Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Көзүнө жаш алган Исадан эмнеге үйрөнө алабыз?

Көзүнө жаш алган Исадан эмнеге үйрөнө алабыз?

«Иса көзүнө жаш алды» (ЖКН. 11:35).

17-ЫР: «Каалайм»

БУЛ МАКАЛАДА *

1—3. Кудайдын кызматчылары эмнеден улам көз жаш төгүшү мүмкүн?

 АКЫРКЫ жолу качан ыйладыңар эле? Кээде кубанганыбыздан көзүбүзгө жаш алабыз. Бирок жүрөгүбүз сыздап ыйлаган учурлар да көп болот. Алсак, жакыныбыздан айрылганда көзүбүздөн жаш тыйылбай, күйүткө батабыз. Кошмо Штаттарда жашаган Лорилей * мындай деп жазган: «Кызымдан ажырап калганда күйүтүм өзөгүмдү өрттөп, мени эч ким соорото албачудай сезилген күндөр болгон. Андайда кансырап, канталаган жүрөгүм токтоп калчудай сезилчү».

2 Кээде дагы башка себептерден улам көзүбүздүн чарасы жашка толот. Жапониялык Хироми деген пионер мындай деп бөлүшкөн: «Адамдар кабарга кулак какпай, кош көңүл болгондо, ызаланып, көңүлүм чөгүп калчу. Азыр деле ошентем. Кээде Жахабадан чындыкты издеген адамды тапканга жардам берчи деп жалынып, көз жашымды көлдөткөн учурлар болот».

3 Силердин да ошентип ыйлаган учурларыңар болобу? Көбүбүздө эле болот (1 Пет. 5:9). Кимибиздин эле «Жахабага кубанып кызмат кылгыбыз» келбесин. Тилекке каршы, Жахабага кызмат кылып жатып көзүбүз жашка чыланган күндөр да болот. Буга күйүтүбүздүн күч болгону, жүрөгүбүздү кайгы басканы же Кудайга болгон берилгендигибизди сынаган жагдайлар себеп болот (Заб. 6:6; 100:2). Андайда бизге эмне жардам берет?

4. Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

4 Бул жагынан Исанын үлгүсүн карап чыкканыбыз пайдалуу болот. Анын да «көзүнө жаш алган» учурлары болгон (Жкн. 11:35; Лк. 19:41; 22:44; Евр. 5:7). Эмесе, анын башынан өткөн окуяларды карап чыгып, эмнелерге үйрөнсөк болорун билели. Көз жаш төктүргөн жагдайларга кабылганда эмне кылсак болорун да талкуулайлы.

ДОСТОРУНУН КАЙГЫСЫН ТЕҢ БӨЛҮШҮП, КӨЗҮНӨ ЖАШ АЛГАН

Исадай болуп, күйүтү күч болгондорду колдогула (5—9-абзацтарды карагыла) *

5. Жакан 11:32—36-аяттардан Иса жөнүндө эмнелерди билсек болот?

5 Б.з. 32-жылы кышында Исанын жакшы көргөн досу Лазар ооруп, каза болгон (Жкн. 11:3, 14). Маркумдун Мариям жана Марта деген эки эжеси бар болчу. Иса ал үчөөнө бөтөнчө жакын эле. Жанындай жакшы көргөн бир тууганынан айрылганда эже-сиңдинин жүрөгү тилингени айтпаса да түшүнүктүү. Лазардын көз жумганын укканда Иса алар жашаган Бетания айылына бет алган. Исанын келатканын угуп Марта аны көздөй шашып жөнөгөн. Ошол учурда Мартанын мууну-жүнү бошоп, мукактана: «Мырзам, бул жерде болсоң, бир тууганым өлбөйт болчу»,— деп айтып жатканын элестетсеңер (Жкн. 11:21). Андан кийин эле ботодой боздогон Мариямды, көңүл айтканы келген элдин зарлап турганын көрүп «Иса көзүнө жаш алган». (Окугула: Жакан 11:32—36.)

6. Лазар өлгөндө, Иса эмне үчүн көзүнө жаш алган?

6 Ошол учурда эмне үчүн Исанын көзүнөн жаш тегеренген. Бул туурасында «Жазманы түшүнүү» эмгегинде мындай делет: «Досу Лазардын каза болгонун жана аны жоктоп ыйлап жаткан Мариям менен Мартаны көргөндө анын „каңырыгы түтөп,.. көзүнө жаш алган“» *. Сыягы, Иса жан досу Лазардын оорунун айынан сай-сөөгү сыздап канчалык кыйналганын, өмүрү үзүлүп баратканына канчалык кейигенин элестетсе керек. Бир тууганын жоктоп көзүнөн жаш шорголоп жаткан Марта менен Мариямды көргөндө да кабыргасы кайышканы шексиз. Ынак досуңардан же жакын адамыңардан айрылган болсоңор, силер да өлүм күйүтүн жакшы түшүнөт болушуңар керек. Анда ушул окуядан кайсы үч нерсени биле аларыбызды карап көрөлү.

7. Исанын ыйлаганынан Жахаба жөнүндө эмнени билсе болот?

7 Жахаба жан дүйнөңөрдүн сыздап жатканын сезип-туюп турат. Иса — Атасынын «табиятынын так көчүрмөсү» (Евр. 1:3). Андыктан Исанын көзүнөн жаш куюлганы Атасынын да так ошондой сезимдерди туярын көрсөтүп турат (Жкн. 14:9). Эгер жакыныңарды жоктоп күйүт тартып жатсаңар, бир нерседен шектенбесеңер болот: Жахаба ошентип жатканыңарды байкап эле койбостон, кайгыңарды өз жүрөгүнөн өткөрөт. Ал тилинген жүрөгүңөрдү айыктыргысы келет (Заб. 34:18; 147:3).

8. Иса көзү өтүп кеткен жакындарыбызды тирилтеринен эмне үчүн күмөн санабасак болот?

8 Иса көзү өтүп кеткен жакыныңарды тирилткиси келет. Көзүнө жаш алардын алдын Иса Мартага: «Бир тууганың тирилет»,— деп айткан болчу. Буга Марта бекем ишенген (Жкн. 11:23—27). Жахабанын ишенимдүү кызматчысы болгондуктан ал кылымдар мурун Илияс, Элиша пайгамбарлардын өлгөндөрдү тирилткени жөнүндө укса керек (1 Пад. 17:17—24; 2 Пад. 4:32—37). Ошондой эле Исанын да өлгөндөрдү тирилткенин уккан көрүнөт (Лк. 7:11—15; 8:41, 42, 49—56). Андыктан силер да каза болуп калган жакындарыңар менен кайрадан көрүшөрүңөрдөн шектенбесеңер болот. Ооба, Иса күйүт тартып жаткандарды сооротуп жатканда көзүнө жаш алган. Бул анын өлгөндөрдү тирилтем деген каалоосу күч экенин көрсөтүп турат!

9. Күйүткө баткандарды Исадай болуп кантип соорото алабыз? Мисал келтиргиле.

9 Күйүт тарткандардын кайгысын тең бөлүшкүлө. Иса Марта менен Мариям ыйласа ыйлап эле тим болбой, аларды кунт коюп угуп, күч-кайрат берген сөздөрдү айткан. Биз да ошенте алабыз. Австралияда жашаган Дан деген аксакал башынан өткөндөрү менен бөлүшүп мындай дейт: «Жубайым каза болгондо, бирөөнүн кубаттап-колдошуна аябай зар болгом. Досторум жубайлары менен күндүр-түндүр жанымда болуп, кунт коюп угуп жатышты. Бугумду чыгарып ыйлаганымда, «болду эми» деп тыя беришкен жок. Эч нерсеге дарманым калбай калган учурларда болсо машинемди жууп берип, азык-түлүк сатып келип, тамак жасап берип жатышты. Мени менен чогуу көп тиленишти. Алар чыныгы дос экенин, „кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир тууганымдай“ экенин далилдешти» (Накыл 17:17).

МЕКЕНДЕШТЕРИН ОЙЛОП, КӨЗҮНӨН ЖАШ КУЮЛГАН

10. Лука 19:36—40-аяттардагы окуяны сүрөттөп бергиле.

10 Б.з. 33-жылы, 9-нисанда Иса Иерусалимге келген. Шаарга жакындап калганда, калың эл анын алдына кийимдерин төшөп, падышадай тосуп алган. Ал күн аябай кубанычтуу болгону талашсыз. (Окугула: Лука 19:36—40.) Бирок андан кийин болгон нерсеге шакирттери аябай таң калса керек. Себеби «Иерусалимге жакындаганда Иса шаарды карап, ыйлап жиберген». Көзүнүн чарасы жашка толуп, Иса Иерусалимдин тургундарынын башына каран түн түшөрүн алдын ала айткан (Лк. 19:41—44).

11. Иса Иерусалимдин тургундарын ойлоп эмне үчүн ыйлаган?

11 Мекендештери Исаны жылуу тосуп алса да, жалпы жонунан ал айткан жакшы кабарга кулак какмак эмес. Ушуну билгендиктен Исанын жүрөгү ооруп, кайгырган. Анын алдын ала айтканына ылайык, Иерусалим талкаланып, аман калган жүйүттөр туткунга кетмек (Лк. 21:20—24). Кейиштүүсү, Иса күткөндөй эле, көптөр аны кабыл албай койгон. Ал эми силер жашаган аймакта эл жакшы кабарга кулак төшөйбү? Эгер андайлар аз эле болсо, Исанын мекендештерин ойлоп ыйлап жибергенинен эмнелерди үйрөнсөңөр болот? Эмесе, ушуга байланыштуу дагы үч нерсени билели.

12. Исанын мекендештерин ойлоп ыйлап жибергенинен Жахаба жөнүндө эмнени билсек болот?

12 Адамдардын өмүрү Жахаба үчүн аябай кымбат. Исанын көзүнө жаш алганы Жахабанын адамдардын өмүрүнө кайдыгер карабай турганын көрсөтүп турат. «Ал эч кимдин өлүшүн каалабайт», «тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалайт» (2 Пет. 3:9). Эгер жакшы кабар таратыш үчүн жаныбызды аябасак жана адамдардын жүрөгүн козгош үчүн бүт күчүбүздү жумшасак, аларды жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз (Мт. 22:39) *.

Кабар айтканда Исадай болуп, ылайыкташа билгиле (13, 14-абзацтарды карагыла) *

13, 14. Исанын элге жаны ачыганы эмнеден көрүнгөн жана канткенде аны туурай алабыз?

13 Иса талбай кабар айткан. Ал элди окутуш үчүн бир да мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган эмес. Ошентип аларды жакшы көрөрүн көрсөткөн (Лк. 19:47, 48). Ага эмне түрткү берген? Адамдарга жаны ачыган. Кээде аны угуш үчүн калың эл чогулуп калгандыктан, анын да, шакирттеринин да «тамактанганга да мүмкүнчүлүгү болбой» калчу (Мр. 3:20). Бир жолу андан кабар уккусу келген бир кишиге ылайыкташып, ага түн ичинде убакыт бөлгөн (Жкн. 3:1, 2). Башында Исадан кабар уккандардын көбү кийин анын жолдоочусу болгон эмес. Ошого карабай Иса ар бир кишиге кабар айтканга аракет кылган. Бүгүнкү күндө биз да бир да кишини калтырбай кабар айткыбыз келет (Элч. 10:42). Ан үчүн аларга ылайыкташа билишибиз керек.

14 Ылайыкташкыла. Эгер кызматка ар кайсы убакта чыкканга аракет кылбасак, жакшы кабарга назар сала турган момун адамдарды таба албашыбыз мүмкүн. Матилда деген пионер мындай дейт: «Жолдошум экөөбүз кабарга ар кандай убакта чыгабыз. Эртең менен ишкер аймакка барабыз. Түштө адабият текчесинин жанында туруп кабар айтабыз. Анткени күндүз көчөдө эл кайнап турат. Кечинде болсо көптөр үйүндө болгон кезде үйдөн үйгө кабар айтабыз». Ооба, кызматка өзүбүзгө ыңгайлуу убакта чыкпай, адамдарга көбүрөөк кабар айтканга шарт түзгөн убакта чыкканыбыз жакшы. Ошенткенибизди көрүп Жахаба аябай сүйүнөт.

АТАСЫНЫН ЫСМЫН ОЙЛОП, КӨЗ ЖАШ ТӨККӨН

Кыйынчылыкка кабылганда Исага окшоп, Жахабадан жалынып тиленгиле (15—17-абзацтарды карагыла) *

15. Лука 22:39—44-аяттарга ылайык, Исанын жердеги жашоосунун акыркы түнү эмне болгон?

15 Б.з. 33-жылы, 14-нисанда Иса түн ичинде Гетсемани багын көздөй жөнөгөн. Ал жерден жан дүйнөсүн кыйнаган ойлорунун баарын Жахабага айтып тиленген. (Окугула: Лука 22:39—44.) Ошол түн анын жашоосундагы эң эле оор түндөрдүн бири болгон. Иса «катуу үн менен, көз жашын төгүп», Жахабадан жалынып-жалбарган (Евр. 5:7). Ал Атасынан эмнени сурап тиленген? Берилгендигинен жазбаганга, анын эркин аткарганга күч беришин суранган. Жахаба көз жашын төккөн Уулунун үнүн угуп, аны кайраттандырыш үчүн периштесин жөнөткөн.

16. Иса тиленгенде эмнени ойлоп кабатыр болгон?

16 Гетсемани багына барып, Жахабадан тиленгенде Исанын көзүнүн жашы көл болсо керек. Анткени Кудайдын ысымына акарат кылган киши катары айыпталып жатканына кабатыр болгон. Ошондой эле жонуна опол тоодой жоопкерчилик артылган болчу, тактап айтканда, Атасынын ысмын акташы керек болчу. Эгер силердин да Исадай болуп Жахабага болгон берилгендигиңер сыналып жатса, анын көз жаш төккөнүнөн эмнелерди биле аласыңар? Буга байланыштуу дагы үч нерсени карайлы.

17. Жахабанын Исанын үнүн укканынан эмнени билсек болот?

17 Жахаба жалынычыңарды угат. Ал Исаны уккан. Эмне үчүн? Себеби Иса биринчи кезекте Атасына берилген бойдон калып, анын ысмын актоону ойлоп тынчсызданган. Эгер биз үчүн да Жахабага берилген бойдон калып, анын ысмын актоо баарынан маанилүү болсо, ал тилегибизди угуп, сөзсүз жооп берет (Заб. 145:18, 19).

18. Эмне үчүн Исаны бизди жакшы түшүнгөн дос деп айтсак болот?

18 Иса силерди толук түшүнөт. Кайгыга чөккөндө бизди жакшы түшүнгөн досубуз, өзгөчө, биздикиндей кыйынчылыкты башынан кечирген бирөө сооротсо, кадыресе көңүлүбүз көтөрүлүп калат. Исаны так ошондой дос десек болот. Ал алсыз болуу эмне экенин, жардамга муктаж болуу кандай экенин жакшы билет. Пенде экенибизди билгендиктен өз учурунда, «жардамга муктаж болгонубузда», колдойт (Евр. 4:15, 16). Гетсемани багында периштенин жардамын кабыл алган Исадай болуп, биз да Жахабанын жардамын кабыл ала билишибиз керек. Ал адабият, видео, баяндама, аксакал же рухий жактан жетилген досубуз аркылуу жардам бериши мүмкүн.

19. Жахаба бизге кантип жардам берет? Мисал келтиргиле.

19 Жахаба жүрөгүңөрдү тынчтандырат. Кантип? Тиленгенибизде «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы» жүрөгүбүздөн орун алат (Флп. 4:6, 7). Ошонун аркасында жан дүйнөбүз тынчып, тунук ой жүгүртүп калабыз. Ушуга ынанган Луз деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Кээде жалгыздык жанга батканда аябай кыйналам. Андайда Жахаба мени жакшы көрбөйт деген ойлор келет. Бирок Жахабадан дароо тиленип, ичимдегинин баарын ага айтам. Ошондо терс сезимдерге алдырбай, кадимкидей жеңилдеп калам». Мындан көрүнүп тургандай, тиленгенде жүрөгүбүз тынчтанат.

20. Исанын көзүнө жаш алганы жөнүндөгү окуялардан эмнелерди билдик?

20 Исанын көзүнө жаш алганы жөнүндөгү окуяларды карап чыгып жубатарлык, иш жүзүндө колдонорлук сонун нерселерди билдик. Биз күйүтү күч болуп жаткан досубузду колдогонго, Жахабага таянганга түрткү алдык. Ошондой эле өзүбүз да жакыныбыздан айрылганда Жахаба менен Исанын күч-кайрат берерине толук ишенсек болорун эсибизге салдык. Жахаба менен Исадай болуп, кабар айтуу жана окутуу ишинде боорукердик сапатын чагылдырышыбыз керектигин да карап чыктык. Андан сырткары, Жахаба менен анын Уулу бизди жакшы түшүнөрүн, алсыз экенибизди билерин жана туруктуу болгонго жардам бергиси келерин билдик. Бул бизди кадимкидей сооротот. Андыктан келгиле, Жахаба көзүбүздөн «бардык жашты аарчый» турган күн келгиче, бүгүнкү макаладан билгендерибизге ылайык жашаганга аракет кыла берели! (Аян 21:4).

120-ЫР: Машаяктан үлгү алып, момун бололу

^ Исанын да муңайып, көз жаш төккөн учурлары болгон. Бул макалада анын жашоосундагы үч окуяга токтолуп, көз жаш төккөнүнөн эмнеге үйрөнө аларыбызды карайбыз.

^ Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ Карагыла: «Жазманы түшүнүү» эмгеги (ор.), «Иисус Христос»/«Дела и качества»/«Глубокие чувства и теплота», 2-абз.

^ Матай 22:39дагы грек тилиндеги «жакын» деп которулган сөз биздин санаалаштарыбызды эле билдирбейт. Бул өз ичине биз кызматта кезиктирген адамдарды да камтыйт.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Иса Марта менен Мариямды соороткон. Биз да жакынынан айрылгандарды соорото алабыз.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Иса Никедимге ылайыкташып, ага түн ичинде кабар айткан. Биз да Ыйык Китепти изилдегиси келгендерге ылайыкташышыбыз керек.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Иса Жахабага берилген бойдон калыш үчүн күч сурап тиленген. Кыйынчылыкка кабылганда биз да ошентишибиз керек.