимде болгон? Ал окугандары жөнүндө терең ой жүгүртүп, «маңызын түшүнгөн». Анын аркасында ишеними бекемделип, Жахабага мурдагыдан да жакын болуп калган (Мт. 13:23).

10. Ыйык Китепти жазгандардын чынчылдыгы эмне үчүн ишенимибизди бекемдейт?

10 Ыйык Китепти жазгандардын эр жүрөктүгүн, чынчылдыгын изилдөө да ишенимибизди бекемдейт. Байыркы убактагы жазуучулардын көбү жол башчыларына жагыныш үчүн аларды мактап, падышалыктарын даңазалашчу. Алардан айырмаланып, Жахабанын пайгамбарлары дайыма чындыкты айтышкан. Алар элинин, атүгүл падышаларынын да ката-кемчиликтерин ачык жазышкан (2 Жылн. 16:9, 10; 24:18—22). Ошондой эле өздөрүнүн жана Кудайдын башка кызматчыларынын да жаза баскан учурларын жашырышкан эмес (2 Шем. 12:1—14; Мр. 14:50). «Мындай чынчылдык сейрек кездешет. Бул Ыйык Китепти чын эле Жахаба жаздырганына ого бетер ынандырат»,— дейт британиялык жаш ишенимдешибиз.

11. Жаштарга Ыйык Китептеги принциптерди көбүрөөк баалоого эмне жардам берет?

11 Ыйык Китептеги принциптердин жашоодо колдонорлук экенин көргөндө анын Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганына ынангандар да арбын. (Оку: Забур 19:7—11.) Жапониядагы бир тууганыбыз: «Ыйык Китепте жазылгандарды колдонгондуктан үй-бүлөбүз аябай бактылуу. Үйдө дайыма тынчтык, биримдик, сүйүү өкүм сүрөт»,— деп жазган. Ыйык Китептеги принциптер бизди көптөр кул болуп калган жалган окуулардан, ырым-жырымдардан да коргойт (Заб. 115:3—8). Ал эми Кудай жок деп айткан философтор башкаларга кандай таасир этүүдө? Эволюция сыяктуу окууларды жактагандар табиятты кудай кылып көрсөтүп, ага Жахабага гана таандык күчтү ыйгарып коюшат. Кудай жок дегендер келечегибиз толугу менен өз колубузда деп айтышат. Анткен менен алар келечекке эч кандай үмүт бере алышпайт (Заб. 146:3, 4).

КАНТИП ТАЛКУУ ЖҮРГҮЗСӨҢ БОЛОТ?

12, 13. Чогуу окугандарың, мугалимдериң жана башкалар менен Жараткан же Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшкөндө эмне кылганың туура болот?

12 Бардык нерсени Кудай жаратканы тууралуу же Ыйык Китеп жөнүндө башкалар менен талкуу жүргүзгөндө ийгиликке жетиш үчүн эмне кылсаң болот? Биринчиден, алардын эмнеге ишенерин билем деп ойлогондон алыс бол. Айрымдар эволюцияга ишенерин айтышканы менен, Кудайдын бар экенине да ишенишет. Алар Кудай жандуу-жансыз нерселердин ар кандай түрүн жаратыш үчүн эволюцияны колдонгон деп ойлошот. Башкалар болсо: «Эгер эволюция чын болбосо, мектепте окутпайт эле да»,— деп ойлогондуктан ишенишет. Дагы бирөөлөр динден көңүлү калгандыктан Кудайга ишенбей калышкан. Ошондуктан кимдир бирөө менен тиричиликтин келип чыгышы жөнүндө сүйлөшкөндө адегенде суроо берип, эмнеге ишенерин аныктап алганың акылдуулукка жатат. Эстүү болуп, көз карашын эске алсаң жана кунт коюп уксаң, ал да сага кулак төшөшү мүмкүн (Тит 3:2).

13 Эгер кимдир бирөө бардык нерсени Кудай жаратканына каршы болуп, сын-пикирин айтса, эмне кылсаң болот? Сылык бол жана айткандарын далилдеп бериши үчүн, жоопкерчиликти ага артып кой. Маселен, андан Жараткан жок болсо, тиричиликтин кантип пайда болгонун түшүндүрүп беришин суран. Эң алгачкы тирүү нерседен, мисалы, клеткадан башка нерселер пайда болушу үчүн, ал өндүрүп чыгарууга, өзүнүн көчүрмөсүн жасоого жөндөмдүү болушу керек болчу. Химия илиминин бир профессору айткандай, ан үчүн төмөнкүлөр талап кылынмак: 1) коргоп турган чел кабык, 2) энергияны сиңирип, иштеп чыгуу жөндөмү, 3) гендеги маалымат (ДНК), 4) ал маалыматтын көчүрмөсүн жасоо жөндөмү. Ал профессор: «Эң жөнөкөй түзүлүштөгү организмдин ушунчалык татаал болгону таңыркатпай койбойт»,— деп кошумчалаган.

14. Жаратуу же эволюция жөнүндө сүйлөшкөнгө даяр эмес болсоң, эмне кылсаң болот?

14 Эволюция же Жараткан жөнүндө талкуу жүргүзүүгө даяр эмес болсоң, Пабылдын айткандарын колдонсоң болот. Ал: «Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай»,— деп жазган (Евр. 3:4). Бул сөздөр жүйөлүү да, таасирдүү да! Ырас, татаал түзүлүштөгү организмдерди акылдуу бирөө жараткан. Жакшы натыйжага жетиш үчүн ылайыктуу адабиятты да колдонсоң болот. Бир ишенимдешибиз эволюцияга ишенген бир жигит менен маектешкенде жогоруда айтылган эки китепчени колдонгон. Бир жумадай убакыттан кийин эле ал жигит: «Мен Кудайга ишенип калдым»,— деген. Натыйжада ал Ыйык Китепти изилдей баштаган жана кийинчерээк чөмүлгөн.

15, 16. Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшкөндө маектешиңе кантип ылайыкташсаң болот жана кандай максатты көздөшүң керек?

15 Ыйык Китепке ишенбеген киши менен сүйлөшкөндө да адегенде анын эмнеге ишенерин, эмнеге кызыгарын аныкта (Накыл 18:13). Алсак, илимге кызыккан кишиге Ыйык Китептин илимий жактан так экенин көрсөткөн далилдерди айтсаң, жакшы угушу мүмкүн. Башкаларга болсо Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар жана тарыхый жактан так билдирүүлөр таасир этиши ыктымал. Же болбосо Ыйык Китептеги принциптер, мисалы, Иса пайгамбардын тоодо айткан насааты жөнүндө сүйлөшсөң болот.

16 Кандай болбосун, бир нерсени дайыма эсиңде бек сакта: сенин максатың — талашып-тартышуу эмес, маектешиңдин жүрөгүн козгоо. Андыктан аны кунт коюп ук. Ылайыктуу суроолорду бер. Оюңду сылык-сыпаа билдир. Бул, айрыкча, улуулар менен сүйлөшкөндө абдан маанилүү. Ошентсең, алар да сенин көз карашыңды көбүрөөк сыйлашы мүмкүн. Ошондой эле өзүң ишенген нерселерге олуттуу караарыңды байкаары шексиз. Адатта, мындай жаштар чанда кезигет. Албетте, жөн эле талаша берген же ишенген нерселериңе шек келтирип, шылдыңдагысы келген кишилердин суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү эмессиң (Накыл 26:4).

ЧЫНДЫКТЫ КАН-ЖАНЫҢА СИҢИР

17, 18. а) Чындыкты кан-жаныңа сиңирүүгө эмне жардам берет? б) Кийинки макалада эмне тууралуу сөз жүрөт?

17 Ишенимиң бекем болушу үчүн, Ыйык Китептеги негизги окууларды билип койгонуң жетишсиз. Ошондуктан Кудайдын Сөзүн кенчти казгандай казып изилде (Накыл 2:3—6). Эгер «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасы», «Онлайн китепкана», «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индекси», «Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал» сыяктуу адабияттар эне тилиңде бар болсо, аларды жакшы колдон. Андан тышкары, Ыйык Китепти толугу менен окуп чыкканга максат кой. Ал максатыңа жетиш үчүн 12 ай талап кылынышы мүмкүн. Ыйык Китепти окуу ишенимиңди аябай бекемдейт. Бир райондук көзөмөлчү жаш кезин эскерип, мындай дейт: «Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенин түшүнүүгө жардам берген нерселердин бири аны толугу менен окуп чыкканым болду. Ыйык Китептеги кичинекейимен тартып эле билген окуялардын маанисин ошондо чындап түшүндүм. Бул рухий жактан ийгилик кылышыма чоң түрткү болду».

18 Ата-энелер, силер балдарыңардын рухий жактан өсүшүнө зор салым кошо аласыңар. Аларга ишенимин бекемдөөгө кантип жардам берсеңер болот? Бул тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.