Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмнени изилдесе болот?

Эмнени изилдесе болот?

Ишенимдештерибиздин өмүр баяндарын окуганды жакшы көрөсүңөрбү?

Бир жубайлар күндө эртең менен бирден өмүр баян окуп турушат. Алар мындай дешкен: «Өмүр баяндарды окуганда кубанычыбызга кубаныч кошулуп, кадимкидей кубаттанып калабыз. Кандай жагдай болбосун, биз да алардай болуп Кудайдын жолунда бек тура алабыз деп кайраттанып калабыз». Дагы бир ишенимдешибиз мындай деп жазган: «Өмүр баяндарды окуганда жүрөгүң жылып, кадыресе сооронуп каласың. Дем-күчкө да толосуң. Бир туугандарыбыздын жашоосу куру-бекер өткөн жок. Маңыздуу өтүп жатат. Алардын үлгүсү мага көбүрөөк кызмат кылганга түрткү берет. Ал өмүр баяндарды колдонуп балдарымды толук убакыт кызмат кылганга да үндөп турам».

Өмүр баяндар силерге да туура максаттарды көздөгөнгө, алсыз жактарыңарды жеңгенге жана оор кыйынчылыктарда да мүңкүрөп калбай, кубана бергенге жардам берет. Аларды кайдан тапса болот?

  • JW Library® тиркемесинен же jw.org/ky сайтынан «Жахабанын Күбөлөрүнүн өмүр баяндары» деген макалалар жыйнагын карагыла

  • «Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасынын» «издөө» деген жерине «өмүр баян» деп жазып издеп көрсөңөр болот.