Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Нух, Даниел, Аюп пайгамбарлардыкындай ишеним көрсөтүп, тил алчаак бол

Нух, Даниел, Аюп пайгамбарлардыкындай ишеним көрсөтүп, тил алчаак бол

«Нух, Даниел, Аюп... өздөрүнүн гана жанын сактап калышмак» (ЖЕЗ. 14:14).

ЫРЛАР: 89, 119

1, 2. а) Нухтун, Даниелдин жана Аюптун үлгүсү бизди эмне үчүн бекемдейт? б) Жезекиел 14:14тө жазылган сөздөрдү Жезекиел пайгамбар кандай жагдайда жазган?

НАЧАР ден соолук, акчанын жетишсиздиги же куугунтук сыяктуу кыйынчылыктарга кабылып жатасыңбы? Жахабага кубанычыңды жоготпой кызмат кылуу кээде кыйынга турабы? Ошондой болсо, сени Нух, Даниел, Аюп пайгамбарлардын үлгүсү бекемдээри шексиз. Алар да жеткилеңсиз болушкан жана биздикиндей кыйынчылыктардын көбүнө кабылышкан, атүгүл өмүрүнө коркунуч туудурган сыноолорго туш болушкан. Бирок кынтыксыздыгынан жазбай, Кудайдын көз алдында ишенимдүү, тил алчаак бойдон калып, бизге мыкты үлгү калтырышкан. (Оку: Жезекиел 14:12—14.)

2 Ушул макала негизделген аяттагы сөздөрдү Жезекиел пайгамбар б.з.ч. 612-жылы Бабылда жазган * (Жез. 1:1; 8:1). Алдын ала айтылгандай, чындыктан четтеген жүйүт эли жашаган Иерусалим шаарынын талкаланарына аз калган. Ал б.з.ч. 607-жылы кыйратылган. Ошондо Нухтан, Даниелден жана Аюптан үлгү алган аз эле киши аман калган (Жез. 9:1—5). Алардын арасында Жеремия, Барух, Эбетмелек жана Рехаптын уулдары болгон.

3. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Ошо сыяктуу эле, бул дүйнө түзүлүшүнүн акыры келгенде, Жахаба Нух, Даниел, Аюп сыяктуу кынтыксыз адамдарды сактап калат (Аян 7:9, 14). Анда эмесе, Жахабанын эмне үчүн аларды адил болуу жагынан мыкты үлгү калтыргандар деп эсептегенин карап көрөлү. Алардын ар бири жөнүндө изилдеп жатканда 1) кандай кыйынчылыктарга кабылганына жана 2) канткенде биз да алардыкындай ишеним көрсөтүп, тил алчаак боло аларыбызга көңүл бурабыз.

НУХ ТОГУЗ КЫЛЫМ БОЮ ИШЕНИМИН САКТАП, ТИЛ АЛЧААК БОЛГОН

4, 5. Нух пайгамбар кандай кыйынчылыктарга кабылган жана анын туруктуу болгону эмне үчүн көңүлгө аларлык?

4 Нух пайгамбар кабылган кыйынчылыктар. Нухтун чоң аталарынан болгон Энохтун убагында адамдар ыймансыздыкка белчесинен баткан. Алар атүгүл Жахабага каршы «үрөй учурарлык» сөздөрдү айтышкан (Жүй. 14, 15). Ырайымсыздык барган сайын күч алып, Нухтун күндөрүндө «жер бети зордук-зомбулукка толуп» кеткен. Каардуу периштелер адам кейпин кийип, жерге түшүп келишкен да, аял алышкан. Алардан табияттан тыш, зөөкүр балдар төрөлгөн (Башт. 6:2—4, 11, 12). Бирок Нух башкалардан айырмаланып турган. Ыйык Китепте: «Нух болсо Жахабанын көз алдында ырайым тапты... Замандаштарынан айырмаланып, ал кынтыксыз болгон жана чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн»,— делет (Башт. 6:8, 9).

5 Бул сөздөрдөн ошол адил адам тууралуу эмнени билүүгө болот? Ал Топон сууга чейинки бузулган дүйнөдө азыркы адамдарга окшоп 70 же 80 эле жыл эмес, дээрлик 600 жыл жашаган (Башт. 7:11). Ошондой эле биздин убактан айырмаланып, ал кезде дем-күч берип турган жыйналыштар жок болчу. Атүгүл аны бир туугандары да колдобогон көрүнөт *.

6. Нух кантип зор кайраттуулук көрсөткөн?

6 Нух Кудайга жаккандай жашаганына эле ыраазы болуп жүрө берген эмес. Ал башкаларга Жахабага болгон ишеними жөнүндө айтып, адилдиктин тайманбас кабарчысы да болгон (2 Пет. 2:5). «Ишенимдин аркасында ал дүйнөнү айыптаган»,— деп жазган элчи Пабыл (Евр. 11:7). Ушундан улам анын шылдыңга, каршылыкка туш болгону күмөнсүз. Балким, зордук-зомбулукка да кабылгандыр. Анткен менен «адамдардан корккон» эмес (Накыл 29:25). Тескерисинче, Жахабанын ишенимдүү кызматчысы катары анын жардамы менен кайраттуу болгон.

7. Кеме курууда Нух пайгамбар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгон?

7 Кудайдын жолунда беш кылымдан ашуун убакыт жүргөндөн кийин Нухка адамдардын жана жаныбарлардын өмүрүн сактап калыш үчүн кеме курууга буйрук берилген (Башт. 5:32; 6:14). Нух пайгамбар үчүн долбоордун өзү эле эмес, башкалардын шылдыңы, каршылыгы да кыйынчылык туудурмак. Бирок ал ишенимин сактап, Кудайга баш ие берген. Ооба, Кудай кандай айтса, «ал так ошондой кылган» (Башт. 6:22).

8. Нух Жахабанын кам көрөрүнө ишенерин кантип көрсөткөн?

8 Нух пайгамбарга үй-бүлөсүн багуу да оңой болгон эмес. Топон сууга чейин адамдар жан багыш үчүн кара жанын карч уруп иштөөгө мажбур болушкан. Нухтун да жагдайы алардыкындай эле болгону шексиз (Башт. 5:28, 29). Ошого карабай ал көңүлүн материалдык нерсеге эмес, Кудайга топтогон. Кеме куруу иши, сыягы, 40-50 жылга созулса да, ал Кудай менен болгон мамилесин бекем сактаган. Топон суудан кийин дагы 350 жыл бою ошонусунан жазган эмес (Башт. 9:28). Ишеним көрсөтүү жана тил алчаак болуу жагынан ал кандай сонун үлгү калтырган!

9, 10. а) Нух пайгамбардыкындай ишеним көрсөтүп, тил алчаак болуш үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Кудай анын мыйзамдарына кармангандарга кандай карайт?

9 Канткенде Нух пайгамбардыкындай ишеним көрсөтүп, тил алчаак боло алабыз? Жахабанын адилдикке болгон көз карашына кармансак, Шайтандын дүйнөсүнө таандык болбосок жана Падышалыктын ишин биринчи орунга койсок, андан үлгү алган болобуз (Мт. 6:33; Жкн. 15:19). Бул үчүн дүйнөгө жек көрүндү болорубуз турган иш. Кудайдын мыйзамдарына, мисалы, никеге, жыныстык адеп-ахлактуулукка байланыштуу мыйзамдарына карманганыбыз үчүн айрым жерлерде маалымдоо каражаттарынан биз тууралуу терс ойлорду айтышат. (Оку: Малаки 3:17, 18.) Бирок биз, Нухтай болуп, адамдардан эмес, Кудайдан коркобуз. Себеби андан башка эч ким бизге түбөлүк өмүр бере албай турганын билебиз (Лк. 12:4, 5).

10 Ал эми сен жөнүндө эмне айтууга болот? Башкалардын шылдыңдаганына же сынга алганына, же болбосо каржы каатчылыгынан улам Кудайдын кам көрөрүнө болгон ишенимиңдин сыналганына карабай, дайыма «Кудайдын жолунда жүрөсүңбү»? Эгер Нухка окшоп ишеним көрсөтүп, тил алчаак болсоң, Жахабанын сага кам көрөрүнөн эч шектенбесең болот (Флп. 4:6, 7).

ЫЙМАНСЫЗДАРДЫН АРАСЫНДА ЖАШАСА ДА, ДАНИЕЛ ИШЕНИМИН САКТАП, ТИЛ АЛЧААК БОЛГОН

11. Даниел менен үч досу Бабылда кандай чоң сыноолорго дуушар болушкан? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

11 Даниел пайгамбар кабылган кыйынчылыктар. Даниел буркандарга сыйынуучулук, спиритизм кулач жайган Бабыл шаарында туткун катары жашаган. Ошондой эле бабылдыктар жүйүттөрдү басынтып, аларды да, Кудайы Жахабаны да мазакташкан (Заб. 137:1, 3). Бул Даниел сыяктуу ишенимдүү жүйүттөр үчүн кандай гана оор болгон! Андан тышкары, ал жана анын үч досу: Ханания, Мишаел, Азария падышага кызмат кылууга үйрөтүлгөндүктөн, баары аларды карап турушкан. Алардан атүгүл падышанын дасторконунан тамактануу талап кылынган. Бул кыйынчылык туудурган, себеби ал тамак-аштардын арасында Жахаба жегенге тыюу салган нерселер да болгон. Бирок Даниел «падышанын тамагы, шарабы менен арамдалган» эмес (Дан. 1:5—8, 14—17).

12. а) Даниел кандай сапаттарга ээ болгон? б) Жахаба Даниелге кандай караган?

12 Даниел үчүн дагы бир нерсе анча байкала бербеген кыйынчылык болушу мүмкүн эле. Ал башкаларда жок жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон жана ошонун аркасында өзгөчө тапшырмаларды алган (Дан. 1:19, 20). Бирок ошондон улам ал бой көтөрүп, менменсинип кеткен эмес. Тескерисинче, момун, жөнөкөй болуп, даңкты дайыма Жахабага ыйгарган (Дан. 2:30). Жахаба аны Нух, Аюп пайгамбарларга кошуп айтканда, ал жаш улан болчу. Жахабанын ага ишеним артканы жаңылыштык болгонбу? Түк да! Даниел өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү, тил алчаак болгон. Кудайдын периштеси: «Оо, Даниел, абдан сүйүктүү киши»,— деп айткан убакта, ал, кыязы, 100гө таяп калган (Дан. 10:11).

13. Даниел өз эли үчүн кандайча бата болушу мүмкүн эле?

13 Кудайдын ырайымына ээ болгондуктан Даниел Бабылдын бийлиги алдында да, Мадай-Персиянын бийлиги алдында да жогорку кызматты аткарган (Дан. 1:21; 6:1, 2). Мисирде жүргөн Жусупка жана Мадай-Персиядагы Эстер менен Мордохайга окшоп, Даниел өз элине бата болушу үчүн, Жахаба жагдайдын ушундайча өрчүшүн көзөмөлдөп турган көрүнөт * (Дан. 2:48). Жахабанын ушинтип жетектеп жатканын көргөндө туткунда жүргөн жүйүттөрдүн, анын ичинде Жезекиелдин канчалык сооронгонун элестетсең!

Кынтыксыздыгыбызды сактасак, Жахабанын көз алдында сүйүктүү адам болобуз (14, 15-абзацтарды кара)

14, 15. а) Биздин жагдайыбыз кандайча Даниелдикине окшош? б) Ата-энелер Даниелдин ата-энесинен эмнеге үйрөнө алышат?

14 Канткенде Даниел пайгамбардыкындай ишеним көрсөтүп, тил алчаак боло алабыз? Жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон, «жиндердин турак-жайына» айланган Улуу Бабылдын таасири менен адеп-ахлактык жана рухий жактан бузулган азыркы дүйнөдө биз, мындайча айтканда, убактылуу тургундар катары жашайбыз (Аян 18:2). Ошол себептен башкалардан кыйла айырмаланып турабыз, шылдыңга да алынабыз (Мр. 13:13). Андыктан, келгиле, Даниелге окшоп, Жахаба Кудайыбызга жакындай берели. Момун, тил алчаак болуп, ага таянсак, анын көз алдында сүйүктүү адам боло алабыз (Акай 2:7).

15 Ата-энелер Даниелдин ата-энесинен көп нерсеге үйрөнө алышат. Кандайча? Даниелдин бала чагында Жүйүт жеринде ыймансыздык күч алса да, ал Кудайды сүйгөн адам болуп чоңойгон. Бул кокусунан эле болуп калган эмес. Ага ата-энеси жакшы тарбия бергени айкын көрүнүп турат (Накыл 22:6). Атүгүл Даниелдин «Менин сотум — Кудай» дегенди билдирген ысмы ата-энесинин Кудайдан корккон кишилер болгонунан кабар берет (Дан. 1:6). Ошондуктан ата-энелер, балдарыңардан такыр үмүтүңөрдү үзбөй, чыдамдуулук менен окутуп-үйрөтө бергиле (Эф. 6:4). Ошондой эле балаңар менен чогуу да, өзүңөрчө да ал үчүн тиленгиле. Ыйык Китептеги чындыкты анын жүрөгүнөн түнөк тапкыдай кылып үйрөткөнгө умтулсаңар, Жахабадан мол бата аласыңар (Заб. 37:5).

АЮП БАРЧЫЛЫКТА ДА, ЖОКЧУЛУКТА ДА ИШЕНИМИН САКТАП, ТИЛ АЛЧААК БОЛГОН

16, 17. Аюп жагдайы жакшы кезде да, оор убакта да кандай сыноолорго дуушар болгон?

16 Аюп пайгамбар кабылган кыйынчылыктар. Анын жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. Кыйынчылыктарга кабылганга чейин Аюп «Чыгыш элдеринин ичинен эң бир атактуу адам болгон» (Аюп 1:3). Ал байлыгы ашып-ташыган, көпчүлүккө таанымал, кадыр-барктуу киши эле (Аюп 29:7—16). Ушунун баарына карабай, ал өзү жөнүндө жогору ойдо болгон эмес же Кудайдын жардамына муктаж эмесмин деген эмес. Жахаба аны «менин кызматчым» деп атап: «Ал — кемчиликсиз, түз жүргөн, Кудайдан корккон жана жамандыктан алыс жүргөн киши»,— деген (Аюп 1:8).

17 Бирок көз ачып-жумгуча эле Аюптун жашоосу түп-тамыры менен өзгөрүп кеткен. Ал колунда болгондун баарынан айрылып, мүңкүрөп калган. Биз билгендей, анын башына түшкөн каргашаларга аны Кудайга керт башынын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып жатат деп каралаган Шайтан себепкер болгон. (Оку: Аюп 1:9, 10.) Жахаба Шайтандын айткандарына көз жумуп койгон эмес. Ал Аюп пайгамбарга кынтыксыз экенин жана ага чын жүрөктөн, таза ниет менен кызмат кылып жатканын далилдегенге мүмкүнчүлүк берген.

18. а) Аюптун кынтыксыз болгону сени эмне үчүн таасирлентет? б) Аюпка жасаган мамилесинен Жахаба жөнүндө эмнени билүүгө болот?

18 Аюп өзү кабылган кайгы-касиреттердин баарына Кудай күнөөлүү деп ойлошу үчүн, Шайтан ага ырайымсыздык менен сокку урган (Аюп 1:13—21). Андан соң Аюптун сооротумуш болгон үч досу келип, чучукка жеткен сөздөрдү айтышкан, башкача айтканда, колуң менен жасаганды мойнуң менен тартып жатасың дегендей эле кылышкан (Аюп 2:11; 22:1, 5—10). Ошонун баарына карабай Аюп кынтыксыз бойдон калган. Албетте, анын туура эмес сүйлөп алган учурлары болгон, бирок Жахаба анын жаны кыйналгандыктан ошенткенин жакшы түшүнгөн (Аюп 6:1—3). Ал Аюпту, Шайтан аны каймана мааниде жерге жыгып, жалган айыптар менен тепкилесе да, андан баш тартпаган адам катары көргөн. Аюп сыноолорго туруштук бергенден кийин, Жахаба ага мурункусунан эки эсе көп батасын берген, атүгүл өмүрүн дагы 140 жылга узарткан (Жкп. 5:11). Ал өмүрүнүн акырына чейин Жахабага толук берилгендигин сактаган. Муну кайдан билебиз? Жезекиел ушул макала негизделген аяттагы сөздөрдү Аюп пайгамбар көз жумгандан көп кылым өткөндөн кийин жазган.

19, 20. а) Аюп пайгамбардыкындай ишеним көрсөтүп, тил алчаак болуш үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Башкаларга мамиле кылууда канткенде Кудайдыкындай боорукердик көрсөтөбүз?

19 Канткенде Аюп пайгамбардыкындай ишеним көрсөтүп, тил алчаак боло алабыз? Жагдайыбыз кандай болбосун, Жахабага толук таянып, чын жүрөктөн баш ийип, аны дайыма жашообузда биринчи орунга коёлу. Мындай кылууга бизде Аюп пайгамбардыкына караганда көбүрөөк себеп бар. Алсак, биз азыр Шайтан жана анын айла-амалдары жөнүндө көп нерсени билебиз (2 Кор. 2:11). Аюп китебин окуп-изилдөөнүн аркасында Кудайдын азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатканын түшүнүүдөбүз. Ошондой эле Даниелдин пайгамбарлыгынан Кудайдын Падышалыгы Иса Машаяк башкарган бүткүл дүйнөлүк өкмөт экенин да билебиз (Дан. 7:13, 14). Жакында ал Падышалыктын бардык кыйынчылыктарды жок кыларына ишенебиз.

20 Аюп жөнүндөгү билдирүү кыйналып жаткан бир туугандарга боорукердик менен мамиле кылышыбыз керектигин да көрсөтүп турат. Ага окшоп айрым ишенимдештерибиз кээде туура эмес сүйлөп алышы мүмкүн (Нас. 7:7). Андайда аларды айыптагандын ордуна, түшүнүү, боорукердик менен мамиле кылганыбыз оң. Ушундай кылсак, боорукер, мээримдүү Атабыз Жахабаны туураган болобуз (Заб. 103:8).

ЖАХАБА СЕНИ «КҮЧТҮҮ КЫЛАТ»

21. 1 Петир 5:10догу сөздөр эмне үчүн Нухтун, Даниелдин, Аюптун башынан өткөндөрдү эсибизге салат?

21 Нух, Даниел, Аюп пайгамбарлар ар башка убакта жашап, жагдайы ар кандай болсо да, үчөө тең башына түшкөн кыйынчылыктарды көтөрүп кетишкен. Алардын окуясы элчи Петирдин сөздөрүн эсибизге салат. Ал: «Бир аз азап чеккениңерден кийин,.. ырайымдын булагы болгон Кудай силерди аягына чейин өзү үйрөтүп, бекем, күчтүү кылат»,— деп жазган (1 Пет. 5:10).

22. Кийинки макаладан эмнени билебиз?

22 Петирге ыйык руху аркылуу жогорудагы сөздөрдү жаздыруу менен Жахаба бизди өз кызматчыларын бекем, күчтүү кыларына ынандырган. Анын сөздөрү Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына да тиешелүү. Баарыбыз Жахабанын бизди күчтүү кылышын жана ага кызмат кылууда бекем бойдон калууга жардам беришин каалайбыз. Ошондуктан Нух, Даниел, Аюп пайгамбарлардай болуп, ишенимдүү жана тил алчаак болгубуз келет. Кийинки макаладан биле турганыбыздай, алардын кынтыксыздыгын сактаганынын сыры Жахабаны жакшы таанып-билгенинде болгон. Ооба, алар Кудай өздөрүнөн талап кылган нерселердин «баарын түшүнүшкөн» (Накыл 28:5). Биз да ошенте алабыз.

^ 2-абз. Жезекиел б.з.ч. 617-жылы туткунга кеткен. Ал Жезекиел 8:1—19:14-аяттардагы сөздөрдү туткунга алынгандан кийинки «алтынчы жылы», тагыраак айтканда, б.з.ч. 612-жылы жазган.

^ 5-абз. Нухтун Кудайдан корккон атасы Лемек Топон сууга беш жылдай калганда көз жумган. Эгер Топон суу башталганда Нухтун апасы, бир туугандары тирүү болгон болсо, алар да өмүрүнөн айрылган.

^ 13-абз. Жахаба өз элине жардам бериш үчүн, сыягы, Даниелдин үч досуна да Бабылда жогорку абалга ээ болушуна жол берген көрүнөт (Дан. 2:49).