Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Колдоруң түшпөсүн»

«Колдоруң түшпөсүн»

«Колдоруң түшпөсүн» (СЕП. 3:16, шилт.).

ЫРЛАР: 81, 32

1, 2. а) Көптөр кандай кыйынчылыктарга туш болууда жана ушундан улам өздөрүн кандай сезишет? б) Ышая 41:10, 13төгү сөздөр бизди эмнеге ынандырат?

«РУХИЙ иштерди дайыма аткарсам да, көп жылдан бери санаадан арыла албай келем. Ушундан улам уйкудан калам, ден соолугум начарлап баратат, башкаларга да туура эмес мамиле кылып алам. Кээде баарына кол шилтеп, алда кайда качып кетким келет». Бул сөздөрдү күйөөсү аксакал болуп кызмат кылган үзгүлтүксүз пионер айткан.

2 Анын сезимдери сага таанышпы? Тилекке каршы, Шайтандын ыймансыз дүйнөсүндө кысым күчөгөндөн күчөп бараткандыктан, көптөр санаага батып, алдан-күчтөн таюуда. Кеме казык байланган кайык ордунан жыла албагандай эле, алар ойлогон оюн ишке ашыра албай кыйналышат (Накыл 12:25). Кандай кыйынчылыктардан улам ушундай сезимдер чулгашы мүмкүн? Балким, чындык үчүн каршылыкка кабылып жаткандырсың. Же жакын адамыңан айрылгандыктан күйүткө батып же олуттуу оорунун азабын тартып жүргөндүрсүң. Же болбосо каатчылык желкеден басып турган азыркы заманда үй-бүлөңдү багыш үчүн кара жаныңды карч уруп иштеп жаткандырсың. Ушундай кысымдан улам дарманың калбай калган, атүгүл кубанычыңды жоготуп койгон учурларың болоттур. Кандай болбосун, бир нерседен шектенбе: Кудай сага «оң колун» сунуп, жардам берүүгө даяр. (Оку: Ышая 41:10, 13.)

3, 4. а) Ыйык Китепте «кол» деген сөз кандай мааниде колдонулат? б) Эмнеден улам адам «колун» түшүрүшү мүмкүн?

3 Ыйык Китепте кайсы бир сапатты же иш-аракетти сүрөттөш үчүн адамдын дене мүчөлөрү мисал катары көп колдонулат. Алсак, «кол» деген сөз Ыйык Китепте жүздөгөн жолу кездешет. Кимдир бирөөнүн «колун чыңдоо» деген аны колдоо, кайраттандыруу жана иш-аракет кылууга түрткү берүү максатында ага дем-күч берүү деген маанини туюнтат. Мисалы, 1 Шемуел 23:16дагы «бекемдөө» жана Эзра 1:6дагы «жардам кылуу» деген сөздөр түп нускада «колдорун чыңдоо» деп берилген. «Колун чыңдоо» деген сөз айкашы оң маанай сактоого, келечектен үмүт үзбөөгө жардам берүүнү да билдирет.

4 Ал эми «колду түшүрүү» деген сөз айкашы кээде кимдир бирөөнүн көңүлү чөккөнүн, шаабайы сууп, үмүтү үзүлүп калганын сүрөттөш үчүн колдонулат (2 Жылн. 15:7, шилт.; Евр. 12:12). Андай жагдайга кабылганда көптөр оңой эле багынып калышат. Алдан-күчтөн тайдырган, жан дүйнөңө бүлүк салган же атүгүл рухийлигиңе терс таасирин тийгизген кыйынчылыктарга кабылганда зарыл күч-кубатты кайдан ала аласың? Туруктуулугуңдан жазбай, кубанычыңды сактоого эмне жардам берет?

«ЖАХАБАНЫН КОЛУ КУТКАРА АЛБАГЫДАЙ КЫСКАРЫП КАЛГАН ЖОК»

5. а) Кыйынчылыкка кабылганда эмне кылышыбыз мүмкүн, бирок эмнени унутпашыбыз керек? б) Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

5 Оку: Сепания 3:16, 17. Кыйынчылыкка кабылганда коркунучка, көңүл чөгөттүккө алдырып коюшубуз, мындайча айтканда, колубузду түшүрүп коюшубуз мүмкүн. Бирок андайда багынбай, камкор Атабыз Жахабага таянганыбыз маанилүү. Ал бизди «бардык түйшүгүбүздү» ага артууга чакырат (1 Пет. 5:7). Анын ысрайылдыктарга айткан сөздөрүн унутпаганыбыз дурус. Ал берилген кызматчыларын колдоорун айтып: «Жахабанын колу куткара албагыдай кыскарып калган жок»,— деген (Ыш. 59:1). Ушул макалада Ыйык Китепте жазылган ишенимди бекемдээрлик үч окуяны талкуулайбыз. Ал окуялардан Жахабанын, көтөрө алгыстай көрүнгөн кыйынчылыктарга карабай кызматчылары анын эркин аткара бериши үчүн, аларды колдогусу келерин жана ага кудурети жетерин билебиз. Талкуулап жатканда ал билдирүүлөрдүн сени кандайча бекемдээрин баамдаганга аракет кыл.

6, 7. Ысрайылдыктардын Амалыктын тукумдарын жеңгенинен кандай маанилүү нерселерди биле алабыз?

6 Ысрайылдыктар Мисир кулчулугунан керемет жолу менен бошонгондон көп өтпөй, Амалыктын тукумдары аларга каршы чабуул койгон. Ошондо Муса пайгамбардын буйругу менен эр жүрөк Жашыя ысрайылдыктарды майданга баштап барган. Ал эми Муса Арун менен Хурду ээрчитип, согуш талаасы алаканга салгандай көрүнгөн дөбөгө чыккан. Үчөө ал жакка коркконунан чыгышты беле? Жок.

7 Муса пайгамбар жеңишке жеткире турган ыкманы колдонгону жаткан. Ал чыныгы Кудайдын таягын алып, колдорун жогору көтөрүп турган. Анын колдору көтөрүлүп турганда, Амалыктын тукумдарына катуу сокку урушу үчүн, Жахаба ысрайылдыктардын колуна күч берип турган. Ал эми Мусанын колдору талып, ылдый түшө баштаганда, душмандар жеңе баштаган. Ошондо Арун менен Хур дароо анын астына таш коюп беришкен. Анан бирөө бир жагына, экинчиси экинчи жагына туруп, күн батканча колдорун таяп турушкан. Ооба, Кудай күчтүү колдору менен колдогондуктан, ысрайылдыктар жеңген (Чыг. 17:8—13).

8. а) Эфиопиялыктар согуш ачканда, Аса падыша эмне кылган? б) Кудайга таянуу жагынан Аса падышадан эмнеге үйрөнө алабыз?

8 Жахаба колу кыска эмес экенин Аса падышанын тушунда да далилдеген. Ыйык Китепте согуштар жөнүндө көп эле айтылат. Бирок Кудайдын элине эң көп жоокери менен каршы чыккан душман эфиопиялык Зерак болгон. Анын дасыккан 1 000 000 жоокери, Аса падышанын аскеринен эки эсе көп жоокери, бар болчу. Андай жагдайда Аса коркунучка алдырып, бат эле «колун түшүрүп» коюшу мүмкүн эле. Бирок ал дароо Жахабадан жардам сурап кайрылган. Аскердик көз караш менен алганда, эфиопиялыктарды талкалоо мүмкүн эместей көрүнгөн. Анткен менен «Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок» болчу (Мт. 19:26). Жахаба улуу күчүн көрсөтүп, ага өмүрү өткүчө «бүт жүрөгү менен кызмат кылган» Асага «эфиопиялыктарды талкалаганга жардам берген» (2 Жылн. 14:8—13; 1 Пад. 15:14).

9. а) Некемияга Иерусалимдин дубалын тургузууга эмне тоскоолдук кыла алган эмес? б) Кудай Некемиянын тиленүүсүнө кантип жооп берген?

9 Некемиянын Иерусалимге келгенде кандай сезимде болгонун көз алдыңа тартып көрсөң. Шаардын дубалы урап жаткан, жүйүттөр болсо мүңкүрөп калышкан эле. Бөтөн жерлик душмандар коркутуп-үркүткөндүктөн, алар колдорун түшүрүп, Иерусалимдин дубалын курганын токтотуп коюшкан болчу. Ошондон улам Некемиянын да ындыны өчүп калды беле? Жок. Ал, Жахабанын Муса, Аса жана башка ишенимдүү кызматчыларындай болуп, дайыма тиленип турууну адат кылып алган. Мунусунда да ал так ошондой кылган. Жүйүттөр опол тоодой көрүнгөн тоскоолдукка кабылганда, Жахаба Некемиянын чын жүрөктөн чыккан тиленүүсүнө жооп берген. Ал «улуу күчү», «кубаттуу колу» менен жүйүттөрдүн шалдайып калган колдорун чыңдаган. (Оку: Некемия 1:10; 2:17—20; 6:9.) Жахабанын бүгүнкү күндө да кызматчыларын «улуу күчү», «кубаттуу колу» менен бекемдээрине ишенесиңби?

ЖАХАБА СЕНИН КОЛУҢДУ ЧЫҢДАЙТ

10, 11. а) Шайтан «колубузду түшүрүүгө» кантип аракет кылат? б) Жахаба бизге кандай жолдор менен дем-күч берип турат? в) Кудай берип жаткан билимден кандай пайда алып жатасың?

10 Ибилистин кабар айтуу ишибизди токтотуш үчүн эч качан «колун түшүрбөй», тынымсыз аракет кыла берери шексиз. Ал бийлик башчылары, диний жетекчилер, чындыктан четтегендер аркылуу бизге ар кандай жалаа жаап, коркутуп-үркүтөт. Шайтан эмнени көздөйт? Ал «колубузду түшүрүп», жакшы кабарды жарыялаганыбызды токтотуп коюшубузду көксөйт. Бирок Жахаба бизге ыйык руху аркылуу дем-күч берүүнү абдан каалайт жана ошентүүгө кудурети жетет (1 Жылн. 29:12). Андыктан Шайтан менен анын ыймансыз дүйнөсүнүн каршылыктарына туруштук бериш үчүн ыйык рухка жетектелгенибиз маанилүү (Заб. 18:39; 1 Кор. 10:13). Ошондой эле бизде ыйык рухтун жетеги менен жазылган Кудайдын Сөзү бар экенине абдан ыраазы болсок болот. Ай сайын Ыйык Китепке негизделген рухий тамак алып жатканыбыз жөнүндө да ойлонуп көрсөң. Иерусалимдеги ибадаткана калыбына келтирилип жатканда айтылган Закарыя 8:9, 13төгү сөздөр бизге да күч берет. (Аяттарды оку.)

11 Биз жыйналыштардан, жыйындардан, теократиялык мектептерден берилген билим аркылуу да күчкө толобуз. Ал билим ниетибизди тууралап турганга, рухий максаттарды коюуга, Кудай тапшырган көптөгөн милдеттерибизди жакшы аткарууга жардам берет (Заб. 119:32). Сен да ушундай чаралардан дем-шык алып турууга дилгирсиңби?

12. Дайыма рухий жактан күчтүү болуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

12 Жогоруда айтылгандай, Жахаба ысрайылдыктарга Амалыктын тукумдарын жана эфиопиялыктарды талкалоого, Некемия менен анын шериктерине болсо куруу ишин аягына чыгарууга жардам берген. Каршылыктарга, башкалардын кош көңүлдүгүнө моюн сунбай, санаага алдырбай, кабар айтуу ишин аткара беришибиз үчүн, ал бизге да күч-кубат берет (1 Пет. 5:10). Албетте, Кудай биз үчүн керемет жасайт деп күтпөшүбүз керек. Анын ордуна, өзүбүз тараптан колубуздан келгендин баарын кылышыбыз талап. Мисалы, Кудайдын Сөзүн күндө окушубуз, жума сайын жыйналышка даярданып барышыбыз кажет. Ошондой эле акылыбыз менен жүрөгүбүздү рухий ойлорго толтуруш үчүн өздүк изилдөөнү, үй-бүлө менен сыйынуу кечин үзгүлтүксүз өткөрүшүбүз жана дайыма тиленип, Жахабага таянышыбыз керек. Эч качан башка максаттардын, иштердин айынан Жахаба бизди күч-кубатка толтуруш үчүн колдонуп жаткан чараларды баркка албай калбайлы. Эгер «колуңду түшүрүп», жогорудагы рухий иштердин кайсы бирин аткарбай калганыңды байкасаң, Кудайдан жардам сура. Анан ыйык рухтун сага кандайча «каалоо да, күч да берип, иш-аракет кылууга» түрткү берип жатканын баамдаганга аракет кыл (Флп. 2:13). Ал эми башкалардын колун чыңдоого кантип жардам берсең болот?

АЛСЫРАГАН КОЛДОРДУ ЧЫҢДА

13, 14. а) Жубайынан айрылган ишенимдешибиз күчтү каяктан алган? б) Башкаларды кандай жолдор менен бекемдесек болот?

13 Дүйнөнүн чар тарабында Кудай кошкон бир туугандарыбыз бар. Алар бизге кам көрүп, күч-кайрат берип турушат. Элчи Пабыл: «Алсыраган колуңарды, күчү кеткен тизеңерди чыңдагыла... Дайыма түз жолдор менен баскыла»,— деп жазган (Евр. 12:12, 13). 1-кылымдагы көптөгөн ишенимдештерибиз бири-бирине ушинтип жардам беришкен. Бүгүнкү күндө да ушундай. Аялынан айрылган жана башка оор сыноолорду башынан кечирген бир бир тууганыбыз мындай деген: «Сыноонун түрүн, убактысын тандай албасыбызды жана анын канчалык тез-тезден болоруна таасир эте албасыбызды түшүндүм. Тиленүү менен өздүк изилдөө оор учурларда сууга чөгүп кетпегенге жардам берген куткаруучу чыптамадай болду. Рухий бир туугандарым да мени аябай колдоп, жубатып турушту. Мен кыйынчылык болгонго чейин эле Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөнүбүз абдан маанилүү экенин да түшүндүм».

Ар бирибиз жыйналыштагыларды бекемдей алабыз (14-абзацты кара)

14 Арун менен Хур салгылаш учурунда Мусанын колдорун сөздүн түз маанисинде таяп турушкан. Биз болсо башкаларга иш жүзүндө колдоо көрсөтүүнүн жолдорун издешибиз керек. Айрыкча, карылык, оору, үйүндөгүлөрдүн каршылыгы, жалгыздык же өлүм күйүтү менен күрөшүп келаткандарга жөлөк-таяк болушубуз зарыл. Ошондой эле жаман иш кылууга азгыргандардын кысымына дуушар болуп жаткан же Шайтандын дүйнөсүндө жогорку билим алууга, баюуга, мансапка жетүүгө умтулуп жаткан жаштарды да унутпаганыбыз маанилүү (1 Тес. 3:1—3; 5:11, 14). Падышалык залында же кызматта болобу, дасторкон үстүндө отурабызбы же телефон менен сүйлөшөбүзбү, дайыма башкаларга чын ниеттен көңүл бурууга аракет кылышыбыз кажет.

15. Жылуу сөздөрүбүз ишенимдештерибизге кандай таасир этет?

15 Аса падыша жеңишке жеткенден кийин, Азария пайгамбар аны жана элди бекемдеп: «Кайраттуу болгула, колуңарды түшүрбөгүлө, анткени кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар»,— деген (2 Жылн. 15:7, шилт.). Бул Асага чыныгы сыйынууну кайрадан гүлдөтүш үчүн көп иштерди кылууга түрткү берген. Анын сыңарындай, жылуу сөздөрүң башкаларга күчтүү таасир этип, Жахабага толук кандуу кызмат кылууга түрткү бериши мүмкүн (Накыл 15:23). Жыйналышта колуңду көтөрүп, шыктандырарлык жоопторду бергениң да башкалардын жүрөгүн козгой турганын эч качан унутпа.

16. Канткенде аксакалдар, Некемиядай болуп, жыйналыштагылардын колдорун чыңдай алышат? Ишенимдештериңдин сага кандайча күч-кубат бергенин айтып бер.

16 Жахабанын жардамы менен Некемия жана анын шериктери колдорун чыңдап, Иерусалимдин дубалын 52 эле күндө бүтүрүшкөн (Нек. 2:18; 6:15, 16). Некемия куруу ишине көз салып эле койбостон, өзү да катышкан (Нек. 5:16). Ошо сыяктуу эле, көптөгөн мээримдүү аксакалдар, Некемиядан үлгү алып, теократиялык имараттарды курууга, Падышалык залын жакшы абалда күтүүгө, тазалоого катышышат. Ошондой эле ишенимдештери менен кабар айтуу ишинде кызматташып, кайтаруучулук жолугууга барып, санаага баткандардын алсырап калган колдорун чыңдашат. (Оку: Ышая 35:3, 4.)

«КОЛДОРУҢ ТҮШПӨСҮН»

17, 18. Кыйынчылыкка туш болгондо же санаага батканда эмнеден шектенбешибиз керек?

17 Ишенимдештерибиз менен ийиндеш туруп кызматташуунун аркасында биримдигибизди чыңдайбыз. Ошондой эле түбөлүккө созула турган достук мамилелерди өрчүтөбүз жана бири-бирибизге Кудайдын Падышалыгы башкарганда ала турган баталарды бекем ишеним менен күтүүгө түрткү беребиз. Башкалардын колун чыңдаганыбызда аларга бүк түшүргөн кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жана оң маанай сактап, жаркын келечектен үмүт үзбөөгө жардам беребиз. Ошол эле учурда өзүбүздүн да Кудайдын убадаларынын аткарыларына болгон ишенимибиз бекемделет. Ооба, башкаларга жардам берүү менен өзүбүздүн да колубузду чыңдайбыз.

18 Жахабанын мурун ишенимдүү кызматчыларын ар кандай жагдайларда кантип колдоп-коргоп келгенин билгенибиз ага толук ишенүүгө, таянууга түрткү берет. Андыктан кысымга алынганда, көйгөйлөргө туш болгондо «колдоруңду түшүрбө»! Анын ордуна, Жахабадан жардам сурап тиленип тур жана анын күчтүү колдору менен сага күч-кайрат берип, мол бата ала турган заманга жетектеп барарынан шектенбе (Заб. 73:23, 24).