Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кудайдын Сөзү чындык экенине бекем ишенгиле

Кудайдын Сөзү чындык экенине бекем ишенгиле

2023-ЖЫЛДЫН ЖЫЛДЫК АЯТЫ: «Сенин сөзүңдүн маңызы — чындык» (ЗАБ. 119:160)

96-ЫР: Кудайдын Сөзү — асыл кенч

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Бүгүнкү күндө көптөр эмне үчүн Ыйык Китепке ишенбей калды?

 БҮГҮН көптөр кимге ишенерин билбей айласы кетип жатат. Алар өздөрү кадыр туткан инсандардын, мисалы, саясатчылардын, окумуштуулардын жана ишкер адамдардын аларга чындап эле күйүп-бышарына көзү жетпей калды. Андан тышкары, христиан чиркөөлөрүндөгү диний жетекчилерди барктабай калышты. Ыйык Китепке ылайык жашайбыз деп ырастаган ошондой диний төбөлдөрдүн айынан Кудайдын Сөзүнүн баркы кетип жатканы да таң калыштуу эмес.

2. Забур 119:160га ылайык, эмнеге бекем ишенишибиз керек?

2 Биз Жахабанын «чындыктын Кудайы» экенине жана камыбызды дайыма ойлоруна бекем ишенебиз (Заб. 31:5; Ыш. 48:17). Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине эч шектенбейбиз. Анткени анда: «Сенин сөзүңдүн маңызы — чындык»,— деп жазылган b. (Окугула: Забур 119:160.) Биз Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуунун сөздөрүнө толук кошулабыз. Ал: «Кудайдын Сөзү калп болуп чыккан же анын айткандары аткарылбай калган бир да учур болгон эмес»,— деп жазган. Кудайдын эли анын сөздөрүнө толугу менен ишенет, анткени Кудайдын өзүнө ишенишет.

3. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Биз Кудайдын Сөзүнө кандай ишенсек, башкаларга да ошондой ишенгенге кантип жардам берсек болот? Анда келгиле, Ыйык Китепке эмне үчүн ишеним артсак болорунун үч далилине токтололу. Биз Ыйык Китепте жазылгандардын тактыгын, андагы пайгамбарлык сөздөрдүн аткарылып келгенин жана анын адамдын жашоосун өзгөртө ала тургандай күчкө ээ экенин карап чыгабыз.

ӨЗГӨРТҮЛБӨЙ САКТАЛЫП КЕЛГЕН

4. Эмне үчүн айрымдар Ыйык Китептин тактыгына шектенишет?

4 Жахаба Кудай Ыйык Китепти өзүнө берилген 40тай кишиге жаздырткан. Бирок Ыйык Китептин түп нускадагы кол жазмалары биздин күндөргө чейин сакталган эмес c. Азыркы учурдагы Ыйык Китептердин баары — анын көчүрмөлөрүнүн көчүрмөлөрү. Ушундан улам айрымдар: «Ыйык Китепте жазылгандар бүгүн деле түп нускадагыдайбы?» — деп ойлонушат. Силер да: «Ыйык Китептин бурмаланып калган-калбаганын кайдан билсек болот?» — деп ойлондуңар беле?

Кудайдын Сөзүн так көчүрүш үчүн Еврей Жазмаларынын дасыккан көчүрмөчүлөрү тоодой аракет жумшашкан. (5-абзацты карагыла)

5. Еврей Жазмалары кантип көчүрүлгөн? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

5 Өзүнүн ыйык руху менен жазылган Сөзүн сактап калыш үчүн Жахаба аны улам көчүрүп турууну буйруган. Мисалы, Ысрайыл падышаларына Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамды өзүнө көчүрүп алышы керектигин айткан. Ошондой эле ошол Мыйзамды элге окутуп-үйрөтүш үчүн лебилерди дайындаган (Мыйз. 17:18; 31:24—26; Нек. 8:7). Жүйүттөр Бабылга туткундалып кеткенден кийин, чебер көчүрмөчүлөрдүн тобу Еврей Жазмаларын көчүрө башташкан (Эзра 7:6). Ошол кишилер өз ишин дыкаттык менен аткарышкан. Еврей Жазмалары туура көчүрүлүшү үчүн, алар бара-бара сөздөрдү эле эмес, тамгаларды да санай башташкан. Ошого карабай пендечиликтен улам Ыйык Жазмага майда-чүйдө каталар кирип кеткен. Бирок түп нусканын көчүрмөлөрү аябай көп болгондуктан, каталар кийин оңой эле аныкталган. Кантип?

6. Ыйык Китептеги каталарды кантип аныктаса болот?

6 Азыркы таптагы окумуштуулар Ыйык Китептин көчүрмөлөрүндөгү каталарды кантип тапса болорунун жакшы жолун билишет. Бир мисалга токтололу. 100 кишиге бир барак текстти кол менен көчүрүп жазгыла деп айтылды дейли. Алардын бири бир ката кетирип алат. Анын катасын аныкташ үчүн башкалардын жазгандары менен салыштырса болот. Ошол сыяктуу эле, окумуштуулар Ыйык Китептин кол жазмаларын бири-бири менен салыштырып, көчүрмөчүлөр кетирген каталарды же калтырып кеткен жерлерин аныктай алышкан.

7. Көчүрмөчүлөр өз ишине кандай карашкан?

7 Ыйык Китептин кол жазмаларын көчүргөндөр так көчүрүш үчүн болгон күчүн жумшашкан. Муну далилдеген бир мисалга токтололу. Еврей Жазмаларынын эң эле байыркы толук көчүрмөсү б.з. 1008- же 1009- жылдарына таандык. Ал «Ленинград кодекси» деп аталат. Бирок акыркы учурларда Ыйык Китептин андан да эскирээк көптөгөн кол жазмалары жана анын бөлүктөрү табылып жатат. Алар «Ленинград кодексинен» болжол менен 1000 жыл мурун жазылган. Айрымдар ошол кол жазмалар 1000 жыл аралыгында улам көчүрүлүп отуруп, «Ленинград кодекси» ошол кол жазмалардан аябай эле айырмаланып калган деп ойлошу мүмкүн. Бирок чынында андай эмес. Окумуштуулар Ыйык Китептин эскирээк көчүрмөлөрүн жаңыраактары менен салыштырып чыгышкан. Ошонун аркасында алар сөздөрдүн анча-мынча эле айырмаланарын, ал эми Ыйык Китептин маани-маңызы эч өзгөрбөгөнүн байкашкан.

8. Грек Жазмаларынын көчүрмөлөрү менен байыркы учурда жазылган башка китептердин көчүрмөлөрүнүн айырмасы кандай?

8 Исанын алгачкы жолдоочулары да Еврей Жазмаларын көчүргөндөрдүн салтын улашкан. Алар Грек Жазмаларынын 27 китебин кылдаттык менен көчүрүп турушкан. Ошол көчүрмөлөрдү жыйналыштарында, кабар айтканда колдонушкан. Бир окумуштуу Грек Жазмаларынын биздин күндөргө чейин жеткен кол жазмаларын ошол заманда жазылган башка китептерге салыштырып, мындай жыйынтыкка келген: «Жалпы жонунан бүгүнкү күндө ошол замандагы башка китептерге салыштырмалуу [Грек Жазмаларынын байыркы көчүрмөлөрү] толугураак... жана көбү сакталган». Бир китепте болсо мындай деп жазылган: «[Грек Жазмаларынын] азыркы сапаттуу котормолорун окугандар алардын байыркы авторлор жазгандардан дээрлик айырмаланбай турганына эч шектенбесе болот» («Anatomy of the New Testament»).

9. Ыйык Китептин сакталып калышы Ышая 40:8деги сөздөрдүн чындык экенин кандайча далилдеп турат?

9 Жүздөгөн жылдар бою көчүрмөчүлөр Ыйык Китеп так көчүрүлүшү үчүн, өлчөөсүз эмгек өтөшкөн. Ошондуктан бүгүн биз так жана түшүнүктүү Ыйык Китепти окуп-изилдеп жатабыз d. Жахаба адамзатка жеткиргиси келген кабардын өзгөртүлбөй бизге чейин жетишине өзү көз салып турганы шексиз. (Окугула: Ышая 40:8.) Айрымдар: «Ыйык Китептин бурмаланбай сакталып калганы эле аны Кудай ыйык руху менен жетектеп жаздырганын билдирбейт»,— деши мүмкүн. Эмесе, Ыйык Китепти Кудай жаздырганын көрсөткөн айрым далилдерге токтололу.

ПАЙГАМБАРЛЫК СӨЗДӨРДҮН ТАК АТКАРЫЛЫШЫ

Left: C. Sappa/​DeAgostini/​Getty Images; right: Image © Homo Cosmicos/​Shutterstock

Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар мурун аткарылган, азыр да аткарылып жатат (10, 11-абзацтарды карагыла) f

10. 2 Петир 1:21деги сөздөрдүн чындык экенин тастыктаган аткарылган пайгамбарлыктардын бирин айтып бергиле. (Сүрөттөрдү карагыла.)

10 Ыйык Китептеги көп пайгамбарлыктар аткарылган. Айрымдары жазылганынан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин аткарылган. Муну тарых да тастыктап турат. Биз буга таң калбайбыз деле. Анткени Ыйык Китептин Автору Жахаба Кудай экенин билебиз. (Окугула: 2 Петир 1:21.) Мисалга байыркы Бабыл шаарын алалы. Б.з.ч. 8-кылымда Ышая пайгамбар ыйык рухтун жетеги менен кубаттуу Бабыл шаарын душмандар багындырып аларын алдын ала айткан. Ал атүгүл аны Кореш аттуу киши басып аларын жана кантип басып аларын ийне-жибине чейин айткан (Ыш. 44:27—45:2). Мындан тышкары, Ышая Бабылдын талкаланып отуруп биротоло ээн каларын да айткан (Ыш. 13:19, 20). Анан так эле ошондой болгон. Б.з.ч. 539-жылы мадайлыктар менен персиялыктар Бабылды багындырып алышкан. Бир учурда даңазасы таш жарган шаардын азыркы учурда анда-мында урандылары эле калды. (Карагыла: «Ыйык Китепте Бабылдын кулашы алдын ала айтылган» деген видео. «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китеби, электрондук түрү, 3-бөл., 5-ой.)

11. Даниел 2:41—43-аяттардагы сөздөр кантип аткарылып жатат?

11 Ыйык Китептеги пайгамбарлык сөздөр байыркы учурда эле аткарылган эмес. Алардын аткарылып жатканына бүгүн да күбө болуп жатабыз. Маселен, Даниел пайгамбардын Англия-Америка дүйнөлүк державасы жөнүндө айткандарынын канчалык так аткарылып жатканына токтололу. (Окугула: Даниел 2:41—43.) Пайгамбар анын жарым-жартылай темирден, жарым-жартылай чоподон экенин көргөн. Бул анын темирдей бекем, ошол эле учурда чоподой борпоң болорун билдирген. Британия менен Америка эки дүйнөлүк согушта тең негизги ролду аткарып темирдей бекем экенин көрсөтүп келген. Азыркыга чейин аскердик күчү жагынан алдына ат салдырбай келет. Бирок анын калкы өз укуктары үчүн күрөшүп жатат. Ан үчүн жумушчулардын таламын-талашкан уюмдарды колдонот, жүрүштөргө чыгышат жана өкмөткө каршы көтөрүлүштөрдү уюштурушат. Ошентип Англия-Америка дүйнөлүк державасынын күчүн солгундатып жатат. Бир саясатчы жакында эле мындай деген: «Учурда дүйнөдө АКШдай болгон саясий жактан бөлүнгөн бир да демократиялык өлкө жок». Ал эми державанын экинчи бөлүгү болгон Британиянын эли акыркы жылдары Европа бирлигине кирген өлкөлөр менен кандай алака мамиледе болушу керектигине байланыштуу бир пикирге келе албай, өз ара талашып келет. Ушундай бөлүнүп-жарылуучулуктан улам Англия-Америка дүйнөлүк державасы ээн-эркин иш-аракет кыла албай, тушалып келет.

12. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын так аткарылганы эмнени тастыктап турат?

12 Ыйык Китептеги көптөгөн пайгамбарлыктар буга чейин так аткарылып келгендиктен, Кудайдын келечек жөнүндө айткандары да сөзсүз аткарылат деп бекем ишенсек болот. Биз да так эле бир забурчудай сезимдерди туябыз. Ал: «Куткарууңду көксөп, жаным алсырап баратат; мен сенин сөзүңдү күтүп жүрөм»,— деп тиленген (Заб. 119:81). Жахаба Ыйык Китеп аркылуу келечегиңер кең болот деп үмүтүбүздү жандырып келет (Жер. 29:11). Муну адам баласы эмес, Жахаба гана орундата алат. Андыктан Ыйык Китептеги пайгамбарлык сөздөрдү терең изилдеп, ага болгон ишенимибизди чыңдай берели.

МИЛЛИОНДОГОНДОРГО ЖАРДАМ БЕРИП ЖАТКАН КЕҢЕШТЕР

13. Забур 119:66, 138ге ылайык, Ыйык Китепке ишенсек болорунун дагы бир далили кайсы?

13 Ыйык Китепке ишенсе болорунун дагы бир далили кайсы? Андагы кеңештерди колдонгондордун жашоосу жакшы жакка өзгөрүп жатат. (Окугула: Забур 119:66, 138.) Алсак, мына-мына ажырашайын деп турган жубайлар азыр бактылуу өмүр сүрүп жатышат. Балдары эч нерседен кам санабай, ата-энесинин мээримине бөлөнүп чоңоюуда. Бул ата-энесинин Ыйык Китептеги кеңештерге бек карманганын аркасында болуп жатат (Эф. 5:22—29).

14. Ыйык Китеп адамдын жашоосун жакшы жакка өзгөртө аларын көрсөткөн бир мисал айтып бергиле.

14 Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгондун аркасында элдин жүрөгүнүн үшүн алган кылмышкерлер да оңолуп жатышат. Мисалы, түрмөдө отурган Жэкке e андагы кеңештер кандай таасир эткенин карап көрөлү. Ал кармаган жеринен кан чыгарган кылмышкер болчу. Өлүм жазасына тартылгандардын камерасындагы эң эле жаалдуу киши ошол эле. Бир күнү түрмөдө отурган бирөө Ыйык Китеп изилдеп жатканда, ал изилдөөсүнө катышып калат. Изилдөө өтүп жаткан бир туугандарыбыздын жылуу-жумшак мамилеси анын жүрөгүн ушунчалык козгоп, ал да изилдей баштаган. Билгендерин жашоосунда колдонгондон тартып жүрүм-туруму өзгөргөн. Бир учурда зөөкүрлүгү ашынган киши жумшак, боорукер кишиге айланган. Анан ал чөмүлө элек жарчы болуп, убакыттын өтүшү менен чөмүлгөн. Түрмөдө отургандарга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жалындап кабар айтып, бери дегенде, төртөөнө Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген. Тилекке каршы, анын өлүм жазасына тартылар күнү да келип калган. Бирок ал ошол кезде таптакыр башка киши болуп калган. Анын жактоочуларынын бири мындай деген: «Мен 20 жыл мурун билген Жэк азыр жок. Жахабанын Күбөлөрү менен изилдегенден тартып оңолду». Жэк өлүм жазасына тартылса да, анын аркасында унутулгус үлгү калды. Анын үлгүсү Кудайдын Сөзү адамдын жашоосун жакшы жакка өзгөрткөнгө кудуреттүү экенин көрсөтүп турат (Ыш. 11:6—9).

Ыйык Китептеги кеңештер тек-жайы ар кандай көптөгөн адамдарга өзгөрүлгөнгө жардам берип жатат (15-абзацты карагыла) g

15. Жахабанын эли башкалардан эмнеси менен айырмаланат жана мунун себеби эмнеде? (Сүрөттү карагыла.)

15 Жахабанын элинин бир муштумдай биримдүү болгонунун сыры алардын Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жашап жатканында (Жкн. 13:35; 1 Кор. 1:10). Саясатка карата көз карашы, улуту, коомдо ээлеген абалы айырмалангандыктан бөлүнүп-жарылып жаткан дүйнөдө Кудайдын элинин ортосундагы биримдик, ынтымак аттын кашкасындай эле көзгө урунат. Муну Жен аттуу жигит да байкап, аябай таасирленген. Ал Африканын бир өлкөсүндө чоңоюп-өскөн. Ал жашаган жерде жарандык согуш чыгып кетип, аскерге кошулган. Бирок кийинчерээк кошуна өлкөлөрдүн бирине качып кеткен. Ошол жактан ал Жахабанын Күбөлөрү менен таанышып калган. Жен мындай дейт: «Чыныгы диндегилердин саясатка аралашпай турганын, өз ара абдан ынтымактуу экенин көрдүм. Алар бири-бирин жакшы көрөт экен». Ал сөзүн мындай деп улайт: «Мурун мен өмүрүмдү мекенимди коргонго арнап койгом болчумун. Бирок чындыкты билгенден кийин өмүрүмдү Жахабага арнагым келди». Жен таптакыр башка киши болуп өзгөргөн. Ал азыр башка өлкөдөн же башка улуттан болгондор менен согушуп, касташпай калды. Анын ордуна, жолуккандардын баарына бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганга жардам берген Ыйык Китептеги кабарды жарыялап жатат. Ооба, Ыйык Китептеги кеңештер түрлүү улуттагы түрлүү адамдарга жардам берип жатат. Бул — Ыйык Китепке ишенсек болорунун мыкты далили.

КУДАЙДЫН СӨЗҮ ЧЫНДЫК ЭКЕНИНЕ МЫНДАН АРЫ ДА ИШЕНЕ БЕРГИЛЕ

16. Кудайдын Сөзүнө болгон ишенимибизди эмне үчүн мындан ары да чыңдай беришибиз керек?

16 Бул дүйнөдөгү абал барган сайын начарлагандан начарлай берет. Ошондон улам Кудайдын Сөзүндө чындык жазылганына ишениш кыйындагандан кыйындай берет. Адамдар «Ыйык Китепте чын эле чындык жазылганбы?» же «Жахаба өз элин жетектеш үчүн чын эле „ишенимдүү жана акылдуу“ кулду дайындаганбы?» деп шектендиргенге аракет кылышы мүмкүн. Эгер Жахабанын Сөзүндө чындык жазылганына дайыма бекем ишенсек, ишенимибизге урулган ушундай соккулардын мизин майтарабыз. Биз Жахабанын көрсөтмөлөрүн дайыма, акырына чейин аткарганга жүрөгүбүздү бурабыз (Заб. 119:112). Ошондой эле чындык жөнүндө башкаларга айткандан «эч тартынбайбыз» жана аларды ага ылайык жашаганга үндөй беребиз (Заб. 119:46). Андан тышкары, башыбызга эң эле оор мүшкүл түшсө да, куугунтукталсак да баарына чыдайбыз жана кубанычыбызды жоготпойбуз (Кол. 1:11; Заб. 119:143, 157).

17. 2023-жылдын аяты эмнени эсибизге салат?

17 Бизге чындыкты ачып бергени үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Азыр дүйнөдө баш аламандык барган сайын күч алып, көптөр алапайын таппай жатат. Ал эми Ыйык Китептеги чындык бизге дүрбөлөңгө түшүп, олку-солку болбогонго жардам берип жатат. Ошондой эле кадамыбызды туура жолго багыттап, кантип жашаш керектигин так-айкын үйрөтүп жатат. Андан тышкары, Кудайдын Падышалыгы башкарганда эң сонун жашоо болоруна үмүт артканга көмөк кылып жатат. Эмесе, 2023-жылдын аяты Кудайдын Сөзүндө жазылгандардын баары — анын маңызы — чындык экенине мындан ары да бекем ишене бергенге жардам бере берсин! (Заб. 119:160)

94-ЫР: Кудайдын Сөзү үчүн ыраазыбыз

a 2023-жылдын жылдык аяты катары: «Сенин сөзүңдүн маңызы — чындык»,— деген ишенимди бекемдеген сөздөр тандалды (Заб. 119:160). Бул сөздөрдүн калетсиз экенине толук кошулат болушуңар керек. Бирок көптөр Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине жана анда жакшы кеңештер бар экенине ишенишпейт. Ушул макалада Ыйык Китепке байланыштуу үч далилди карап чыгабыз. Аларды колдонуп пейили таза адамдарга Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине жана андагы кеңештердин пайдалуу экенине ишенгенге жардам бере алабыз.

b ТҮШҮНДҮРМӨ: Еврей тилинде «Сенин сөзүңдүн маңызы — чындык» деген сөздөр «Кудайдын бүтүндөй сөзү — чындык» деген маанини туюнтат.

c «Кол жазма» деген сөз байыркы учурдагы кол менен жазылган документти билдирет.

d Ыйык Китептин сакталып калышы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн jw.org сайтындагы «Тарых жана Ыйык Китеп» деген бөлүккө киргиле.

e Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

f СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жахаба гүлдөгөн байыркы Бабыл шаарынын акыры урандыга айланарын алдын ала айткан.

g СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Башкалар менен касташып, согушканын токтотуп, Ыйык Китептен адамдар менен тынчтыкта жашаганды үйрөнүп жаткан жана башкаларга да ошону үйрөтүп жаткан жигит (ойдон чыгарылган жагдай).