Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Жахабаны издегендер жакшылыктан кем болбойт»

«Жахабаны издегендер жакшылыктан кем болбойт»

2022-ЖЫЛДЫН ЖЫЛДЫК АЯТЫ: «Жахабаны издегендер жакшылыктан кем болбойт» (ЗАБ. 34:10).

4-ЫР: «Жахаба — менин Койчум»

БУЛ МАКАЛАДА *

Кыйын кезеңде да Дөөтү эч бир «жакшылыктан кем болгон» эмес (1—3-абзацтарды карагыла) *

1. Дөөтү кандай оор күнгө туш болгон?

 ДӨӨТҮ анын көзүн тазалагысы келген Ысрайылдын зоболосу зор падышасы Шабулдан качып жүргөн. Бир жолу ал тамак-ашка зар болуп Ноп деген шаарга барган. Ал жактан дин кызматчы Акимелектен беш нан сураган (1 Шем. 21:1, 3). Кийинчерээк жандап жүргөн эр-азаматтары менен үңкүрлөрдө жашынып жүргөнгө аргасыз болгон (1 Шем. 22:1). Кандайча ал ушундай азаптуу күнгө туш болгон?

2. Кандайча Шабул өз башына өзү балээ үйгөнү турган? (1 Шем. 23:16, 17)

2 Шабул Дөөтүнүн элдин сүймөнчүгү болгонуна жана далай душманды эки чайнап бир жутканына ичи күйүп, көралбастык кылган. Ал баш ийбестигинин айынан Жахаба аны падышалык бийлигинен ажыратып, тактыны Дөөтүгө бергенин жакшы билген. (Окугула: 1 Шемуел 23:16, 17.) Ошентсе да падыша катары анын бийлиги күчтүү, аскери жана таламдаштары көп болгон. Ошондуктан Дөөтүнүн өмүрү кылдын учунда турган. Бирок Шабул Жахабанын Дөөтүнү падыша кылышына бут тосо алам деп ойлоду беле? (Ыш. 55:11). Бул туурасында Ыйык Китепте эч нерсе деп айтылбайт. Бир билгенибиз, Шабул өз башына өзү балээ үйгөнү турган. Себеби Кудайга каршы чыккан киши эч качан оң таппайт!

3. Оор жагдайга кептелсе да, Дөөтү өзүн кандай сезген?

3 Дөөтү атакты сүйгөн киши болгон эмес. Ал падыша болгонго жутунган да эмес. Тактыны ага Жахаба өзү берген (1 Шем. 16:1, 12, 13). Шабул болсо Дөөтүнү айыгышкан душманындай көргөн. Ошентсе да Дөөтү ошондой жагдайга кептелип калганына Жахабаны күнөөлөгөн эмес. Тамакка зар болгонуна, талаалап үңкүрлөрдө жашынып жүргөнүнө да наалып-напчыган эмес. Кайра, Кудайды даңктап аябай сонун ыр жазган. Ушул макаланын негизги аяты катары тандалган, ошол ыр саптарынан алынган: «Жахабаны издегендер жакшылыктан кем болбойт»,— деген сөздөрдү, сыягы, так ошол үңкүрдө жүргөн кезинде жазган (Заб. 34:10).

4. Кайсы суроолорго жооп алабыз жана алардын жообун билгенибиз эмне үчүн маанилүү?

4 Учурда Жахабанын көптөгөн кызматчыларына нан таап жеш жана башка кем-карчын толукташ кыйын болуп турат *. Өзгөчө, азыркы пандемия учурунда бул ого бетер оордоп жатат. Ал эми «улуу алаамат» жакындаган сайын мындан да оор кыйынчылыктарды баштан кечиришибиз толук мүмкүн (Мт. 24:21). Ушуларды эске алып, келгиле, төрт суроого жооп алалы: Кандай мааниде Дөөтү «жакшылыктан кем болгон» эмес? Эмне үчүн топук кылганды үйрөнүшүбүз керек? Жахабанын бизге кам көрөрүнөн эмне үчүн шектенбесек болот? Канткенде азыртадан алдыдагы оор күндөргө даярдана алабыз?

«МЕН ЭЧ НЕРСЕДЕН КЕМ БОЛБОЙМ»

5, 6. Дөөтүнүн Кудайдын кызматчылары «жакшылыктан кем болбойт» деген сөздөрүн түшүнгөнгө Забур 23:1—6-аяттар кандайча жардам берет?

5 Дөөтү Жахабанын кызматчылары «жакшылыктан кем болбой» турганын айтканда эмне дегиси келген? Мунун жообун 23-забурда жазган сөздөрүнөн билебиз. (Окугула: Забур 23:1—6.) Ал забурда ушул сыяктуу сөздөрдү жазып, сөзүн мындай деп баштаган: «Жахаба — менин Койчум. Мен эч нерседен кем болбойм». Андан ары наркы эч качан кемибеген нерселер жөнүндө кеп кылган. Мисалы, ал Жахабанын көп жакшылыгын көргөн. Себеби аны Койчусу катары кабыл алган. Жахаба аны «адилдик жолдорунда алып жүргөн» жана жакшылыкта да, жамандыкта да аны таштабай, колдоп турган. Ошол эле учурда Дөөтү Жахабанын «оттуу жайытында» эч нерседен бейкапар жүрө бербей турганын жакшы түшүнгөн. Кээде көңүлү чөгүп, өзүн «коюу караңгылык каптаган өрөөндө» жүргөндөгүдөй сезген учурлары болгон. Тишин кайраган душмандары да болгон. Бирок Жахабаны Койчусундай көргөндүктөн эч бир «жамандыктан корккон» эмес.

6 Анда кандай мааниде Дөөтү «жакшылыктан кем болгон» эмес? Дөөтүдө Жахабадан алыстабай, аны менен жакын мамиледе болгонго керектүү нерсенин баары болгон. Анын бактысы колунда болгон дүнүйө-мүлкүнө байланган эмес болчу. Жахаба ага эмне берсе, ошого топук кылган. Дөөтүгө баарынан да Жахабанын батасын берип турганы, канатына калкалаганы маанилүү болгон.

7. Лука 21:20—24-аяттарга ылайык, Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары кандай оор жагдайга кабылышкан?

7 Дөөтүнүн сөздөрүнөн дүнүйө-мүлккө карата туура көз карашта болгонубуз канчалык маанилүү экени көрүнүп турат. Колубузда болгон нерселердин ыракатын көрүп жашаганыбыздын жаман деле жери жок. Бирок аларга байланып калбашыбыз керек. Исанын 1-кылымдагы Жүйүт жеринде жашаган жолдоочулары да ушул маанилүү нерсени түшүнүшү керек болчу. (Окугула: Лука 21:20—24.) Иса аларга Иерусалим шаарын «аскер кошуундары курчап ала» турган убак келерин эскерткен. Ошондо алар «тоого качышы» керек болчу. Ошентип жанын сактап калмак. Бирок аларга көп нерседен кечкенге туура келген. Бир нече жыл мурун «Күзөт мунарасында» бул туурасында мындай деп айтылган: «Алар жерин, үй-жайын калтырышкан, атүгүл үйүнөн буюмдарын алышкан эмес. Алар Жахабанын колдоп-коргой турганына ишенишкен. Ошонун аркасында Жахабага сыйынууну маанилүүдөй көрүнгөн башка нерселерден да жогору коюшкан».

8. Жүйүт жериндеги ишенимдештерибиздин башынан өткөндөрдөн эмнелерди биле алабыз?

8 Исанын 1-кылымдагы Жүйүт жериндеги жолдоочуларынын башынан өткөндөрдөн терең ойго салган кайсы маанилүү нерсени билебиз? Азыр эле айтылган «Күзөт мунарасында» андан ары мындай делген: «Жакында дүнүйө-мүлккө кандай караарыбыз айкын боло турган сыноолорго кабылышыбыз мүмкүн. Биз үчүн эмне маанилүү? Колубузда болгон нерселерби же Кудайга берилген бойдон калып куткарыларыбызбы? Ооба, дүйнөнүн акыры келгенде, көп кыйынчылыктарга туушугуп, далай нерседен кол жуушубуз мүмкүн. Жүйүт жеринен качкан ишенимдештерибиздей болуп баарына даяр болушубуз керек» *.

9. Пабылдын ишенимдештерине берген кеңешинен эмне кылганга түрткү алдыңар?

9 Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларына таман акы, маңдай тери менен тапкандарын калтырып, баарын жаңыдан башташ керек болгон. Мунун канчалык оор болгонун элестете аласыңарбы? Алар Жахабанын күнүмдүк нерселерден өксүтпөй турганына ишениши керек болчу. Бирок мунун баары күтүлбөгөн жерден болгон эмес. Римдиктер Иерусалимди курчап алганга чейин беш жыл мурун элчи Пабыл Жүйүт жериндеги ишенимдештерине мындай деп жазган: «Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула. Анткени Кудай: „Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм“,— деп айткан. Ошондуктан биз: „Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?“ — деп кайраттуулук менен айта алабыз» (Евр. 13:5, 6). Римдиктер басып киргенге чейин эле Пабылдын ушул кеңешин көкүрөгүнө түйүп алгандарга бөтөн жерде жупуну жашаганга көнүп кетиш оңой болсо керек. Алар Жахабанын керектүү нерселерден кем кылбай турганына толук ишенишкен. Пабылдын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, биз да Жахабанын таштабай турганынан такыр шектенбесек болот.

«ЫРААЗЫ БОЛОЛУ»

10. Пабыл биз менен кайсы «сырын» бөлүшкөн?

10 Жогорудагыдай кеңешти Пабыл Тиметейге да берген. Ал кеңеш бизге да тиешелүү. Пабыл: «Андыктан ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу»,— деп жазган (1 Тим. 6:8). Бул даамдуу тамак-аштан даам сызбашыбыз, жакшы үйдө жашабашыбыз же маал-маалы менен жаңы кийим алып турбашыбыз керектигин билдиреби? Жок, Пабыл аны айтайын деген эмес. Ал колдо бар нерселерибизге ыраазы болушубуз керектигин айткысы келген (Флп. 4:12). Ооба, ыраазы боло билүү Пабыл Филипиликтер 4:12де айткан «сыр» болгон. Биздин эң чоң байлыгыбыз дүнүйө-мүлкүбүз эмес, Кудайыбыз менен болгон мамилебиз (Хаб. 3:17, 18).

Кырк жыл бою чөл кезип жүрүшсө да, ысрайылдыктар эч нерседен өксүгөн эмес. Биз да колдо бар нерселерибизге ыраазы боло алабызбы? (11-абзацты карагыла) *

11. Мусанын ысрайылдыктарга айткан сөзүнөн ыраазы болуу жөнүндө эмнени биле алабыз?

11 Чындап эмнеге муктаж экенибизге карата көз карашыбыз Жахабаныкынан айырмаланышы мүмкүн. 40 жыл бою чөл кезип жүргөндөн кийин Муса пайгамбар ысрайылдыктарга эмне деп айтканына көңүл бурсаңар. Ал: «Жахаба Кудайың сенин бардык ишиңе батасын берди. Ал сенин ушул эбегейсиз чоң чөлдө баскан ар бир кадамыңды билет. Кырк жыл бою Жахаба Кудайың сени менен болду. Сен эч нерседен өксүгөн жоксуң»,— деген (Мыйз. 2:7). Ооба, Жахаба 40 жыл бою ысрайыл элине маннаны күнүнкүсүн күнүнө берип турган. Алар Мисирден чыкканда кийип чыккан кийимин 40 жыл бою кийишкен. Кийимдери жыртылган да эмес, эскирген да эмес (Мыйз. 8:3, 4). Айрымдарга ушулар аздык кылса керек. Ошондуктан Муса пайгамбар алардын эч нерседен кем болбогонун эсине салган. Эгер колдо бар нерселерибизге каниет кылсак, Жахаба аябай сүйүнөт. Ал берип жаткан атүгүл кенедей нерселерди да баалап, анын батасындай көрүп, ыраазычылык билдиришибиз керек.

ЖАХАБАНЫН КАМ КӨРӨРҮНӨН ЭЧ ШЕКТЕНБЕГИЛЕ

12. Дөөтү өзүнө эмес, Жахабага таянары эмнеден көрүнгөн?

12 Дөөтү Жахабанын берилген Кудай экенин, аны жакшы көргөндөрдү эч убакта калтырбай турганын билген. 34-забурду жазып жатканда Дөөтү тар кыя, тайгак кечүүдө турган. Ошентсе да күчтүү ишениминин аркасында Жахабанын периштеси анын «тегерегине кош жайып» турганын көргөн (Заб. 34:7, шилт). Кыязы, Дөөтү Жахабанын периштесин талаага кош жайган, душманды көз ирмебей аңдып турган жоокерге салыштырган. Ал атканы жаза кетпеген мыкты салмоорчу, душмандын башына кылыч ойноткон эр көкүрөк жоокер болгон жана Жахаба ага сөзсүз падыша болорун айткан. Ошентсе да Дөөтү эч качан өз күчүнө таянган эмес (1 Шем. 16:13; 24:12). Анын таянар, сүйөнөр тоосу Жахаба болгон. Ал Жахабанын периштеси «андан корккондорду коргоп турарына» бекем ишенген. Албетте, биз азыркы тапта Жахаба бизди керемет жолу менен куткарат деп күтпөйбүз. Бирок бир нерседен түк да күмөн санабасак болот: Жахабага таянгандар эч качан орду толгус зыянга учурабайт.

Улуу алааматта Магок жеринен чыккан Гоктун аскери үйүбүзгө келип кол салышы мүмкүн. Бирок биз Иса менен периштелер алардын эмне кылып жатканын көрүп турарынан жана бизди коргоорунан шектенбесек болот (13-абзацты карагыла)

13. Магок жеринен чыккан Гок кол салганда эмне үчүн биз оңой олжодой көрүнөбүз, бирок эмнеден шектенбесек болот? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

13 Жакынкы арада баарыбыздын Жахаба бизди коргооруна канчалык ишенерибиз айкын болот. Магок жеринен чыккан Гок, тактап айтканда, улуттардын бирикмеси Кудайдын элине кол салганда, «бүттү, өлдүк» дегендей ойлор келиши мүмкүн. Ошондо Жахабанын бизди куткарганга кудуреттүү экенине да, сөзсүз куткарарына да бекем ишенишибиз керек болот. Улуттарга биз койчусу жок койлордой оңой олжо көрүнүшүбүз мүмкүн (Жез. 38:10—12). Анткени согушканды билбеген, куралы жок байкуштардай көрүнөбүз. Алар бизди арыдан бери эле жер менен жексен кылабыз деп ойлошот. Бирок кас-душман биз көргөндү — Кудайдын элинин тегерегине кош жайган, коргоого даяр турган түмөндөгөн периштелерди — көрө алышпайт. Алардын ишеними жок болсо, акылы көр болсо, эмнени көрө алышмак эле? Асман аскерлери бизди коргош үчүн аттанганда, алардын оозунан сөзү түшүп, канчалык дал болорун элестетсеңер! (Аян 19:11, 14, 15).

АЛДЫДА БОЛО ТУРГАН КҮНГӨ АЗЫРТАДАН ДАЯРДАНГЫЛА

14. Алдыдагы күндөргө даярданыш үчүн азыртадан эмне кыла алабыз?

14 Алдыдагы күндөргө азыртадан кантип даярдансак болот? Биринчиден, дүнүйө-мүлккө карата туура көз карашта болушубуз керек. Анткени бир күнү ошонун баарын таштай турган убак келет. Андан тышкары, колдо бар нерселерге топук кылганды үйрөнүп, Жахаба менен ынак мамиледе болгонубузга көбүрөөк кубанышыбыз керек. Кудайыбызды канчалык жакшы билсек, Магок жеринен чыккан Гок кол салганда, анын бизди коргой турганына ошончолук бекем ишенебиз.

15. Кайсы окуялардан улам Дөөтү Жахабанын аны эч качан калтырбай турганына ишенген?

15 Дөөтүгө дагы эмне жардам бергенине токтололу. Ал нерсе бизге да алдыдагы окуяларга даяр болгонго жардам берет. Дөөтү: «Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер, аны баш маана кылган адам бактылуу»,— деген (Заб. 34:8). Бул сөздөрдөн Дөөтүнүн эмне үчүн Жахабага таянганын билсе болот. Дөөтү далай жолу Жахабага таянган. Жахаба болсо анын көңүлүн эч качан калтырган эмес. Бала кезинде эле ал пелиштилик Голиат аттуу алибеттүү балбан менен беттешип: «Бүгүн Жахаба сени менин колума салып берет»,— деп айткан (1 Шем. 17:46). Кийинчерээк Шабул падышанын кол алдында кызмат кылып жүргөндө, падыша аны бир нече жолу өлтүрүп коё жаздаган. Бирок Жахаба Дөөтүнүн жанында болуп, колдоп жүргөн (1 Шем. 18:12). Жахаба нечен ирет Дөөтүнү колдоп келгендиктен, кандай кыйынчылык болбосун, аны андан ары да колдой берерине бекем ишенген.

16. Кайсы учурларда Жахабанын жакшы экенин «татып» көрө алабыз?

16 Азыртадан Жахабага канчалык көп таянсак, анын бизди келечекте да куткарарына ошончолук көбүрөөк ишенебиз. Мисалы, жумуштан жыйынга барып келгенге сураныш үчүн, жумуш убактысын жыйналышка же кызматка ылайыктуу кылып өзгөртүп беришин сураныш үчүн каалоо да, ишеним да керек. Бирок айтканыбызга көнбөй жумуштан чыгарып салышсачы? Андайда Жахабанын бизди эч качан калтырбай турганына, эч качан таштабай турганына, эч нерседен кем кылбай турганына ишенебизби? (Евр. 13:5). Толук убакыт кызматты аркалаган көптөгөн ишенимдештерибиздин окуялары Жахабанын так керек учурда жардамга келерин көрсөтүп турат. Ооба, Жахаба — дайыма сөзүнө турган ишенимдүү Кудай.

17. 2022-жылдын аяты кайсы жана анын тандалганы эмне үчүн орундуу?

17 Жаныбызда Жахаба турганда алдыдагы күндөрдү ойлоп коркпой эле койсок болот. Эгер Кудайдын ишин жашообузда дайыма биринчи орунга койсок, ал эч качан бизди калтырбайт. Жетектөөчү Кеңеш келечекте боло турган оор күндөргө даярданганыбыз, Жахабанын калтырбай турганына бекем ишенгенибиз канчалык маанилүү экенин эсибизге салгысы келет. Ошол себептен 2022-жылдын аяты катары Забур 34:10догу сөздөрдү тандады. Ал жакта: «Жахабаны издегендер жакшылыктан кем болбойт»,— деп жазылган.

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат

^ 2022-жылдын жылдык аяты катары Забур 34:10 тандалды. Аятта: «Жахабаны издегендер жакшылыктан кем болбойт»,— деп жазылган. Жахабанын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары жупуну эле жашашат. Анда эмне үчүн аларды эч бир «жакшылыктан кем болбойт» деп айтсак болот? Муну түшүнгөнүбүз кыйын кезеңге даярданганга кандайча жардам берет?

^ Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2014-ж., 15-сент., «Окурмандардын суроолору»

^ Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1999-ж., 1-май, 25-б.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Шабул падышадан качып, үңкүрлөрдө жашынып жүрсө да, Дөөтү Жахаба берген нерселерге ыраазы боло билген.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Кулчулукта жүргөн ысрайылдыктар Мисирден чыккандан кийин Жахаба аларды манна менен баккан. Кийимдери да жыртылган эмес.