Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын жетекчилигине баш ийүүнүн пайдасы

Жахабанын жетекчилигине баш ийүүнүн пайдасы

ПОЛЬШАДАГЫ БИР ТУУГАНЫБЫЗ ТУУРА ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАН

«МЕН 15 жашымда чөмүлүп, алты айдан кийин көмөкчү пионер болдум. Бир жылдан кийин болсо үзгүлтүксүз пионер болууга арыз толтурдум. Орто мектепти бүткөндө бир туугандарга Падышалыктын жарчыларына муктаждык бар жерде кызмат кылгым келерин айттым. Өзүм төрөлүп-өскөн шаардан, ошондой эле мени менен чогуу жашаган, Жахабанын Күбөсү болбогон таенемден алыс жакка көчүп кетким келчү. Райондук көзөмөлчү менин аймагым туулуп-өскөн шаарым болорун айтканда, аябай капаландым. Бирок канчалык жаман болуп жатканымды ага билдирбегенге аракет кылдым. Башымды шылкыйтып, анын айткандары жөнүндө ойлонуш үчүн ары басып кеттим. Анан кызматтагы шеригиме: „Мен Жунус пайгамбардай болуп жатат окшойм. Бирок акыры ал баары бир деле Нинебиге барбады беле. Мен да өзүм дайындалган жакта эле кызмат кыла берейин“,— дедим.

Өз шаарымда пионер болуп кызмат кылып жатканыма төрт жылдын жүзү болду. Берилген жетекчиликке ылайык иш кылганым абдан туура болгонуна көзүм жетип жатат. Көрсө, кептин баары өзүмдүн туура эмес көз карашымда болгон экен. Азыр кызматтан ушунчалык кубаныч алып жатам. Бир айда 24 ыйык китептик изилдөө өткөргөн учурум да болду. Жахабанын жардамы менен атүгүл чындыкка каршы болуп жүргөн таенем менен да изилдөө баштадым».

ФИЖИДЕ БОЛГОН ОКУЯ

Фижиде Ыйык Китепти изилдеп жаткан бир келинге же Кудайдын элинин жыйынына барууну, же күйөөсү менен туугандарыныкына туулган күнгө барууну чечүүгө туура келген. Жолдошу ага жыйынга барууга уруксат берген. Аялы болсо анын өтүнүчү боюнча жыйындан кийин туугандарыныкына барып каларын айткан. Бирок жыйындан келгенден кийин ал, эгер туулган күнгө барса, Жахаба менен болгон мамилесине доо кетирип алышы мүмкүн экенин түшүнүп, барбай эле коюуну чечкен.

Ал ортодо күйөөсү туугандарына аялы «Күбөлөрдүн жыйынынан» кийин келип каларын айтканда, алар: «Ал келбейт. Анткени Жахабанын Күбөлөрү туулган күндү белгилешпейт!» — дешкен *.

Күйөөсү аялынын Кудайга болгон ишенимине, абийирине жараша иш кылганына аябай сыймыктанган. Ал келин Кудайдын принциптерине бекем карманганынын аркасында жолдошуна жана башкаларга кабар айта алган. Мунун натыйжасы кандай болгон? Жолдошу Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, аны менен чогуу жыйналышка бара баштаган.

^ 7-абз. 2001-жылдын 15-декабрындагы «Күзөт мунарасына» (ор.) чыккан «Окурмандардын суроолорун» кара.