8-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
Сак жана сергек болгула
«Сак жана сергек болгула» (1 ПЕТ. 5:8).
144-ЫР: Көзүңдү алба сыйлыктан
БУЛ МАКАЛАДА a
1. Иса бул дүйнөнүн акырына байланыштуу эмне деген жана шакирттерин эмне деп эскерткен?
ИСАНЫН өлтүрүлөрүнө бир нече күн калганда, төрт шакирти андан: «Бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашкан (Мт. 24:3). Алар, сыягы, Жүйүт түзүлүшүнүн — Иерусалимдин жана ибадаткананын — талкаланарын эмнеден билсе болоруна кызыгышкан. Аларга жооп берип жатып Иса Жүйүт түзүлүшүнүн эле эмес, биз жашап жаткан замандын акыры жөнүндө да айткан. Ошол убакыт тууралуу: «Ал күндү же саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет»,— деген. Анан шакирттеринин баарын бир нече жолу «сергек болгонго» үндөгөн (Мр. 13:32—37).
2. Жүйүт түзүлүшүнүн учурунда жашагандар эмне үчүн сергек турушу керек эле?
2 Исанын 1-кылымдагы жүйүт жолдоочулары сергек турушу керек болчу. Ошондо алар өмүрүн сактап кала алышмак. Иса жолдоочуларына Жүйүт түзүлүшүнүн күнү бүтүп баратканынан кабар берген белгилерге көңүл бурушу керектигин айткан. Ал: «Иерусалимди аскер кошуундары курчап алганын көргөнүңөрдө анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле»,— деген. Ушуну көргөндө алар Исанын сөздөрүн эстеп «тоого качышы» керек болгон (Лк. 21:20, 21). Бул эскертүүгө кулак каккандар, римдиктер Иерусалимдин күлүн көккө сапырганда, аман калышкан.
3. Бул макалада эмнелерге токтолобуз?
3 Биз азыр ыймансыздыкка толгон бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө жашап жатабыз. Ошондуктан биз да сак жана сергек болушубуз керек. Дүйнөдөгү окуяларга байкоо салып жатканда канткенде тең салмактуу боло алабыз? Өзүбүзгө канткенде сак боло алабыз? Калган убактыбызды туура колдонуш үчүн эмне кылышыбыз керек? Мына, бул макалада ушуларга токтолобуз.
ДҮЙНӨДӨГҮ ОКУЯЛАРГА БАЙКОО САЛЫП ЖАТКАНДА ТЕҢ САЛМАКТУУ БОЛОЛУ
4. Пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын көрсөткөн окуяларга эмне үчүн маани беришибиз керек?
4 Дүйнөдөгү окуяларды карап Ыйык Китептеги кайсы пайгамбарлык сөздөр аткарылып жатканына кызыгабыз. Мунун жөнү бар. Мисалы, Иса Шайтандын дүйнөсүнүн жок болоруна аз калганын көрсөткөн белгилүү бир окуяларды айтып өткөн (Мт. 24:3—14). Элчи Петир да ишенимибизди бекем сакташ үчүн пайгамбарлыктардын кантип аткарылып жатканына көңүл бурганга үндөгөн (2 Пет. 1:19—21). Ошондой эле Ыйык Китептин акыркы китебинде: «Иса Машаяктын аяны. Жакында боло тургандарды кулдарына көрсөтүш үчүн Кудай ага ушул аянды берди»,— деп жазылган (Аян 1:1). Ошондуктан кайсы пайгамбарлык аткарылып жатат деп дүйнөдөгү окуяларга терең маани беребиз. Ошондой эле алар туурасында бири-бирибиз менен талкуулагыбыз келиши мүмкүн.
5. Эмнеден качышыбыз керек жана эмне кылганыбыз маанилүү? (Сүрөттөрдү да карагыла.)
5 Бирок башкалар менен Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар жөнүндө сүйлөшүп жатканда алдыда эмне болоруна байланыштуу болжолдоп тыянак чыгаргандан сак болушубуз керек. Эмне үчүн? Анткени бул жыйналыштын биримдигин ыдыратышы мүмкүн. Эч качан ошенткибиз келбейт. Мисалы, биз дүйнө башкаруучуларынын: «Кайсы бир жаңжалды кантип чечебиз? Тынчтык менен коопсуздук орнош үчүн эмне кылабыз?» — деп сүйлөшүп жатканын угуп калышыбыз мүмкүн. Ошондо: «Мына, 1 Тесалоникалыктар 5:3 аткарылып жатат!» — деп божомолдобой, бул туурасында Жахабанын уюму берип жаткан акыркы маалыматтар менен кабардар болуп турушубуз керек. Башкалар менен Жахабанын уюму чыгарган маалыматтын негизинде сүйлөшсөк, жыйналыштын «бир пикирде болушуна» салым кошобуз (1 Кор. 1:10; 4:6).
6. 2 Петир 3:11—13-аяттардан эмнени биле алабыз?
6 Окугула: 2 Петир 3:11—13. Элчи Петир Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылышына кандай максатта көңүл бурушубуз керектигин түшүнгөнгө жардам берген. Ал: «Жахабанын күнүнүн келишин... эсиңерде бек сактагыла»,— деген. Эмне үчүн? Жахаба Армагедонду алып келе турган «күндү жана саатты» аныкташыбыз үчүнбү? Жок. Убактыбызды «жүрүм-туруму ыйык, Кудайга берилген адамдардан болгонго» жумшашыбыз үчүн ал күндү эсибизде бек сакташыбыз керек (Мт. 24:36; Лк. 12:40). Башкача айтканда, биз Жахабага жаккандай жашаганга жана кызматыбызды аны абдан жакшы көргөндүктөн кылганга аракеттенгенибиз маанилүү. Ан үчүн өзүбүзгө сак болушубуз зарыл.
КАНТКЕНДЕ ӨЗҮБҮЗГӨ САК БОЛО АЛАБЫЗ?
7. Канткенде өзүбүзгө сак болобуз? (Лука 21:34)
7 Иса шакирттерине дүйнөдөгү окуяларга эле эмес, өздөрүнө да көңүл бурушу керектигин айткан. Анын эскертүүсү Лука 21:34тө так-таасын жазылган. (Аятты окугула.) Ал жерде Иса: «Өзүңөргө сак болгула»,— деген. Андай киши Жахаба менен болгон мамилесине доо кетириши мүмкүн болгон бардык нерседен сак болот жана алардан оолак болгонго умтулат. Ошонун аркасында Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайт (Нкл. 22:3; Жүй. 20, 21).
8. Элчи Пабыл ишенимдештерине эмнени эскерткен?
8 Элчи Пабыл да ишенимдештерин өздөрүнө көңүл буруп, сак болгонго чакырган. Мисалы үчүн, ал Эфестегилерге: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла»,— деген (Эф. 5:15, 16). Шайтан Жахаба менен болгон мамилебизди бузуш үчүн тынбай күч жумшап келет. Ошондуктан анын соккуларынан коргонуш үчүн Ыйык Китеп бизди «Жахабанын эркин таанып-биле бергенге» чакырат (Эф. 5:17).
9. Жахабанын биздин кандай иш кылышыбызды каалаарын кантип билебиз?
9 Ыйык Китепте Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетириши мүмкүн болгон нерселер майда-чүйдөсүнө чейин айтыла бербейт. Биз Ыйык Китепте кандай кылсак туура болору айтылбаган жагдайларга көп туш болобуз. Андайда туура иш кылыш үчүн Жахабанын эркин таанып-билишибиз же аңдай билишибиз керек. Буга Кудайдын Сөзүн дайыма изилдегенибиз жана билгендерибиз жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз жардам берет. Жахабанын эркин көбүрөөк таанып-билип, биздин эмне кылышыбызды каалаарын көбүрөөк түшүнө берели. Ошондой эле Машаяктай ой жүгүрткөнгө көбүрөөк умтула берели. Ошондо кадамыбызды багыттаган атайын бир эрежелер жок болсо да, «акылдуулардай жашайбыз» (1 Кор. 2:14—16). Кээде Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетирген нерселерди аныкташ оңой болсо, башкаларын аңдай билиш кыйынга турат.
10. Кудай менен болгон мамилебизге доо кетире турган нерселердин айрымдары кайсылар?
10 Кудай менен болгон мамилебизге залакасын тийгизе турган нерселерге тийишүү, көп ичүү, ашыра тоюу, башкалардын жүрөгүн жаралай турган сөздөрдү сүйлөө, көңүл ачуунун зордук-зомбулук камтылган түрлөрү, порнография жана башка ушу сыяктуу нерселер кирет (Заб. 101:3). Кас-душманыбыз Ибилис Жахаба менен болгон достугубузду бузуш үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү аңдып турат (1 Пет. 5:8). Эгер сак болбосок, Шайтан жүрөгүбүз менен акылыбызга ичи тарлыктын, алдамчылыктын, ач көздүктүн, жек көрүүчүлүктүн, текебердиктин жана таарынычтын үрөнүн сээп коюшу мүмкүн (Гал. 5:19—21). Башында булар анча деле зыяны жоктой сезилиши ыктымал. Бирок аларды дароо тамыры менен жулуп салбасак, уу чөптөй болуп өсүп чыгып, көп кыйынчылыктарга дуушар кылат (Жкп. 1:14, 15).
11. Анча байкала бербеген кооптуу нерселердин бири кайсы жана эмне үчүн?
11 Анча байкала бербеген кооптуу нерселердин бири — жаман чөйрө. Ан үчүн мындай мисал алалы. Жахабанын Күбөсү эмес болгон бирөө менен чогуу иштешесиң дейли. Сен анын бизге карата жакшы ойдо болушун каалайсың. Ошондуктан ага жакшылык кылып, жардам бересиң. Анан анда-санда аны менен чогуу чай ичип да коёсуң. Бара-бара муну көбүрөөк кыла баштайсың. Кээде кесиптешиң адеп-ахлаксыз нерселер жөнүндө кеп кылып калат. Башында сөздү башка жакка бурганга аракет кыласың. Бирок убакыттын өтүшү менен муну кайра-кайра уга бергендиктен андай сөздөргө көнүп деле каласың. Бир күнү эле жумуштан кийин ал «бирдеме» ичип эс алып келгенге чакырат. Сен макул болосуң. Ошентип, кесиптешиңе окшоп ой жүгүртүп каласың. Ага окшоп ойлонуп калган соң бат эле иштериңдин аныкына окшоп калары толук ыктымал. Албетте, биз баарына жакшылык кылып, урматтап-сыйлашыбыз керек дечи. Бирок кимдер менен көп убакыт өткөрсөк, ошолор бизге күчтүү таасир этерин унутпашыбыз керек (1 Кор. 15:33). Эгер Иса үндөгөндөй, өзүбүзгө сак болсок, Жахабанын талаптарына ылайык жашабагандар менен зарылдыгы жок эле мамилелеше бербейбиз (2 Кор. 6:15). Биз опурталдуу нерсени көрө билип, андан качабыз.
УБАКЫТТЫ ТУУРА ПАЙДАЛАНА БИЛГИЛЕ
12. Исанын шакирттери дүйнөнүн акырын күтүп жатып эмне кылышы керек болчу?
12 Исанын шакирттери дүйнөнүн акырын жөн эле кол куушуруп күтүп отура беришмек эмес. Иса бир иш табыштап кеткен. Ал аларга жакшы кабарды «Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин» жарыялагыла деп буйруган (Элч. 1:6—8). Шакирттер тоодой ишти аткарышы керек болчу! Алар бул ишке бүт күчүн жумшап, убактысын туура пайдаланышкан.
13. Эмне үчүн убактыбызды туура пайдалана билишибиз керек? (Колосалыктар 4:5)
13 Окугула: Колосалыктар 4:5. Өзүбүзгө сак болуш үчүн: «Убактымды эмнеге кетирип жатам?» — деп ойлоно жүрүшүбүз керек. Анткени кимибиз болбосун, «күтүлбөгөн жагдайга кабылып» калышыбыз мүмкүн (Нас. 9:11). Мисалы, кокусунан эле өмүрүбүздөн айрылып калышыбыз ыктымал.
14, 15. Канткенде убактыбызды туура пайдаланган болобуз? (Еврейлер 6:11, 12) (Сүрөттү да карагыла.)
14 Канткенде убактыбызды туура пайдалана алабыз? Ан үчүн Жахабанын эркин аткарганга жана аны менен болгон достугубузду бекемдегенге бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек (Жкн. 14:21). Биз «бекем, туруктуу болушубуз» жана «Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенишибиз» зарыл (1 Кор. 15:58). Ошондо көзүбүз өтүп кетеби же бул ыймансыз дүйнөнүн акыры келеби, артты кылчая карап: «Жахабага көбүрөөк кызмат кылсам болмок экен»,— деп бармагыбызды тиштеп калбайбыз (Мт. 24:13; Рим. 14:8).
15 Бүгүнкү күндө да Иса шакирттерине Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды бүт дүйнө жүзүнө таратканга жардам берүүдө. Ошентип, ал өз сөзүнө туруп жатат. Мисалы, ал уюмубуз аркылуу бизге кантип кабар айтыш керектигин үйрөтүп, жакшы кабарды таратканга керек болгон куралдар менен камсыз кылып жатат (Мт. 28:18—20). Ал эми биз өз кезегинде эмне кылышыбыз керек? Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде күжүрмөн эмгектенишибиз керек. Ошондой эле Жахаба бул дүйнөнү жок кыла турган убакты күтүп жатып сергек турушубуз кажет. Андан тышкары, Еврейлер 6:11, 12де жазылган кеңешке ылайык, үмүтүбүздүн «ишке ашарына аягына чейин бекем ишенгенибиз» маанилүү. (Аяттарды окугула.)
16. Эмне кылганга чечкиндүү болушубуз керек?
16 Жахаба Шайтандын дүйнөсүн жок кыла турган күндү да, саатты да белгилеп койгон. Ошол күн келгенде, Жахаба жаңы заманга байланыштуу Ыйык Китепке жаздыртып койгон пайгамбарлыктардын бирин да калтырбай аткарат. Анткен менен кээде бул дүйнөнүн акыры келе турган күн создуктурулуп жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок Жахабанын күнү түк да «кечикпейт» (Хаб. 2:3). Андыктан келгиле, мындан ары да Жахабадан көзүбүздү албай, куткаруучу Кудайыбызды күтө бергенге чечкиндүү бололу! (Мик. 7:7)
139-ЫР: Жаңы дүйнөдө сен да бол
a Бул макалада канткенде тунук ой жүгүртө аларыбызга жана сергек боло аларыбызга токтолобуз. Ошондой эле өзүбүзгө сак болуш үчүн жана убактыбызды туура колдонуш үчүн эмне кылышыбыз керектигин карап чыгабыз.
b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. (жогору жакта) Жубайлар жаңылыктарды көрүп отурушат. Кийинчерээк жыйналыштан кийин башкаларга жаңылыктардан көргөндөргө байланыштуу өз оюн таңуулап жатышат. (Ылдый жакта) Жубайлар Жетектөөчү Кеңештин отчётун көрүп жатышат. Ал жакта Ыйык Китептеги пайгамбарлыктын кантип аткарыларына байланыштуу акыркы маалымат айтылып жатат. Анан ишенимдүү кул камсыз кылган Ыйык Китепке негизделген адабияттарды башкаларга сунуштап жатышат.