Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Эмне үчүн Эскерүү кечесине барабыз?

Эмне үчүн Эскерүү кечесине барабыз?

«Муну мени эскериш үчүн кылгыла» (ЛК. 22:19).

20-ЫР: Жалгыз Уулуңду бердиң

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Көзү өтүп кеткен жакындарыбызды өзгөчө качан эскеребиз? б) Өлүмгө кыйылар түнү Иса эмнени негиздеген?

 ЖАКЫНДАРЫБЫЗДЫН көзү өтүп кеткенине канча жыл болбосун, аларды эч качан унутпайбыз. Жыл сайын өлгөн күнүндө аларды эскерип, тирүү кезиндеги соонун күндөрдү эске түшүрөбүз.

2 Ошол сыяктуу эле, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар менен бирге ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жакын инсандын — Иса Машаяктын — өлүмүн жылда эскерип турабыз (1 Пет. 1:8). Ошол күнү анын биз үчүн өмүрүн курмандыкка чалып, күнөө менен өлүмдөн куткарып алганын эске салабыз (Мт. 20:28). Иса өзү да анын өлүмүн эскерип турушубуз керектигин айткан. Өлүмгө кыйылганга чейинки түнү ал эскерүү аземин негиздеп, элчилерине: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп буйруган (Лк. 22:19) *.

3. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскериш үчүн чогулгандардын ичинен саналуу адамдар аны менен асманда бийлик кылганга үмүттөнүшөт. Жер бетиндеги бейиште жашаганга үмүттөнгөн миллиондогон адамдар да ал кечеге барышат. Бул макалада ушул 2 топтогу адамдар жыл сайын Эскерүү кечесине эмне үчүн калтырбай барарын талкуулайбыз. Ал кечеге барганыбыздын кандай пайдасы бар экенин да билебиз. Адегенде Исанын майланган жолдоочулары ал кечеге эмне үчүн барарына токтололу.

МАЙЛАНГАНДАР ЭМНЕ ҮЧҮН КАТЫШАТ?

4. Эмне үчүн майлангандар нандан жеп, шараптан ооз тийишет?

4 Жыл сайын Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү аземине барган майлангандар шараптан ичип, нандан жешет. Эмне үчүн? Бул суроого жооп алыш үчүн Иса элчилери менен өткөргөн акыркы кечте эмне болгонун карап көрөлү. Ал алар менен тамак ичип, Пасах майрамын белгилегенден кийин Эскерүү кечесин негиздеген. Нан менен шарапты 11 элчисине узатып, аларды жеп-ичиши керектигин айткан. Андан соң эки келишим жөнүндө — жаңы келишим менен Падышалык келишими жөнүндө — сөз кылган * (Лк. 22:19, 20, 28—30). Ал келишимдер элчилерге жана чектелүү сандагы башка адамдарга асманда падыша жана дин кызматчы болгонго жол ачкан (Аян 5:10; 14:1). Ошол себептен асманга кете тургандардын жердеги калдыгы гана — ошол келишимде тургандар гана — Эскерүү кечесинде нандан жеп, шараптан иче алышат.

5. Майлангандар үмүтүнө байланыштуу эмнени жакшы түшүнүшөт?

5 Майлангандардын Эскерүү кечесине эмне үчүн барарынын дагы бир себеби: алар ошол күнү үмүтү жөнүндө ой жүгүртө алышат. Алардын үмүтү өзгөчө деп айтсак болот. Анткени асманга тирилгенде Жахаба аларга өчпөс өмүр, чирибес дене берет. Алар Иса Машаяк жана 144 000дин калган бөлүгү менен бийлик кылышат. Баарынан да маанилүүсү, алар Жахабанын өзүн көрө алышат! (1 Кор. 15:51—53; 1 Жкн. 3:2). Майлангандар аларга ушундай сыймык берилгенин жакшы түшүнүшөт. Бирок асманга тирилгенге чейин алар жерде өмүрү өткөнчө берилгендигинен жазбашы керек (2 Тим. 4:7, 8). Ошол үмүтү жөнүндө ой жүгүрткөнү алардын жүрөгүн кубанычка бөлөйт (Тит 2:13). Ал эми «башка койлорчу»? Алар эмне үчүн барышат? (Жкн. 10:16).

«БАШКА КОЙЛОР» ЭМНЕ ҮЧҮН БАРЫШАТ?

6. «Башка койлор» Эскерүү кечесине эмне үчүн барышат?

6 Эскерүү кечесине барган «башка койлор» нан менен шараптан ооз тийишпейт. Бирок ошол кечеде алар да кубанышат. 1938-жылы жерде жашаганга үмүттөнгөн адамдар биринчи жолу Эскерүү кечесине чакырылышкан. 1938-жылдын 1-мартындагы «Күзөт мунарасында» мындай деп жазылган: «[Башка койлордун] ал кечеге келгени, ал жакта болуп жаткандарга күбө болгону туура жана орундуу... Бул алар үчүн да кубана турган күн болушу керек». Үйлөнүү үлпөтүнө чакырылган коноктор сыяктуу эле, Эскерүү кечесине келген «башка койлор» да ал кечте кубанып-шаттанышат.

7. «Башка койлор» Эскерүү кечесинде айтыла турган баяндаманы эмне үчүн аябай күтүшөт?

7 «Башка койлор» да Эскерүү кечесинде үмүтү жөнүндө ой жүгүртүшөт. Алар кечеде айтыла турган баяндаманы аябай күтүшөт. Себеби анда, негизинен, Машаяктын жана 144 000дин Миң жылдык башкаруусунун тушунда Кудайга берилген адамдар үчүн эмнелерди ишке ашырары жөнүндө айтылат. Алар Падышасы Иса менен бирге жерди бейишке айлантышат жана Кудайга баш ийген адамдарга жеткилең болгонго жардам беришет. Эскерүү аземине келген миллиондогон адамдар Ыйык Китептеги убадалардын, алсак, Ышая 35:5, 6дагы, 65:21—23-аяттардагы жана Аян 21:3, 4төгү жүрөк толкуткан убадалардын аткарылып жатканын элестете алышат. Алар жакындары менен бирге бейиште жашап жатканын элестеткенде үмүтү чыңдалып, Жахабага кызмат кыла бергенге ого бетер чечкиндүү болуп калышат (Мт. 24:13; Гал. 6:9).

8. «Башка койлордун» Эскерүү кечесине барганынын дагы бир себеби кайсы?

8 «Башка койлордун» Эскерүү кечесине барганынын дагы бир себеби: алар майлангандарды жакшы көрөрүн, колдоорун көрсөткүсү келет. Кудайдын Сөзүндө майлангандар менен жерде жашаганга үмүттөнгөн адамдардын ийиндеш туруп кызмат кылары күн мурун айтылган. Эмне үчүн минтип айта алабыз? Буга байланыштуу айрым аяттарды карап чыгалы.

9. Закарыя 8:23кө ылайык, «башка койлор» майлангандарга кандай карашат?

9 Окугула: Закарыя 8:23. Бул пайгамбарлыкта «башка койлордун» майлангандарга карата кандай сезимдерди туяры аябай кооз сүрөттөлгөн. Аяттагы «жүйүт» жана «силер» деген сөздөр майлангандардын жердеги калдыгын билдирет (Рим. 2:28, 29). Ал эми «ар кандай тилде сүйлөгөн... бардык элдерден» чыккан он киши «башка койлорду» билдирет. Алар «жүйүттүн этегинен кармап» алышкан. Тагыраак айтканда, майлангандарды бүт жүрөгү менен колдоп, алар менен чогуу Жахабага сыйынып жатышат. Ошондуктан Эскерүү кечесине барганда «башка койлор» майлангандарга ынак экенин, алар менен бир экенин далилдешет.

10. Эки таяк жөнүндө пайгамбарлык аткарылышы үчүн Жахаба эмне кылган? (Жезекиел 37:15—19, 24, 25)

10 Окугула: Жезекиел 37:15—19, 24, 25. Бул пайгамбарлыкка ылайык, Жахаба майлангандар менен «башка койлорду» бириктирген. Алардын ортосундагы биримдик эч качан жыдыбайт. Пайгамбарлыкта эки таяк жөнүндө айтылган. «Жүйүткө» деген таяк (Ысрайылдагы падышалар тандалган уруу) асманда бийлик кылганга үмүттөнгөндөрдү билдирет. «Эпрайымга» деген таяк болсо жердеги бейиште жашаганга үмүттөнгөндөрдү билдирет *. Жахаба ал эки топту «бир таяк» кылып бириктирмек. Бул алардын Падышасы Исага биримдикте кызмат кыларын билдирет. Жыл сайын майлангандар менен «башка койлор» Эскерүү кечесин белгилегенге чогулганда, өз-өзүнчө топ катары эмес, «бир койчу» кайтарган «бир отор» катары чогулушат (Жкн. 10:16).

11. Матай 25:31—36-аяттарда жана 40-аятта жазылган «койлор» Машаяктын бир туугандарын колдоорун, негизинен, кантип көрсөтүп жатышат?

11 Окугула: Матай 25:31—36, 40. Бул аяттарда Иса сөз кылган «койлор» дүйнөнүн акырында жашап жаткан, жерде жашаганга үмүттөнгөн адил адамдарды, атап айтканда, «башка койлорду» билдирет. Алар Иса Машаяктын рух менен майланган бир туугандарынын жердеги калдыгын жан-дилден колдоп жатышат. Муну, негизинен, майлангандарга тапшырылган чоң ишке — дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине — салым кошуп көрсөтүп жатышат (Мт. 24:14; 28:19, 20).

12, 13. Машаяктын бир туугандарын колдоорун «башка койлор» дагы кантип көрсөтө алышат?

12 Жыл сайын Эскерүү кечесине бир нече жума калганда бүткүл дүйнө жүзү боюнча атайын өнөктүк өткөрүлөт. «Башка койлор» ал өнөктүк учурунда кызыккандарды Эскерүү кечесине чакырып, Машаяктын бир туугандарын колдоорун көрсөтүшөт (« Эскерүү кечесине даярдык көрүп жатасыңарбы?» деген кутучаны карагыла). Алар муну төгөрөктүн төрт бурчундагы ар бир жыйналышта ал аземге даярдык көрүп да далилдешет. Жыйналышында нан менен шараптан ооз тие тургандар жок болсо да ошентишет. Алар Машаяктын бир туугандарын ушинтип колдоп жатканына аябай сүйүнүшөт. Себеби Иса ушунун баарын ага кылынган жакшылыктай көрөрүн билишет (Мт. 25:37—40).

13 Каякта жашаганга үмүттөнбөйлү, Эскерүү кечесине барганыбыздын дагы кандай себептери бар?

БААРЫБЫЗ ЭМНЕ ҮЧҮН БЕЛГИЛЕЙБИЗ?

14. Жахаба менен Иса бизди сүйөрүн кантип көрсөткөн?

14 Жахаба менен Исанын сүйүүсүнө ыраазыбыз. Жахаба бизди сүйөрүн далилдеш үчүн көп жакшылык кылган. Алардын бирине эч нерсе тең келбейт: ал өзүнүн жалгыз Уулун биз үчүн азап тартып, өлүш үчүн жерге жиберген. Мындан өткөн күчтүү сүйүү жок экени талашсыз (Жкн. 3:16). Исанын да бизди сүйөрүнө төгүндөлгүс далил бар: ал бизден жанын аябай курмандыкка чалганга даяр болгон (Жкн. 15:13). Биз алардын сүйүүсүн эч качан актай албайбыз. Бирок ар бир күнүбүздү аларга жаккандай өткөрүп ыраазы экенибизди көрсөтө алабыз (Кол. 3:15). Жыл сайын Эскерүү кечесине барганда алардын сүйүүсүн эске салабыз. Ошондой эле биз да аларды жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз.

15. Майлангандар да, «башка койлор» да белек катары берилген кунду эмне үчүн жогору баалашат?

15 Белек катары берилген кунду жогору баалайбыз (Мт. 20:28). Майлангандар кунду баалап-баркташат. Анткени бул алардын асманда бийлик кылышына жол ачкан. Машаяктын кунуна ишенгендиктен Жахаба аларды адил деп жарыялап, балдары катары асырап алат (Рим. 5:1; 8:15—17, 23). «Башка койлор» да кундун баркын билет. Алар Машаяктын кунуна ишенгени үчүн Кудай менен ынак мамиле өрчүтө алышат. Ошондой эле ага ыйык кызмат кыла алышат, «улуу алааматтан аман өткөнгө» да үмүттөнө алышат (Аян 7:13—15). Майлангандар да, «башка койлор» да жылда Эскерүү кечесине барып, кун үчүн ыраазы экенин көрсөтүшөт.

16. Эскерүү кечесине дагы эмне үчүн катышабыз?

16 Иса Машаякка баш ийгибиз келет. Келечекке болгон үмүтүбүз кандай болбосун, Исанын эскерүү аземин негиздеп жатканда берген: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген буйругуна ар бирибиз олуттуу карайбыз (1 Кор. 11:23, 24).

АЗЕМГЕ КАТЫШКАНЫБЫЗДЫН ПАЙДАСЫ

17. Эскерүү кечесине барганыбыз кандайча бизди Жахабага жакындатат?

17 Жахабага жакындайбыз (Жкп. 4:8). Жанараак билгенибиздей, Эскерүү кечеси — Жахабанын бизге берген үмүтү, көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө ой жүгүрткөнгө эң сонун учур (Жер. 29:11; 1 Жкн. 4:8—10). Бул болсо Жахаба Кудайга болгон сүйүүбүздү арттырып, ага ого бетер жакындатат (Рим. 8:38, 39).

18. Исанын үлгүсү жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз эмне кылганга түрткү берет?

18 Исадан үлгү алганга түрткү алабыз (1 Пет. 2:21). Эскерүү кечесинин алдында Ыйык Китептен Исанын жашоосундагы акыркы жумаларда болгон окуялар, анын өлүмгө кыйылганы, тирилгени жөнүндө окуйбуз. Андан соң азем өткөрүлгөн кечте айтылган баяндама Исанын бизге көрсөткөн сүйүүсүн эске салат (Эф. 5:2; 1 Жкн. 3:16). Исанын жан аябастыгы жөнүндө окуп, ой жүгүрткөндө ал «кандай жашаса, ошондой жашаганга» түрткү алабыз (1 Жкн. 2:6).

19. Канткенде Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз?

19 Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга бел байлайбыз (Жүй. 20, 21). Кудайга баш ийиш үчүн, анын ысымын ыйыкташ үчүн жана аны кубантыш үчүн колубуздан келгендин баарын кылсак, сүйүүсүнөн айрылбайбыз (Накыл 27:11; Мт. 6:9; 1 Жкн. 5:3). Эскерүү кечесине барганыбызда күн сайын Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбай жашаганга мурдагыдан да чечкиндүү болуп калабыз.

20. Эскерүү кечесине барганга бизде кандай орчундуу себептер бар?

20 Асманда жашаганга үмүттөнөбүзбү же жердеби, Эскерүү кечесине барганга бизде орчундуу себептер бар. Жыл сайын ал аземге чогулганыбызда баарыбыз жакшы көргөн инсандын, Иса Машаяктын, өлүмүн эскеребиз. Баарынан маанилүүсү, өз Уулун курмандыкка чалып, биз үчүн кун төлөгөн Жахабанын айтканга сөз кубаты жетпеген сүйүүсүн эске түшүрөбүз. Бул жылы Эскерүү кечеси 15-апрелде, жума күнү, күн баткандан кийин өткөрүлөт. Баарыбыз Жахаба менен Исаны жакшы көргөндүктөн ошол күнү эч бир нерсенин ал аземге барышыбызга тоскоол болушуна жол бербейли!

16-ЫР: Жахтын Майланганын даңктайлы!

^ Иса менен асманда башкара тургандарга киребизби же жердеги бейиште жашай тургандаргабы — баарыбыз жыл сайын Эскерүү кечесин чыдамсыздык менен күтөбүз. Бул макалада Ыйык Китепке ылайык, Эскерүү кечесине эмне үчүн барарыбызды жана мунун эмнеси менен пайдалуу болорун карап чыгабыз.

^ Бул сөздөр Ыйык Китептин «Үмүт нуру» котормосунда: «Муну Мени эскерүү үчүн жегиле»,— деп берилген.

^ Жаңы келишим жана Падышалык келишими тууралуу көбүрөөк билиш үчүн бул адабиятты карагыла: «Күзөт мунарасы», 2014-ж., 15-окт., 15—17-б., «Силер „дин кызматчылардын падышалыгы“ болосуңар».

^ Жезекиел 37-бөлүмдөгү эки таяк тууралуу пайгамбарлык жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн бул адабиятты карагыла: «Акыры калыбына келтирилген таза сыйынуу», 130—135-б., 3—17-абз.