Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба Эскерүү кечесин белгилеш үчүн кылган аракетибизге батасын берет

Жахаба Эскерүү кечесин белгилеш үчүн кылган аракетибизге батасын берет

«Муну мени эскериш үчүн кылгыла» (ЛУКА 22:19).

19-ЫР: Мырзабыздын өлгөн күнүн эскерүү

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. Эмне үчүн жыл сайын Эскерүү кечесине катышабыз?

 ДЭЭРЛИК 2000 жылдай мурун Иса өмүрүн биз үчүн курмандыкка чалып, түбөлүк жашашыбызга жол ачкан. Өлөр алдындагы түнү ал шакирттерине анын ошол жакшылыгын эстеп жүрүшү керектигин айтып, жөнөкөй аземди негиздеген. Ал аземде нан менен шарап символ катары колдонулат (1 Кор. 11:23—26).

2 Биз Исаны жакшы көргөндүктөн анын ошол буйругуна баш иебиз (Жкн. 14:15). Жыл сайын Эскерүү кечесине чейинки жана кийинки жумаларда анын биз үчүн кылгандарына ыраазы экенибизди көрсөтөбүз. Ал үчүн атайын убакыт бөлүп анын өлүмүнүн мааниси жөнүндө Кудайдан тиленип алып ой жүгүртөбүз. Ошондой эле кабар айтуу ишине көп убактыбызды бөлүп, күйүп-жанып катышабыз жана ал өзгөчө аземге мүмкүн болушунча көп кишилерди чакырабыз. Анан, албетте, Эскерүү кечесине катышышыбызга эч нерсенин тоскоол болушуна жол бербейбиз.

3. Бул макалада эмнелерге токтолобуз?

3 Бул макалада Жахабанын элинин Исанын өлгөн күнүн эскериш үчүн кантип күч жумшап келатканын көрсөткөн 3 нерсени карайбыз. 1) Эскерүү кечесин Иса көрсөткөн үлгү боюнча белгилөө, 2) башкаларды Эскерүү кечесине чакыруу, 3) оор шарттарга карабай Эскерүү кечесин белгилөө.

ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИН ИСА КӨРСӨТКӨН ҮЛГҮ БОЮНЧА БЕЛГИЛӨӨ

4. Жыл сайын Эскерүү кечесинде эмнелерди билебиз жана аларды билгенибизди эмне үчүн баркка албай койбошубуз керек? (Лука 22:19, 20)

4 Жыл сайын Эскерүү кечесинде Ыйык Китепке негизделген баяндама айтылат. Андан бир нече суроого жооп алабыз. Мисалы, «Эмне үчүн адамзат кунга муктаж? Кандайча бир кишинин өлүмүнүн аркасында көптөрдүн күнөөлөрү кечирилет?» деген суроолорго жооп алабыз. Ошондой эле нан менен шараптын эмнени билдирери, алардан кимдер ооз тиери айтылат. (Окугула: Лука 22:19, 20.) Андан тышкары, жер бетинде түбөлүк жашаганга үмүттөнгөндөрдүн кандай баталарды алары жөнүндө ой жүгүртөбүз (Ыш. 35:5, 6; 65:17, 21—23). Ушул нерселерди билерибизди баркка албай койбошубуз керек. Анткени миллиарддагандар ал чындыктарды билишпейт. Алар Исанын курмандыгы канчалык баалуу экенин да түшүнүшпөйт. Ошондой эле Эскерүү кечесин Иса калтырган үлгү боюнча белгилешпейт. Эмне үчүн?

5. Элчилердин көбүнүн көзү өткөндөн кийин, башкалар Исанын өлгөн күнүн кантип белгилеп калышкан?

5 Исанын элчилеринин көбү көз жумгандан көп өтпөй, айрымдар Исанын жолдоочуларынын жыйналышында жалган окууларды жайылта баштаган. Ошентип, Исанын жолдоочусу атангандар пайда болгон (Мт. 13:24—27, 37—39). Алар «шакирттерди ээрчитип кетиш үчүн... чындыкты бурмалашкан» (Элч. 20:29, 30). Мисалы, Ыйык Китепте Исанын «көптөрдүн күнөөсүн алып кетиш үчүн өзүн бир жолу, биротоло курмандыкка чалганы» айтылат. Бирок Исанын жолдоочусу атангандар: «Чынында андай эмес, Исанын курмандыгы кайра-кайра чалынышы керек»,— деп бурмалай башташкан (Евр. 9:27, 28). Бүгүнкү күндө жүрөгү таза көптөгөн адамдар ушул жалган түшүнүккө ишенип алышкан. Алар чиркөөгө дайыма, кээде күн сайын чогулуп Исанын өзүн курмандыкка чалганын эскеришет. Жөрөлгөлөрүн кылып жатканда нан менен шарап Машаяктын денеси менен канына айланат деп ишенишет. Алар кимдир бирөө ошол жөрөлгөлөргө катышкан сайын, Исанын денеси менен каны курмандыкка чалынган болот деп эсептешет. Дагы башка христиан чиркөөлөрү болсо Исанын өлүмүн анда-санда белгилешет. Бирок чиркөөгө келгендердин көбүнө Исанын курмандыгы эмнелерди ишке ашырары бүдөмүк. Айрымдар болсо: «Исанын өлгөнүнүн аркасында менин күнөөлөрүм чындап эле кечирилеби?» — деп ойлонушат. Эмне үчүн? Себеби аларга Исанын курмандыгынын аркасында күнөөлөрүбүз кечирилет дегенге шектенгендердин көз карашы таасир эткен. Анда Исанын чыныгы жолдоочулары башкаларга Исанын курмандыгынын маанисин түшүнгөнгө, анын өлгөн күнүн эскерүү кечесин туура өткөргөнгө кантип жардам берип келишет?

6. 1872-жылга чейин Ыйык Китепти изилдегендер эмнени түшүнүшкөн?

6 19-кылымдын аяк чендеринде Чарлз Тейз Расселл жетектеген кишилердин тобу Ыйык Китепти казып изилдей баштаган. Алар Исанын адамзат үчүн өлгөнүнүн канчалык маанилүү экенин, анын өлгөн күнүн кантип туура белгилеш керектигин билгиси келген. 1872-жылга чейин алар Ыйык Китепти окуп-изилдеп Исанын бүт адамзат үчүн кун төлөгөнүн түшүнүшкөн. Тапкан ошол асыл ойлорун жашырып коюшкан эмес. Аларды китептерге, гезиттерге, журналдарга басып чыгарып жайылтышкан. Ошондон көп өтпөй эле Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларындай болуп Эскерүү кечесин жылына бир эле жолу белгилей башташкан.

7. Алгачкы Ыйык Китеп изилдөөчүлөрдүн изилдеп чыккан нерселеринин пайдасын кандайча бүгүнкү күнгө чейин көрүп жатабыз?

7 Ыйык Китепти изилдеген ошол ыкласы таза кишилердин изилдегендеринин пайдасын ушу күнгө дейре көрүп келатабыз. Кандайча? Жахабанын жардамы менен көзүбүз ачылып Исанын курмандыгынын маанисин, анын эмнелерди жүзөгө ашырарын билдик (1 Жкн. 2:1, 2). Ошондой эле Ыйык Китепке ылайык, Кудайга жаккан адамдардын эки тобунун эмнеден үмүттөнөрүн түшүндүк. Биринчи топко кирген аз сандагы адамдар өлбөстүккө ээ болуп асманда жашайбыз деп үмүттөнүшөт. Ал эми экинчи топко кирген миллиондогон адамдар болсо жерде түбөлүк жашайбыз деп үмүттөнүшөт. Жахабанын бизди канчалык жакшы көрөрү жана Исанын курмандыгынан ар бирибиз канчалык пайда аларыбыз жөнүндө ой жүгүртөлү. Ошондо Жахабага барган сайын жакындай беребиз (1 Пет. 3:18; 1 Жкн. 4:9). Ошондуктан келгиле, байыркы убактагы Кудайга берилген ишенимдештерибиздей болуп, башкаларды Эскерүү кечесин Иса үйрөткөндөгүдөй белгилегенге чакыра берели.

БАШКАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИНЕ ЧАКЫРУУ

Эскерүү кечесине чакыруу өнөктүгүнө толук кандуу катышыш үчүн эмне кылсаң болот? (8—10-абзацтарды карагыла) d

8. Жахабанын эли башкаларды Эскерүү кечесине чакырыш үчүн эмне кылышкан? (Сүрөттү карагыла.)

8 Жахабанын эли башкаларды Эскерүү кечесине көптөгөн жылдардан бери чакырып келатат. Тээ 1881-жылы эле АКШдагы ишенимдештерибиз кечени чогуу өткөргөнгө чакырылышкан. Ал чакырыкка ылайык, алар Аллегейнидеги (Пенсильвания) бир үйдө чогулушкан. Кийинчерээк ар бир жыйналыш Эскерүү кечесин өзүнчө өткөрө баштаган. 1940-жылы мартта жарчыларга аймагындагы кызыккан ар бир кишини да кечеге чакырса болору айтылган. 1960-жылы Бейтел жыйналыштарга биринчи жолу чакыруу баракчаларын басып чыгарып берген. Андан бери миллиарддаган чакыруу баракчалары таратылды. Биз эмне үчүн башкаларды Эскерүү кечесине чакырганга ушунчалык көп күч жумшайбыз?

9, 10. Эскерүүгө чакырыш үчүн жумшаган аракетибиздин пайдасын кимдер көрүшөт? (Жакан 3:16)

9 Биз эмне үчүн башкаларды Эскерүү кечесине чакырабыз? Мунун бир себеби — биринчи жолу келгендердин Жахабанын жана Исанын баарыбыз үчүн кандай жакшылыктарды кылганын билишин каалайбыз. (Окугула: Жакан 3:16.) Биз алардын кечеден уккандары көбүрөөк билим алганга жана бара-бара Жахабанын кызматчысы болгонго түрткү берет деп үмүттөнөбүз. Бирок Эскерүү кечесинин пайдасын башкалар да көрө алат.

10 Биз Жахабага кызмат кылганын токтотуп койгондорду да чакырабыз. Ошенткенибизде Кудайдын аларды дагы деле жакшы көрөрүн эсине салабыз. Чакырганыбызда көптөр келет. Аларды көрүп аябай сүйүнөбүз. Эскерүү кечесине келгенде алар мурун Жахабага канчалык кубанып кызмат кылганын эстей алышат. Мониканы b мисалга алалы. Ал COVID-19 пандемиясы учурунда кайрадан Жахабага кызмат кыла баштаган. 2021-жылдын Эскерүү кечесине баргандан кийин ал мындай деген: «Бул эскерүү мен үчүн өзгөчө болду. 20 жылдан бери биринчи жолу башкаларга кабар айтып Эскерүү кечесине чакыра алдым. Жахаба менен Исанын мага кылган жакшылыктарына ушунчалык ыраазы болгондуктан буга бүт күчүмдү жумшадым» (Заб. 103:1—4). Биз чакыргандар эскерүүгө келеби, жокпу, аларды чакырганга болгон күч-аракетибизди жумшай беребиз. Анткени Жахабанын аракетибизди баалаарын жакшы билебиз.

11. Башкаларды Эскерүү кечесине чакырганга жумшаган аракетибизге Жахаба батасын кантип берип жатат? (Акай 2:7)

11 Жахаба башкаларды Эскерүү кечесине чакырыш үчүн жумшаган аракетибизге батасын ашыра төгүп жатат. Мисалы, 2021-жылы COVID-19 пандемиясынын айынан коюлган чектөөлөргө карабай, эскерүүгө 21367603 киши катышты. Бул дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн санынан дээрлик эки жарым эсе көп! Албетте, Жахаба кишинин санына эле көңүл бура бербейт. Ал үчүн ар бир адам маанилүү (Лк. 15:7; 1 Тим. 2:3, 4). Башкаларды Эскерүү кечесине чакырганда Жахаба жүрөгү таза кишилерди тапканга жардам берет деп бекем ишенебиз. (Окугула: Акай 2:7.)

ООР ШАРТТАРГА КАРАБАЙ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИН БЕЛГИЛӨӨ

Жахаба Эскерүү кечесине катышыш үчүн жумшаган аракетибизге батасын берет (12-абзацты карагыла) e

12. Эмнеден улам Эскерүү кечесин белгилөө кыйынга туруп калат? (Сүрөттү карагыла.)

12 Иса бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө түрлүү кыйынчылыктарга туш болорубузду алдын ала айткан. Мисалы, үйдөгүлөрдүн каршылыгы, куугунтук, согуш-жаңжалдар, жугуштуу оорулар жана башка көптөгөн кыйынчылыктар (Мт. 10:36; Мр. 13:9; Лк. 21:10, 11). Кээде ушундай кыйынчылыктардан улам Эскерүү кечесин белгилөө кыйынга туруп калат. Мындай тоскоолдуктарды ашып өтүш үчүн ишенимдештерибиз эмне кылып жатышат жана Жахаба аларга кантип жардам берип жатат?

13. Жахаба Артёмдун кайраттуулугуна, эскерүүнү өткөргөнгө чечкиндүү болгонуна кантип батасын берген?

13 Түрмө. Кудайга ишенгени үчүн түрмөгө камалган ишенимдештерибиз Исанын өлгөн күнүн эскериш үчүн колунан келгендин баарын кылышат. Артёмдун окуясына токтололу. 2020-жылдын Эскерүү кечесине чейинки жана кийинки жумаларда ал 17 чарчы метрлик камерада отурган болчу. Аны менен чогуу дагы төрт-беш киши отурчу. Түрмөдө отурганына карабай ал эскерүүдө символдордун ордуна колдонсо боло турган нерселерди таба алган. Ошондой эле өзү үчүн эскерүүнүн баяндамасын айтайын деп чечкен. Бирок жанында отургандар тынбай эле тамеки чегип, сөгүнүп-сагына беришчү. Ошондо ал эмне кылган? Артём алардан: «Жок дегенде бир саат сөгүнбөй, тамеки чекпей отура аласыңарбы?» — деп суранган. Таң калыштуусу, алар макул болушкан. Артём мындай дейт: «Ага чейин аларга эскерүү жөнүндө айтып бербейинби дегем». Алар кереги жок дешсе да, Артёмдун эскерүүнү кантип өткөрүп жатканын көрүп, айткандарын уккандан кийин эскерүү жөнүндө суроолорду жаадырышкан.

14. COVID-19 пандемиясы учурунда Эскерүү кечесин өткөрүш үчүн кандай аракеттер кылынган?

14 COVID-19 пандемиясы. Вирус жайыла баштаганда, Жахабанын эли Эскерүү кечесин жүзмө-жүз көрүшүп өткөрө албай калган. Бирок алар анын башка жолун табышкан c. Интернетке туташа алган жыйналыштар эскерүүнү видео байланыш аркылуу өткөрүшкөн. Ал эми интернети жок жерлерде жашаган миллиондогон ишенимдештерибиз эмне кылган? Айрым өлкөлөрдө эскерүүгө арналган баяндама телевизор же радио аркылуу берилген. Андан тышкары, алыскы аймактарда жашагандар кечени өткөрө алышы үчүн, филиалдарда баяндама 500дөн ашык тилде жаздырылган. Анан жанын аябаган ага-инилерибиз ошол жаздырууларды кимге керек болсо, ошолордун баарына жеткирип беришкен.

15. Сюдан эмнени үйрөндүңөр?

15 Үйдөгүлөрдүн каршылыгы. Айрымдар үчүн эскерүүнү белгилегенге тоскоолдук кылган эң чоң кыйынчылык — үйдөгүлөрүнүн каршылыгы. Ыйык Китепти изилдеп жаткан Сюну мисалга алалы. 2021-жылы эскерүүгө бир күн калганда Сю аны менен Ыйык Китепти изилдеген эжеге үйүндөгүлөрү каршы болгону үчүн эскерүүгө катыша албай турганын айткан. Ал эже ага Лука 22:44тү окуп берген. Анан кыйынчылыктарга кабылганыбызда Исадан үлгү алып Жахабадан тиленишибиз, ага толугу менен таянышыбыз керектигин түшүндүрүп берген. Эртеси күнү Сю нан менен шарапты камдап алып, jw.org сайтындагы атайын даярдалган таңкы сыйынууну көргөн. Ошол күнү кечинде бөлмөсүнө бекинип алып телефону менен эскерүүгө туташкан. Эскерүү бүткөндөн кийин тиги эжеге мындай деп жазган: «Кече сиз мага ушунчалык жакшы түрткү бердиңиз. Мен эскерүүнү белгилеш үчүн колуман келгендин баарын кылдым. Калганын Жахаба өзү эле жайгарып койду. Канчалык кубанып жатканымды, Жахабага канчалык ыраазы болуп жатканымды сөз менен жеткире албай жатам». Эгер силер да ушундай жагдайга кабылсаңар, Жахаба жардам бере алат деп ойлойсуңарбы?

16. Эскерүү кечесине катышканга жумшаган аракетибизге Жахаба батасын берет деп эмне үчүн ишенсек болот? (Римдиктер 8:31, 32)

16 Жахаба Исанын өлгөн күнүн эскерүү үчүн жумшаган аракетибизди жогору баалайт. Биз үчүн кылган жакшылыктарына канчалык ыраазы экенибизди көрсөтсөк, ал бизге сөзсүз батасын берет. (Окугула: Римдиктер 8:31, 32.) Андыктан келгиле, бул жылы да Эскерүү кечесине катышканга чечкиндүү бололу. Ошондой эле эскерүүгө чейинки жана кийинки жумаларда рухий иштерге көбүрөөк катышканга бел байлайлы.

18-ЫР: Кун үчүн ыраазыбыз

a 2023-жылдын 4-апрелинде, шейшемби күнү, дүйнөнүн чар тарабындагы миллиондогон адамдар Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскериш үчүн чогулушат. Ал кечеге көптөр биринчи жолу барышат. Кечеден Жахабага кызмат кылбай калгандыктан Эскерүү кечесине келбей калгандар менен да көрүшөбүз. Кечеге катышыш үчүн айрымдарга чоң тоскоолдуктарды жеңгенге туура келет. Жагдай-шартыңар кандай болбосун, Эскерүү кечесине катышыш үчүн күч жумшасаңар, Жахаба сүйүнөт. Мындан шектенбесеңер болот.

b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

c jw.org сайтындагы «2021-жылдын Эскерүү кечеси» деген макаланы да карагыла.

d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. 1960-жылдан тартып Эскерүү кечесине чакыруу баракчасы улам жакшыра берген. Азыр ал кагаз түрүндө да, электрондук түрүндө да чыгарылып турат.

e СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жарандык кагылышуу учурунда Эскерүү кечесин белгилеп жаткан ишенимдештерибиз (ойдон чыгарылган жагдай).