Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухий жактан мындан ары да өсө бер!

Рухий жактан мындан ары да өсө бер!

«Рухтун жетеги менен жүргүлө» (ГАЛ. 5:16).

ЫРЛАР: 22, 75

1, 2. Бир ишенимдешибиз рухийлигине байланыштуу эмнени байкаган жана эмне кылган?

РОБЕРТ өспүрүм кезинде чөмүлгөн, бирок чындыкка олуттуу карачу эмес. Ал мындай дейт: «Мен эч кандай деле жаман иш кылган эмесмин. Анткен менен баарын милдеттүү болгондуктан эле кылчумун. Жыйналыш жолугушууларын калтырбай, жылына бир нече жолу көмөкчү пионер болуп кызмат кылгандыктан рухий жактан күчтүүдөй көрүнчүмүн. Бирок бир нерсе жетишпегендей боло берчү».

2 Роберт эмне жетишпей жатканын үйлөнгөндөн кийин гана түшүнгөн. Жубайы экөө кээде бири-бирине Ыйык Китепте жазылгандарга байланыштуу суроолорду берип ойношчу. Жубайы рухий жактан күчтүү болгондуктан суроолорго оңой эле жооп берчү, ал эми Роберт көбүнчө жооп бере албай калып, аябай ыңгайсыз болор эле. Ал мындай деп бөлүшөт: «Өзүмдү эч нерсе билбегендей сезчүмүн. Анан: „Жубайыма рухий жактан жакшы кам көргөн башчы болгум келсе, бир нерсе кылышым керек“,— деп ойлондум». Роберт ал оюн ишке ашырган. Ал: «Ыйык Китепти изилдей бердим, изилдей бердим. Анан баары айкын боло баштады. Ошондой эле түшүнүгүм тереңдеди, баарынан маанилүүсү, Жахаба менен болгон мамилем мурдагыдан да ынак болуп калды»,— дейт.

3. а) Роберттин башынан өткөндөрдөн эмнеге үйрөнсөк болот? б) Бул макалада кайсы негизги суроолорго жооп алабыз?

3 Роберттин башынан өткөндөрдөн ар бирибиз маанилүү нерселерге үйрөнө алабыз. Биз Ыйык Китепте жазылган айрым нерселерди билишибиз, жыйналыш жолугушууларына дайыма барышыбыз мүмкүн, бирок ушунун өзү эле бизди рухий адам кылып койбойт. Же рухий жактан бир топ ийгилик кылсак да, өзүбүздү текшерип көргөндө дагы эле жакшыра беришибиз керектигин байкашыбыз ыктымал (Флп. 3:16). Бул макалада рухий жактан мындан ары да ийгилик кыла берүүгө жардам берген төмөнкү үч негизги суроого жооп алабыз: 1) Рухий абалыбыздын чынында кандай экенин аныктоого эмне көмөк кылат? 2) Канткенде рухий жактан күчтүү боло алабыз? 3) Рухий жактан күчтүү болгонубуз күндөлүк жашообузда кандайча жардам берет?

ӨЗҮБҮЗДҮ ТЕКШЕРҮҮ

4. Эфестиктер 4:23, 24төгү кеңеш кимдерге тиешелүү?

4 Кудайдын кызматчысы болгондо көп нерсебизди өзгөрткөнбүз. Бул жашообуздун ар бир тармагына таасир эткен. Бирок чөмүлгөндөн кийин эле баары бүтүп калган эмес. Биз «[акылыбызга] түрткү берүүчү күч менен мындан ары да жаңылана» берүүгө чакырылабыз (Эф. 4:23, 24). Жеткилеңсиз болгондуктан баарыбыз өзгөрүүлөрдү кыла беришибиз керек. Жахабага бир топ жылдан бери кызмат кылып келаткандар да рухийлигин сактоого умтулушу зарыл (Флп. 3:12, 13).

5. Өзүбүздү текшерүүгө кайсы суроолор жардам берет?

5 Рухийлигибизди чыңдап, аны сакташ үчүн өзүбүздү чынчылдык менен текшеришибиз кажет. Жашпызбы, карыбызбы, ар бирибиз мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Өзүмдөн рухий жактан өсүп жатканымды көрсөткөн өзгөрүүлөрдү байкап жатамбы? Сапаттарым, ой жүгүртүүм Машаяктыкына окшошуп баратабы? Жолугушууларга болгон көз карашым, ал жакта өзүмдү кандай алып жүргөнүм рухийлигим жөнүндө эмнени айтып турат? Сүйлөгөн сөздөрүмөн каалоолорум тууралуу эмнени билүүгө болот? Изилдөө жүргүзүүгө байланыштуу адаттарым, кийген кийимим, сырткы көрүнүшүм же кеңешти кандай кабыл алганым мен жөнүндө эмнени көрсөтүп турат? Азгырыкка дуушар болгондо кандай иш-аракет кылам? Негизги окуулар менен эле чектелбей, Кудайдын жетилген кызматчысы болууга умтулуп жатамбы?» (Эф. 4:13). Бул суроолор тууралуу ой жүгүртүү рухий жактан канчалык ийгилик кылып жатканыбызды аныктоого жардам берет.

6. Рухий абалыбызды текшергенге дагы эмне жардам берет?

6 Рухий абалыбызды билиш үчүн кээде башкалардын жардамына да муктаж болушубуз мүмкүн. Элчи Пабыл айткандай, денесинин каалоосун көздөгөн киши кылган иштеринин Кудайга жакпай турганын аңдай бербейт. Ал эми рухий адам Кудайдын көз карашын жакшы түшүнөт жана өз каалоосуна жетеленген кишинин туура эмес иштерин байкай билет (1 Кор. 2:14—16; 3:1—3). Аксакалдар Машаяктын акылына ээ болгондуктан кимдир бирөөнүн денелик каалоолорго алдыра баштаганын көрсөткөн алгачкы белгилерди дароо эле байкашат. Эгер алар бизге бул жагынан кеңеш берип калса, аны кабыл алып, зарыл өзгөрүүлөрдү кылабызбы? Ошентсек, рухий жактан өскүбүз келерин айгинелейбиз (Нас. 7:5, 9).

РУХИЙЛИГИБИЗДИ ЧЫҢДОО

7. Рухий адам болуш үчүн эмне себептен Ыйык Китептен билим алып коюу жетишсиз?

7 Рухий адам болуш үчүн Ыйык Китептен билим алып коюу жетишсиз экенин эсиңден чыгарба. Сулайман падыша Жахабанын жолдору жөнүндө көп нерсе билген. Анын айткандары кийин Ыйык Китепке жазылып калган. Бирок убакыттын өтүшү менен ал рухий адам болбой калгандыктан Жахабанын алдында ишенимдүүлүгүнөн жазган (1 Пад. 4:29, 30; 11:4—6). Анда Ыйык Китептен билим алгандан тышкары, дагы эмне талап кылынат? Рухий жактан өсө беришибиз керек (Кол. 2:6, 7). Ал үчүн эмне кылсак болот?

8, 9. а) Рухийлигибизди чыңдоого эмне жардам берет? б) Окуп, ой жүгүрткөндө кандай максатты көздөшүбүз керек? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

8 Биринчи кылымда элчи Пабыл ишенимдештерин «жетилгендикке умтулууга» чакырган (Евр. 6:1). Бүгүнкү күндө анын кеңешин колдонуш үчүн эмне кылсак болот? Мунун маанилүү жолдорунун бири — «Канткенде Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз?» китебин изилдөө. Ал китепти толугу менен изилдеп чыгуунун аркасында Ыйык Китептеги принциптерди жашооңдо кантип колдоно аларыңды билесиң. Эгер аны изилдеп бүткөн болсоң, ишенимиңди бекемдей турган башка адабияттарды изилдесең болот (Кол. 1:23). Окуп-билгендериң тууралуу ой жүгүртүп, Жахабадан аларды иш жүзүндө кантип колдонсоң болорун түшүнүүгө жардам беришин сурайсыңбы?

9 Окуп, ой жүгүрткөнүбүздүн максаты Жахабага жагууга жана ага баш ийүүгө болгон каалообузду өрчүтүү болушу керектигин унутпашыбыз кажет (Заб. 40:8; 119:97). Ошондой эле рухий жактан өсүшүбүзгө тоскоолдук кылган нерселерди четке кагууга бүт күчүбүздү жумшашыбыз зарыл (Тит 2:11, 12).

10. Рухийлигин чыңдоо үчүн жаштар эмне кылса болот?

10 Эгер сен жаш болсоң, рухий максаттарың барбы? Бейтелде кызмат кылган бир ишенимдешибиз райондук жыйындарга барганда программа башталганга чейин чөмүлө турган бир туугандар менен дайыма сүйлөшөт. Көбү жаштар болгондуктан, ал алардан алдыга кандай рухий максаттарды коюп жатканын сурайт. Көптөрүнүн жообунан Жахабага кызмат кылыш үчүн эмне кылгысы келери, мисалы, толук убакыт кызматтын кайсы бир түрүн аркалагысы же Падышалыктын жарчыларына муктаждык бар жерлерде кызмат кылгысы келери айкын көрүнөт. Бирок анын суроосуна жооп бере албай калган жаштар да болот. Бул алардын кандай рухий максаттарды көздөөнү жүрөгүндө чечип албаганын көрсөтүшү мүмкүнбү? Андыктан өзүңдөн: «Рухий иштерге ата-энем талап кылган үчүн эле катышып жаткан жокмунбу? Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүгө умтулуп, ага жакындап жатамбы?» — деп сурап көр. Албетте, рухий максаттарды көздөөгө байланыштуу кеңеш жаштарга эле тиешелүү эмес. Жахабанын кызматчылары катары баарыбыз ошентсек, рухий жактан барган сайын күчтүү боло беребиз (Нас. 12:1, 13).

11. а) Рухий жактан ийгилик кылыш үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Ыйык Китептеги кайсы инсандан үлгү алсак болот?

11 Жакшыртчу жактарыбызды аныктап алгандан кийин мындан ары да алдыга илгерилегенге жардам берген кадамдарды жасашыбыз керек. Рухий адам болуу абдан маанилүү. Чынында, бул — өмүр менен өлүм маселеси (Рим. 8:6—8). Бирок рухий жактан жетилүү жеткилең болууну билдирбейт. Жахабанын руху бизге тийиштүү өзгөрүүлөрдү кылууга көмөк кылат. Анткен менен өзүбүз да күч-аракет жумшашыбыз зарыл. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган Жон Барр мындан бир нече жыл мурда Лука 13:24тө жазылгандарды түшүндүрүп жатып: «Көптөр күчтүү болууга жетиштүү күч жумшабагандыктан тар эшиктен кире алышпайт»,— деген. Биз периштенин батасын алмайынча аны менен тырышып күрөшө берген Жакыптан үлгү алганыбыз жакшы (Башт. 32:26—28). Ыйык Китепти окуп-изилдөө жагымдуу болсо да, аны тек гана кызыктуу чыгармадай окуп койбошубуз керек. Тескерисинче, өзүбүзгө жардам бере турган рухий берметтерди табууга аракет кылышыбыз абзел.

12, 13. а) Канткенде Римдиктер 15:5те жазылгандарга ылайык иш кылабыз? б) Элчи Петирдин үлгүсү жана кеңеши бизге кандайча жардам берет? в) Рухийлигиңди чыңдаш үчүн эмне кылсаң болот? (« Рухий жактан өсүүгө жардам берген кадамдар» деген кутучаны кара.)

12 Рухий жактан өсүүгө умтулганыбызда, ыйык рух акылыбызды жаңыртууга күч берет. Ыйык рухтун жардамы менен барган сайын Машаяктай ой жүгүртүүгө үйрөнө беребиз (Рим. 15:5). Андан тышкары, денеге мүнөздүү каалоолордон арылып, Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтө алабыз (Гал. 5:16, 22, 23). Эгер акылыңды материалдык нерселер же денелик каалоолор ээлей баштаганын байкасаң, аларга багынып бербе. Анын ордуна, ыйык рух сурап тилене бер. Ошондо Жахаба ой жүгүртүүңдү кайрадан туура нерселерге багыттаганга жардам берет (Лк. 11:13). Элчи Петирди эстесең. Анын рухий адамдай иш кылбай калган учурлары болгон (Мт. 16:22, 23; Лк. 22:34, 54—62; Гал. 2:11—14). Бирок ал багынган эмес. Жахабанын жардамы менен акырындап Машаяктай ой жүгүртүүгө үйрөнгөн. Биз да ошенте алабыз.

13 Кийинчерээк Петир биз өрчүтүшүбүз керек болгон сапаттарды санап өткөн. (Оку: 2 Петир 1:5—8.) Өзүн өзү кармай билүү, туруктуулук, бир туугандык сүйүү сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө «бүт күч-аракетибизди» жумшасак, рухий адам катары алдыга илгерилей беребиз. Андыктан күн сайын өзүңө: «Рухий жактан ийгилик кылыш үчүн бүгүн кайсы сапаттын үстүнөн иштесем болот?» — деген суроо берип тур.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИПТЕРДИ КҮНҮМДҮК ЖАШООБУЗДА КОЛДОНУУ

14. Рухий адам болгонубуз жашообузга кандай таасир этет?

14 Машаяктын акылына ээ болгонубуз жумушта же мектепте өзүбүздү кандай алып жүрөрүбүзгө, сүйлөгөн сөзүбүзгө жана күн сайын чыгарган чечимдерибизге таасир этет. Чечимдерибизден Машаяктын жолун жолдоого умтулуп жаткан-жатпаганыбыз айкын болот. Рухий адам катары биз Жахаба менен болгон мамилебизге коркунуч туудура турган нерселердин эч бирин кылгыбыз келбейт. Азгырыкка кабылганда, Машаяктай ой жүгүртүү бизге аны четке кагууга түрткү берет. Чечим чыгарарда шашпай, мындай суроолор тууралуу ой жүгүртөбүз: «Бул жагдайда Ыйык Китептеги кайсы принциптерди колдонсом болот? Машаяк эмне кылмак? Кандай кылсам, Жахабага жагат?» Ушундай ой жүгүрткөнгө үйрөнүш үчүн айрым жагдайларды карап көрөлү. Алардын ар биринде акылдуулук менен иш кылууга кайсы принцип жардам берерине токтолобуз.

15, 16. Машаяктыкындай ой жүгүртүү а) жар тандоого жана б) чөйрөгө байланыштуу чечим чыгарууда кандайча жардам берет?

15 Жар тандоо. Буга байланыштуу принцип 2 Корунттуктар 6:14, 15те камтылган. (Аяттарды оку.) Пабылдын сөздөрү рухий адам менен өз каалоосуна жетеленген кишинин ортосунда эч кандай жалпылык жок экенин айкын көрсөтүп турат. Бул принципти өмүрлүк жар тандоодо кантип колдонсо болот?

16 Чөйрө. 1 Корунттуктар 15:33тө жазылган принципке көңүл бурсаң. (Аятты оку.) Кудайга берилген киши рухийлигине доо кетире турган адамдар менен ынак мамиле өрчүтпөйт. Бул принципти кандай жагдайларда колдонсоң болору тууралуу ойлонуп көр. Мисалы, аны социалдык тармактарга байланыштуу кантип колдонсоң болот? Же чоочун бирөөлөр Интернет аркылуу оюн ойноого чакырганда, бул принцип кандайча көмөк кылат?

Чечимдерим рухий жактан өсүүгө жардам береби? (17-абзацты кара)

17—19. Рухий адам болуу а) пайдасыз иштерден качууга, б) максат коюуга, в) келишпестиктерди чечүүгө кандайча көмөк кылат?

17 Рухий жактан өсүүгө тоскоол болгон иштер. Элчи Пабыл ишенимдештерине маанилүү нерсени эскерткен. (Оку: Еврейлер 6:1.) Ал айткан «өлүк иштерге» эмнелер кирет? Качышыбыз керек болгон ал иштерге рухий жактан эч кандай пайдасы жок иштердин баары кирет. Пабылдын сөздөрүндө камтылган принцип жашообузда пайда боло турган төмөнкүдөй суроолорго жооп алууга жардам берет: «Бул өлүк иштерге кирбейби? Көп акча табууга байланыштуу бул сунушту кабыл алганым туурабы? Дүйнөдөгү абалды өзгөртүү үчүн уюштурулган иш-чараларга эмне үчүн катышпашым керек?»

Чечимдерим рухий максаттарды көздөөгө жардам береби? (18-абзацты кара)

18 Рухий максаттар. Иса пайгамбардын тоодо айткан насааты бизге максат коюуда жакшы жетекчилик берет (Мт. 6:33). Рухий адам рухий максаттарды көздөйт. Ушул принципти эсибизде бек сактоо: «Жогорку окуу жайынан билим алышым керекпи? Бул жумушка орношконум туурабы?» — деген сыяктуу суроолорго жооп табууга жардам берет.

Чечимдерим «тынчтыкка умтулууга» жардам береби? (19-абзацты кара)

19 Келишпестиктер. Пабылдын Римдеги жыйналышка берген кеңеши пикир келишпестиктерди чечүүгө кандай көмөк кылат? (Рим. 12:18). Машаяктын жолдоочулары катары биз «бардык адамдар менен тынчтыкта болууга» бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Ортодо түшүнбөстүктөр болгондо эмне кылабыз? Айтканынан кайтпаган адам катары белгилүүбүзбү же «тынчтыкка умтулган» адам катарыбы? (Жкп. 3:18).

20. Эмне үчүн рухий жактан алга илгерилей бергиң келет?

20 Жогоруда Кудайдын принциптери жөнүндө ой жүгүртүү рухий адамдардай чечим чыгарууга кандайча жардам берерин көрсөткөн мисалдардын айрымдарына гана токтолдук. Рухий адам болуу жашоодон канааттануу алып, бактылуу өмүр сүргөнгө өбөлгө түзөт. Макаланын башында айтылган Роберт: «Жахаба менен чындап ынак мамиле өрчүткөндөн кийин жакшы күйөө, жакшы ата болуп калдым. Өзүмдү аябай бактылуу сезе баштадым»,— дейт. Эгер биринчи кезекте рухий жактан өсүүгө умтулсак, биз да ошондой баталарга ээ болобуз. Рухий адамдар катары азыр жашоодон көбүрөөк канааттануу алабыз, ал эми келечекте «чыныгы жашоого» жетебиз (1 Тим. 6:19).