Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жорж Роллстон, Артур Уиллис деген пионерлер машинесинин радиаторуна суу куюп жатышат (Түндүк аймагы, 1933-жыл)

БИЗДИН АРХИВДЕН

«Өңгүл-дөңгүл же узак жол жок»

«Өңгүл-дөңгүл же узак жол жок»

1937-ЖЫЛЫ 26-мартта узак жолдон шайы оогон эки киши чаң баскан машинесин кылдыратып айдап, Австралиянын Сидней шаарына кайтып келишкен. Ал экөө бир жыл мурун шаардан кеткенден бери өлкөнүн оңой менен жете алгыс алыскы аймактарын кыдырып, 19 300 чакырымдан ашык жол жүрүшкөн. Алар жер изилдөөчүлөр же саякатчылар эмес эле. Артур Уиллис жана Билл Ньюлендс деген ал кишилер Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды Австралиянын алыскы жерлерине жеткирүүнү көздөгөн ынталуу пионерлердин катарында болчу.

1920-жылдардын аягына чейин Австралиядагы аз сандагы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр * көбүнчө жээк бойлой жайгашкан шаарлар менен шаарчаларда жана алардын чет жакаларында эле кабар айтышчу. Ал эми өлкөнүн эл сейрек отурукташкан, жалпы аянты Кошмо Штаттардын аянтынын жарымынан көбүнө барабар ички бөлүгү иштетилбей жаткан. Бирок бир туугандар Иса Машаяктын жолдоочуларынын «жердин учу-кыйырына чейин», анын ичинде Австралиянын тээ алыскы аймактарына чейин күбөлөндүрүшү керектигин жакшы билишчү (Элч. 1:8). Алар мындай чоң ишти кантип аткара алышмак? Аракетине Жахаба батасын берерине бекем ишенгендиктен алар колунан келгендин баарын кылууга чечкиндүү болушкан.

ПИОНЕРЛЕРДИН ЧЫЙЫР САЛЫШЫ

1929-жылы Квинсленд менен Батыш Австралиядагы эки жыйналыштагы жарчылар өлкөнүн ички бөлүгүндөгү аймактарды иштетүү үчүн жакшы жабдылган бир нече автофургон жасашкан. Аларды өңгүл-дөңгүл жолдордо да айдаганды билген, бузулуп калганда оңдой алган эр жүрөк пионерлер айдашкан. Ал пионерлер такыр кабар жете элек көптөгөн жерлерди кыдырышкан.

Автофургону жок пионерлер болсо алыс жактарга велосипед менен барышкан. Алсак, 1932-жылы 23 жаштагы Беннетт Брикелл Квинсленд штатындагы Рокхемтон шаарынан чыгып, 5 айдын ичинде штаттын түндүк бөлүгүндөгү алыскы аймактарды кыдырып чыккан. Ал велосипедине төшөнчүсүн, кийим-кечегин, тамак-ашын, толтура китебин артып алып, жол жүргөн. Велосипединин дөңгөлөгүнүн желим алкагы жарабай калганда, Жахабанын жетектээрине ишенип, сапарын уланта берген. Ал велосипедин сүйрөп алып, суунун жоктугунан көптөр каза болгон какыраган чөл аркылуу 320 километр жолду басып өткөн. Андан кийинки 30 жылдын аралыгында Беннетт бир тууган Австралияны велосипед, мотоцикл, машине менен кыдырып, жүз миңдеген чакырымдарды арыткан. Аборигендерге алгачкылардан болуп кабар айтып, жыйналыштарды уюштурууга жардам берген. Ал жактагылар аны жакшы таанышчу жана кадырлап-сыйлашчу.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢҮҮ

Австралия — дүйнө жүзүндөгү эл өтө сейрек отурукташкан өлкөлөрдүн бири. Өзгөчө, алыскы аймактарында калктын саны аябай эле аз. Ошондуктан Жахабанын кызматчылары өлкөнүн ошондой жерлеринде жашаган адамдарды табууга көп күч жумшап келишет.

Андай бир туугандардын арасында Стьюарт Келти, Уильям Торрингтон деген пионерлер да болгон. 1933-жылы алар континенттин чордонунан орун алган Алис-Спрингс шаарчасына барып кабар айтыш үчүн көчмө кум дөбөлөрү көп килейген Симпсон чөлүн кесип өтүшкөн. Алардын чакан машинеси бузулуп, такыр жарактан чыгып калганда, буту жыгач болсо да, Стьюарт бир тууган төө минип алып жолун уланта берген. Ал экөө Уильям Криктеги, алыс жердеги поезд токтоочу жайдагы, мейманкананын ээси Чарлз Бернхардтты жолуктурушканда, кылган эмгегинин акыбети кайткан. Ал кийинчерээк чындыкты кабыл алып, мейманканасын сатып, Австралиянын эң алыскы, какыраган жерлеринде 15 жыл пионер болуп жалгыз кызмат кылган.

Артур Уиллис Австралиянын алыскы бир чоң аймагына кабар айтканы барууга камданып жатат (Батыш Австралия, Перт, 1936-жыл)

Туш болгон көп кыйынчылыктарын жеңиш үчүн алгачкы пионерлерден кайраттуулук, туруктуулук талап кылынган. Макаланын башында айтылган Артур Уиллис менен Билл Ньюлендс бир туугандар бир жолу Австралиянын ыраакы жерлерине кабар айтканы баратканда, катуу жаандан улам чөл баткакка айланып, 32 километр жерди эки жума дегенде араң басып өтүшкөн. Аларга кээде мээ кайнаткан ысыкта көл-шал болуп тердеп, чарчап-чаалыгып, машинесин чоң-чоң кум дөбөлөрдөн, аскалуу өрөөндөрдөн, дарыянын кумдуу нугунан түртүп жүрүүгө туура келген. Алардын машинеси бузулуп калган учурлары көп болчу. Андайда экөө жөө же велосипед менен бир нече күн жол жүрүп, жакын жердеги шаарчага барышчу. Анан машиненин тетиктери келгиче, ал жакта жумалап күтүшө турган. Бирок ушундай кыйынчылыктарга карабай дайыма оң маанай сакташчу. Артур Уиллис бир кезде «Алтын кылым» журналына чыккан сөздөрдү кайталап: «Анын күбөлөрү үчүн басып өтө алгыс бир да өңгүл-дөңгүл же узак жол жок»,— деген.

Көп жыл пионер болгон Чарлз Харрис бир тууган алыскы аймактарда жалгыз кызмат кылуунун, ар кандай кыйынчылыктарды баштан кечирүүнүн аркасында Жахабага ого бетер жакындаганын айткан. Ал: «Жашооңдун мүмкүн болушунча жөнөкөй болгону жакшы. Эгер Иса ачык асмандын алдында уктоого даяр болгон болсо, кызматыбыз талап кылганда, биз да ошого даяр болушубуз керек эмеспи?» — деп кошумчалаган. Көптөгөн пионерлер так ошондой кылышкан. Алардын талыкпаган эмгегинин аркасында жакшы кабар Австралиянын булуң-бурчуна жетип, миңдеген жүрөгү таза адамдар Кудайдын Падышалыгы тарапты ээлей алышкан.

^ 4-абз. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр 1931-жылдан тартып Жахабанын Күбөлөрү деп аталышат (Ыш. 43:10).