Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Убакытты туура «пайдалана билгиле»

Убакытты туура «пайдалана билгиле»

«Кандай жашап жатканыңарга көңүл коюп карап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле» (ЭФ. 5:15, 16).

8-ЫР: Жахаба — баш маанабыз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба менен кантип убакыт өткөрөбүз?

 ЖАКЫН адамдарыбыз менен убакыт өткөргөн кимге эле жакпасын?! Мисалы, бири-бирин жанындай жакшы көргөн түгөйлөргө кечинде жай-баракат отуруп алып чер жазыша сүйлөшкөнү чоң ыракат тартуулайт. Ал эми жаштар өзүнүн курдаштары менен убакыт өткөргөндөн кубаныч алышат. Ишенимдештерибиз менен өткөргөн убакытты да эч нерсеге алмаштыргыбыз келбейт. Бирок, баарынан да, Кудайыбыз менен убакыт өткөргөндү аябай жакшы көрөбүз. Биз Кудайыбыз менен кантип убакыт өткөрөбүз? Ага кайрылып тиленебиз, анын Сөзүн окуйбуз, ой-ниети жана теңдешсиз сапаттары жөнүндө ой жүгүртөбүз. Ошондой учурлар биз үчүн баа жеткис кенчтей (Заб. 139:17).

2. Рухий иштерге убакыт табыш эмне үчүн оор?

2 Жахаба менен убакыт өткөргөндү аябай жакшы көрсөк да, бул дайыма эле оңойго тура бербейт. Түгөнбөгөн түйшүктөн улам рухий иштерге убакыт табыш оордой туюлат. Жумушубуз, үйдөгү милдеттерибиз жана башка зарыл иштер ушунчалык көп убакытыбызды алып койгондуктан, тиленгенге, изилдегенге, ой жүгүрткөнгө такыр чолобуз тийбей калгандай сезилет.

3. Убакытыбызды дагы эмне уурдашы мүмкүн?

3 Бирок убактыбызды тымызын уурдаган нерселер да бар. Эгер сак болбосок, жаман деле жери жок айрым иштер Жахабага жакындаш үчүн бөлгөн убакытыбызды жеп коюшу мүмкүн. Көңүл ачууну мисалга алалы. Маал-маалы менен баарыбыз эле жаныбызды жай алдырып, эс алгыбыз келет. Анткен менен атүгүл эч кандай зыяны жок көңүл ачуунун түрлөрүнө берилип кетип, рухий иштерге бөлгөн убактыбыз короп кетиши мүмкүн. Андыктан көңүл ачканда чектен чыгып кетпешибиз керек (Накыл 25:27; 1 Тим. 4:8).

4. Бул макаладан эмнелерди билебиз?

4 Бул макалада жашоодо маанилүү нерселерди эмне үчүн аныктап алышыбыз керектигин карап чыгабыз. Ошондой эле Жахаба менен өткөргөн убактыбызды канткенде туура колдоно аларыбызды жана мунун кандай пайдасы бар экенин билебиз.

ТУУРА ЧЕЧИМДЕРДИ ЧЫГАРЫП, МААНИЛҮҮСҮН БИРИНЧИ ОРУНГА КОЙГУЛА

5. Жаштарга жашоодо туура жолду тандаганга Эфестиктер 5-бөлүм, 15—17-аяттар кандайча жардам берет?

5 Жашоодогу эң мыкты жолду тандагыла. Жаштар адатта жашоосун эмнеге арнай турганы жөнүндө көп ойлонушат. Аларды бир жагынан мектептеги мугалимдери жана Жахабага ишенбеген тууган-туушкандары жогорку билим алганга үндөшөт. Эгер ошентишсе, «кийин жакшы жумушка орношуп, эч нерседен кем болбой жашайсың» деп айтышат. Бирок жогорку билим алгысы келгендер убактысынын көбүн ошого арнашы керек болуп калат. Ал эми экинчи жагынан ата-энеси, жыйналыштагы достору аларды өмүрүн Жахабанын кызматына арнаганга үндөшөт. Анда Жахабаны жакшы көргөн жаштарга туура чечим чыгарганга эмне жардам берет? Алардын Эфестиктер 5-бөлүм, 15—17-аяттарды окуп, ой жүгүрткөнү жакшы. (Аяттарды окугула.) Анан мындай деп ойлонуп көрүшсө болот: «„Жахабанын эрки“ кандай? Ал кандай чечим чыгарганымды туура көрөт? Убактымды туура пайдаланыш үчүн кайсы жолду тандашым керек?» «Катаал күндөрдө жашап жатканыбызды» жана Шайтан бийлеген бул дүйнөнүн күнү жакында бүтөрүн унутпагыла. Андыктан өмүрүбүздү Жахабага жаккандай өткөргөнүбүз акылдуулукка жатат.

6. Мариям эмнени тандаган жана бул эмне үчүн туура болгон?

6 Маанилүү иштерди биринчи орунга койгула. Айрым учурларда убакытты туура пайдаланыш үчүн жаман деле жери жок эки нерсенин бирин тандашыбыз керек болот. Бул ойду Иса Мариям менен Мартанын үйүнө барганда болгон окуя тастыктап турат. Ушундай кадырлуу конок келгенде, жанда жок меймандос Марта жетине албай сүйүнүп, берерге ашын таппай калган. Ал эми Мариям ушундай сонун мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Мырзасынын этек жагына отуруп, анын акыл-насаатына кулак төшөгөн. Албетте, Марта чын ыкластан Исаны жакшы коноктогусу келген, бирок Мариям «жакшысын тандап алган» (Лк. 10:38—42). Убакыттын өтүшү менен Мариям ошол күнү эмне жегенин деле унутуп калса керек. Мырзасынын акыл-насаатын болсо эч качан унутпаганы шексиз. Мариям Иса менен өткөргөн ошол кыска убакытты баалагандай эле, биз да Жахаба менен өткөргөн убактыбызды жогору баалайбыз. Анда убактыбызды канткенде туура колдоно алабыз?

ЖАХАБА МЕНЕН ӨТКӨРГӨН УБАКТЫҢАРДЫ ТУУРА КОЛДОНГУЛА

7. Эмне үчүн тиленүүгө, изилдөөгө, ой жүгүртүүгө убакыт бөлгөнүбүз маанилүү?

7 Тиленүү, изилдөө жана ой жүгүртүү сыйынуубуздун бир бөлүгү экенин түшүнгүлө. Тиленгенде бизди абдан жакшы көргөн асмандагы Атабыз менен сүйлөшкөн болобуз (Заб. 5:7). Ал эми Ыйык Китепти изилдегенде бүт акылмандыктын Булагы болгон «Кудай жөнүндөгү билимди» алган болобуз (Накыл 2:1—5). Ой жүгүрткөндө болсо Жахабанын теңдешсиз сапаттары, бүт адамзатка жана жеке ар бирибизге карата кереметтүү ой-ниети жөнүндө ойлонобуз. Убакыт өткөргөндүн мындан артык кандай жолу бар?! Анда ошол чектелүү убакытыбызды канткенде пайдасы тийгидей кылып өткөрө алабыз?

Алаксыбай өздүк изилдөө өткөрүш үчүн тынч жер таба аласыңарбы? (8, 9-абзацтарды карагыла)

8. Исанын чөлдө убакыт өткөргөнүнөн эмнени үйрөнө алабыз?

8 Колдон келсе, тынч жерди тапкыла. Исанын үлгүсүнө токтололу. Ал жердеги кызматын баштаардан мурун адегенде 40 күн чөлдө болгон (Лк. 4:1, 2). Ал жакта аны алагды кылган эч нерсе жок болгондуктан, асмандагы Атасына кайрылып тилене алган жана андан эмнени күтөрү жөнүндө терең ойлоно алган. Бул Исаны алдыда боло турган кыйынчылыктарга даярдаганы шексиз. Андан эмнени үйрөнсөк болот? Эгер үй-бүлөңөр чоң болсо, үйүңөрдөн тынч жерди табыш кыйын болушу мүмкүн. Эгер ошондой болсо, балким, сырттан ылайыктуу жер таба алаттырсыңар. Жахаба менен сүйлөшкүсү келгенде Жули да так ошондой кылат. Ал жолдошу экөө Францияда бир бөлмөлүү батирде турушат. Жалгыз болуп, эч нерсеге алаксыбаш үчүн ал эмне кылат? Жули мындай дейт: «Күндө бир маал сейил бакка барып турам. Ал жактан жалгыз болгондуктан ой топтоп, Жахабага жүрөгүмдөгүнүн баарын айтып турам».

9. Убактысы тар болсо да, Иса Жахаба менен болгон мамилесин баалаарын кантип көрсөткөн?

9 Исанын иштери чачтан көп болчу. Жер-сууну кыдырып кызмат кылып жүргөндө аны калың эле коштоп жүрчү. Алардын ар бири анын көңүлүнө муктаж болчу. Бир жолу ал токтогон үйдүн эшигинин алдына «шаардагылардын баары чогулуп» калган. Шарты келбей жатса да, Иса Жахаба менен болгон мамилесин чыңдаганга атайын убакыт тапкан. Ал таң заарда, күн шооласын чача электе туруп, «ээн жерге» барып, Жахабага ичиндегисинин баарын айтып тиленген (Мр. 1:32—35).

10, 11. Матай 26:40, 41ге ылайык, Иса элчилерине кандай кеңеш берген, бирок эмне болгон?

10 Кызматы соңуна чыгып калганда, жердеги өмүрүнүн акыркы түнү, Иса терең ойлонуп, Атасы менен сүйлөшкүсү келген. Ошон үчүн дагы бир жолу тынч жер тапкан. Ал жер Гетсемани багы болчу (Мт. 26:36). Ошондо Иса шакирттерине тиленүүгө байланыштуу маанилүү кеңеш берген.

11 Ошол окуяга кененирээк токтололу. Алар Гетсемани багына барганда түн бир оокум болуп калса керек. Иса элчилерине «уктабай», «сергек турушу» керектигин айтып, тиленгени ары басып кеткен (Мт. 26:37—39). Бирок ал тиленип бүткүчө, алар уктап калышкан. Ошондо Иса дагы бир ирет: «Сергек болгула, үзгүлтүксүз тиленгиле»,— деп айткан. (Окугула: Матай 26:40, 41.) Иса элчилеринин санаасы санга бөлүнүп, аябай чарчап турганын түшүнгөн. Анткени «рух сергек, ал эми дене алсыз» экенин жакшы билген. Иса ошондон кийин дагы эки жолу барып тиленип келген. Шакирттери болсо тиленбей эле, кайра-кайра уктап кала беришкен (Мт. 26:42—45).

Жахаба менен сүйлөшкөнгө өтө чарчап калбаган убакты тандайсыңарбы? (12-абзацты карагыла)

12. Эгер бушайман болуп же чарчап тилене албай жатсак, эмне кылсак болот?

12 Туура убакытты тандагыла. Кээде бир нерсеге кабатырлангандыктан же шайыбыз оогондуктан тиленгенге дарманыбыз калбай калат. Көбүбүздө эле ошондой болот. Андайда эмне кылсак болот? Жатарда Жахабага кайрылып тиленип жүргөндөрдүн айрымдары ошол учурда эмес, кечке жуук — алы-күчү кете элек маалда — тиленгени алда канча жакшыраак экенин байкашкан. Дагы бирөөлөр белгилүү бир абалда, мисалы, отуруп же тизелеп алып Кудайга кайрылса, көбүрөөк көңүл топтой аларын аңдашкан. Бирок ичиңер ушунчалык уйгу-туйгу болуп же көңүлүңөр катуу чөгүп тилене албай жатсаңарчы? Анда бул тууралуу Жахабага айткыла. Боорукер Атаңар силерди жакшы түшүнөт. Буга эч шектенбегиле (Заб. 139:4).

Жолугушуу учурунда бирөө менен жазышкандан кача аласыңарбы? (13, 14-абзацтарды карагыла)

13. Кандайча электрондук каражаттар бизди алагды кылышы мүмкүн?

13 Изилдеп жатканда алаксыбагыла. Жахаба менен болгон мамилебизди чыңдай турган тиленүүдөн башка да нерселер бар. Кудайдын Сөзүн изилдегенибиз, жыйналыштарга катышканыбыз да Кудайга жакындаганга жардам берет. Өздүк изилдөөгө, жыйналышка бөлгөн убактыбызды жакшыраак колдонуш үчүн дагы эмне кылсак болот? «Жыйналыш учурунда же изилдеп жатканда көбүнчө эмнеге алаксып кетем?» — деп ойлонуп көргүлө. Балким, телефонуңарга же башка электрондук каражатыңарга бирөө жазып калса же чалып калса, алаксып кетпейсиңерби? Бүгүнкү күндө ушундай керектүү электрондук каражаттар миллиарддаган адамдарда бар. Айрым изилдөөчүлөр көңүл топтоюн деп жаткан учурда телефондун жаныбызда турганынын өзү эле алаксытарын аныкташкан. Психология илиминин бир профессору: «Электрондук каражат жаныңда турса, ар нерсеге алагды болуп, оюң чаржайыт боло берет»,— деп айткан. Адатта, жыйындарда электрондук каражаттарыбызды башкаларды алаксытпагыдай абалга коюп коюшубуз керектиги кулактандырылат. Ошол сыяктуу эле, Жахаба менен убакыт өткөргөндө да аларды өзүбүздү алаксытпагыдай абалга коюп коё алабызбы?

14. Филипиликтер 4:6, 7ге ылайык, Жахаба көңүл топтогонго кантип жардам берет?

14 Жахабадан көңүл топтогонго жардам сурагыла. Жыйналыш учурунда же изилдеп жатканда оюңар талаалап кетсе, Жахабадан жардам сурагыла. Кээде бир нерседен кооптонуп же жүрөк заада болгондуктан көңүл топтош кыйын болуп калары чын. Бирок Кудайдын Сөзүндөгү ойлорго көңүл топтогонуңар аябай маанилүү. Андайда Кудайдын тынчтыгын сурап тиленгиле. Ал жүрөгүңөрдү эле эмес, «акылыңарды» да коргойт. (Окугула: Филипиликтер 4:6, 7.)

ЖАХАБА МЕНЕН УБАКЫТ ӨТКӨРГӨНДҮН ПАЙДАСЫ

15. Жахаба менен убакыт өткөргөндүн кандай пайдасы бар?

15 Эгер Жахаба менен сүйлөшкөнгө, аны укканга жана ал жөнүндө ойлогонго убакыт бөлсөңөр, мунун зор пайдасын көрөсүңөр. Кандайча? Биринчиден, туура чечимдерди чыгарасыңар. Ыйык Китепте: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот»,— деп айтылган (Накыл 13:20). Ошондуктан бүт акылмандыктын Ээси болгон Жахаба Кудай менен убакыт өткөрсөңөр, барган сайын акылга толо боло бересиңер. Канткенде анын купулуна толгон адам болсо болорун, аны капа кылган иштерден кантип качса болорун жакшыраак түшүнө баштайсыңар.

16. Жахаба менен убакыт өткөргөнүбүз кандайча мыкты окутуучулардан болгонго жардам берет?

16 Экинчиден, мыкты окутуучулардан боло аласыңар. Кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдегенде биринчи кезекте ага Жахабага жакындаганга жардам бергибиз келет. Асмандагы Атабыз менен канчалык көбүрөөк сүйлөшкөн сайын, ага болгон сүйүүбүз ошончолук тереңдей берет. Мунун аркасында биз окуткан адамдарга аны жакшы көргөнгө көбүрөөк жардам бере алабыз. Иса да так ошондой кылган. Атасын ушунчалык жакшы көрөрү сөздөрүнөн, иштеринен айкын көрүнүп тургандыктан анын ишенимдүү шакирттери да Жахабаны жакшы көрүп калышкан (Жкн. 17:25, 26).

17. Тиленүү, изилдөө ишенимибизди чыңдаганга кандайча жардам берет?

17 Үчүнчүдөн, ишенимиңер барган сайын күчтүүрөөк боло берет. Жахабадан кадамыңарды багытташын, сооротуп-жубатышын, колдошун суранганда эмне болору жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ал тилегиңерге жооп берген сайын, ишенимиңер өсө берет (1 Жкн. 5:15). Ишенимибизди дагы эмне чыңдайт? Өздүк изилдөө. Анткени «ишеним сөздү уккандан кийин пайда болот» (Рим. 10:17). Бирок ишенимибиз күчтүү болушу үчүн тек гана билим алып койгонубуз аздык кылат. Анда дагы эмне кылышыбыз керек?

18. Эмне үчүн ой жүгүртүшүбүз керек? Мисал келтиргиле.

18 Биз окуп билгендерибиз жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. 77-забурду жазган кишинин мисалына токтололу. Ага өзү да, ысрайыл эли да Жахабанын ырайымынан ажырап калгандай туюлгандыктан кайгыга чөгүп кеткен. Кат-кат ойлору тынчтык бербей, түнү бою кирпик какпай чыккан учурлары болгон (2—8-аяттар). Ошондо ал эмне кылган? Ал Жахабага: «Бардык иштериң тууралуу ой жүгүртөм, иш-аракеттериң жөнүндө ойлоном»,— деген (12-аят). Албетте, ал Жахабанын өз элине мурунтан бери кылып келген жакшылыктары жөнүндө жакшы билген. Ошентсе да: «Кудай ырайымдуулугун унутуп койдубу? Же каарданып, кайрымдуулугун көрсөтпөй калдыбы?» — деп санааркай берген (9-аят). Ошондой сезимде болуп жатса да, Жахабанын иштери жана өз элине мээримин төгүп, кайрымдуулук кылып келгени жөнүндө ой жүгүрткөн (11-аят). Натыйжада ал Жахабанын өз элин эч качан таштабай турагына көзү жеткен (15-аят). Анын сыңарындай, Жахабанын өз элине жана жеке силерге кандай жакшылыктарды кылып келгени жөнүндө ойлонсоңор, ишенимиңер барган сайын күчтөнө берет.

19. Жахаба менен убакыт өткөргөндүн дагы кандай пайдасы бар?

19 Төртүнчүдөн, Жахабага болгон сүйүүңөр барган сайын тереңдей берет. Бул — баарынан маанилүүсү. Себеби сүйүү башка сапаттарга караганда Жахабага баш ийгенге, ага жагыш үчүн айрым нерселерден баш тартканга жана кандай гана сыноо болбосун, баарына чыдаганга көбүрөөк түрткү берет (Мт. 22:37—39; 1 Кор. 13:4, 7; 1 Жкн. 5:3). Ооба, биз үчүн Жахабага ынак болуп, аны менен дос болгондон өткөн баалуу эч нерсе жок! (Заб. 63:1—8).

20. Жахаба менен көбүрөөк убакыт өткөрүш үчүн эмне кылайын деп жатасыңар?

20 Тиленүү, изилдөө жана ой жүгүртүү Жахабага сыйынуубуздун ажырагыс бөлүгү экенин эч качан унутпагыла. Жахаба менен убакыт өткөрүш үчүн, Исадай болуп, тынч жерлерди тапкыла. Алаксыткан нерселерди көздөн далда алып койгула. Жолугушууларда, изилдөө учурунда көңүл топтогонго жардам беришин сурап Жахабага кайрылгыла. Эгер азыр убактыңарды колуңардан келишинче туура колдонсоңор, Жахаба батасын ашыгы менен төгүп, келечекте жаңы заманда түбөлүк өмүр тартуулайт! (Мр. 4:24).

28-ЫР: Жахаба менен дос бололу

^ Жахаба — биздин эң жакын досубуз. Андыктан аны менен болгон мамилебизди көзүбүздүн карегиндей баалайбыз жана барган сайын аны жакшыраак таанып-биле бергибиз келет. Кимдир бирөөнү жакшыраак таанып-билиш үчүн убакыт керек. Ошол сыңары, Жахаба менен болгон мамилебизди чыңдагыбыз келсе, буга атайылап убакыт бөлүшүбүз зарыл. Азыркы жашоонун агымы шар аккан суудай. Анда канткенде асмандагы Атабызга жакындаганга убакыт таба алабыз жана буга убакыт бөлгөнүбүздүн пайдасы кандай болот?