Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө»

«Акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө»

«Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билишиңер үчүн, акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө» (РИМ. 12:2).

88-ЫР: Өз жолуңда жүрүүгө үйрөт

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. Чөмүлгөндөн кийин да эмне кыла беришибиз керек? Түшүндүргүлө.

 ҮЙҮҢӨРДҮ канчалык бат-баттан жыйнап турасыңар? Балким, үйүңөргө биринчи жолу көчүп барганда аны аябай кырып-жышсаңар керек. Бирок ошондон кийин такыр жыйнабай койсоңор, эмне болмок? Биз жакшы билгендей, үйүбүздү жыйнабай койсок, бат эле чаң басып, кирдеп калат. Ошондуктан үйүбүздү таза, тыкан кармаш үчүн аны тез-тезден жыйнап турушубуз керек.

2 Ой жүгүртүүбүз жана инсандык касиет-сапаттарыбыз жөнүндө да ушуну айтсак болот. Биз аларды дайыма оңдоп турушубуз керек. Албетте, чөмүлгөнгө чейин «денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланыш» үчүн тоодой күч-аракет жумшап, жашообузда көп нерсени өзгөрткөнбүз (2 Кор. 7:1). Бирок бул жетишсиз. Биз элчи Пабылдын кеңешине ылайык иш кылып, «мындан ары да жаңылана» бергенибиз маанилүү (Эф. 4:23). Өзгөрүлгөнгө эмне үчүн талбай аракет кыла беришибиз керек? Себеби бул дүйнөнүн кири менен чаңы бизге бат эле жугуп калышы мүмкүн. Андыктан Жахабанын алдында аруу, таза болуш үчүн ойлорубузду, сапаттарыбызды, каалоо-сезимдерибизди үзбөй текшерип турушубуз зарыл.

АКЫЛЫҢДЫ ЖАҢЫРТА БЕР

3. Акылыбызды жаңыртуу деген эмненин билдирет? (Римдиктер 12:2)

3 Акылыбызды жаңыртыш үчүн, тагыраак айтканда, ой жүгүртүүбүздү өзгөртүш үчүн эмне кылышыбыз керек? (Окугула: Римдиктер 12:2.) Бир нерсени жаңыртуу деген үстүртөн эле бир нерселерди өзгөртүүнү билдирбейт. Мисалы, үйүбүздүн тияк-биягын кооздоп койсок эле аны жаңырттык деп айта албайбыз. Анын сыңарындай, жашообузда анча-мынча эле жакшы иштерди кылып койсок, акылыбыз жаңырып калбайт. Ан үчүн жүрөгүбүздүн түпкүрүндө кандай адам экенибизди текшерип, жашообуз мүмкүн болушунча Жахабанын талаптарына ылайык болушу үчүн, оңолушубуз керек.

Билимге, жумушка байланыштуу чыгарган чечимдериңден Падышалыктын ишин биринчи орунга коюп жатканың көрүнүп турабы? (4, 5-абзацтарды карагыла) c

4. Бул дүйнө акылыбызды калыптап койбошу үчүн, эмне кылышыбыз керек?

4 Бир да кемтиги жок жеткилең адам боло турган заман келгенде гана Жахабага ар бир ишибиз жагат. Ал эми азыркы тапта ага жагыш үчүн көп күч-аракет жумшоого туура келип жатат. Римдиктер 12:2де жазылгандай, элчи Пабылдын акылыбызды жаңыртууну «Кудайдын эркин таанып-билүү» менен байланыштырганына көңүл бурсаңар. Эгер биз жөн эле кол куушуруп отура берсек, бул дүйнө акылыбызды бат эле калыптап коёт. Ошон үчүн максаттарыбыз менен чечимдерибизге дүйнөнүн эмес, Кудайдын көз карашы таасир этип жатканын аныкташ үчүн өзүбүздү текшеришибиз керек.

5. Жахабанын күнүнө аз калганын түшүнүп жатканыбызды кантип текшере алабыз? (Сүрөттү карагыла.)

5 Бир мисалга токтололу. Жахаба анын күнүн эсибизде бек сактап жашашыбызды каалайт (2 Пет. 3:12). Андыктан мындай деп ойлонуп көр: «Жашоомдон бул дүйнөнүн акырына ушунчалык жакын калганын түшүнүп жатканым көрүнүп турабы? Билим алуунун кандай түрүн тандаганыман, кандай жумушка орношконуман жашоомдо Жахаба биринчи орунда турары байкалып турабы? Жахаба мага, үй-бүлөмө кам көрөт деп бекем ишенемби? Же акчаны ойлоп кечке эле сарсанаа боло беремби?» Бүт баарын Жахабанын эркине ылайык кылып жатканыбызды көргөндө анын канчалык сүйүнөрүн элестетип көрсөң! (Мт. 6:25—27, 33; Флп. 4:12, 13)

6. Эмнени кылганыбызды уланта беришибиз керек?

6 Биз кандай ой жүгүртүп жатканыбызды маал-маалы менен текшерип турушубуз керек. Эгер оңдочу жактарыбызды байкасак, оңдоп турушубуз зарыл. Пабыл корунттуктарга: «Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүңөрдү текшерип, өзүңөрдү сынап тургула»,— деген (2 Кор. 13:5). Жыйналыштарга анда-санда эле барып, кызматка анда-санда эле чыгып койсок, «ишеним жолунда» жүрүп калбайбыз. Бул өз ичине ой жүгүртүүбүздү, каалоолорубузду, ниеттерибизди камтыйт. Демек, мындан ары да акылыбызды жаңырта бериш үчүн Ыйык Китепти окуп, Жахабадай ой жүгүрткөнгө үйрөнүшүбүз керек. Андан соң Жахабага жаккандай адам болуш үчүн эмне керек болсо, ошонун баарын кылышыбыз кажет (1 Кор. 2:14—16).

ЖАҢЫ ТАБИЯТТЫ КИЙГИЛЕ

7. Эфестиктер 4:31, 32ге ылайык, биз дагы эмне кылышыбыз керек жана бул эмне үчүн оңой эмес?

7 Окугула: Эфестиктер 4:31, 32. Ой жүгүртүүбүздү өзгөрткөндөн тышкары, биз «жаңы табиятты» да кийишибиз керек (Эф. 4:24). Бул оңой-олтоң иштерден эмес. Биз айрым жаман сапаттардан, мисалы, жаалдан, ачуудан, каардан арылыш үчүн көп күч-аракет жумшашыбыз керек болот. Бул эмне үчүн кыйын? Анткени кээ бир жаман сапаттар кан-жаныбызга сиңип калган. Ыйык Китепте айрымдардын «ачууга алдырууга», «каарданууга жакын» экени айтылат (Накыл 29:22). Андыктан терең тамырлаган жаман сапаттардан арылыш үчүн чөмүлгөндөн кийин да талбай аракет кыла беришибиз керек. Муну төмөнкү мисал көрсөтүп турат.

8, 9. Эски табиятты чечиш үчүн тынбай аракет кыла беришибиз керектигин Стивендин окуясы кандайча көрсөтүп турат?

8 Стивен аттуу ишенимдешибизге ачууга алдырбаш үчүн бир топко чейин күрөшкөнгө туура келген. Ал мындай дейт: «Чөмүлгөндөн кийин деле өзүмдү кармаганды үйрөнө беришим керек болду. Бир жолу үймө-үй кыдырып элге Кудай жөнүндө айтып жүргөндө, бирөө машинемдеги радиону уурдап качып жөнөдү. Мен артынан кууп, ага жетейин деп калганда, ал радиону ыргыткан бойдон качып кетти. Эмне болгонун жанымдагыларга айтып бергенде, арабыздагы бир аксакал: „Стивен, кокус кууп жетип алсаң, эмне кылат элең?” — деп сурады. Анын суроосу мени ойлонтуп койду. Ошондо ачууланбаганга дагы деле үйрөнө беришим керектигин түшүндүм» b.

9 Стивендин окуясы көрсөтүп тургандай, «күрөшүп жеңдим» деп ойлогон күндө да кайсы бир жаман адатыбыз күтүлбөгөн жерден кармап калышы мүмкүн. Эгер сенде да ошондой болсо, көңүлүңдү чөгөрбө жана «мендей болгон жаман киши Кудайга кантип кызмат кылсын» деп ойлобо. Атүгүл элчи Пабыл да: «Туура нерсени кылгым келгенде, жанымда жаман нерсе турат»,— деп мойнуна алган (Рим. 7:21—23). Жеткилеңсиз болгондуктан Кудайдын кызматчыларынын баарынын кандайдыр бир терс жактары бар. Алар үйгө улам чогула берген чаң менен кирге окшоп, былк этип чыга бериши мүмкүн. Ошондуктан Кудайдын алдында дайыма таза болуш үчүн бел чечпей аракет кыла беришибиз керек. Муну кантип кылсак болот?

10. Терс жактарыбыз менен кантип күрөшө алабыз? (1 Жакан 5:14, 15)

10 Оңолушуң керек болгон жагыңды айтып Жахабадан тилен. Ал сени сөзсүз угат жана жардам берет. (Окугула: 1 Жакан 5:14, 15.) Албетте, аны Жахаба керемет жолу менен алып салбайт. Бирок ага алдырбашың үчүн сага күч-кубат бере алат (1 Пет. 5:10). Өзүңдүн да тиленгениңе жараша иш кылганың маанилүү. Эски табиятка мүнөздүү жаман каалоолорду бакпа. Мисалы, жок кылгың келген жаман сапатыңды күчтөнткөн кинолорду, телеберүүлөрдү көрбө, китептерди окуба. Ошондой эле жаман каалоолордун акыл-оюңду ээлеп алышына такыр жол бербе (Флп. 4:8; Кол. 3:2).

11. Жаңы табиятты кийиш үчүн эмнелерди кылсак болот?

11 Сен эски табиятты чечип эле тим болбошуң керек. Жаңы табиятты кийгениң да маанилүү. Муну кантип кылсаң болот? Жахабанын сапаттары жөнүндө окуп-изилдегенде андан үлгү алганга аракет кыл (Эф. 5:1, 2). Алсак, Ыйык Китептен Жахабанын канчалык кечиримдүү экенин окуп жатканда: «Мен да башкаларды кечиремби?» — деп ойлонуп көр. Же Жахабанын жакырларга канчалык кам көргөнүн окуп жатканда мындай деп ойлонуп көр: «Мен да тыйын-тыпыр жагынан кыйналып жаткан ишенимдештеримдин камын ойлоймбу? Аларга иш жүзүндө жардам беремби?» Ошентип жаңы табиятты кийип, улам акылыңды жаңырта бер жана бүт баары шак эле жакшы болуп калат деп күтпөй, чыдамдуу бол.

12. Ыйык Китеп адамды өзгөртө аларына Стивен кантип ынанган?

12 Жогоруда айтылган Стивен жаңы табиятты кийип, бара-бара жакшы жакка өзгөргөнүн байкаган. Ал мындай дейт: «Чөмүлгөндөн кийин чыдабай жарылып кете тургандай жагдайлар көп болду. Ошондуктан атайлап жиниме тийгенге аракет кылган кишилерден оолак болгонго аракет кылчумун. Ошондой эле курчуп бараткан жагдайларды акырын жайкап кетчүмүн. Ушинткеним үчүн мени көптөр, анын ичинде жубайым да, көп мактачу. Мен атүгүл өзүмө-өзүм таң калган учурлар да болгон! Албетте, мен эч качан өз күчүм менен өзгөрө алмак эмесмин. Ооба, Ыйык Китеп адамдын жашоосун өзгөрткөнгө ушунчалык кудуреттүү. Мен буга бекем ишенем».

ЖАМАН КААЛООЛОР МЕНЕН ТЫНБАЙ КҮРӨШӨ БЕР

13. Туура каалоолорду өрчүткөнгө эмне жардам берет? (Галатиялыктар 5:16)

13 Окугула: Галатиялыктар 5:16. Күрөштө багынбай дайыма туура иш кылганга көмөк кылыш үчүн Жахаба бизге ыйык рухун ченемсиз берет. Канткенде ошол ыйык рухту ала алабыз? Ан үчүн Кудайдын Сөзүн изилдешибиз керек. Жыйналышка барганда да ошол ыйык рухту ала алабыз. Жыйналыштан биздей эле болуп туура иш кылганга бүт күчүн жумшап жаткан ишенимдештерибиз менен убакыт өткөрөбүз. Алардын аракетин көрүп биз да багынбаганга түрткү алабыз (Евр. 10:24, 25; 13:7). Жахабадан жалындуу тиленип, алсыз жагыбызды жеңгенге жардам сурап кайрылсак, ал бизге ыйык рухун берет. Ал эми ыйык рух алсыз жагыбызга моюн бербей, мындан ары да күрөшө бергенге күч-кубат берет. Албетте, ушундай кылсак эле жаман каалоолорубуз туруп-туруп эле түп-орду менен жок болуп кетпейт. Бирок ошондой иштер жаман каалоолорубуздун тизгинин тартып турат. Галатиялыктар 5:16да айтылгандай, ыйык рухтун жетеги менен жүргөндөр, «дененин эч бир каалоосун аткарбайт».

14. Туура каалоолорду өрчүтүш үчүн тынбай аракет кыла бергенибиз эмне үчүн маанилүү?

14 Рухий иштердин жакшы күн тартибин түзүп алдык дейли. Андан кийин эмне кылышыбыз керек? Ошол күн тартипке бекем карманып, туура каалоолорду андан ары да өрчүтө беришибиз керек. Эмне үчүн ошенткенибиз маанилүү? Анткени көз ирмебей бизге каршы дайыма сокку ура берген бир душманыбыз бар. Ал душманыбыз — бизди дайыма жаман ишке түртүп турган ичибиздеги азгырык. Атүгүл чөмүлгөндөн кийин да качышыбыз керек болгон нерселерге тартыла беришибиз мүмкүн. Андай иштердин айрымдарына: кумар оюнун ойноо, ичимдикти ченемсиз ичүү же порнография көрүү кирет (Эф. 5:3, 4). Кудайдын жолундагы бир жаш жигит мындай дейт: «Мен эркектерге тартыла берем. Ушуну менен күрөшүш мага баарынан да кыйын. Бул сезимдер бара-бара өтүп кетет го деп ойлогом. Бирок алар дагы деле мени кыйнап келет». Эгер туура эмес каалооң ушунчалык күч алып, ээ-жаа бербей жатса, сага эмне жардам берет?

Жаман каалоолор менен күрөшүп жатсаң, жарга такалгандай абалда эмессиң. Башкалар да сендей болуп багынбай күрөшүп, жеңип чыккан (15, 16-абзацтарды карагыла)

15. Адамдар кабылып эле жүргөн азгырыктарга туш болуп жатканыбызды билүү эмне үчүн дем-күч берет? (Сүрөттү карагыла.)

15 Ушунчалык күчтүү, жаман каалоо менен алышып жатсаң, ушундай жагдайга жалгыз эле мен туш болуп жатам деп ойлобо. Ыйык Китепте: «Силер адамдар кабылып эле жүргөн азгырыктарга кабылып жатасыңар»,— деп жазылган (1 Кор. 10:13а). Ыйык Китептин башка котормосунда бул сөздөр мындай деп берилген: «Силер кабылып жаткан бир да азгырык адам баласы үчүн жат нерсе эмес». Бул сөздөр Корунтта жашаган Исанын жолун жолдогон эркектерге да, аялдарга да айтылган. Айрымдары мурда ойноштук кылышкан, гомосексуалист, аракеч болушкан (1 Кор. 6:9—11). Алар чөмүлгөндөн кийин жаман каалоолору буудай тарап жок болгон деп ойлойсуңарбы? Жок, андай эмес. Алардын баары Исанын майланган жолдоочулары болушса да, баары бир деле күнөөкөр пенде бойдон калышкан. Андыктан жаман каалоолор менен тынбай күрөшкөнгө туура келген. Бул ой бизге кадимкидей дем-күч берет. Эмне үчүн? Кандай жаман каалоо менен күрөшпө, буга чейин кимдир бирөө аны жеңип чыккан. Ооба, бир туугандарыңдын да сеникиндей эле кыйынчылыктарга кабылып жатканын билгендиктен ишенимиңди бекем сактай аласың (1 Пет. 5:9).

16. Эмне деп ойлогондон качышыбыз керек жана эмне үчүн?

16 Мен кандай кыйынчылык менен алпурушуп жатканымды эч ким түшүнө албайт деп ойлогондон сак бол. Бул аябай коркунучтуу. Ошентип ойлосоң: «Ишим бүттү. Эч качан жаман каалоомду жеңе албайм»,— деген ойлор басат. Ыйык Китептен ушинтип ойлоонун туура эмес экенин биле алабыз. Ал жакта: «Кудай ишенимдүү; ал силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт. Тескерисинче, азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт»,— деп жазылган (1 Кор. 10:13б). Андыктан жаман каалообуз канчалык күчтүү болбосун, ак жолдон тайбай, Жахабага берилгендик сактоо колубуздан келет. Жахабанын жардамы менен жаман иштен кача алабыз.

17. Жаман каалоолордон толугу менен арыла албасак да эмне колубуздан келет?

17 Бир нерсени такыр эсиңен чыгарба. Күнөөкөр пенде болгон соң жаман каалоолор маал-маалы менен пайда болуп турат. Бирок ошенткен күндө да Потипардын аялынан артын карабай качкан Жусуптай болуп аларды шак эле четке кага аласың (Башт. 39:12). Жаман каалоолорго алдырасыңбы, жокпу, бул өзүңөн көз каранды.

ТЫНБАЙ КҮРӨШӨ БЕР

18, 19. Акылыбызды жаңыртып жаткан-жатпаганыбызды билиш үчүн эмне деп ойлонуп турушубуз керек?

18 Акылыбызды жаңыртуу деген Жахабага жаккандай ой жүгүртүп, ага жаккандай иш кылыш үчүн бел чечпей аракет кылууну билдирет. Ан үчүн өзүңдү маал-маалы менен текшерип мындай деп ойлонуп тур: «Иш-аракеттеримен тарыхтагы өзгөчө учурда жашап жатканымды түшүнөрүм көрүнүп турабы? Улам жаңы табиятты кие бериш үчүн алдыга арыштап жатамбы? Жаман каалоолорго алдырбаш үчүн Жахабанын рухуна жашоомо таасир этишине жол берип жатамбы?»

19 Өзүңдү ушинтип текшерип жатканда бир да кынтыгы жок жеткилең адам болом деп күтпө. Анын ордуна, кылып жаткан ийгиликтериңе көңүл топто. Оңолушуң керек болгон жактарыңды байкасаң, шаабайыңды суутпа. Элчи Пабылдын Филипиликтер 3:16дагы кеңешине ылайык иш кыл. Ал: «Эмнеге жеткен болсок, ошого карманып, багытыбыздан жазбайлы»,— деген. Ошентсең, акылыңды жаңыртыш үчүн жумшаган аракетиңе Жахаба сөзсүз батасын берет.

36-ЫР: Жүрөгүбүздү сактайлы

a Элчи Пабыл ишенимдештерин бул дүйнөгө аларды калыпташына жол бербеши керектигин айткан. Анын кеңеши бизге да тиешелүү. Бул дүйнө бизге терс таасир этип коюшу мүмкүн. Буга такыр жол бербешибиз керек. Эгер ойлорубуз Кудайга жакпагандай болуп жатканын байкасак, аларды оңдоп турушубуз зарыл. Бул макалада ушуну кантип кылсак болорун карап чыгабыз.

b Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2015-ж., 1-июль, «Күндөн күнгө бузулуп бараткам».

c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жогорку билим алсамбы же толук убакыттагы кызматты баштасамбы деп ойлонуп жаткан жигит.