Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Бизге түрткү берген күч — Машаяктын сүйүүсү»

«Бизге түрткү берген күч — Машаяктын сүйүүсү»

«Бизге түрткү берген күч — Машаяктын сүйүүсү... [Ал] бардыгы үчүн өлгөн... Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн жашабайт» (2 КОР. 5:14, 15).

13-ЫР: Машаяк бизге үлгү

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. а) Исанын жашоосу, кызматы жөнүндө ой жүгүрткөндө кандай сезимдерге чулганабыз? б) Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

 ЖАКЫНЫБЫЗ каза болгондо, аны сагынып куса болобуз. Башында ал каза болгонго чейинки күндөрдү эстегенде жүрөгүбүз сыгылып, күйүткө батабыз. Айрыкча, ал өлөрүнүн алдында жаны кыйналган болсо, заманабыз куурулат. Бирок убакыттын өтүшү менен бир аз жеңилдеп, анын үйрөткөн нерселерин, кубаттап-бекемдеш үчүн кылган иштерин, сөздөрүн, тамашаларын эскерип сүйүнүп калабыз.

2 Ошол сыңары, Исанын канчалык азап чегип өлгөнүн окуганда кайгырбай койбойбуз. Айрыкча, Эскерүү кечеси боло турган айда Исанын биз үчүн өзүн курмандыкка чалып кун төлөгөнү канчалык маанилүү экени жөнүндө ой жүгүрткөнгө атайын убакыт бөлөбүз (1 Кор. 11:24, 25). Бирок анын жерде жүргөндө кылган иштери, акыл-насааттары жөнүндө ой жүгүрткөндө, жүрөгүбүз кубанычка толот. Анын учурда эмнелерди ишке ашырып жатканы, келечекте эмнелерди кылары жөнүндө ойлонгондо да кадимкидей канат байлап калабыз. Ушулар жана Исанын бизге көрсөткөн сүйүүсү тууралуу ойлонсок, ыраазы экенибизди иш жүзүндө көрсөткөнгө түрткү алабыз. Бул макалада муну кантип кылсак болоруна токтолобуз.

ЫРААЗЫЧЫЛЫК ИСАНЫН ЖОЛУН МЫНДАН АРЫ ДА ЖОЛДОЙ БЕРГЕНГЕ ТҮРТКҮ БЕРЕТ

3. Кун төлөнгөнүнө ыраазы болгонго кандай себептер бар?

3 Исанын жашоосу, биз үчүн өлгөнү жөнүндө ой жүгүрткөндө, жүрөгүбүз ыраазычылыкка толот. Жерде жүргөндө Иса Кудайдын Падышалыгы башкарганда адамзатка кандай баталар төгүлөрү жөнүндө кабар айтчу. Биз Падышалык жөнүндө билгендерибизди жогору баалайбыз. Биз үчүн кун төлөнгөнүнө да ыраазыбыз. Анткени ошонун аркасында Жахаба жана Уулу менен ынак достордон болгонго жол ачылган. Исага ишенгендер түбөлүк жашаганга жана көзү өтүп кеткен жакындары менен кайрадан көрүшкөнгө да үмүттөнө алышат (Жкн. 5:28, 29; Рим. 6:23). Биз буларга татыктуу болгудай эч нерсе кылган эмеспиз. Кудай менен Иса Машаяктын биз үчүн кылгандарын да эч качан актай албайбыз (Рим. 5:8, 20, 21). Бирок аларга канчалык ыраазы экенибизди көрсөтө алабыз. Кантип?

Магдалалык Мариямдын үлгүсү жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз ыраазычылыгыбызды иш жүзүндө көрсөткөнгө кандайча түрткү берет? (4, 5-абзацтарды карагыла)

4. Магдалалык Мариям Исанын ага кылган жакшылыктарына ыраазы экенин кантип көрсөткөн? (Сүрөттү карагыла.)

4 Жүйүт элинен болгон магдалалык Мариямды мисалга алалы. Аны жети жин бийлеп алгандыктан, көрбөгөн азапты көргөн. Ал өзүн айласы түгөнгөн кишидей сезсе керек. Ошондуктан Иса анын ичинен жиндерди кууп чыгарганда, анын канчалык ыраазы болгонун элестетсеңер. Ыраазычылыгы толуп-ташыгандыктан, ал Исанын жолун жолдоп убактысын, күчүн, колунда болгонун аны колдогонго жумшаган (Лк. 8:1—3). Мариям Исанын ага кылган ошол жакшылыгына ыраазы болсо да, андан да чоң жакшылык кыларын билбесе керек. Жакында Иса «ага ишенген ар бир адам... түбөлүк өмүргө ээ болуш» үчүн өмүрүн бүт адамзат үчүн курмандыкка чалмак (Жкн. 3:16). Муну билбесе да, ал ага ыраазы экенин аны өмүрүнүн акырына чейин колдоп көрсөткөн. Исаны өлүм жазасына тартышканда, Мариям анын жанында болуп колдогон. Ошондой эле ошол жерде кайгыга малынып тургандарды да сооротуп-жубаткысы келген (Жкн. 19:25). Иса көз жумгандан кийин болсо Мариям дагы эки аял менен бирге жыпар жыттуу заттарды сатып алып, Исанын мүрзөсүнө барган (Мр. 16:1, 2). Ошондой берилгендиги үчүн Жахаба ага чоң сыйлык ыйгарган. Мисалы, Иса тирилгенден кийин, ал биринчилерден болуп аны менен көрүшүп сүйлөшкөн. Мындай сыйлык Исанын айрым шакирттерине эле ыйгарылган (Жкн. 20:11—18).

5. Жахаба менен Исанын бизге кылган жакшылыктарына ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

5 Жахаба менен Исанын бизге кылган жакшылыктарына ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз? Ан үчүн убактыбызды, күчүбүздү, акча-каражатыбызды Падышалыктын ишине сарптасак болот. Алсак, сыйынуу жайларын курганга, аларды күтө билгенге салым кошо алабыз.

ЖАХАБА МЕНЕН ИСАНЫ СҮЙСӨК, БАШКАЛАРДЫ ДА СҮЙӨБҮЗ

6. Кунду эмне үчүн ар бирибизге берилген белек деп айтсак болот?

6 Жахаба менен Исанын бизди канчалык сүйөрү жөнүндө ой жүгүртсөк, биз да аларды сүйгөнгө түрткү алабыз (1 Жкн. 4:10, 19). Исанын жеке ар бирибиз үчүн өлгөнү жөнүндө ойлонгондо ошол сүйүүбүз ого бетер артат. Элчи Пабыл да Исанын ал үчүн өлгөнүн жакшы түшүнгөн. Ошондуктан ыраазычылыгын галатиялыктарга жолдогон катында мындай деп билдирген: «[Кудайдын Уулу] мени сүйүп, мен үчүн өмүрүн берген» (Гал. 2:20). Ооба, досу боло алышың үчүн, Жахаба кун төлөп сени өзүнө жакындаткан (Жкн. 6:44). Жахаба сенден жакшы бир нерсени байкап, сени менен дос болуш үчүн кымбат баа төлөгөнү жөнүндө ойлогондо, жүрөгүң элжиреп кетпейби? Жахаба менен Исага болгон сүйүүң ого бетер күчөбөйбү? Ар бирибиз: «Алардын сүйүүсү мага эмне кылганга түрткү берет?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

Кудайды жана Машаякты сүйсөк, Падышалык жөнүндөгү кабарды баарына айтабыз (7-абзацты карагыла)

7. Сүрөттөн көрүнүп тургандай, Жахаба менен Иса Машаякты жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтөбүз? (2 Корунттуктар 5:14, 15; 6:1, 2)

7 Кудайды, Иса Машаякты сүйсөк, башкаларды да сүйө алабыз. (Окугула: 2 Корунттуктар 5:14, 15; 6:1, 2.) Мунун бир жолу кабар айтуу ишине жан-дилибиз менен катышуу. Кабар айтып жүргөндө баарына тегиз карайбыз. Эч кимди расасына, улутуна, чөнтөгүнө же ээлеген абалына карап бөлбөйбүз. Ошентсек, Жахабанын эркине ылайык иш кылган болобуз. «Ал ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так-таанып билишин каалайт» (1 Тим. 2:4).

8. Ишенимдештерибизди жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтөбүз?

8 Ишенимдештерибизди да жакшы көрсөк, Жахаба менен Иса Машаякты жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз (1 Жкн. 4:21). Башына кыйынчылык түшкөндө, алардын ал-жайын сурап колдоо көрсөтөбүз. Жакынынан айрылса, сооротуп-жубатабыз. Ооруп калганда, көргөнү барып турабыз жана көңүлү чөккөндө, көңүлүн көтөргөнгө аракет кылабыз (2 Кор. 1:3—7; 1 Тес. 5:11, 14). Ошондой эле алар үчүн тиленип турабыз. Анткени «адил адамдын жалындуу тиленүүсү зор күчкө ээ» экенин билебиз (Жкп. 5:16).

9. Ишенимдештерибизди жакшы көрөрүбүздү көрсөтүүнүн дагы бир жолу кайсы?

9 Мындан тышкары, ишенимдештерибизди жакшы көрөрүбүздү алар менен ынтымакта болгонго бүт күчүбүздү жумшап да далилдейбиз. Жахабадан үлгү алып кечиримдүү болгонго умтулабыз. Эгер Жахаба бизден Уулун аябай, күнөөлөрүбүздү кечиргенге даяр болсо, анда капа кылган боордошторубузду биз да дароо кечиришибиз керек эмеспи? Биз Исанын мисалындагы жаман кулдай болгубуз келбейт. Мырзасы анын чоң карызын кечип койсо да, ал өзүнүн кулунун болбогон эле карызын кечпей койгон (Мт. 18:23—35). Эгер жыйналыштагы кимдир бирөө менен келише албай жүргөн болсоң, Эскерүү кечесине чейин өзүң биринчи барып, аны менен элдеше аласыңбы? (Мт. 5:23, 24) Ошентсең, Жахаба менен Исаны аябай жакшы көрөрүңдү көрсөтөсүң.

10, 11. Аксакалдар Жахаба менен Исаны жакшы көрөрүн кантип көрсөтө алышат? (1 Петир 5:1, 2)

10 Ал эми аксакалдар Жахаба менен Исаны жакшы көрөрүн кантип көрсөтө алышат? Мунун маанилүү жолу — Исанын койлоруна кам көрүү. (Окугула: 1 Петир 5:1, 2.) Иса элчи Петирге так ушунун маанилүү экенин түшүндүргөн. Устатынан үч жолу баш тартып кеткенден кийин Петир аны жакшы көрөрүн жан алакетке түшүп далилдегиси келсе керек. Тирилгенден кийин Иса Петирден: «Жакандын уулу Симон,.. мени... жакшы көрөсүңбү?» — деп сураган. Ошондо Петир Мырзасын жакшы көрөрүн көрсөтүш үчүн колунан келгендин баарын кылганга даяр болсо керек. Иса ага: «Козуларымды бак»,— деп айткан (Жкн. 21:15—17). Ошондон кийин Петир өмүрү өткүчө Мырзасынын койлорун жакшы кайтарып аны жакшы көрөрүн далилдеген.

11 Аксакалдар, Эскерүү кечесине чейин жана андан кийин Исанын Петирге айткан сөздөрүнө олуттуу караарыңарды кантип көрсөтө аласыңар? Ан үчүн кайтаруучулук ишке катышкыла жана жигерсиз болуп калгандарга Жахабага кайтып келгенге жардам бериш үчүн атайын күч жумшагыла (Жез. 34:11, 12). Ошентсеңер, Жахаба менен Исаны жакшы көрөрүңөрдү көрсөтөсүңөр. Ошондой эле Эскерүү кечесине биринчи жолу келгендерге, Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга чын дилден көңүл буруп, кучак жайып тосуп алгыла. Себеби алар Исанын болочок шакирттери болушу мүмкүн.

МАШАЯКТЫ СҮЙСӨК, КАЙРАТТУУ БОЛОБУЗ

12. Исанын өлөр алдында айткан сөздөрү эмне үчүн бизди кайраттандырат? (Жакан 16:32, 33)

12 Өлүмгө кыйылар түнү Иса шакирттерине: «Дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим»,— деп айткан. (Окугула: Жакан 16:32, 33.) Душмандарынын көзүнө тике карап, кайраттуу болгонго, өмүрүнүн акырына чейин берилгендик сактаганга ага эмне жардам берген? Ал Жахабага таянган. Жолдоочуларынын да аныкындай кыйынчылыктарга туш болорун билгендиктен Жахабадан аларга көз салып турушун өтүнгөн (Жкн. 17:11). Бул бизди эмне үчүн кайраттандырат? Себеби Жахаба душмандарыбыздын кимисинен болбосун, алда канча күчтүү (1 Жкн. 4:4). Ал баарын алаканга салгандай көрүп турат. Эгер Жахабага таянсак, коркунучка алдырып кайратыбыздан жазбайбыз.

13. Ариматаялык Жусуп кайраттуу экенин кантип көрсөткөн?

13 Буга мисал катары ариматаялык Жусупту алалы. Ал жүйүт элинин арасында абдан кадырлуу киши болгон. Себеби Синедриондун — жүйүттөрдүн Жогорку Сотунун — мүчөсү болчу. Бирок Иса жерде кызмат кылып жүргөндө, анын шакирти экенин ачык айтканга кайраты жеткен эмес. Жакан анын «Жүйүттөрдөн корккондуктан... Исанын шакирти экенин жашырып жүргөнүн» жазган (Жкн. 19:38). Жусуп Падышалык жөнүндөгү кабарга кызыкса да, Исага ишенерин элге айткандан коркчу. Анткени «ээлеген абалыман, кадыр-баркыман айрылып калам» деп сарсанаа болсо керек. Кандай болбосун, Иса өлгөндөн кийин, ал акыры ачыкка чыккан. Ыйык Китепте: «Жусуп кайраттанып, Пилатка барды да, Исанын сөөгүн сурады»,— деп жазылган (Мр. 15:42, 43). Ошентип, Жусуп Исаны колдой турганын элден жашырбай калган.

14. Элден коркуп жатсаң, эмне кылышың керек?

14 Сенин да Жусуптай болуп элден корккон учурларың болду беле? Мектептен же жумуштан кээде Жахабанын Күбөсү экениңди ачык айткандан уяласыңбы? «Эл эмне дейт» деп корккондуктан жарчы болбой же чөмүлбөй жүргөн жоксуңбу? Ушундай ойлордун сени туткундап алышына жол берип, өзүң туура деп билген нерселерди кылбай койбо. Жахабадан жалынып-жалбарып тилен. Анын эркин аткарганга кайраттуулук беришин сура. Жахабанын тилегиңе жооп берип жатканын сезген сайын, улам күчкө толуп, кайратың арта берет (Ыш. 41:10, 13).

КУБАНЫЧ ЖАХАБАГА ТОКТОБОЙ КЫЗМАТ КЫЛА БЕРГЕНГЕ ТҮРТКҮ БЕРЕТ

15. Иса шакирттерине көрүнгөндөн кийин, кубанычы аларга эмне кылганга түрткү берген? (Лука 24:52, 53)

15 Исанын көзү өткөндөн кийин шакирттери катуу кайгыга малынган. Өзүңдү алардын ордуна коюп көрсөң. Алар жакшы көргөн досунан айрылганы аз келгенсип, үмүтү да үзүлүп отуруп калышкан (Лк. 24:17—21). Бирок Иса тирилип, аларга көрүнгөндөн кийин, Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар аткарылышы үчүн өзүнүн эмнелерди кылышы керектигин түшүндүрүп берген. Ошондой эле аларга маанилүү иш тапшырган (Лк. 24:26, 27, 45—48). Иса асманга көтөрүлүп кеткенге чейин шакирттери менен 40 күн чогуу болгон. Ошол учурда алардын кайгысы кубанычка айланган. Мырзасынын тирүү экенин жана өзү тапшырган жаңы ишти аткарганга жардам берерин түшүнгөндө алар кубанычка бөлөнүшкөн. Ошол кубаныч аларга эч нерсеге карабай Жахабаны даңктап-даңазалай бергенге түрткү берген. (Окугула: Лука 24:52, 53; Элч. 5:42.)

16. Канткенде Исанын шакирттеринен үлгү алган болобуз?

16 Канткенде Исанын шакирттеринен үлгү алган болобуз? Жахабага Эскерүү кечесине чейинки же андан кийинки айларда эле эмес, жыл бою кубанып кызмат кылсак болот. Ан үчүн Кудайдын Падышалыгын жашообузда биринчи орунга коюшубуз керек. Маселен, көптөр кабар айтуу ишине көбүрөөк катышайын, жолугушууларды калтырбайын, үй-бүлөлүк изилдөөнү үзбөй өткөрүп турайын деп жумуш убактысын өзгөртүшкөн. Атүгүл айрымдар жыйналыштын иштерине көбүрөөк кереги тийиши үчүн же жарчылар жетишпеген жерлерде кызмат кылыш үчүн башкалар зарыл деп эсептеген нерселерди албай эле коюуну чечишкен. Албетте, Жахабага токтотпой кызмат кыла бериш үчүн туруктуу болушубуз керек. Бирок Жахаба Падышалыктын иштерин биринчи орунга койгондорду батасыз калтырбайт (Накыл 10:22; Мт. 6:32, 33).

Эскерүүгө чейинки жана андан кийинки жумаларда атайын убакыт бөлүп Жахаба менен Исанын жеке сага кылган жакшылыктары жөнүндө ой жүгүрт (17-абзацты карагыла)

17. Ушул жылы боло турган Эскерүү маалында эмне кылайын деп чечтиңер? (Сүрөттү карагыла.)

17 Биз 4-апрелде, шейшембиде, Эскерүү кечеси боло турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бирок ага чейин жөн эле күтүп отура бербей, Исанын жашоосу, өлүмү, Жахаба менен анын бизге көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө ой жүгүртөлү. Ошентиш үчүн кечеге чейинки же андан кийинки жумаларда ар бир мүмкүнчүлүктү колдонгула. Мисалы, «Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал» китепчесинин «Исанын жердеги жашоосунун акыркы жумасы» (16-бөлүк) деген таблицасындагы окуяларды окуп, ой жүгүртсөңөр болот. Окуп жатканда Ыйык Китептен ыраазычылыгыңарды, сүйүүңөрдү, кайраттуулугуңарды, кубанычыңарды арттыра турган ойлорду тапканга аракет кылгыла. Анан чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгыңарды кантип иш жүзүндө көрсөтсөңөр болору жөнүндө ойлонгула. Кечеге чейинки жана кийинки жумаларда Исаны эскериш үчүн кылган аракетиңерди ал жогору баалайт. Мындан эч шектенбесеңер болот (Аян 2:19).

17-ЫР: «Каалайм»

a Эскерүүгө чейинки жана кийинки жумаларда Исанын жашоосу, өлүмү жана анын, Атасынын бизге көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө ой жүгүрткөнгө чакырылабыз. Бул аларга ыраазы экенибизди иш жүзүндө көрсөткөнгө түрткү берет. Бул макалада кунга, Жахаба менен Исанын сүйүүсүнө ыраазы экенибизди кантип көрсөтсөк болору талкууланат. Ошондой эле ишенимдештерибизди сүйгөнгө, кайраттуу болгонго жана кубанып кызмат кылганга эмне түрткү берери каралат.